![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №43, 10.06.08-ж. |
Күл оорусу ойрондобойбу? Күл (оспа) деген малдын оорусу эмнеден пайда болот, же эмнеден жугат? Кантип алдын алууга болот? Бейше Кыдыралиев, Нарын Суроого ветеринария департаментинин адистери төмөнкүчө жооп беришти: - Бул оору малга короо-сарайлардагы жем-чөп жеген акырлардан, суу ичкен жерлердеги микробдордон жугат. Анын алдын алуу үчүн оспага каршы вакциналарды саюу керек. Эгер мал ооруп атса, пенициллин, стрептомицин жана оспага каршы сыворотка бар, ушуларды колдонгон жакшы. Оспа менен ооруган малдын этин жегенге болбойт, бирок бул оору адамга жукпайт. Оору чыккан аймакка карантин киргизилиши зарыл. Көлгө путевка болобу? Бардыгы кымбаттап аткан учурда быйыл көлгө профсоюздар путевкасы менен эсалуу канча турарын билип бере аласыздарбы? Айганыш Карыбаева, Бишкек Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрөга орунбасары Темирбек Жаналиев: - Профсоюздардын "Алатоо", "Чолпоната" "Көгүлтүр Ысыккөл", "Жетиөгүз" "Жыргалаң" деген эсалуу үйлөрү бар. Азыр антимонополдук комитеттен баалардын коюлушун күтүп жатабыз, албетте баалар мурдагыга караганда кымбатыраак болот. Менимче, 30 пайыз кымбаттайт. Профсоюздардын путевкасы болжол менен орточо эки-үч орундук эсалуу жайы 15 миң сомго жетет. Бизге бюджеттен каражат бөлүнсө буларды бекер беребиз. Учурдан пайдаланып айтарым, бюджеттен бизге элдин эсалуусу үчүн деп 50 млн. сом каралган. Бирок ушу убакка чейин муну биз алалекпиз. Бул боюнча тиешелүү бардык адамдар менен жолукканбыз. Финансы министри ооганчыларга, мугалимдердин надбавкасы үчүн каражат таппай жатам, силердикин соцфонд аркылуу чечип берейин деген. Ал чечкиче балдардын каникулу, Көл сезону бүтүп калмак болду. Азыр да вице-премьер министр Э. Ибраимовага кирели деп жатабыз. Бизде 22 тармак боюнча профсоюз уюмдары бар да. Жер-жерлерден арыз жазып, телефон чалып биздин жаныбызды койбой жатышат. Былтыр да каражатты кеч алып, биртоп ызы-чуу болгон. Быйыл да ошондой болбосун деп курорттор совети менен сүйлөшүп, июль-август айлары үчүн 50 млн. сомго орун коюп койгула деп суранып жатабыз. Кыргыз бир бечара экен го… Дүйнө жүзү боюнча күйүүчү май кымбат болууда. Элден мурда бизде өзгөчө кымбат. Кыргызстанда нефтини кайра иштетүүчү завод барбы? Бизге бир айга канча күйүүчү май керектелет? Калыс Мамкулов, Ош Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов: - Кыргызстан бир айда 36 тонна бензин, 24 миң тонна солярка, 33 тонна реактивдүү күйүүчү май керектейт. Бизде Жалалабаттагы нефтини кайра иштетүүчү завод бар, ал 500 миң тонна чийки затты иштетет. Бирок ал нефтинин жоктугунан, технологиясынын начардыгынан конкуренцияга туруштук берчү продукт чыгара албайт. Андан болгону ТЭЦтер, котельныйлар үчүн мазут алынат. Жылына 20 миң тонна бензинди, солярканы өкмөттүн уруксаты менен Кытайга, Ооганстанга сатышат. Бизге күйүүчү майлардын 90 пайызы Россиядан келет. Казакстан 1-июндан 1-сентябрга чейин бизге күйүүчү майлардын чыгышына тыюу салды. Бирок кымбаттап жатса да, булар бизде кенен эле. "Тумар", "Белес" деген кимдики? Акыркы кезде бизде жаңы радиоканалдар пайда болду, "Тумар", "Белес" деген. Булар кимдики? Айнура Казиева, Чүй Биздин билгенибизге караганда, "Тумар" радиоканалы мурунку "Пирамида" радиосу, анын кимге тиешелүү экени белгилүү. Ал эми "Белес" радиоканалы мурдагы "21 кылым" радиосу, ал УТРК каналына тиешелүү. Кант кызылчасы бизде жокко эсе Базарда кумшекер аябай кымбаттап, бир килосу 36-40 сом болду. Кыргызстанда "Кайыңды-Кант", "Кошой", "Бакай" жана Аксуудагы кайра иштетүүчү заводдор иштеп жатабы? Дегеле, кымбатчылык минтип атса, быйыл бизде канча жерге кызылча айдалды? Жумагүл Базарбаева, Бишкек Суроого Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин сапатты өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башкы адиси Бурул Абдылдаева жооп берет: - "Кайыңды-Кант", "Кошой" ишканалары Россиянын "Альянс" тобуна киришет. Берки эки ишкана деле иштеп жатат. Бирок алар кант кызылчасы менен эмес, кант тростниги менен иштегенди артык көрүшөт. Булар дыйкандардан кызылчаны өтө төмөн баада алгандыктан, башкача айтканда, бир кило кызылчаны бир сомдон алгандыктан, быйыл болгону тогуз миң гектар аянтка гана кызылча айдалды. Кыргызстандын кумшекерди бир жылдык керектөөсү 95 миң тонна. Ушу тапта бизге кумшекерди үч чоң фирма Россиядан, Казакстандан, Польшадан алып келишет. Башка азык-түлүктөрдүн бардыгы кымбаттап аткандан кийин мунун кымбаттаганы да мыйзамченемдүү. Жусуп Толтоев "Шорого" карыз беле? "Шоро" фирмасы белгилүү куудул Жусуп Толтоевдин көзү өтсө да анын сүрөттөрүн, рекламаларын колдонуп келе жатат. Көзү өткөн адамга ушундай мамиле туурабы? Кайыргүл Турманбетова, Карабалта "Шоро" фирмасынын коомчулук менен байланыш менеджери Азиз Хасанов: - Жусуп Толтоев менен биз көп жылдардан бери чогуу иштешип келатканбыз. Азыр анын үйбүлөсү менен жакшы байланышта болуп, аларга жардам берип турабыз. 2008-жылдын аягына чейин келишимге кол коюлуп калган. Маселенин этикалык жагын алсак, биз анын элесин улуттук суусундуктар үчүн пайдаланып келатабыз. Бул үчүн атайын концепция иштелип, этикеткалар басылып калгандан кийин аларды тез арада башкага өзгөртүү мүмкүн эмес. 2009-жылдан баштап жаңы концепция менен иштей баштайбыз. Бишкекте жер берилеби, же… Биздин туугандарыбыз жер алабыз деп Бишкекте жашаган бирөөгө бир жыл мурда кырк миң сом беришкен. Шаарга келген сайын тиги "жүрү, жериңерди көрсөтөм, документтери бүтсө эле аласыңар" деп алдап келатат. Бишкекте үй куруу үчүн участок берилип жатабы, же токтогонбу? Алымбек Сапаров, Талас Суроого Бишкек шаардык мэриясынан жооп беришти: - Үй салуу үчүн Бишкектен жер участогу мындан ары берилбей турганын шаар мэри Данияр Үсөнов жыл башында эле айткан. Анткени жер жок. Жер участогун аукцион аркылуу сатып алууга гана болот. Мисалы, Акаевдин үйлөрү үчүн деп мурда ээленген жерлер азыр майдаланып сатылууда. Эмне үчүн 451 сом? Мен шаарда өз үйүмдө турам. Өткөндө электрэнергиясы үчүн акча төлөөнү бир күнгө кечиктирсем, үйдүн жарыгын кыйып кетишти. Жарык үчүн акча төлөп, аны коштурайын десем, "кошконубуз үчүн 451 сом төлө" дешти. Эмне үчүн мынчалык кымбат экенин билейин деп эч кимден оң жооп алалган жокмун. Ушуну билип бересиздерби? Канат Султакеев, Бишкек Биз бул суроого жооп алуу үчүн Чыгыш РЭСинен тарта энергия сатуучу компаниялардын бардыгына чалып чыктык. Натыйжада төмөнкүдөй жооп болду. - Биринчиден, бул боюнча тиешелүү жетекчилик атайын документ иштеп чыккан. Жарыкты кайра коштуруунун тарифи ошондо каралган. Шаардагы жеке менчик үйлөр үчүн жарыкты столбадан коштуруу тарифи - 451 сом, квартиралар үчүн 150 сом деп көрсөтүлгөн. Жеке менчик үйлөрдүкү столбанын башына чыгып, коштургандыгы үчүн ушундай кымбат, ага транспорт жана электромонтердун иши кирет. Даярдаган Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|