![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №44, 13.06.08-ж. |
Ай, шегибиз бар! Аккан суунун кадырын кыргыз өкмөтү качан билет? Кыргызстан суу ресурстары боюнча КМШ ичинде үчүнчү орунда турат. Биз бардык облустардын аймагына жүздөгөн кичи ГЭСтерди курсак болот. Алтын же башка кендерди казып убара болбой, жалаң суунун пайдасын көрүп жашаганга мезгил жеткенин адистердин эсептөөлөрү ырастайт. Токтогул суу сактагычы сыяктуу ондогон ири көлдөрдү куруп, Өзбекстан менен Казакстандын эгин талааларын суу менен кенен камсыздоого да толук мүмкүнчүлүк бар. Бүгүн Кавказдан келген бир литр "Боржом" суусу Кыргызстандын базарларында эки доллардан сатылууда. Дарылык касиети бар деп эл алып атат. Ал эми "Жалалабат" минерал суусу Бишкек менен Ошто 15-20 сомдун тегерегинде. Азыр Кыргызстанда суу сатуу менен туруктуу ишкерлик жүргүзгөн ондон ашуун фирма бар. Суу боюнча лицензия алгандары 200гө жакын. Дүйнөдө таза сууга болгон талап жылдан жылга өсүп барат. Ош менен Бишкектин көчөлөрүндө ичүүгө жарактуу таза суу мурдагыдай түтүкчөлөрдөн акпайт. Бир стакан сууну 3 сомдон сатып ичесиң. Кыргызстанга келген туристтердин дээрлик бардыгы биздин булактарыбызга таңгалып, кээ бири ошону бекер ичүүгө болоруна ишенишпейт. Акыркы кезде таза суу таңсыктыгы Арабстан сыяктуу чөлдө жайгашкан Азия, Африка мамлекеттери эмес, өзүбүздүн эле кошуналарыбыз Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстанда байкала баштады. Айрыкча Өзбекстандын Ташкент облусунда бул маселе курч бойдон калууда. Ал эми Арал боюндагы элдерде суу эгинди сугарууга да тартыш. Орто Азияда суу кескин азайды. Азыр Сырдарыяда суунун көлөмү он эсеге аз. Бирок Өзбекстан менен Казакстан тарап суу үчүн бизге акча төлөө мындай турсун, тескерисинче, кышында көп агызып жатасыңар деп доомат коюуда. И.Каримов "Дунай дарыясы бир канча мамлекеттерди аралап өтөт, бирок сууга акы төлө деп эчким айтпайт" деп, бул боюнча сүйлөшкүсү келбейт. Дагы 10 жылдан кийин ааламдык ысуудан улам биздеги мөңгүлөрдүн тездик менен эрип кетүүсү күтүлүүдө. Алды менен биз ушул туурасында ойлонушубуз керек. Мисалы, кээ бир адистер сууну кышында көп агызуу менен бирге ири суу насосторду коюп, Нарындан аккан сууну кайра Токтогул суу сактагычына сордуруп турууну сунуш кылат. Муну менен биз кышында агызып жатасыңар деген дооматтан алыс болобуз. Өкмөт бул ыкма менен элге жарык берип, сууну да үнөмдөп калат. Иши кылып, маселенин жолун табуу үчүн ар түрдүү жолдор бар. Андыктан, биз күйүүчү май менен газга кандай акча төлөсөк, кошуналар да сууга ошентип төлөп туруусу зарыл. Себеби, алар эгин талаасын сугарыш үчүн суу сактап берип жатабыз. Эгер тигилер биздин ордубузда болгондо, суу сатууну эбак эле колго алмак. Мунаса кылып кошуначылыкты сыйлоону биз гана бекем тутуп келебиз. Өкмөт өз жарандарын кыйнап жарыкты өчүргөндөн көрө, Токтогул суу сактагычына туптунук кылып сактап берген суунун акысын тигилерден сурашы керек. Эртеби-кечпи ансыз деле төлөөгө туура келет. Себеби, тышкы инвесторлор акыркы мезгилде жалаң гидроресурстарга басым жасап, ушул тармакка көп акча сарптоодо. Эгер суу үчүн акы ала турган болсок, эл жарыкты өчүргөнгө деле макул болот. Бирок пайдасын эл сезиши керек. Так бүгүн Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү канча, канча литр суу агып жаткандыгы жөнүндө маалыматты Энергетика жана отун ресурстар министрлиги бергиси келбейт. Телефон чалсак, пресс-катчысына шылташат, пресс-катчы тигилерге шылтайт. Балким так маалыматты министр С.Балкыбеков деле билбесе керек. Ошондуктан маалымат каражаттарында Токтогул суу сактагычында 7,2 млрд. куб же 12,5 млрд. куб деген ар түрдүү сандар айтылат. Бишкекте өткөн ЕврАзЭСтин энергетика саясаты боюнча кеңешмеси маалымат каражаттарын катыштырбай өттү. Анткени алыскы мамлекеттер эмес, Орто Азия менен Казакстан эле суу маселеси боюнча бир пикирге келген сүйлөшүүлөрдү баштай элек. Ушундан бир нерсе оюңа келет. Эгер сууларыбыз чектелүү болгондо биз менен эчким сүйлөшүүгө бармак эмес. Жыл сайын Өзбекстан менен Казакстандын эгин талааларын сугарууга милдеттенме алгандай жазында кошумча сууну кое беребиз. Бирок бир тыйын акы албайбыз. Союз мезгилинде да өз ара эсептешүү бар эле. Эки мамлекет бизге суу үчүн газ, нефть, көмүр берчү. Өз алдынча өлкө болгондон баштап тигилер накталай акча төлөгүлө деп кокодон алчу болушту. Суу тартыштыгы алдында энергетика тартыштыгы түккө турбайт. Анткени кошуналар сууну мунай, газ сыяктуу баалабай, Кудайдын белеги катары көрүшөт. Учурда кыргыз өкмөтү эгин талаалары үчүн кошумча суу кое берелек. Бирок Казакстан менен Өзбекстандын өкүлдөрү саратан убактылуу, баары бир акча төлөбөйбүз маанисинде бизди шылдыңдап тургандай. Казакстандын энергетика министринин орунбасары Дуйсенбай Турганов ушундай деди. Эми Өзбекстан бизге газды дүйнөлүк баада сатабыз деп айтып келет. Алар суунун тартыш болорун алдынала сезип, 10 жыл мурда эле суу сактагычтарды куруп алышкан. Ошон үчүн кабатырланбай бейгам жүрүшөт. Негизинен Кыргызстандан куралып аккан суулардын 93 пайыз пайдасын Өзбекстан менен Казакстан көрөт. Өзүбүз бир нерсе сугарып деле жыргатпайбыз. Анткен менен жети облусубуздун баарына ири суу сактагычтарды курууга мезгил жетти. Кыргызстанда миңдеген гектир жерлер суунун жоктугунан томсоруп турат. Суу бардык облустарда тартыш. Түштүктө дарыялар чуңкурдан агат да, ошол бойдон өзбектердин пахта талааларын сугарганга өтөт. Эң таңгалыштуусу, жай мезгилинде дарыялар күркүрөп киргендиктен, пахта аянттары гүлдөп эле жатып калат. Сууга Жеңижок баштаган эл акындары да маани берип, кыргыздын ырыскысы сууда экенин эбак эле айтышкан. Эми ошол божомол бүгүн орундалып, сууну арыктан агызып сатсак да, бөтөлкөгө куюп пулдасак да, кыпкызыл акча болгону турат. Андыктан сууну сатышыбыз керек, башка жол жок. Биздин мунайыбыз да, газыбыз да суу. "Боржом" 2 доллар турганда, Жалалабат суусу да 2 доллар болушу керек. Келдибек НАЗИРОВ Күзгүгө каранчы?.. Ажону шылдыңдап боору эзилген Бакыт Сыдыков "Манас" эларалык аэропортунун президенти Бакыт Сыдыков "Алтын казына" ресторанында жаңы жылдык кече өткөрүп, өзүн хан сезип калганбы, айтор, алтын жип менен кооздолгон падыша чепкен кийип, башына чыгыштын хандары кийчү таажы кондуруп, анан полго ак кийиз төшөтүп, ага жамбаштап жатып, тегерегине жайнаган жылаңач кыздарды бийлетип мамлекеттик "Манас" эларалык аэропортунун кассасынан пул төлөп чакырылган ар түрдүү артисттердин концертин көрдү. Мунун баарын анын кол астында иштеген коллективи менен ал кечеге келген миңге жакын меймандар жылмаюу менен карап олтурушту. Анан ойлойсуң, ушул иш мамлекеттик ишкананын жетекчиси кыла турган ишпи? Коомдук жерде коллективдин жана чет элдик меймандардын көзүнчө шутка окшоп кийинип алып, полго жамбаштап жатып алганы анан жылаңач кыздарды бийлеткени түшүнгөн кишиге чоң эле уят. Эми Бакыт Сыдыковдун деңгээлин билебиз, бирок ал бул күнү дегеле чектен чыгып, кыргыз мамлекетинин арнамысына шек келтирген кадамдарды жасап элдин кыжырын кайнатты. Кыязы Бакыт Сыдыков көпкөндүгүнөн эч нерсени көзгө илбей, реалдуу турмушту сезбей калганбы, айтор, кыргыз мамлекетинин бир символу болгон - президентти мамлекеттин эсебинен чакырылган куудулдарга шылдыңдатып кыраан-каткы күлкү менен жыргап олтурду. Сөзүбүз куру болбосун, өзүңүз күбө болуңуз, эки жаш куудул жигит сахнада элди күлдүрүп атат: - Эй, сен билесиңби Курманбек Бакиев Нобель сыйлыгын алыптыр! - Койчу, ишенбейм, кайсы област боюнча? - Жалалабат областы боюнча! Анан Бакыт Сыдыков баш болуп каткырып, жатып калышат боорун тытышып. Бул эмне дегендик? Бул деген Курманбек Салиевич облустук деңгээлдеги ишмер дегендик эмеспи. Эми муну бизге окшогон оппозициялык гезит айтса таарынышмак, ойлоп чыгарып атышат, көралбай жатышат деп. Муну дээрлик жүз процент мамлекеттик ишкананын коллективинин астында, америкалык, түркиялык меймандардын астында мамлекеттик чиновник Бакыт Сыдыков заказ берип айттырып жатпайбы. Президентке арналган мындай анекдоттор андан кийин да айтылды, ага болгон Бакыт Сыдыковдун реакциясын карап олтургандар мунун президентке эмне ичкүптүсү бар деп таңгалышты. Ал эми маселенин экинчи жагы, ошерде көптөгөн жогорку рангдагы мамлекеттик чиновниктер олтуруп бирөөсү да кой-ай дегенге жарабады. Маселен Транспорт министри Н.Сулайманов менен Жарандык авиация департаментинин директору А.Аскаров. "Бакыт, мамлекеттик кызматкерлердин этикасы деген бар, мунуңду токтот, президент деген мамлекеттин бир символу, аны шылдыңдаган кыргыз элин шылдыңдаган менен барабар" дешпегени эмнени түшүндүрөт? Анан дагы ошерде "Манас" аэропортундагы америкалык "Ганси" авиабазасынын бир нече полковник, генералдары жана бир топ чет өлкөлүк авиакомпаниялардын өкүлдөрү олтурушту. Алар үчүн бу президентти шылдыңдаган анекдоттор өтө эле өөн учурап, баштарын чайкап олтурушту. Өзүңөр билесиңер, чет элдиктер өзгөчө америкалыктар өздөрүнүн символдоруна: гербге, желекке, гимнге, президентке кандай аяр мамиле кылышат, ошон үчүн аларга ак кийизге жатып алып, хандын кийимин кийип алып жамбаштаган Бакыт Сыдыковдун тамашалары аябай эле жапайы тамаша көрүндү. P.S. Бизге Бакыт Сыдыковдун 100% мамлекеттик "Манас Менеджмент" компаниясын кантип 80%га жеке менчик кылып алганы жөнүндө, анын транспорт системасындагы жан-жөкөрлөрү тууралуу төбө чачты тик тургузган материалдар түштү. Буюрса, кийинки санда окуйсуздар. Мурат ЖУМАБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|