Коомдук-саясый гезит
№44, 13.06.08-ж.





  Экинчи борбордо

Алды кызык, арты арман
Кыргыз жери сопсонун,
Кыйласынан Ош сонун.
"Чой ичиң" деп турушат,
Чаар допу досторум.
(Байдылда Сарногоев)

Сөз башы
Аргасыздан бир окуя эске түшөт. Бир аксакал болжолу бул жагы Карабалта, тигил жагы Кантка чейинки аралыкта жайгашкан жерге коноктоп барат. Өмүрүндө биринчи жолу узак сапарга чыкканы ошол экен. Агезде азыркыдай техника жок, алыс жерге ат менен барчу заман. Келгенден кийин анысын: "Ээ, балдарым, эл-жер көрүш керек экен. А биз болсо бир жерден чыкпай жапайы болуп бүтүпбүз…" деп саймедирейт. Анын сыңарындай, мен да өмүрүмдө биринчи жолу Ошко аттандым. Балким Ошту коен жатагына чейин жакшы билгендерге бул макала кызыксыз туюлар. Бирок, мага окшоп "алыс сапарга" чыгып, Кыргызстандын экинчи борборунда бир да жолу боло элек адамдарга кызык жаңылык болор.

"Жол азабы - көр азабы"
Мурда ушинтчү элек. Алыскы Ошту айтпай-ак койолу, береги Токтогулга жетиш азаптын азабы болчу. Болбоду дегенде 8-9 саат жол жүрүп, ичеги-карын аралашып калар эле.
А азыр четэл маркасындагы жеңил машине түптүз жолдо желдей сызып барат. Айрым "шумахерлер" Токтогулга үч жарым сааттын ичинде кирип барса, экинчи борборго 7-8 саатта жеткирип коюшат экен. Ошондо ичимден экс-ажобуз Аскар Акай уулуна абдан ыраазы болдум. Не дегенде, ушул Ош-Бишкек жолу туңгуч президентибиздин тушунда салынган эмеспи. Анан "көр азабынан" куткарган адамга кантип ыраазы болбой койосуң?
Ошентсе да, Улуу жибек жолунун айрым жерлери бузула баштаптыр, андыктан оңдоо иштери жүргүзүлүшү керек. Мындай темп менен кете берсе, жакынкы 10-15 жылда асфальтталган жолубуз мурдагы абалына келип калышы ыктымал. Кымбатчылыкты "белек" кылганы аз келгенсип, "көр азабын" көзүбүзгө көргөзгөнү үчүн азыркы бийликти эл ичинен ашатары турган иш. Башкасын билбейм, мен ушундай ойдомун.

Алгачкы кадам
3000 жылдык тарыхы бар шаарга келген адам алгач Сулайман тоого зыярат кылуусу парз. Пайгамбардын атын алган тоону аралап чыгуу үчүн 7 жашка чейинкилер 1,5 сом, чоңдорго 3 сом төлөө каралган. Күнүнө жок дегенде 500дөн кем эмес адам ыйык жайга келет экен. Майрам күндөрү андан да көп. Жылына орто эсеп менен зыярат кылгандардын саны 200 миңге жетерин музей кызматкерлери айтышты.
Келген коноктор алгач "Бабурдун үйүнө" кирип, намаз окуп чыгышат. Кезек күтүп тургандар арбын. Эстеликке сүрөткө түшөм десеңиз фотоаппаратчан бала даяр. Беш мүнөттүн ичинде сүрөтүңүздү колуңузга карматат. Андан ары өзгөчө касиети бар жайларды аралап жөнөйсүң. Маселен, төрөбөй жүргөн аялдардын сыйынуучу жайы өзүнчө. Көпчүлүгүнүн тилеги орундалып, балканактай уулдуу болушат экен.
Сапарыңды андан ары уласаң "Сулайман тоо" тарыхый-археологиялык музейине туш келесиң. Кирүү баасы 10 сомдон жогору. Ичинде Ыйык тоого байланышкан археологиялык табылгалар арбын. Суусунуңду кандырам десең, музейдин ичинде чакан кафе бар. Бирок, ачкыл жандууларга кулак кагыш: спирт ичимдиктери сатылбайт. Ошондон уламбы, айтор, бак-шактын түбүндө 100 граммдан "сеп" этип аткан көрпенделерди көп кездештиресиң.Жалпы жонунан музейдин карамагында 98 адам эмгектенет. Анын ичинен кырктан ашыгы илимий кызматкерлер.

Пайгамбарды да "соодалай" баштадыкпы?
2006-жылы обладминистрациянын демилгеси менен марафон өткөн. Марафондон түшкөн акча каражаты Ыйык тоону өркүндөтүү үчүн жумшалышы керек эле. Чогулган акча каражаты кандай максатта жумшалганын билүү максатында облпрокуратура, Каржы полициясы бирнече жолу текшериптир. Чындап келгенде 7 млн. сомго көп жакшы ишти бүткөрсө болмок. Бул маселе боюнча "Сулайман тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинин коммерциялык бөлүмүнүн башчысы Токон Акматовго кайрылганыбызда буларга токтолду:
- Марафон уюшулганда обладминистрациянын алдында спецсчет ачылып, акча ошого түшкөн. Музей жетекчилигинин ага тиешеси жок. Марафондон түшкөн акча каражатына болгону көчөттөр отургузулуп, суу чыгарылды. Ушул жылдын апрель айында суу системаларын толугу менен өткөрүп бериш керек эле. Анча-мынча кемчиликтерине байланыштуу ал ишке ашалек.
Бул маселеге тиешеси бар обладминистрацияда бухгалтердик кызматты аркалаган Жылдыз аттуу айымды кабинетинен таба албадык. Сыркоолоп ооруканада жатыптыр. Анын кесиптеши Нургазы бир жумадан кийин биз менен өзү кабарлаша турганын билдирди. Бизде Ыйык тоо үчүн чогултулган акча максаттуу жумшалбай, орто жолдон кантип мойсолуп кеткени жөнүндө маалымат бар. Журналисттик этиканы сактап, эки жактын тең пикирин чагылдырууну эп көрдүк. Минтип Сулайман пайгамбарды "соодалап" жибергендердин анабашында ким турганын гезитибиздин келерки сандарынан окуп каласыздар.

"Яблочки нече пул?"
Базар аралап жүрүп ушул сөздү кулагым чалды. Карасам орус улутундагы аял өзбек тилинде соодалашып атыптыр. Чаар допучан туугандардын эне тили бизди мындай кой, минтип окемдерди багындырып аткан чагы. Ал эми Бишкектечи? Орус туугандарды айтпай-ак койолу, өзүбүздүн эле жаштарга эне тилиңде кайрылсаң, "не понял" деп жооп берет.
Оштун борборунда кыргыз телеканалдары көрсөткөнү менен, алыскы аймактарда тартпайт. Ошентип, түштүктүн көпчүлүк бөлүгү ала допучан туугандардын идеологиясына сугарылып аткан кези. Жадагалса шаар тургундары өзбектердин кинолорун калтырбай көрүп, ырларын угушат. Өзбекстандан келген "Тико" маркасындагы унааны ар бир үчүнчү адам минет. Чоң кишинин алаканындай болгон машиналар жол бетин бербей ээлеп алган.
Көпчүлүк чайхана, кафе-барлардын ээлери да өзбек туугандар. Айрым тургундардын айтымында, акыркы мезгилде өзбек туугандар башка улуттагыларга (анын ичинен кыргыздарга) көбүрөк кыр көрсөтчү болуп калыптыр. Бул эки улуттун араздашуусуна алып келбесе болду…

Үсөновду Ошко которсок
Акбуураны бойлой базар жайгашып, жолдун эки бетин бербейт. Баары аралаш: кафеси, чайханасы, тамак-ашы, атыр-самыны, картөшкө-пиязы… айтор, накта бардакка айланган. Борбор калаабыздагы Ош базарын Данчик мырза (Үсөнов) бирпаста тартипке салды. Балким, Үсөновду ажобуз Ошко мэр кылып дайындаса, заматта шаар ичи тартипке түшөт беле деген эле ой.

Мейманкана+казино
Ош шаары нечендеген адамды жолунан адаштырган кумар ойноочу жайлардан дагы куру эмес. Официалдуу каттоодон өткөн казино клубунан үчөө бар. Баарынан да, кумар ойноочу жайдын бир жак бөлүгүндө мейманкананын жайгашканы таңгалдырат. Ал эми 4-5-класстагы мектеп окуучулары компьютердик оюндардын сазайын беришет.
Мейманкананын түрлөрү бар. Түнөк акысы 250 сомдон жогору. Шаардагы абройлуу мейманканалардын бири катары эсептелген "Алайдын" бир күндүк орточо баасы 600-700 сомдун тегерегинде.

Банядагы "кайф" заман
Жалпы мончого кирсең ушундай көрүнүшкө туш болосуң. Бир чайнек кайнаган сууга порошоктон белгилүү өлчөмдө салып ичишет. Алгач көргөн көзүмө ишенгеним жок. Анан гана көздөрү жайнап, "кайф" кармай баштаганын көргөндө чындык экенин билдим. Бул бир эле мончодогу көрүнүш. Мындай банядан дагы канчасы бар дейсиң.

Жетимишинде секс деп
Ошто кыздар өтөле арзан. Саатына 200 сомдон жогору. Андан да арзанын тапсаң болот. Маселен, Ош медициналык окуу жайынын оң жагында жайгашкан 9-жатаканадан бир жолу кумарыңды кандырам десең, 50 сом жетиштүү. Көбүнчө кыргыз, өзбек улутундагы бийкечтер басымдуулук кылат. Биздегидей "мамаша" айымдарды жолуктурганыбыз жок. Сойкуканаларды адаттагыдайле кызыл шапкечендер "крышовать" этип турушат, түнкү көпөлөктөр менен жылуу мамиледе. Баарынан да 70тен ашып калган аксакалдын небересиндей болгон кыз менен "соодалашып" атканын көрүп оозум Ошту, тоюс, Бишкекти карап калды. Көрсө, түштүктүн күчкө толуп-болуп турган жигиттери гана эмес, айрым аксакалдары дагы секстин биз билбеген түрлөрүн окутушат тура.
Айтмакчы, сойкулардын арасында "шпиондор" дагы бар. Тактап айтканда, коңшу Өзбекстандан келген түнкү көпөлөктөр милиция кызматкерлерин "ыраазы" кылып, анча-мынча сырларын билип, өз өлкөсүнө маалымат жөнөтүп турушат. Катардагы сойкулардын бириндей көргөн укук коргоочулар ыймандай сырын төгүп беришет тура. Мына ушул маселени бийлик өкүлдөрү эсине жакшы түйүп алса болмок.

УКК эмне менен алек?
Карасуу базарында соода кылган кытайларды талап-тоноо менен. Бардык документтери жайында экенине карабай, эптеп шылтоо таап 100-200 доллардын тегерегинде акча "сындырышат" экен. Ысымын атагысы келбеген кытай соодагери көргөн кордугун айтып берди:
- УКК, милиция кызматкерлери жаныбызды койбойт. Айрыкча, УКК кызматкерлери атайын Карасууга барышат, бизден акча алыш үчүн. 1000-2000 сомго ыраазы болушпайт. Мыйзамды тебелеп, кылмыш кылсак бир жөн. Закондун чегинде иш алып барабыз. Базар кызматкерлери ижара акысын ашыгы менен алышат. Бир жылда 12 ай болсо, 13-14 айга салык төлөйбүз. Мамлекет кам көрүп, ушуга окшогон "беспредел" көрүнүштөрдү жойбосо болбой калды. Минте беришсе Кыргызстанга ишкерлер келбей коюшу мүмкүн.
Мына ушундай. Кетеримде айткандарын гезит бетине чагылдырып коюумду өтүндү. Айтмакчы, Бишкекте УКК кызматкерлери оппозициялык маанайдагы саясатчылардын артынан акмалоо менен алек болуп атканын угуп жүрөбүз. Кыларга иши жок болсо ошол экен да.

Майда, бирок маанилүү
Ош облусунда 7 район (Алай, Араван, Каракулжа, Карасуу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң Алай), 3 шаар, 2 айыл тибиндеги шаар (Найман, Сарыташ), 79 айыл өкмөтү жана 469 калктуу пункт бар;
Жалпы аянты 29,2 миң км. Болжол менен 600 миңдин тегерегинде адам жашайт;
Борборунда 2 драмтеатр, 8 элдик театр, 14 коомдук жана 62 мектеп музейи, эс алуу багы жайгашкан;
Шаарда соода түйүндөрү арбын. 25ге чукул бейтапкана, аэропорт, 2 автобекет бар;
Мындан 8 жыл мурда Ош шаары 3000 жылдык юбилейин өткөрдү;
Шаарды Акбуура суусу экиге бөлүп турат;
Ошто расмий маалымат боюнча 130 жарым жартылай, 2219 томолок жетим бала, ал эми облус боюнча 702 орто билим берүү мектеби бар.

Акчалуулар заманы
Сулайман тоонун алдында Алымбек датканын "айылы" бар. Аталган жайдан эс алып, кымыз ичсеңиз да болот. Кыргыз бозүйүнөн даам сызып, этнографиялык борбордун жетекчиси Патийла ЖУСУЕВАны кепке тарттык.
- Биздин негизги максат - улуттук каада-салтыбызды, тамак-ашты, улуттук кол өнөрчүлүктү, эне тилибизди калыбына келтирүү. Бул борбор 2000-жылы негизделген. Ушундай эле борбор Жалалабат шаарында да бар. Келечекте Талас, Бишкек шаарына курууну пландап атабыз. Улуттук тамак-ашты калыбына келтирүү боюнча иш жакшы жүрүп, соодага айланып калган.
- Демек, сиз ишкерлик менен да алектенет турбайсызбы. Жалпысынан канча адам жумуш менен камсыз болгон?
- Жай мезгилинде жүзгө чукул жумушчу эмгектенет. Учурда 54 киши иштеп атат. Атайын кымыз, эт, айран, курутту даярдай турган адамдарды жумушка алганбыз. Биз жасаган бозүйлөрдү Германия, Швейцария өңдүү өлкөлөрдөн келип сатып алышат. Ысымы так эсимде жок, Франциянын атактуу курулушчусу: "Архитектуранын жеткен чеги - бозүй" деп пирамидадан дагы жогору баалаган. Бозүйдө жашаган адамдар нерв оорусунан алыс болорун япониялык окумуштуулар аныкташкан. Кылымдардан бери баш калкалап келаткан турак-жайыбызды өркүндөтүп, жаңы вариантын иштеп чыгууну пландап атабыз.
- Бул жайда улуттук тамак-аш, кымыз сатылат экен. Ал эми жаныңардагы кафеде спирт ичимдиктери сатыларына күбө болдум. Мындай ыйык жерде пивокананын иштеп атышына кандай карайсыз?
- Ыйык тоонун түбүнө спирт ичимдиктери сатылбаса экен деп кайрылбаган жерим калган жок. Пиво ичкен адамдар жадагалса ажатканага да жетпей калышат экен... Үч кабат бозүйдү алардан коруп, байым экөөбүз кароолдун кызматын аткарып калдык. Ошол кафени башка жакка жайгаштырса болот эле го. Акчасы барлар каалаганын кылган заман болуп калбадыбы.
- Кафенин жетекчиси менен сүйлөштүңүзбү? Балким, ал киши деле туура кабыл алаттыр.
- Бирнече жолу кайрылсам туура түшүнгөн жок. Мени жеке кызыкчылыгын гана көздөп атат деп ойлоду окшойт. Анысы аз келгенсип какайган темирди орнотуп коюшкан, курулуш ишин баштайбыз деп. Ал үч кабат бозүйдүн көчө тарабын толугу менен тосуп калды. Курулуш ишине тоскоол болгонум үчүн айрым чоңдорго жаман көрүндүм. Маңкурттай эле иш кыла берсек туура болбойт да. Ошонун ордуна ордо оюну салынып турса жакшы болбойт беле.

Сөз соңу
Оштон эмне таптым? Оштон сүйүү таптым. Оштон эмне жоготтум? Сүйүүмдү жоготтум, түбөлүккө… Мындай болот деп эгерим күткөн эмесмин.
Түштөнүү маалында чайханада отурган элек. Кокусунан сени көрдүм. Тамактанганы кирип келатыпсын, өзүң жалгыз. Жок, жок, жаңылышам. Боюңда бар экен… Көздөрүбүз чагылыша түштү, тиктешип эле калдык. Анан сыр бербей жанымдан өтүп кеттиң.
Чыдай албадым, жаныңа жетип бардым. Көпкө отурдук, сүйлөшүп отурдук. Ортодо көп сөздөр айтылды.
- Турмуш курганыңа канча болду? - Билип турсам да ушинтип сурадым.
- Эки жыл, - көзүңдү ала кача жооп бердиң.
Сөз арасында, бир-эки ай аралыгында уулдуу болоруңду билдим. Ичим тыз эте ачыша түштү. Баарынан да, сени баягы… баягы мектептеги жаш секелек кыздай элестетип жүргөнүм жаңылыш экенин туйдум. Турмуш сени өзгөртүп коюптур. Аябай өзгөрүлүпсүң. Бир сөз менен айтканда, келин болупсуң.
Коштоштук. Үн дебей коштоштук. Мындан ары сага жолуга албасымды ичимден сезип турдум. Сага деген үмүт оту түбөлүккө өчтү. Түбөлүккө… Жанбай тургандай болуп.
Эртеси жолго чыктым. Машине ичинде Рыспай Абдыкадыровдун ыры жаңырып баратты. "Издейм сени"...
Нурканбек КЕРИМБАЕВ,
Бишкек-Ош-Бишкек















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan