Коомдук-саясый гезит
№44, 13.06.08-ж.





  Чыкенин чыгармалары биздин доор эле

Өлүмдөн тирүү калган
Өчкөн соң артка кайрылгыс
Өкүнүч экен бул жалган...
Акын Шайлообектин бул сөздөрү чындык. Бүгүн өкүнүчүбүз күчтүү болуп турат. Шум ажал алп талант Чыңгыз агабызды арабыздан алып кетти. Чыңгыз агабыздын чыгармалары менен көптөгөн таланттуу артисттер, режиссерлор, музыканттар, ырчылар, бийчилер, кинематографисттер өскөн. Мындан ары да өсө беришер, бирок ал доор - Чыкемдин чыгармалары биринчи коюлган мезгил биздин доор болду. Менин замандаштарымдын доору болду. Эсимден такыр кетпейт, драма театрда "Бетме-бет" спектакли жүрүп жаткан. Окуясы күчтүү, коюлушу да мыкты, ойногон артисттер да сахнанын жылдыздары Советбек, Арсен, Гүлшара, койгон Жалил Абдыкадыров. Көрүүчүлөр дымып, сахнадан көзүн албайт. Биз да - жаш артисттер сахнанын артында дем албай, сахнадан көзүбүздү албайбыз. "О, Кудай, биз да Чыңгыз аганын чыгармаларында ойноп калар бекенбиз" деп үмүттөнөбүз. Мезгил жылып, жылдар өткөн сайын биздин үмүттөр орундалып, аганын чыгармалары боюнча коюлган спектаклдерде жана кинолордо ойной баштадык. Алтынай, Алиман, Найман Эне, Алмагүл ж.б. ролдорду театр сахнасында ойнодум. Орус драма театрында коюлган "Плаха" спектакли менен Санкт-Петербург, Омск, Новосибирск, Москва шаарларынын театр сахнасында ойнодум. "Перестройка" деген ат менен коомдо чоң өзгөрүүлөр болуп аткан мезгил. Москванын көчөсү толтура эл, митинг жүрүп жатат. Ал эми МХАТта биздин спектакль ойнолууда. Көчөдөгү окуя менен сахнадагы окуя үндөш эле. Спектакль да жаңыланууну күткөн кайрыктар толгон мыкты спектакль болчу. Бул Чыңгыз аганын повести боюнча оюнду мыкты режиссер Владислав Пази койгон. Биз орус, кыргыз артисттери эки тилде сүйлөп ойночубуз. Кийинчерек бул чыгарманы Дооронбек Садырбаев "Акбаранын көз жашы" деген ат менен экранга алып чыкты. Мен кинодо Гүлсүндүн ролунда тартылдым.
Германиянын Мюлхайм шаары. Ал жерге "Тайумам" спектакли менен барганбыз. Бул чыгарма да агабыздын "Кылым карыткан күн" романындагы "Маңкурт" уламышы боюнча коюлган. Биз турган шаардан Чыңгыз агага - Белгияга телефон чалдык. "Келип көрүп кетиңиз, бу немис калкы кандай кабылдашар экен" деп. Чыңгыз ага ошондо: "Келгениңерге абдан кубанычтамын. Азаматсыңар, азыр мен Стамбулга, эларалык конференцияга учуп жатам, балдар" деди. Биздин Германиядагы элчиликке айтып койгон экен, ал жердегилер бүт келип, кеткиче биз менен болушту.
Аганын киночулар союзун жетектеп турган мезгилинде кыргыз киносу дүйнө жүзүнө дүңгүрөп, "кыргыз керемети" атыкты. Азыр биз ал кезди түштөй эстейбиз, сагынабыз. Ал эми аганын адамгерчилиги жөнүндө Алиман Жангорозова эже тирүү кезинде мындай деп эскерип калар эле: "Нарын театрынан пенсияга чыгып, Фрунзеге келдим эки балам менен. Негизги ишим бул жакта - киного тартылам, бирок үстүмдө үйүм жок куурап кеттим картайганда. Бир күнү Чыкемдин кабинетине кирип барып эле ыйлап жибердим. Ордунан секирип туруп, "эже, эмне болуп кетти?" деп чуркап келди. Арманымды уккан соң бир айга жетпей үй алып берди, балакетиңди алайын" деп калчу.
Мен Чыңгыз аганы илгерки гректердин ойчул философторуна салыштырып кетем. Ой жүгүртүүсү бүт ааламды камтып, ойдун тереңдиги океандай. Бүгүн ага менен коштошуп жатып, сөзүмдү Шайлообек акындын ыры менен бүткүм келет:
Таланты менен эл болот,
Таалайлуу элге тең болот.
Талантты билбес эл-журттун,
Тарыхы кара жер болот.
Ак таяк бердим ыргап ал,
Акылман чыккан уулуңду
Ардактап тирүү кезинде
Ак калпак журтум, сыйлап ал!
Тарыхыбыз кара жер болбосун десек, арабыздан сый кетпесин.
Жамал СЕЙДАКМАТОВА,




  Кыргыз эл артисти

Иса пайгамбар эсиме түштү

Ичти өрттөгөн кайгылуу кабар! Бул кабар түн жамынып биздин үйгө да жетти. Ишенбегенденби, сезим эңги-деңги. Уйку качты. Тирүүдөй сезилет. Чыкемдин алгач адабиятка келген учуру, анан биз дагы жазуучулукка аралашып, Чыкем менен санаалаш, пикирлеш жүргөн күндөрүбүз өзүнөн-өзү чубуруп көз алдыман өтүп жатты.
Чыкемдин жыйналыштарда сүйлөгөнү, айрыкча кинодо бирге иштешкен жылдарыбызда сценарийлердин талкуусунда, фильмдерди кабыл алуу учурунда айткан ой-пикирлери кулагыма угулгансыйт. Деги эле Чыңгыз Айтматов деген инсан дүйнө адабиятына таланттуу чыгармалары менен келип, ошондой эле мурда эчким айтпаган, же айталбаган, бирок көп адамдын көңүлүндө жүргөн терең, курч философиялык, публицистикалык көзкараш, ой толгоолору менен жер жүзүнө таанылды эле го! Ошону менен бирге кыргыз деген элди, Кыргызстан деген жерди дүйнөгө таанытты эле го! Кайгылуу кабарды уккандан кийин Чыкем көрүнүп калчудай сезилип, таң атпай көчө кыдырдым. Иса пайгамбарды дарга асып, найза менен боорун жыра сайып, өлтүрүп салышкандын эртеси кайып болуп кетип, бир нече ирет жакын санаалаштарына тирүүдөй көрүнөт эмеспи.
Чыкем да ошо сымал көрүнүп калчудай көңүлүмдөн чыкпады. Суук кабарга азыр деле ишенбей сезимим эңги-деңги. Акыл токтотуп, ойлоно калганда гана өлүм чындыгы зээнди кейитип, каңырыкты түтөтөт.
Кыргыз аялдары аман турса, дагы далай таланттар адабиятта да, театрда да, кинодо да, баарында жаралат. Бирок Чыңгыз Айтматовдой кайдан болсун?! Ал бирөө гана болчу, бирөө гана бойдон калат. Чыкебиз бу жалгандан чын дүйнөнүн өлбөстүгүнө сапар алды. Атасы менен энесинин, Манас баатырыбыздын, далай атактуу агаларынын арбагы жаткан кыргыздын ыйык топурагы ыйманына торко болсун!
Чыке, өксүтүп кеттиң кыргызыңды!..
Бексултан ЖАКИЕВ,




  Кыргыз эл жазуучусу

Чыңгыздай адам жаралабы, жаралбайбы?..

Кыргыз эли эң сүйүктүү, улуу уулунан ажырады. Мунун орду толгус чоң жоготуу. Мындай болорун күткөн жок элек. Айыгып, жакшы болуп кетет деп аттык эле. Сексен жылдыгынын башында өзү турат деп тилек кылып жүрдүк эле. Жакшы ниет-тилектерди жулдуруп жибергендей болуп, жер муштап отуруп калдык.
Биз үчүн Манастан кийинки эле чоң жоготуу. Адамдардын эс-акылына, жүрөгүнө терең сиңген адам эле, биз эле эмес, дүйнө элдеринин. Суук кабарды уккандардын бардыгы эле кыйналып атса керек. Чыңгыздай адам эми жаралабы, жаралбайбы...
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ,
Кыргыз Эл баатыры




  Аскар АКАЕВ:

"Чыңгыз аганын аты алтын тамга менен жазылып калат"
Чыңгыз Айтматовдун жакындарына, жалпы кыргыз элине өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаев "Азаттык" аркылуу көңүл айтты.
- Аскар мырза, мына улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өттү. Сиздин да ичиңиз эңшерилип, дүйнөлүк адабият сүйүүчүлөр менен бирге залкар инсаныбызды жоктоп турсаңыз керек?
- Мен жалпы кыргыз калкындай эле радио, телевидениеден Чыңгыз Айтматов жаркын дүйнөдөн кайтыптыр дегенин угуп, мына бир күнчө болду, ошого такыр ишене албай турам. Бирок турмуш ошондой турбайбы. Чыңгыз Айтматов эң сүйүктүү жазуучубуз эле да. Ошондуктан мен жүрөгүм ооруп турган кез. Манас атабыздан кийин эле Чыңгыз аганын аты алтын тамга менен кыргыз тарыхында жазылып каларына терең ишенем.
- Ишембиде кыргыз эли залкар жазуучу менен коштошуп, акыркы сапарга узатат, көп адамдар келгени турат. Сиз дагы келесизби Кыргызстанга?
- Мен эми байкап көрөм, кандай болот.
- Аскар мырза, сизди да саясатка Чыңгыз Айтматовдун батасы менен келген деп айтып жүрүшөт?..
- Чыңгыз агага менин мамилем өзгөчө болчу. Мен Кыргызстандан алысырак өсүп калбадымбы, Ленинградда билим алып, иштеп. Ал жылдары, Совет доорунда менин анча жакындыгым деле жок болчу. Туура, мени эл президент кылып шайлагандан кийин Чыңгыз ага менен абдан жакын мамиледе болдук, он чакты жыл дос, устат катары мамиледе болдум. Мен сыймыктанам. Бирок бийликке Чыңгыз Айтматовдун батасы менен келдим эле деп айталбайм. Себеби, ал башкача болгон, ал өзүнчө башка сөз.
("Азаттыктан" кыскартылып берилди)
P.S. Маркумга топурак салуу ыйык парз. А.Акаев улуу жазуучунун тажиясына келер-келбесин ачык айтпаптыр. Сыягы келбейт го. Маркумдун ызатын кылып жерге берилгенден кийин куран окутуп эскереби же жүз грамм менен стакан кагыштырабы - мунусу да белгисиз. Бирок Чыңгыз Айтматов Айдардын өкүл атасы эле. Канткен менен ажалга даба жок. Тек гана Акаев жөнүндө ойлоп жатып, Чыңгыз абанын Ысмайыл каарманы эске түшкөнүн айткыбыз келди.




  Миң жылда

Бир төрөлчү уул элең

"Замандаш" партиясы доорубуздун улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу карааны Кантеңирдей уулунан ажырап, канаты кайрылып, кабыргасы кайышып турган калың журтунун аза кайгысын тең бөлүшөт. Ооба, Чыңгыз агабыз сөздүн түз маанисинде бүгүнкү Манасыбыз эле. Кыргыз рухун, кыргыз сөзүнүн кудуретин океандай чалкыган таланты менен ааламга тааныткан алп агабыздан айрылуу баарыбызга оор тийди. Бир жагынан ар бир жазган чыгармасы адам акылын айран кылган көркөм сөздүн теңдешсиз чебери менен замандаш болуп, көзүн көрүп, асмандагы ай-күндү алаканыңа сала койгондой асыл кебин угуп калганыбыз биз үчүн бактыдыр. Кыргыз барда, сөз кудуретин сыйлаган аалам эли барында Чыңгыз Айтматовдун, миң жылда бир төрөлчү кыргыз уулунун ысмы тийген күндөй, чыккан айдай маңдайыбызда жанып турар. Сиз түбөлүктүүсүз, Чыңгыз ага. Элесиңиз эл-журтуңуздун эсинде кылымдап жашай берет. Кош болуңуз... Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун...
"Замандаш" партиясынын
саясый кеңеши
Муктар ӨМҮРАКУНОВ,

"Замандаш" партиясынын төрагасы
Гүлсарат чылбырын сүйрөп, жайдак келди…

Гүлсарат чылбырын үзүп, адабият ааламына Толгонай, Дүйшөн, Жамийла, Эдигей сындуу кайталангыс көркөм образдарды алып келген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганы жаамы кыргыз журту жана алдыңкы адамзат өкүлдөрү сындуу эле "Азаттык" үналгысынын Прага менен Бишкекте эмгектенген чыгармачыл жамаатынын да кабыргасы кайышып турат. Айкөл инсан, көркөм сөздүн алпы, кара сөздүн кудайы, чыгармачылык менен коомдук ишти эриш-аркак ала жүргөн улуу сүрөткер калың журтту катуу кайгыга салды.
Жаамы дүйнө Айтматов десе кыргызды, кыргыз десе Айтматовду билчү эле. Ал кыргыз үчүн Чыңгыз болгону менен аалам үчүн Айтматов эле. Улуу жазуучунун кыргызга кылган кымбат кызматы ушунда. Ал өзү да көрүнгөн эле элдин шыбагасына бүтө бербеген, ар кандай эле калкка жазмыш атаа кыла бербеген, жаза тайып кылымда бир жаралып калчу улуу адамдардын уркунан эле.
Өз өмүрүндө Айтматов Манасты, кыргыз тарыхын кыйчалыш кырдаалдарда далай коргогон. Акыркы интервьюларынын бирин "Азаттыкка" берип жатып, ал эгемендиктин баа-баркын терең билүүгө баарыбызды чакырган.
Көзү тирүүсүндө көп элдин бийик баасына, үлкөн сый-урматына татыган кыргыздын азамат уулу эми жок. Кайран киши көк теңирде балбылдап күйүп туруп, капыстан кайып болуп учкан жылдыздай бу ааламдан өтүп кетти. Ылайым атпай кыргызга Айтматовдун аты бир кезде өндүрүндө өзү төрөлүп, торолуп өскөн Манас-Атанын ак кар, көк музундай болуп түбөлүк турсун!
Бул кара кийгизип, кайгы жуткурган оор сааттарда "Азаттык" үналгысы Чыңгыз Төрөкуловичтин үйбүлөсүнө, жакын туугандарына жана жаамы кыргызстандыктарга терең кайгыруу менен көңүл айтат. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
(Уландысы 6-7-беттерде)














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan