![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №44, 13.06.08-ж. |
Мезгил тартиби Зергерлер түбү... сары алтын Кыргызстанда жылына 10,5 тонна алтын казылат. Бул азбы же көппү? Башкы кеп - биз аны кандай колдонобуз? Байлык деген эмне? Орто кылымда эң бай деп алтыны көп өлкөлөр эсептелчү. Андыктан бардык бийлик - падышалар, султандар, хандар алтынды сыртка чыгарууга тыюу салып, аны эчнерсеге алмаштырбай, өлкө ичинде сактаган. Бирок, жаңы экономика илимин негиздөөчү Адам Смит мамлекет байлыгы алтын менен эмес, эмгек кылган адамдардын саны менен аныкталарын далилдеген. Ага карабай, экспорт, импорт, соода балансы, ВВП ж.б.у.с. түшүнүктөрдүн аркасынан биз башкы чындыкты эстен чыгарып коебуз. АЛ - БАЙЛЫК БАШАТЫ - ЭМГЕК. Жарандары жумушсуз отурганда макроэкономикалык көрсөткүчтөр эсебинен бай мамлекет түзүүгө мүмкүн эмес. Мамлекеттин алтын байлыктарын колдонууда эки жол бар. Биринчиси, алтынды Лондон биржасында сатып, түшкөн каражатка айлык, пенсияны көтөрүү. Бул жол товар менен камсыздалбаган акча массасынын көбөйүшүнө, демек элдин каражатын жеп кетчү инфляцияга алып келет. Алтынды иштетип, жаңы жумуш орундарын түзүү - экинчи жол. Ал эми алтын иштетүүчү эң ири тармак - зергерчилик. Анда айлыктары 100 миңге жеткен жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт бар. Жеке иш алпарган зергерчилерге 2007-жылга чейин Кыргызстандын алтыны менен иштөөгө мүмкүн эмес эле. Президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусунан кийин Кыргызстандын Зергерлер ассоциациясынын мүчөлөрү Кыргызстандын алтынын колдонууга мүмкүндүк алды. Бирок мыкты юридикалык негиз түзүү шарт экен. Ал биринчи иретте салык системасына байланыштуу. Зергерчиликтен не киреше түшөт? Зер буюмдар биринчи зарылчылыктагы эмес, асем буюмдардын катарына киргендиктен, салыктын суммалык пайызы 75% га жеткен. КМШ өлкөлөрү боюнча эң чоң акциздик салык 25% - Кыргызстанда. Ошентип, кыргыз зергерлеринин продукциясы импорттолгон товар баасы менен конкуренция түзө албай, өндүргөнгө караганда чет жактан: Түркия, Италия, Индиядан алып келип сатуу пайдалуурак болуп, дүкөндөр чет элдик зергерлердин пайдасына иштеп калды. Экономика мыйзамы боюнча салык канчалык чоң болсо, контрабанда ошончо көп болот. Тоолуу Кыргызстан баалуу металлдардын орчундуу сырье база, заманбап, рынок шарттарына ыңгайлашкан зергерчилик тармагы бар өлкө. Зер буюмдар эң жогорку кошумча нарк берүүчү соңку продукт болгондуктан, өндүрүлгөн алтын өзүбүздө иштетилип чыгышы экономикалык маанидеги мамлекеттин кызыкчылыгында. Алтын өндүрүүнүн өсүшүн эске алып, жогорку рентабелдүү зер тармагын салыктарды көбөйтүү эсебинен эмес, сырьену кайта иштеп чыгып, даяр асем буюмдарды экспорттоодон, акча каражаттардын айлануусун тездетип, кирешени өстүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүү учурдун талабы. Кыргыз Республикасынын "Экспортко багытталган зер буюмдарын өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар" 2003-жылдын 8-декабрындагы ?761 токтомунун башкы багыттарынын бири - зер буюмдар, баалуу металл жана асыл таштарга акциздик салыкты жоюу болгон. Россия баалуу металл жана асыл таштардын колосалдык кен байлыктары, өнүккөн зергерчилиги (18000ден ашуун ири зер завод бар) болуп туруп, зер буюмдарды акциздик товарлардын тизмесинен чыгарды. Демек, бул россиялык өндүрүшчүлөргө гана эмес, Россиянын өзүнө да пайдалуу шарт. Чет элдерде кандай? Бул тармакты учурда жогорку айлык акысы бар жаңы жумуш орундар, экспортко багытталган товар өндүрүүчү тармак катары алып карашыбыз керек. Ушул жерде дүйнөлүк атаандаштыкка чалдыгабыз. Биздин зергерлер Түркия, Италия, Тайланд, россиялыктарга туруштук бериши керек. Ал үчүн сабырдуу салыктар, металлдардын эркин айлануусу жана өкмөт менен Зергерлер ассоциациясынын биргелешкен программасы зарыл. Мен кошумча киреше салыгын, акциз ж.б. татаалдашкан салыктардын ордуна ар бир өндүрүлгөн буюмдардын килограммына салык салууну сунуштайт элем. Эсептеп көрөлү. Өндүрүшчү чыгарган буюмдарынын ар бир граммынан 50 цент киреше алып, мамлекетке аркандай салык түрүндө, айтсам ишенбейсиңер, бирок текшерсеңер болот, 6 АКШ долларын төлөөгө муктаж. Ушундай салыктар турганда кыргыз зер бумдары эч бир атаандаштыкка туруштук бере албайт. Дүкөндөрдө начар сапаттагы Түркиянын алтын буюмдары толуп кеткени да ушундан. Ошондуктан, акциз салыгын алып таштоо зарылчылыгы бар. Ошондо Россиядагыдай бул тармак өнүгүп, салык төлөөлөр өсөт. Биздин алтынды негизинен Казакстан, Россия Федерациясы жана акыркы учурларда Өзбекстан сатып алат. Кыргызстанда жылына 500 кг алтын иштетүүгө дарамети жеткен 4-5 ири ишкана бар. Салыштырсак, эң жакшы жылдары Индия 2,5 эле тонна алтын өндүрүп, 800 тоннага жакын алтынды сырттан киргизип иштеткен. Расмий маалыматтар боюнча Индияда 7 миңден ашуун зер компанияда 10 миллиондон ашуун адам эмгектенет. Италия 500 тонна алтын, 440 тонна күмүш импорттоп, 8 миңден ашуун зер компания ийгиликтүү иш жүргүзөт. Жапондук зергерлер сырьену 100% сырттан алышканы менен, 2600 фирма баалуу металлдардан зер буюмдарын өндүрүү менен алек. Ал эми Түркияда бул тармакта 1 млн. адам эмгектенет. Аталган өлкөлөр өз жеринде кен казып албаса да, импорттолгон баалуу металлдарды кайта иштетип, зер буюмдарды АКШ жана Европа мамлекеттерине кымбат баада сатып, пайда көрүшөт. Мекеним мейкин … Учурда, Кыргызстанда табылган 200 тонна алтындын 300-500 кг гана зергерчиликке тиет. Башка өлкөлөрдө болсо алтынды кайта иштетүүнүн эсебинен эле 50% дан ашуун пайда табууга күрөш жүрүп турат. Жылына 99,99% дык 1 тонна таза алтын иштетүү үчүн эле 1000 жумуш орду түзүлөт, ал эми чыгарылган буюмдарды сатуу, рекламалоо, башкаруу аппаратын түзүү ж.б. үчүн дагы канчалаган адамды эмгек менен камсыз кылса болот? Зергерчилик Кыргызстандагы алдыңкы тармактардан болууга дарамети жетет. Биздин зергерлер 1998-жылы Кыргызстан Зергерлеринин ассоциациясына биригишип, акыркы өткөн жыйында жылына Бишкекте ири эларалык зергер көргөзмөсүн өткөрүүнү, ушул тармакты өнүктүрүү боюнча атайы программа иштеп чыгуу чечимин кабыл алышты.10 жыл ичинде кыргыз зергерлери бутуна туруп, өнүгүү жолуна түшкөнгө жетишкен. Биздин "Келдике", "Алтын", "Рубин", "Опал" зер компанияларынын бренддери КМШ алкагында кеңири белгилүү. Маалымат ордуна Буюмдагы алтындын үлүшү пробасында көрсөтүлөт. Заманбап проба 1000 граммда баалуу металлдын массасын билдирет. Мисалы, 585 сандары жазылган буюмда 58,5% таза алтын, калганы аралашма металл экенин билдирет. Италияда пробаны карат менен өлчөйт. Таза алтын 24 карат, демек, 14 карат бизге белгилүү 583 проба. Дүкөндөрдөгү алтын буюмдар түркүн түстө, эмне үчүн? Менделеевдин таблицасында кабыл алынган алтындын белгиси Au (Aurum) "сары" дегенди түшүндүрөт. Таза алтын кашкайган сары түстө келип, кошулманын түрүнөн улам түсүн өзгөртөт. Демейде, зергерлер алтынга күмүш менен жезди аралаштырат. 583 - пробадагы кызыл алтын алыш үчүн 58,5 % алтын, 9% күмүш жана 32,5% жез алынат. Таза алтын жумшак келип, тез жешилет, андыктан зергерлер аны таза түрүндө дээрлик колдонушпайт. Жөнөкөй кардарларга алтын сапатын аныктоо өтө кыйын, андыктан ишенчиликтүү жерден, белгилүү бренддеги буюмдарды сатып алган туура. Чыңгыз МАКЕШОВ, Кыргызстан Зергерлер ассоциациясынын президенти |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|