![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №43, 10.06.08-ж. |
Сейил-маек Чака-чайнектен чыйыр алган"60 К" Атанын жолун жолдоп, ыр дүйнөсүнө сапар алган ага-ини Талант, Самат жакындан тарта жаңы продюсер менен кызматташа баштады. Алгач сахна астанасын аттаган кезде "60 К" тобуна импресарио катары эки жигиттин өз энеси жардамын берип келген. - Эмнеликтен продюсер алмаштырып, ал эми тандамыңар неге дал ушул адамга бурулду? Талант: - Башынан апабыз Рая жардам берип жүрдү эле. Бирок жумушу, үйдөгү түйшүктөн улам толук түрдө биздин чыгармачылык менен алектенүүсүнө кыйын болуп калат экен. Назгүл Насиева башынан тааныш, сый мамиледе болчубуз, бир жагынан жердеш эжебиз. Алгач анын өтүнүчү менен абактагыларга ыр арнап келгенбиз, андан сырткары, Бишкектеги концерттерде кезигип, учурашып турчу элек. Жакындан таанышкандан кийин биртуугандардай боло түштүк. Самат: - Кудай буюрса, ишибиз жакшы башталды. Эженин бизге жасаган эмгегин баалайбыз, ыраазыбыз. Иштеше баштагандан бери ыр артынан ыр жаздырып, клип тарттырып, жайкы гастролго, күзгү жеке концертке даярдык көрүп атабыз. - Кызматташа баштагандан бери продюсер силерге кандай катуу талап коюп, кандай "алтын эреже" орнотту? Талант: - Билбейм, эже балакыял болгондуктан, бизге ал менен иштешүү аябай оңой. Бат тил табышабыз. Шайыр, токпейил, дайым күлкү, шаң менен жүрөт. Маанайы чөгүңкү болсо, чыдабай, өзүбүз көтөргөнгө аракет кылабыз. Кээде бизди уруша баштаганда, өзү кичине эмеспи, колго көтөрүп алып, Самат экөөбүз бир-бирибизге ыргытып ойнойбуз, жинин жазабыз. Ал эми талаптарынын бири - кыздар менен үч жылга чейин сүйлөшмөй жок. Жаштык деген жаштык, мурда кыздарга көбүрөөк убакыт коротор элек. Атургай бир ирет Ошто жүрсөк, Назгүл эженин телефонуна чалып, бир күйөрман мени сурайт. "Өзүнө чалгыла" десе, тигил кыз катуу кетип, ар кайсыны сүйлөйт. Аталган талапка бул дагы бир себеп болуп кетти окшойт. Самат: - Пунктуалдуулукка үндөйт. Эгер ал бизди саат 8ге чакырса, биз кечигип калбайлы деп жарым саат эрте келебиз. Мурда апабызга эркелеп, айтканын араң аткарчу элек. Уйку да азайды. Мурда кафеде түн бир оокумга чейин иштеп, эртеси кеч ойгончу элек. Азыр кафеде ырдаганды токтоттук. Назгүл Насиева: - Андан сырткары, балдар милдеттүү түрдө вокалга барып, өнөрдү өркүндөтүүгө тийиш. Вокал боюнча Талгар Жакшылыков менен макулдашканбыз. Сахна менен катар жигиттер англис тили курсуна барып, бий менен машыгышмакчы. Өсүп турган балдар болгондуктан, мен булардын рационуна да көп көңүл бөлөм. Тартип катуу, бирок, мамиле биртуугандардыкындай. Талант: - Ошто клип тартып жүрүп Жеңиш Айтиевдин мейманканасына токтоп калдык. Түнү менен клип тартып, уктап алалы деп тамактан калдык эле. Назгүл эже сыртыбыздан бекитип тышка чыккан. Самат ойгонуп, дааратканага барайын десе эшик бек. Ачкыч Назгүл эжеде. Ал сыртка чыгып тамактанып, андан ары бизге кийим карап базарга чыгып кетиптир. Кайра-кайра телефон чалабыз, ошондо линия да түзүк болбой аткан, таптакыр байланышалбадык. Самат айласы кетип, же баклажка таппайт. Эшикти каккылап, администраторду эптеп чакырдык. Кудай жалгап, анда запас ачкыч бар экен. Назгүл: - Дааратканага да чыгарбайт дебейсиңерби (күлүп). Мурда буларды жөн койсоң, күнү-түнү каалаган кыз менен телефондо сүйлөшө берет эле. "Жаным, күчүгүм" деген сөздөрү уланып кете берет эле. Бир айттым, түшүнүштү, ошондон бери кулак тынчып калды. Азыр күздө бере турган жеке концертке план түзүп, ойдогудай өткөрүүгө аракет жасоодобуз. Кудай буюрса, анда Талант менен Саматтын аткаруусунда көпчүлүгү атасы Алтымыш Кадыровдун азыркы заман стилине салынган ырлары жаңырат. Кайрымдуулук концерттери менен быйыл саратанда Кыргызстандын дегеле артист барбаган булуң-бурчуна дейре кыдырып келели деп чечтик. Самат: - Мисалы, Чоңалайга эч ким барбайт. Назгүл: - Көп ырчылар акча табууну биринчи планга коюшат эмеспи. Мен балдарды ошол нерседен оолак болуп, акчанын артынан түшпөй, иштеп, элге колдон келген жакшылыгын жасай берүүгө үндөп атам. Анткени, өз мээнети менен иштеп таап, кайра кайрымдуулук жасаган адамга Кудай сөзсүз берет. Негизи продюсер аткаруучу менен 40Х60, 50Х50 пайыздык келишим менен иштешет. Мен эч пайыз да койгон жокмун бул топко, азырынча өз милдетимди гана аткара берем. Үч жыл аралыгында балдар үйлөнбөйт, бирок, буттарына туруп, эч кимге көзкарандысыз абалга жетип калса дейм. Ошондо менин көңүлүм ток болот. Мен өзүм жалгыз кызмын үйдө, апам мени Талант менен Саматка, а балдарды Кудайга тапшырды. Талант: - Биздин апабыз да бизди Назгүл эжеге, аны Кудайга табыштаган. "60 К" тобунун жакында "Эх, жаным, садагам" ырына тартылган клиптин бетачары болду. Көрөрмандар аталган клиптин көркүн ачкан Талант менен Саматтын балачагын аткарган Ариет жана Азирет аттуу балдар болгонун белгилешет. Самат: - Бул клипке продюсерибиздин жакын курбусу Нургүл эже демөөрчү болду. Клиптеги эгиздер ошол эженин уулдары. Ариет, Азирет менен биз Оштон таанышып, студияга кошо бардык. Эгиздерди көрүп эле режиссер Талант экөөбүздүн балакезибизди аткарарын айтып калды. Биз макул болдук, чака-чара чогултуп, экөөнү музыкалык аспаптарда ойногондой ойнотуп, балакезибизди эскердик. Клип жөнөкөй, бирок, шайыр өңүттө, биз ойлогондой тартылды, эгиздердин аткарганы да купулубузга толду. Ариет: - Бизге койсо, күндө клипке тартыла берет элек. - Кайсы мектепте окуйсуңар? Азирет: - Ош шаарындагы Киров атындагы мектептин 5-классын бүтүрдүк. - Өзүңөр да ырдагыңар келеби? Ариет: - Албетте, 20-22 жашка чейин ырдайбыз, андан кийин Кыргызстандын экономикасын өнүктүргөн банкир болобуз. Азирет : - Ошондо эл да ушул балдар мурда ырдап жүрүшчү деп алкагыдай болсун дейбиз. Бизге жол ачып берген ушул клип элдин да жүрөгүнөн орун алсын. - Клиптеги кичине кызды тааныйт белеңер? Ариет: - Ал биздин короодогу кошуна кыз. Мектептен эч бир кыз таппай койгонбуз, баары ишенген эмес эле. Жакшы ойноду, камерага тартылганда уялбайт экен. Эсибизде калганы: ал кыз клипте бизди бир гана ирет өпсө, съемка маалында кайра-кайра тартып атып, баш-аягы 13 жолу өпкөн. Өзү да жадап кетти, биз да тажадык. Азирет: - Төрт-беш дубль бийлей берип аябай ысып кеткенде, Назгүл эже спортсмендердей кылып бизди сүлгү менен шамалдатып жатты. Ариет: - Музыкалык аспап катары биз чөмүчтөн тарта казан капкагына чейин чогулттук. Таякча менен чапкылай берип, тазиктер сынып да кеткен. Талант: - Ушундай клип жаратып берген сүйүктүү продюсерибизге, Ариет менен Азиретке, экөөнүн ата-энеси, биртуугандарына, "DDD" студиясындагы Шухрат, Бахрам Азимов, Данияр, Үмүт байкелерибизге ыракмат айтабыз. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|