Коомдук-саясый гезит
№44, 13.06.08-ж.





  Кумирге кат

Ырчы Ильяз Андашка
Кат жазгыла, мен капага батканда,
Айым-күнүм чыга түшсүн асманга

… Сенден адамдагы жөнөкөйлүктүн жеткен чегин көрөм. Башка жылдыздардай бой көтөрбөйсүң, ыр тандамың да бөтөнчө. Алгач "Кыргыз жерим" деген ырыңды угуп, өзүңдү көргөндө анча элес алган эмесмин. Бара-бара сахнадагы жүрүм-турумуңдан, ырларыңдан, жадагалса, үнүңдөн да жөнөкөйлүктү сездим. Балким, адамдардагы дал ушул сапатты жактыргандыгым үчүндүр.
Ильяз, аман бол! Мүмкүн кудай буюруп, качандыр бир кез кезигип да каларбыз. А балким, ал күн да алыс эместир. Ага дейре сен тууралуу баарын окуп-билип, табитиңди тактап алайын. Чыгармачылык ийгилик сага! Эч талыкпа!
Баарынан мурда чыгармачылыгыңды сыйлаган
Айдай Керимбек кызы

Сөзү: У.Усеновдуку,
Обону: Б.Азимовдуку
Секелегим
Каксаң деле карай берем жаным тынбай,
Катар сөзүм кайталаймын шагым сынбай,
Эркеледиң, секелегим,
Келет сени колуңдан жетелегим

Табитиңе тай беремин тай чунагым,
Таңга тете ойлорум туташ чубадың,
Тура албадым, туталандым,
Туткундай тура боюм туураладың.
Карап, карап там болосуң кирпик кага,
Кандай пенде жагаар экен жаным сага,
Жаным дедим, жаркырагым менин,
Жанашсам жарык чачып жанар демим.

Саамал чачым сылаганым сенин сүрөт,
Куюлушкан кара көзүң, күлүп жүрөт,
Мүрөгүмсүң тонбос, жүрөгүмсүң соолбос,
Ашыктыгым ак экенин баары билет.

Каксаң деле карай берем жаным тынбай,
Катар сөзүм кайталаймын шагым сынбай,
Эркеледиң, секелегим,
Келет сени колуңдан жетелегим.




Бегимай КАРАБАЕВА
Курагы: 19 жашта
Жерлиги: Баткен
Келечек кесиби: юрист
Зодиак белгиси: текечер
Хоббиси: музыка
Ишенгени: Кудай
Сүйүнгөнү: алты саны аман, эл керегине кызмат кылууга мүмкүнчүлүк тапканы
Кызыкканы: муз үстүндөгү бий
Кыялданганы: дүйнөгө саякат жасоо
Ыйык тутканы: ата-энеси, биртуугандары
Сүйгөн тасмасы: "Акбаранын көзжашы"
Сүйгөн тамагы: шишкебек
Сүйгөн жаныбары: тыйынчычкан, күчүк
Сүйгөн түсү: ачык түстөрдүн бардыгы
Сүйгөн сөзү: "Кудай буюрса"

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan