Коомдук-саясый гезит
№44, 13.06.08-ж.





 Хайл, Сайракан!


  Сая-саалы

Террорчулар толуп кетти...
Борбордун Биринчимай райсоту Башпрокуратуранын арызын карап, "Курдстандын улуттук конгресси", "Конгра-Гель", "Жихад тобу", "Ислам жихадынын союзу" ж.б. бир топ уюмдарды "террорчулар" деп тапты. Кыргызстан БУУга мүчө, андыктан эларалык келишимдердин негизинде терроризмге каршы күрөш жүргүзүүгө милдеткер. Кызык, мындай уюмдар Кыргызстанга качандан бери "уялай" баштаган? Сот чечими го чыкты, бирок ал так аткарылабы, же тигилер өңүн өзгөртүп, жашынып, иштерин уланта беришеби?

14-июнда коштошобуз
Бүгүн атайын мамлекеттик комиссия Германиянын Нюрнберг шаарынан Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн алып келишет. Эртең, 14-июнь Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды. Улуу жазуучу менен коштошуу филармонияда өтүп, сөөгү өз керээзи боюнча "Атабейит" мемориалдык комплексине, атасы Төрөкул Айтматовдун жанына коюлат.

Өзбекче жооп
4-июндан бери Өзбекстандын Чартак районунда кыргызстандык эки милийса кармалып турат. Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиргенине караганда, бул боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүдөн майнап жок. Милийсаларды кармоо өзбек чегарачыларына байланышкан окуяга жооп экенин билгендер айтууда. 2-июнда эки өзбек чегарачысы Кыргызстандын аймагына кирип, бир адамды күчтөп алып кетмекчи болгондо жергиликтүү эл аларга каршылык көрсөткөндө, тиги экөө куралын таштап качып кеткен. Иш кандай чечилери азыр белгисиз.

Тойдум байдын кызына
Физкультура жана спорт боюнча мамагенттиктин жетекчиси Бектур Асанов президентке арыз жазып, кызматынан кетти. Анын ордуна "Гермес" кикбоксчулар клубун жетектеп жүргөн, Улуттук олимпиадалык комитеттин вице-президенти, Рыспек Акматбаевди ажыт атасындай көргөн Александр Воинов келди. Адегенде катуу башталып, бирок акыркы кезде дайыны чыкпай бараткан мамагенттиктин ишин Воинов жандандырабы, же ал да бир күнү тойдум... дейби?

Эчак ушинтиш керек эле
Өкмөт алдындагы дин иштери боюнча мамагенттигинде жаңы указ долбоору даярдалып жатат. Ага христиандардын түрлүү агымдары каршы чыгышып, бир топ "тегерек столдорду" уюштуруп, коомдук пикир жаратууга аракет кылышууда. Мамагенттик деректири Каныбек Осмоналиевдин айтымында, "бизге четөлкөлөрдөн коомдук аң-сезимге таасир тийгизген түрдүү басма, укма, көрмө продукциялардын киришине тыюу салыныш керек. Антпесе адамдар дин ишенимин тез өзгөртүп, ал ар кандай жаңжалдарга алып келүүдө". Эми ойгондуңарбы?




  Крим-аалы

Чырдан чыккан өлүм
11-июнь күнү кечки саат 18де Жалалабат облусуна караштуу Аксы РИИБнин кызматкерлери тарабынан 22 жаштагы М.Пазыловдун өлүгү талаадан табылган. Арадан көп өтпөй Өзбекстандын атуулу, 19 жаштагы Н.Төрөбаев изкубарлардын колуна түштү. Н.Төрөбаевдин айтуусунда, М.Пазылов экөөнүн ортосунан чыккан чырдан улам аны бычак менен сайып өлтүргөн экен. Учурда тергөө иштери башталды.
Автоматты ким каткан?
12-июнь күнү Ош облусуна караштуу Карасуу районунун Кызылкыштак айылындагы мекеменин жертөлөсүнөн белгисиз кылмышкерлер катып кеткен Калашников автоматы табылган. Автоматты кимдер, эмне максат менен катып кеткендиги азырынча белгисиз.
Кытайлык аферист
11-июнда 47 жаштагы Кытай эл республикасынын жараны Бишкек шаарынын Бакайата жаңы конушунун 43 жаштагы жашоочусун алдап кеткени үчүн колго түштү. Өткөн жылдын ноябрь айында арзан баадагы цемент сатып берем деп 10 миң Америка долларын алган кытайлык жаран куйругун түйүп жоголгон. Азыр изкубарлардын колуна түшүп, темир тордун ары жагында мекенине жакында баралбасын билип отурган кез.
Кан кое бербейт
Мындан бир нече күн мурун, Бишкек шаарынын Аскаташ жаңы конушунан 11 жаштагы баланы автомашинасы менен койдуруп, жабырлануучуга жардам көрсөтүүнүн ордуна качып жоголгон айдоочу изкубарлар тарабынан издөөдө эле. Ал эми денесинен оор жаракат алган өспүрүм ооруканага жеткенде көз жумган. Жакында 11 жашар баланын өмүрүнө забын болгон 46 жаштагы айдоочу колго түштү. Кан кое бербейт деген ушу да.
Көңүлдөштүн азабы
Карабалта шаарынын жашоочусу Е.Долганаева 11-июнда жергиликтүү милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анын айтуусунда, көңүлдөшү А.Грабов мас абалында келип, Е.Долганаеванын 48 жаштагы атасы Николай менен уруша кетип, аны бычак менен сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган. Учурда Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан А.Грабов издөөдө.




  И- тагдаалы

Бегалиевде да акыл бар экен
Белгилүү композитор Муратбек Бегалиев Акаев качып кеткенден бери талашка түшүп, жарым-жартылай курулуп бүтүп калган Акаевдин китепканасы делген имаратты "Айтматов элдик китепканасы" деп атоону сунуштады. Эгер бул ишке ашса, борбордун чок ортосунда бул имарат залкар жазуучунун улуу мурастарын таанып биле турган руханий жай болмок. Бийлик угаар бекен?
"5-канал" 5-орунда
M AD Group Bishkek жарнама-маалыматтык агенттиги май айына карата телеканалдар рейтингин жарыялады. Аталган агенттик тараткан маалыматка ылайык, алдыңкы орунда Россиянын "1-каналы" турат. Калган орундар болсо төмөнкүдөй жайгашкан: 2-орун - "39-канал", 3-орун - "НБТ", 4-орун - УТРК, 5-орунда "5-канал".
Жеткинчектер жетилеби?
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ө.Абдуллаева кечээ маалымат жыйынын өткөрдү. Өктөмкан айымдын айтымында, бейрасмий маалымат боюнча өлкөбүздө 70 миңден ашуун бала оор жана акысы төмөн кара жумушта иштейт. Ал эми Түштүктүн тамеки талааларында 25 миңден ашык жеткинчек эмгектенип, бул сандар расмий көрсөткүчтөргө таптакыр дал келбей турганын баса белгиледи. Аталган министрлик балдардын укугун коргоо максатында эларалык уюмдардын жардамы аркасында бир катар маалыматтык иш-чараларын өткөрүүдө.
Үмүтүңдү үз!
Шаардыктар күткөн ысык суу жакында келбейт өңдөнөт. Энергетиктер карызын "Кыргызгаз" АКсына төкмөйүн, ысык суу берилбей тургандыгын "Электр станциялар" ААКсынын маалымат кызматы жарыялады. Элдин 170 млн. сом карызынан улам, "Кыргызгаз" АКсына энергетиктер 3 млн. АКШ доллары өлчөмүндө карызын кече албай турганын түшүндүрөт маалымат кызматы.
















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan