Коомдук-саясый гезит
№44, 13.06.08-ж.





  Майкечен маек

Чудак акын Акималиев
Акын акындыгын кылат. Биз фотоаппаратты даярдагыча, Алик Акималиев чөп арасынан баарына эле байкала бербеген майда гүлдөрдү терип тура калыптыр.

Алик Акималиев редакцияга жаңы китебин көтөрүп келип калды. "Манассия" деген аталыштагы. Эми дагы бир китебин басууга жөнөтүп атыптыр. Күздөгү элүү жылдыгына толкундануу менен даярданып, юбилей, Манассиянын чечилиши, саясат ж.б. боюнча оголе олуттуу сөзү бар экен. Биз ал "галстукчан" маекти күзгө, юбилей алдына калтырып, азырынча "майкечен" маек курдук.

- Өлкөдөгү башаламандык айынан 50 жылдыгыңыз артка жылдырылганы чынбы?
- Ооба, быйылкы жылдын октябрь айына жылдырылган. Себеби, революция болуп кетип, андан улам саясатта ызы-чуу, өкмөт тынч эмес болду, Жазуучулар союзу дегеле көз салган жок, өлүп кетсин дегендей кылды. Кудай кааласа туулган жерим Кетментөбөдө белгилейм. Менин "Чырак" деген китебимди окуп алып, акын Фатима Абдалованын апасы айтыптыр "Бул баланын китебинин ар бир сабын алтын менен төлөп берсе болот экен" деп. Мен өзүмдү мактап аткан жокмун, поэзиямды айтып жатам. Өзүм начар, ничтожный человекмин. Бирок, акын катары Алик Акималиевди мен да сыйлайм.
- Акын кандай адам?
- Акын бул Кудайдан кийинки эле киши да. Ыр - сөздүн падышасы деген кыргыз. Акын - ааламдын билинбес башкаруучусу, көмүскө, непризнанный падышасы. Акын деген сөздөн коркуш керек. (Мен поэзия деген сөздөн да аябай корком. Сүйүү деген сөздөн да корком. Аял деген сөздөн да корком. Аял деген өтө сырдуу, миң түрдүү дүйнө да. Аялды эчким казып бүткөн эмес. Анын дүйнөсү өзүнчө поэзия…) Кыргыздар өзүнүн ким экенин билиш үчүн - өзүнүн каалаган акынын - мейли, ал Акималиевби, Зарлыкбековбу, же башкабы - өз акынын жаратып алат, аны даярдап, ошондон үлгү алат, ошону ээрчийт.
- Бирок азыр элдин баары эле поэзияны окуй бербейт да?
- Эмне үчүн, мына "Агымдын" өзү поэзия. Силерде бүт темалар бар. Силер чыгып аткан акынсыңар. "Аалам", "Алиби" "Де-факто", "Супер-инфо" болобу - булар да чыгып аткан поэзия. Карасөздүн поэзиясы. Саясатчылар митингге чыгып алып, алар да кара сөз менен акын болуп атышат. Кыздардын көчөгө жасанып чыкканы да поэзия. Биз болсо - чыкпай аткан поэзиябыз. Дүйнө поэзияга чулганган. Акындар алдынала айтуучу да болот. Мартта революция болорун мен төрт ай мурун жазып, төрт гезитке ырымды берсем, эчким баспай койгон.
- Анда Келемиш жылына көзачыктык кылып бербейсизби?
- Келемиштер акылдуу келет. Алар революциячыл болушат. Мына быйыл да кышка жакын революция, будуң-чаң болот. Эл ошого жетип калды.
- Элүү жылдыгыңыз дагы кийинкиге жылдырылып кетеби?
- Жок, революция юбилей өткөндөн кийин болот. Бийлик алмашпайт. Бу жолу эл өзүнө рухий революция жасайт. Руху көтөрүлөт, акылына келет.
- Кыргыздын кайсы акынын баалайсыз, суктанасыз?
- Эчбирине суктанбайм. Мени таңгалдыра турган акын жок. Мени таңгалдыра турган прозаиктер, анан тарыхчылар гана бар. Акынбыз деп жүрүшөт эми… Эгерде мээ чачырап, башсөөгүң сынып кетчүдөй ыр жазышса суктанат элем. Мындай акындан бар эми, бирөө - Рамис.
- Дүйнөлүк акындарданчы?
- Гарсиа Лоркага эчким жетпейт, жана Пабло Неруда. Неруданын сабы бар: "дарбызды сойсоң - каткырат" дейт. Бычак тийип тарс жарылганда данектери тиштей болуп көрүнүп каткырат экен…
- Баса, эки жыл мурун Рамис Рыскулов менен "Агымда" болгон бетме-бетте сиздин өтө эле утулуп калганыңызды окурмандар белгилешкен.
- Албетте, мындай величайший, гениальный акындан утулуп калыш мен үчүн сыймык. Өзүм гезиттин ал санын катып алып, сандыктан улам алып чыгып окуп, андан кубат алып турам. Ошондо кабарчы бир чоң кушту, бир кичи кушту кармап алып беттештирген…
- "Чымындуу" адамдар эмне үчүн өзүн өзү өлтүрүүгө барат?
- Алар бул дүйнөнүн оопасыз экенин, бул дүйнөнүн түккө турбай тургандыгын, туруксуздугун билет. Мен да "Чырак" деген китебим чыкканда депрессияга түшүп, өлгүм келген.
- Эмне үчүн?
- Кыргыздын алдым-жуттумдарына, ыплас Бишкекке, элдин ныксырап калганына, түрмөдө жаткан жаштарга, адамдар адамдыктан кеткенине, Ош базарынын ар жеринде жаткан мас кыргыздарга, саясаттын минтип жатканына кейип, депрессияга түшүп, өлгүм келди.
- Анан?..
- Анан мага ошол "Чырак" деген китебим жардамга келди. Ошол китепти кайрадан кайталап окуп чыгып, өзүмө айттым: "Надо жить, творить, писать" деп. Өзүмдү өлүмгө буйрууга акым жок, же Кудайдан кабар болбосо дедим. Бирөө бирөөнүн өмүрүнө чек коюуга акысы жок. Аялым мага "өлүп кет" дегенде айтам, сен эмне Кудай белең, өлбөйм деп. Төлгөчүлөрдүн төлгөсү боюнча мен 89га же 90го чыгам. Негизи мага шек келтирген, жаман сөз айткан, кол көтөргөн чоң-чоң адамдардын көбү кайтыш болуп кетти. Жакында эле бирөө асынып өлдү. Менин окуучум эле.
- Асынып алганынын себеби эмнеде экен?
- Себеби мага кол көтөрүшкө болбойт, анан аны Кудай жазалап койду. Мен нышан болуп төрөлгөм. Апам айткан бешиктен чечилип эле чуркап кеткенсиң деп.
- Айтсаңыз, элүү жашыңызга чейинки жолуңузда жасаган күнөөлөрүңүз кайсы?
- Ии-и… (көпкө ойлонуп). Бир кыздар бар эле, Чолпонай анан Гүлбара деген. Ушул кыздарды сүйгөн элем. Анан ошолорго жетишке аракет кылбай койгонума өкүнөм. Анан дагы бир келинди жакшы көрчү элем, артынан чуркабай койгонума өкүнөм. Себеби сүйүүмдү айтпай калдым. Сүйүүнү айтпай калуу - күнөө. Айтыш керек. Бирок мен аларды да, өзүмдү да булгагым келген жок. Ошол келин менин талантымды сыйлап, куштай асырап ала турган аял болмок. Өзүмдү өзүм азапка байлап жүргөн адаммын да…
- Жубайыңызчы?
- Жубайымдын мени менен иши жок. Ыргылжың, көңүл жок жашоодо жашайбыз. Поэзия менен иши жок, китебимди да ачып окуп койбойт. Толстой айткан, "все бабы хороши, бир гана аял жаман, ал менин аялым" деп. Жер жамандап барбасын, улуу акын Токтогулдун жубайы Сүйдүмкан эне да начар аял болгон. Куйручук Токтогулдун үйүндө болгондо айтыптыр, "Токо, босогоң начар экен, босогоңду алмаштырбасаң болбойт" деп. Ал деген, аялыңды алмаштыр дегени. Бирок, ал убакта да, советтик мезгилде да мындай нерсе уят иш болчу. Ал эми Наполеонго бир да жакшы аял кезиккен эмес. Ал сүйгөн Жозефина азабын колуна берген.
- А жубайыңыздын мүнөзү кандай?
- Ажаандардын номур биринчиси. Первый враг.
- Ушул сөзүңүздү эми гезиттен окуйт да, таарынсачы?
- Таарынмактан таарынсын, ошончолук азапты көргөм да.
- Бирок сизди колдоп, үйүңүзгө барганда алдыңызга аш койгон ошо киши да?
- Мени кара күчүгүмөн башка эчким тосуп албайт.
- Кара күчүк менен мамилеңиз кандай?
- Абдан жакшы. Мен келатканда "тапа-тапа, тапа-тап" этип, боюман өйдө асманга секирип, аябай сүйүнөт. Анан эң чоң кубанычым - неберем. Элүүдөгү нар бала деп, ысымын Элнар койдум. Бу дүйнөдө Кудайдын табышмагы бар экен: кыз деген алманын кабыгы, ал эми эркек балаң өрүктүн данеги дейт. Ошол данек жарылганда ичинен шири-ин мейиз чыгат. Ошол мейиз - небере болот.
- Бала, небере тарбиялоо жагын айтсаңыз?
- Жакшы сөз жыланды да ийинден чыгарат. Мен балага да, аялга да жаман айтпайм. Жакшы сөз менен душманды да, аялды да жеңесиң.
- Анда сиз жакшы сөз менен жеңени жеңип келаткан турбайсызбы?
- Жок, жакшы сөз менен коргонуп келатам.
- Жакшы деген эмне, жаман деген эмне?
- Дүйнөдө үч жакшы нерсе бар, бул: күн, наристе, поэзия. Үч жаман нерсе: саясатчылар, милиция, ажаан аялдар. Саясатчылар экижүздүү болот. Милициялар - закондуу каракчылар. Ал эми аялдар ажаандыкка салбай эле эркекти уялтып койсо болот. Эң күчтүү аял - назик аял.
- Жаш кезиңизде аялым өлдү деп аракка акча чогултканыңыз тууралуу уктум эле?
- Аа, ал мындай болгон. Командировкадан жаңы келип, аябай баш ооруп ишке чыгып отурсам, жинге тийип жанагы Кыялбек Урманбетов (акын) келип атпайбы, эмне болду деп. Атаңдын башы болду дедим. Похмелге тыйын чыгарабы десем, болбойт, шаардык бала да. Анан сурап ийди "аяш кандай?" деп. "Аялым оомийин болгон" деп жибердим. "Эмне болгон?" "Өлгөн ал!" дедим. Бирок өз ичимде поэтично айттым да, тырмакчанын ичинде. "Кечээ коюп келдим". "Чынбы?" "Ооба, чын". Анан эле чыгып кетти да, бир аздан кийин бү-үт достор чогулуп келип калды (Алардын баары азыр таанымал акын-журналисттер). Ошондо кадыр-баркымды билдим. Ошентип, анан артка жол жок болуп калганын байкап, "ушундай болуп калды" деп койдум. Аябай ичтик. Бирок эртеси эсиме келип, "апэ-эй, чоң күнөө кылган турбаймбы" деп калдым.
- Жубайыңыз бул жоругуңузду кандай кабыл алды?
- Эми мындай нерседен улам өмүрү узун болот экен деп ойлодум. Өзү болсо бул сүйлөй берет деп койду. Баса, аялдардын баары тозокко түшөт экен. Чарчап калган наристеси барларды гана периштелер "бул менин апам" деп бейишке алып кетип, калганы оптом тозокто калат экен. А эркектер бүт эле бейишке жөнөйт. Себеби эркектерде күнөө жок.
- А жогоруда өзүңүз айткан "экижүздүү саясатчылар, каракчы милицияларчы"?
- А, алар тозокто кала берет, биз гана, рабочий класс бейишке кетебиз.
- Тозок менен бейишке кетчүлөр аял-эркек эмес, жаман-жакшы деп бөлүнөт деген ойдо элем…
- Дүйнөдө эч жаман адам жок. Эң жаман адамды мага алып келчи, эң золотой экенин аныктап берем. Мен адамзаттын адвокатымын. Ошон үчүн жаңы китебимде "Адам" деген ырым биринчи кетип атат. Бул ырды филармонияда окуганда эл ордунан туруп, аплодисментами кол чабышкан…
Маектешкен
Салтанат КЫДЫРМАЕВА















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan