![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №44, 13.06.08-ж. |
Нур уулу Досболдун доорубу? Кечээ эртең менен айтылуу академик Жамин Акималиев Айтматовдун сөөк коюу зыйнатына өлкө президенти өзү эле төрагалык кылса болмок, анын ордуна мамкатчы Нур уулу Досболдун турушу ааламга белгилүү жазуучубуздун өлгөндөн кийинки аптарыйкатына туура келбейт маанисинде маек курду "Азаттык" ырадиясына. Албетте, чок эмес же пок эмес ишмердин угаары ушул. Президент болчу кимиңер? Атактуу олигарх Алмаз Атамбаевдин туулуп өскөн жери - Арашанда өтө арбын бизнеси бар экендигин эл-журт жакшы билет. Эски СССР салып берген жазуучулардын чыгармачылык үйү, мечит ж.б. дегендей. Кечээ андан да тоо таянып 5 гектир жер алды дешет. А жерге 12 канат үй тиктирип, байтал бээнин бал кымыз кылып, оппозициячыларды оңду-солду кабыл алып атат имиш. Кечээле Өмүрбек Бабанов барып, 10-жылы "сен президент болосуң, мен президент болом" бакылдагы бержакта жер сугарып жүргөндөргө угулуптур. Күбүр-күбүр кеп чыгат, губернатор деп чыгат Өлөсүң да! Быйыл 1-январда Аксынын Дерес айлында жер титиреген. Андан бираз ары жашаган Жалалабат облгубернатору Кошбай Масировдун "койнунда" эчнерсе кыймылдаган эмеспи, айтор, бизде жер эмес, желпүүр да кыймылдаган жок деп чыккан. Өкмөттөн жарым пул жардам көрбөгөн дерестиктер Бишкекке жөө жүрүш жасайбыз демилгесин көтөргөндө, "арстан" губернатор айтканынан айнып, "ит болдум, куш болдум, айланайындар" деп 50 миң сом сунуп, жаакты жап кылган. Анысы жакшы. Бирок кечээле "уйга жүгөн салабы" болуп, быйыл Аксынын 30 миң гектирге жакын жайыт жерин чегиртке каптап баратат дегенин калп деп чыкты. Иш жөнү алдынала чара көрсөңөрчү деген эскертүү эле. Жок, ошол эскертүү чын болуп чыкса, губернатор мырза оозбасырык үчүн калкка канча акча сунат? Албетте, өз чөнтөгүнөн эмес... Атамбаев каеттик, ал да биздин чаектик СДПК фракциясынын депутаты Мурат Жураев кичимекени Лейлекке барса, жердештери түндүккө сатылып кеттиң дегендей түр кылышыптыр. Аяктагылар "Акжолду" түштүк партиясы деп түшүнөт. Ыңгайсыз абалда калган Мурат Каттаевич жан-жагына каранып, "силер билбейсиңер, партиянын лидери Алмаз Атамбаев да ичкиликтин тейит уруусунан. Азыр өлкөнү теиттер башкарып жатат. Саясатты аз да болсо түшүнүп туруп сүйлөш керек" деп жердештерин мыш кылган имиш. Камчыбек Жолдошбаев Каракечени казып бүтүп... "Бешсары" деген бейиштей кичибазар бар. Анын жетекчилиги ар ижара акысына 10-12 миң сом алат экен да, 6 миң сомдун тегерегинде квитанция кыркып берет экен. Мамлекет менен кандай көзтаңмай ойноп атканын баамдасаңыз керек. Анын аркы өйүз менен берки өйүзүн гезиттин жакынкы сандарында жарыя кылабыз. "Манас" аэропортунда "ма-аа" же "ме!" Анын анабашы ким экендигин билесиздер. Кадимки Үсөн аке Сыдыковдун уулу. Ошол кишинин уулу болгондугу үчүн кечээ самолет Ошко төрт саат кечигип учту. Себеби, биздин кожоюндун "Эсен эйр" авиакомпаниясы Ошко жолкирени 1000 сомго арзандаткан. Ал кымбат сатып, оңой пайдага тунуп аткан Үсөн аке Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыковго жаккан эмес. Анын ал-жайын төрт сааттан кийин түшүнгөн жүргүнчүлөр аз жерден бунт чыгара жаздап, Үсөн акенин уулун үйлөп ийе жаздады. Бакыттын артында транспорт министрлиги менен жарандык авиация департаментинин "лөктөрү" турат, бүгүн алар "билетиң арзан" деп чыр чыгарышты, карап туралычы, эртең дагы эмнени ойлоп табышат экен? Үч кошкон собол Улуттук кызыкчылык, Атамбаев, чыгарма 1. Кыргызстанда улуттук кызыкчылык жогору болуш керекпи, же адам укугубу? 2. Экс-премьер Алмаз Атамбаев "Азыркы бийлик Кокон хандыгын куруп атат" дейт. Буга сиздин пикириңиз кандай? 3. Акыркы кезде Ч.Айтматовдун кандай чыгармасын окудуңуз? Роза Отунбаева, ЖК депутаты: 1. Бул жөнөкөй суроо эмес, анткени экөө комплекстүү түшүнүк. Улуттук кызыкчылык жогору турган учурлар да болуп калат, башка учур да болушу мүмкүн. 2. Аны менен жүз пайыз макулмун. Бийлик жакын туугандардан түзүлүп атат. Бир уруу, бир облустан. Мисалы, Жалалабаттан эле беш министр бар. Президент өзүнө лоялдуу адамдарды жанына топтоп атат. Талас облусунун губернаторунун орунбасары Койсун Курманалиеваны "Атамекенге" иштегенсиң деп эки жума мурда кызматтан алып салышты. Ушундан эле бийлик жүзүн көрүүгө болот. 3. "Когда падают горы" деген акыркы чыгармасын окуп атам. Каныбек Иманалиев, экс-депутат: 1. Улуттук кызыкчылык жогору болуш керек. Анткени биз аз улутпуз. Батышта адам укугу жогору дешет. Бирок чоочун бирөө келип алып, "менин укугум баарынан жогору" десе, биз улуттук кызыкчылыгыбызды коргой албай калабыз. Улут өзүн сактоо үчүн улуттук кызыкчылыгын бардыгынан жогору коюш керек, антпесе өзүн сактай албайт. 2. Атамбаевге чейин эле бийликтин эмне куруп атканын мурдагы депутаттар айтып келишкен. Чындыгында акыркы шайлоолорго эл азырынча реакция кылалек. 3. "Сардал кыз" же "Тоолор кулаганда" деген акыркы чыгармасын окугам. Эмил Алиев, "Арнамыс" партиясынын төрага орунбасары: 1. Адам укугун коргобосок, улуттук кызыкчылыкты коргой албайбыз. Негизи бул эки түшүнүк бири-бирин толуктап турат. 2. Атамбаев өзү ошо бийликте болгон, ошонүчүн Кокон бийлигин курууга анын да салымы бар. 3. "Деңиз бойлоп жорткон аладөбөт" деген чыгармасын окугам. Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|