Коомдук-саясый гезит
№44, 13.06.08-ж.





  Алга, "Алыш"!

Спорт элдин эрдигин, рухун, кайратын билдирет
Ар бир улуттун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон улуттук оюну бар. Муну менен калк сыймыктанып башка элдерге ошол оюну менен таанылат. Спорт элдин эрдигин, рухун, кайратын да билдирип турат.
Бел кармашкан алыш күрөшү кылымдарды карытып биздин күнгө жетип, элдерге кубаныч тартуулап, муундан муунга өтүп, жигиттердин эр жүрөктүүлүгүн, кайраттуулугун даңазалап келген. Ошондон бери күрөшчүлөрдүн кармашы көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып, азыр да күйөрмандардын колдоосуна ээ. Көптөгөн өлкөлөрдүн жаштары бул оюндун түрү менен машыгып келет. Бул оюн чыныгы эрендердин оюну. Мунун далили катары "Алыш" федерациясы өткөрүп жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги чемпионатты айтсак болот. "Алыш" белкүрөш эларалык федерациясынын алдында дүйнөлүк деңгээлге чыгуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк пайда болду. Анткени эларалык ФИЛА ассоциациясына кирип, анын мүчөлүгүнө кабыл алынды. Бул албетте бизди кубандырды. Себеби, Алыш аркылуу дүйнө элине Кыргызстан жөнүндө дагы да терең билүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Мына ушулар жөнүндө билүү максатында, "Алыш" белкүрөшү Федерациясынын биринчи вице-президенти Алмамбет Анапияевге кайрылдык.

- Алышууда бел кармашып күрөшүүнүн мааниси кандай?
- Күрөштүн бул түрүнүн тамыры тереңде, биздин эрага чейинки 6-кылымда спорттун бул түрү көрүнүктүү болуп, ушундан улам элдин сүймөнчүлүгүнө, сыйлоосуна татыктуу болгон. Бел кармап күрөшүү кыргыз элинин спорту, мында жаш курагы чектелбейт, жаштар менен карылар да күрөшө берет. Мунун аталышы өзбектерде кураш, казактарда курес, кыргыздарда күрөш, грузиндерде чадоба, корейлерде срым ж.б. болуп аталып келген. Биздин эреже боюнча Алыш күрөшү өтүп аткан чемпионатта кайсы өлкөдө болбосун калыстар күрөшчүлөрдүн баасын кыргызча баалашат. Бул жамбаш, чала, бекер делинет. Бул кыргыз элинин баркын көтөрөт деп ойлойм.
- "Алыш" федерациясынын негизги максаты эмне?
- Бел кармашкан күрөштүн бардык түрүн бириктирип, дүйнөлүк деңгээлге чыгалы деп жатабыз.
- Сиз жакында эле федерациянын вице президенти болдуңуз. Ушундан кийин федерация ФИЛАга мүчө болду. Алдын-ала ушундай максат болгон беле?
- Бул орунга менин талапкерлигимди 2007-жылы Минск шаарында өткөн кезексиз конгрессте көргөзүштү. Анда менин коллегаларым мага ишеним көргөзүшүп, добуш берип шайлашкан. Алыштын ФИЛАга кирүүсү абдан татаал болду. Бир канча машакаттуу жолдорду басып, тозоктун тозогу менен мүчөлүккө өттүк десем жаңылышпайм. Мында биздин команданын аракети чоң. ФИЛАнын президенти Рафаэл Мартинетти менен жолугушуу Швейцарияда өттү. Мына ошол жерде ФИЛАга кирүү боюнча атайын келишимге кол коюлуп, "Алыш" белкүрөш федерациясы мүчөлүккө кабыл алынды. Эми биз ФИЛА аркылуу Алыш белкүрөшүн дүйнөгө таанытабыз. Мындан биздин өлкөнүн аброю көтөрүлөт. Биздин мээнетибиз бекерге кеткен жок.
- Келишимге кайсы жерде кол койдуңар?
- ФИЛАнын офисинде. Офистин дубалында чоң кездемеге тартылган сүрөт илинген. Өтө эле чоң экен. Ал сүрөттө биздин жайлоо сыяктуу көрүнүш, элдер тегеректеп, ортодо эки балбан бел кармап күрөшүп жатат. Сүрөттө "1785-жыл" деп жазылып турат. Демек, Алыш эң байыркы оюндардын катарына кирет.
- Щвейцарияда дагы эмнелерге күбө болдуңуздар?
- Женеванын архитектурасы 14-15-17-кылымдарга таандык болсо да заманбап курулуштары, имараттары көп. Алар бири-бирин толуктап тургансыйт. Мага жакканы - жаратылышы биздин Кыргызстанга окшош. Буюрса, биз да ушул өлкөдөй өнүгөрүбүзгө ишенем.
- Биздин окурмандарга каалооңуз.
- Денсоолук каалайм. Асманыбыз ачык болсун. Ар бир жаран татыктуу жашаса деген тилегим бар. Бирок, биз муну президент же министр жасайт деп күтпөшүбүз керек. Мен Женевада биздин тууну көтөргөнүмө сыймыктанам. Кудай буюрса, Алыш аркылуу көп элдердин сүймөнчүлүгүнө ээ болобуз.




  Досболдун буюртмасы

Эсеп палатасы экиленгенде же Эралиевдин кайгысы
Эсеп палатасы деген сөздүн маанисине көпчүлүк түшүнбөй келет. Бул кадимки орус жазуучусу Гоголдун чиновниктерди коркутуп жүрөгүн түшүргөн ревизор текшерүүчүлөр. Керек болсо милиция менен полициядан жаман. Казнаңдагы акыркы тыйынга чейин текшерип, кайда, качан жумшалганын таап чыгат. Биз билгенден ушул кезге чейин Эсеп палатасы текшерген жерди бардыгы жайында экен деп айтып чыгалек. Анткени бизде коррупция деген жазгы жоогазындай кулпуруп турат. Бирок дал ошол Эсеп палатасын текшерген жан барбы? Палата коомчулук үчүн ачык эмес.
Эсеп палатасынын кызматкерлери мас абалында машине айдап, МАИ кызматкерлерин жумуштан айдайм деп догурунуп көчөдөн Ички иштер министрлигине, Конгантиевге чалып, көөп-чардап жатышканын калк көзү көрүп турат. Биз эңсеген чет өлкөлөрдө Эсеп палатасы, прокуратура коомчулукка маалыматты текшерип бүткөндөн кийин эмес, текшерип жатканда "келгиле, мынабу коррупционердин ишин карап жатабыз, күбө болгула" деп чакырат экен. Ал эми бизде Эсеп палатасы текшерип, айыбын таап, акысына акча алып, кылмышын азайтып жазгандан алты айдан же бир жылдан кийин маалымат беришет. Ага дейре баары сууп калган болот. Бүгүн Эсеп палатасынын текшерүүсүн туура эмес деп айтканга толук негиз бар. Анткени, колубузда далилдеген материал турат.
Эсеп палатасы жакында эле "Кыргызкино" улуттук концерндин финансылык маселелерин текшерип чыгып, анын төрагасы З.Эралиевди "миллиондорду" жеп таштагандыгы боюнча маалымат таратышкан. Сыягы катуу текшеришкен окшойт, чү дегенде эле Эралиевдин өзү эмес, биротоло "Кыргызкино" улуттук концерни түбү менен жоголуп кетти. Бирок З.Эралиев Эсеп палатасынын текшерүүсүнө макул болбой, финансылык тартип бузуп, жеп-ичти деген справкадагы маалыматтарды ката деп актануучу далилдерди келтирип кат жөнөткөн. Анан эмне болду дебейсизби, 42 пункттан турган финансылык айыптоонун 90%ын сиздики туура, муну эске алабыз деп жооп беришкен. Ал эми Эсеп палатасы Искендер Гаипкуловдун колу коюлган З.Эралиевге берилген катта финансылык дооматтар чарбада боло жүрчү эсеп-кысап иштериндеги кемчиликтер экен.
Бул нерселердин артында азыркы мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу турганын Замир Эралиев төмөнкүчө баяндайт:
- Нур уулу Досбол эки жыл мурун Билим берүү министри болгондо "Манас" кинотеатры бизге берилсин деп кайрылган. Ошондо мен бир ведомстводон экинчи бир ведомствого берилбей турганын, мыйзамда бул нерсенин жок экенин түшүндүргөм. Бирок "Манас" кинотеатрынын берилишине президент да макул болгон экен. Буга чейин деле бир канча кинотеатрлар жаштарга берилип келген эле. Мен ошолордун тагдырын сурадым. Бул маселе ошол бойдон калып кеткен. Бирок Д.Нур уулу вице-премьер министр болгондо бул ишти дагы козгоду. Экөөбүз кайра жолугушканда мен ал кишиге кинотеатрды алуунун эки жолу бар деп айттым: биринчиси, соттошуу жолу менен, экинчиси, келишим түзүү жолу менен деп. Досбол мырза экөөнө тең көнбөй койду.
Андан кийин Досбол мырза өзүнүн кабылдамасына 12 кинематографисттерди чакырып, мени кетирүүбү же улуттук концернди жоюу максатындабы, жолугушуу өткөрөт. Ал Мар Байжиев, Султан Раев, Абибилла Пазылов, Геннадий Базаров, Тынай Ибрагимов, Актан Арым Кубат сыяктуу президентке каршы чыгып жүргөн киночулар менен сүйлөшөт. Жанагы А.Пазылов Эсеп палатасынын аудитору Сарыбаевдин справкасын кошо жазышканын кийин билдим. Дал ошонун айынан справканын 90%ы туура эмес болуп калды.
Эң кызыктуусу, Эсеп палатасы аудиттин жыйынтыгын палатанын кеңешинде 17-майда бекиткен. Бирок Досбол Нур уулу мага аудиттин справкасын 7-майда көргөзүп, ушуга байланыштуу жумуштан кетесиңби деп кекетти. Мен "эмнеге кетмек элем, мунун баары калп, ушуга ишенесизби" десем, "Эсеп палатасы жазып аткандан кийин албетте, ишенем" дейт. Менин кетишиме кызыкдар экенин ошондо билдим. Андан кийин "макул эмес болсоң тийиштүү органдарга берем" деп коркутту эле, муну өзүңүз билесиз дедим.
Эми бул кишинин дарамети дайын, элдин баары билет. Министр кезинде деле, вице-премьер кезинде деле жумуш кылып жыргаткан жок. Жетинчи кабатта бирөөнүн сөзүн бирөөгө ташып күн көрүп жүргөнүн элдин баары билет. Эртеби-кечпи айыбы ачылып, жерге түшөр мезгили алыс эмес деп ойлойм.
Бетти даярдаган
Келдибек НАЗИРОВ















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan