Коомдук-саясый гезит
№44, 13.06.08-ж.





  Миң түркүн адам

Ангела МЕРКЕЛЬ
Германия канцлери "англосакстык" башкаруу системасынын жарамсыздыгынан дүйнөдө экономикалык кризис өкүм сүрүүдө деп билдирди. Эми анын ою боюнча, дүйнөлүк финансы рыногу үчүн жаңы эрежелерди жаратууда Европа алдыңкы планга чыгышы керек. Европа евродон улам финансылык өз алдынчалуулукка жетишсе да, мурункудай эле эрежелер менен стандарттарды орнотууда англосакс системасына көзкаранды болуп келет.
Виктор ЮЩЕНКО
Украина президентинин 2004-жылы диоксин менен ууланышынын айланасында кайрадан ызы-чуулар башталды. Аны Ющенконун революция боюнча бир кездеги соратниги, жакын досу, элдик депутат Давид Жвания баштап, президенттин уулануусун шайлоо алдындагы шайтан оюндар деп атады. "Менин пикиримде, Ющенко ууланган эмес. Бул анын шайлоо штабынын ойдон чыгарылган окуясы. Эгер буга атайы кызматтардын тиешеси бар болсо, анда алар эч кандай белги, так калтырбай, таза иштешмек" деп айтты Жвания. Ал Ющенконун жубайы менен балдары АКШ жарандары экенин айтып чыгууга да үлгүрдү. Жооп катары Ющенкону лабораториялык диагностикадан өткөргөн эларалык дарыгерлердин тобу Женевада пресс-конференция өткөрүп, Жваниянын билдирүүсүн негизсиз деп атады. Жваниянын мындай кадамын эксперттер президенттик командадагы жалпы кризис менен байланыштырып, Ющенконун таламын талашкан жакын киши калбай калганын айтышууда.
Кондолиза РАЙС
АКШ мамкатчысы Foreign Affairs журналына көлөмдүү макаласын жарыялап, анын ири бөлүгүн Россияга арнаган. Анда Райс АКШ менен Россиянын ортосундагы мамилелерге токтолуп, Москванын акыркы 8 жыл аралыгында ички саясатынын өнүгүшү Американын көңүлүн калтыргандыгын айтат. Ал негизинен Россиянын саясат даамданган энергетикалык стратегиясын жана коңшу мамлекеттерди "таасирин жоготкон чөйрө" деп эсептөөсүн сынга алган. Мамкатчынын пикиринде, ушу тапта эки улуу державанын ортосундагы мамиленин туруктуулугу оор сыноодон өтүп жатат. Ал эми эксперттер Райстын билдирүүсүн Россия президенти Дмитрий Медведев менен премьер-министри Владимир Путин ээлеген саясый борборду байкап, "чымчып" көрүү аракети деп эсептешүүдө.
Оскар де ла ХОЙЯ
Айтылуу мушкерди 22 жаштагы стриптиз бийчиси Милана Дравнел сотко берип, 25 миллион долларга утулуп калды. Анын айтымында, 2007-жылдын жаз айларында Филадельфиянын мейманканаларынын биринде Оскар де ла Хойя аял кийиминде сүрөткө түшүп, андан соң аларды жайылтпоо боюнча Милана менен келишим түзгөн имиш. Бирок келишимде көрсөтүлгөн акча суммасы Милананын көңүлүнө туура келбей, Оскарды алдап кетти деп айыптап, ал сүрөттөрдү америкалык таблоидге сатып жиберген. "Оскар бул сүрөттөрдүн жасалма экендигин дайым айтып келген, эми аны эксперттер да далилдеди", деп билдирди мушкердин адвокаты Джадд Барштейн.
Дэвид БЭКХЕМ
Британиянын "GQ" журналы табитсиз кийинген атактуу жылдыздардын тизмесин жарыялаган. Анда айтылуу футболчу 9-орунга татыган. "Дэвид Бэкхем дайым акыркы мода менен сапаттуу кийинип, өзүн мыкты алып жүрсө да, жеке стили жок" деп эсептешет эксперттер.




  Дүйнөкүн


УУДҮЙНӨ. Американын Түндүк Каролина штатындагы Бродвей шаарынын жанынан 35 миң бадал кара куурай плантациясы табылган. Келтирилген маалыматтар боюнча, өсүмдүктөрдүн узундугу 30 сантиметрден 1,2 метрге чейин жетет. Ал эми кокусунан табылган кара куурай наркын адистер 84 миллион долларга баалашууда. Бийлик азырынча эч кандай чечкиндүү кадамдарга бара элек, болгону плантацияны жапайы жаныбарлар менен чымын-чиркейден коргоп турган тосмону алып салышты.

ЖУПДҮЙНӨ. Турган турпаты, сүйлөгөн сөзү менен боорду эзип, чер жаза каткыртып күлдүргөн Россиянын эң бир куудул үйбүлөсү Евгений Петросян менен Елена Степаненко 18 жылдык өмүр сүрүүдөн кийин ажырашуу алдында турушат. Жакындарынын айтымында, жубайлар Евгений Петросяндын жашоосунда пайда болгон 26 жашар Татьяна Подольская аттуу айымдын айынан ажырашууну чечишкен. Азыр Евгений Ваганович үчүн андан жакын киши жок дешет кесиптештери. Ал эми үйбүлөнүн жакын досу Сергей Дроботенко Елена абдан кызганчаак адам жана чыгармачылыкта күйөөсүнүн деңгээлине жетпей калгандыгы үчүн Петросянга болгон ич күптүсү күч экенин айтты. Азыр жубайлар эки башка үйдө жашап жатышат.

ЧЫРДҮЙНӨ. Стокгольмдогу аалам көйгөйлөрү боюнча эларалык институттун изилдөөсү боюнча согуштук максатта эң көп чыгым сарптаган мамлекеттер тизмесинин башында АКШ, Улуу Британия жана Түштүк Европа мамлекеттери турат. Ал эми бүтүндөй дүйнө боюнча, согуштук максатта чыгымдалган акча каражатынын көлөмү болуп көрбөгөндөй суммага - 1339 миллиард долларга жеткен. Россияга бул тизмеде 7-орун ыйгарылган.

ТАҢДҮЙНӨ. Тайвандын Тайпей шаарында жайгашкан Wang Tzi-wei ресторан түйүнүнүн ээси жасалганын өзгөчө вариантын ойлоп чыккан. Анын дизайны боюнча, тамактануу үчүн унитазга отуруп, даараткана кагазынын оромунан кол аарчып, жуунуучу жайдан тамак ичүүгө туура келет. Мындай жаңылык туристтер менен шаар жашоочуларынын көңүлүнө жаккан. Бул жерге негизинен 15-35 жаштагылар келишет. Кафе ээсинин айтуусу боюнча, "бул жердеги ар бир деталь сиздин ресторанда эмес, дааратканада отурганыңыздай элес берет. Ошондуктан бул жерде тамак ичүү - абдан көңүлдүү".

ЖАНДҮЙНӨ. Инфаркт миокардасынан жапа чеккен Франциянын 45 жашар тургунунун өмүрүн сактап калууга аракеттенген реаниматологдор эч майнап чыкпагандыктан аны өлдү деп тыянак чыгарышат да, трансплантациялоо үчүн органдарын алууга операция жасоого өтүшөт. Дал ушул маалда оорулуу өзүнө келип "тирилип кеткен" да, хирургдардын жүрөгүн түшүрүп салган. Ушу тапта ал адам басып, сүйлөгөнгө жарап калды. Франция өткөн жылы жүрөк толугу менен токтогондон кийин мээни текшербей эле органдарды чыгарып алуу боюнча чечим кабыл алган эле.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары



ПАКИСТАН. Мамлекеттин тоолуу аймагындагы "Талибан" кыймылынын тарапкерлерин жок кылуу максатында жасалган Пентагон авиасоккусу жаңылыштык менен пакистандык аскерлерге багытталып калган. Анын натыйжасында 11 чегара аскери каза болгон. АКШ мындай кадамын мыйзамдуу жана өзүн өзү коргоо чарасы деп атоодо. Пакистандагы маалымат булагы боюнча, чегарачылар менен афган жана четэлдик аскерлер ортосунда жер талаштан жаңжал чыгып, америкалыктар аба аскер күчүн чакырышкан. Мамлекеттин ТИМ башчысы Салман Башир АКШнын Пакистандагы элчисин чакырып, каршылык нотасын тапшырган. Пакистандын билдирүүсү боюнча инцидент өлкөнүн Батыш менен кызматташтыгына доо кетирет.

ТҮШТҮК КОРЕЯ. Өлкөнүн министрлер кабинети толугу менен ыктыярдуу түрдө отставкага кетти. Мындай радикалдуу чечимдин себеби Түштүк Корея менен АКШнын ортосундагы соода мамилелеринин жанданышы, анын ичинде уй этинин импорттолушу болуп калды. Америкадан келген уй этинин сапатынын начардыгынан жана кутурма оорусунун жугушунан кооптонгон Түштүк Корея АКШ уй этинин импортун 2003-жылы токтоткон. 2007-жылдын аягында президенттикке шайланган Ли Мен Бак апрель айындагы Вашингтонго болгон иш сапары учурунда Америка үчүн улуттук рынок эшигин кайрадан ачуу чечимин кабыл алган. Президенттин мындай чечими элдин нааразычылыгын жаратып, ушу тапта Түштүк Кореяда күн сайын каршылык акциялары өтүп жатат. Элдин массалык толкундоосунан улам өлкө жетекчилиги мораторийди алып салууну белгисиз убакытка калтырды.

КЫТАЙ. Кечээ Пекинде тогуз жыл аралыгында биринчи жолу Кытай менен Тайвандын ортосундагы сүйлөшүүлөр башталды. Тараптар 59 жыл бою транспорттук байланышсыз жашаган Кытай менен Тайвань аралынын ортосунда чартер рейстерин көбөйтүү туурасында макулдашууну иштеп чыгышып, ишеним түзүү боюнча консенсуска жетүү аракети көрүлөт.
СУДАН. Sudan Airways авиакомпаниясынын Дамаск-Амман-Хартум рейси менен келаткан Airbus 310 самолету аба ырайынын катаалдыгынан улам катастрофага учурап, анын натыйжасында 33 адам жабыр тартып, ондогон адамдардын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Самолетто экипаждын 14 мүчөсү менен бардыгы болуп 217 жүргүнчү болгон. Катуу нөшөрдөн эч нерсе көрүнбөй, учкучтар болжол менен самолетту кондурууга аракет кылышкан. Натыйжада, лайнер катуу ылдамдык менен жерге бир тийип, өрттөнө баштаган. Андан соң жарылып, учак эки бөлүккө бөлүнүп калган. Ушу тапта куткаруучу иштер жүрүп жатат.

ГРЕЦИЯ. Евросоюзду реформалоо боюнча Лиссабон келишими мамлекет парламентинде көпчүлүк добуш менен ратификацияланды. Греция Евросоюз курамына кирген 27 өлкөнүн ичинен Лиссабон келишимин кабыл алган 18-мамлекет болуп калды. Ал эми аталган келишимди кабыл алуу боюнча Ирландияда жалпы элдик референдум өтүп жатат. Анткени, өлкөдө аталган келишимдин кабыл алынышына каршы чыккандар көп. Эгер Ирландия Лиссабон келишимине каршы добуш берсе, ал кабыл алынбайт да, Евросоюз саясый кризиске учурайт.

ТҮРКМӨНСТАН. Балканабат шаарында ENI италиялык нефть компаниясынын карамагындагы бургулоо вышкасынын 600 жумушчусу иш таштап, нааразычылыгын билдирген. Жумушчулар айлык акынын көбөйүшүн талап кылышууда. Азыр түркмөн бийлиги тарабынан бекитилген жаңы курс боюнча 1 доллар мурунку 24 миң манаттын ордуна 14 миң 250 манатка барабар болуп, айлык акы эки эсеге төмөндөп кеткен. Ишкана жетекчилиги жумушчулардын талабын аткарууга шашылбагандыктан, көтөрүлүшчүлөр жабдыктарды талкалап, машинелерди таш менен ургулашкан. Түркмөн бийлиги акция өткөн жерге ОМОН бөлүгүн жиберип, каршылыкты күч менен баскан. Анын натыйжасында, компаниянын 62 жумушчусу камакка алынып, тергөө изоляторуна жеткирилген.

www маалымат булактарынан даярдаган
Канышай Бешбаева














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan