![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №45, 17.06.08-ж. |
Нөшөрдөн кийин Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ: "Алты ай ичинде 182 өзгөчө кырдаал пайда болгон" Май айынын акыркы күндөрү жана июнь айынын башында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош аймагында суу ташкындап, Каракулжа (Биймырза, Сарыкамыш, Аккыя, Каракочкор айылы), Өзгөн (Мырзаке, Көлдүк жана Жалпакташ айылы), Карасуу районунун Башбулак айылында жана Ноокат районунда сел каптоо болгон. Жаратылыш кырсыгы элдин жашоосуна, айыл чарба тармагына бир топ зыян алып келди. Сел жүргөн жерге барып, жапа чеккен айыл тургундарынын абалы менен ЖК депутаты Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ таанышып кайтыптыр. Чакан кепке тарттык. - Парламентте ушул маселенин тегерегинде талкуу болуп, шашылыш чара колдонуу максатында 7-8-9-июнь күндөрү табигый кырсык болгон аймакка бардык. Жыйынтыгында кошумча финансы булактарын таап, 2008-жылдын бюджетине толуктоолорду киргизүү боюнча Каржы министрлигине талап коюп атабыз. Толуктоолор кырсыктан жабыр таркандарды ар тараптан каржылоону ичине камтуусу зарыл. Болбосо, акча бөлүнбөй, элге учурунда жардам берилбей калышы мүмкүн. Бир эле мисал келтирейин, Каракулжа районундагы Сарыкамыш айылынын курулуп аткан мектебине 3 млн. сом бюджеттик каржылоого өзгөртүү киргизип, сентябрга чейин бүтүрүү зарылдыгы турат. Анткени, эски мектепти сел каптагандыгына байланыштуу сабак өтүүгө мүмкүн болбой калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Айыл жана суу чарба министрлигине бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнбөй калды. Ушуга окшогон маселелер 19-июнда Жогорку Кенештин үч фракциясынын кошмо жыйынында каралат. - Болжол менен табигый кырсыктан канча сомдук зыян келтирилген? - Табигый кырсыктан келтирилген зыянды алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Келтирилген чыгымды эсептөө боюнча Өкмөт башчысы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар, Айыл жана суу чарба, Каржы министрликтери, Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирдикте атайын комиссия түзүлүп, жараксыз абалдагы үйлөрдү, зыян тарткан айылдын инфраструктурасын жана башка тармактарын так эсептеп чыгыш керек. - Тез аранын ичинде кандай иштерди аткаруу зарыл? - Ички чарбалык жана чарбалар аралык каналдарды тазалоо, сел жеп кеткен көп жерлерде жаңы каналдарды казуу, жолдорду, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү маселелерин премьер-министр өзү көзөмөлгө алып, материалдык, техникалык жактарын чечип бербесе, жогоруда аталган айрым айылдардын эгини куурап, түшүм алынбай калышы ыктымал. Экинчиден, комиссияны тез арада жөнөтүп, жарактан чыккан үйлөрдү аныктап, ээлерине зыянына жараша ссуда маселесин чечип берүү зарыл. Сел, көчкү жүрбөй турган аймактан жер ажыратып, үй салууга шарт түзүп берүү керек. - Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик жана эл өз убагында арык-каналдарды тазалабагандыгынан улам ушундай кырдаал түзүлгөнүн билдирген эле. Сиз кырсык болгон жерди кыдырып чыктыңыз. Жаратылыш кырсыгын алдын алса болот беле? - Камчыбек Ташиевдин күйүп айтканындай бар. Быйыл 6 айдын ичинде эле Кыргызстан боюнча 182 өзгөчө кырдаал пайда болгон. Компетентсиз, элди уюштуралбаган жергиликтүү бийликтин шалаакы мамилесинен улам зыян тарткан учурларыбыз көп. Маселен, Карасуу районунун Башбулак айылында кытайлык жол куруучулар сел кете турган нукка труба койбой, карьерге жол салып бууп коюшкан. Дагы бир сел кете турган жерге үй курууга уруксат берилиптир. Анысы аз келгенсип, чоң жолдон өткөн труба дагы тазаланбай толуп калган. Ушунун кесепетинен бардык жылгалардан катуу жамгырдын суулары кошулуп айылга уруп, кырсыкка өбөлгө түздү. Селди алдын алуу үчүн атайын адистердин жардамында изилдөө иштери жүргүзүлүшү керек. Бул боюнча бизде атайын илим изилдөө институттары, министрликтер, мамлекеттик ведомстволор иштейт. Алардын салкын мамилесинен улам илгерки сел жүргөн жерлерде дагы эле сел жүрүп, карапайым калк гана жапа чегүүдө. - Бир жагынан минтип жаратылыш кырсыгы тооруп турса, какаганга муштаган болуп тамак-аштын наркы күндөн күнгө жогорулап барат. Айыл тургундары менен жолугуу учурунда кандай талаптарды коюшту? - Азыр дүйнө жүзүндө баалар өсүп атканын карапайым калкка туура түшүндүрүүгө аракет кылдык. Кандай мамлекет мындай кыйын кырдаалдан чыга алат? Өзүнүн айыл чарбасына көңүл буруп, ошол багытта жигердүү иш алып барган өлкөлөр гана. Коңшу Казакстан менен Россия өзүн өзү дан менен камсыз кылып, анан бөлөк мамлекеттерге жардам бергенге мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле чөлдө жайгашкан Арабия, Африканын түндүк жагында жайгашкан өлкөлөр элин дан менен камсыз кылат экен. А бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенине карабай, акыбалыбыз оор. Элеттиктер бизге, бийлик өкүлдөрүнө айлык акыны жана пенсия өлчөмүн жогорулатуу талабын коюшту. Бир мүшөк ун 1,5 миң сомдун тегерегинде. Эки миң сом айлык алган адам үйбүлөсүн кантип багат? Ошонун негизинде ишке жарамдуу калктын катмарында сырткы миграциянын агымы токтобой, кайра күчөп атат. Мекендештерибиздин көпчүлүгү сыртка кетип жатканы мени өкүндүрөт. Нурканбек КЕРИМБАЕВ P.S. Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин маалыматына ылайык, Ноокат районунда 59 үйдү суу басып, 58 гектардан ашык аянтка эгилген айылчарба өсүмдүктөрү талкаланган. Мындан сырткары, 16 чакырым автожол керектен чыгып, бир нече ири мүйүздүү мал жок болгон. Бул бир райондогу гана көрүнүш... Сен жөнүндө сегиз сап Сегиз саптын бүгүнкү сынында - республика Башпрокурору Элмурза Сатыбалдиев Бийликке курал болуп, анан... мушташат дейби? Чолпон Жакупова, "Адилет" укук клиникасынын директору: - Менимче, Сатыбалдиев азыркы бийлик башындагылардын эч кимисинен айырмаланбайт. Анткени, укук коргоо органдарында иштегендердин бардыгы тең азыр мыйзамдын эмес, бир үйбүлөнүн кулу болуп калышты. Өзгөчө Башкы прокуратура мыйзам сакчылыгында туруунун ордуна, бийликтин куралы болуп кызмат кылууда. Ошон үчүн, Элмурза Сатыбалдиев жетектеген прокурорлорго айтарым: силер туура эмес жолдо баратасыңар. Мамлекеттеги мыйзамдуулук ушинтип сакталса, анда өлкөбүз урай турган күн да алыс эмес. Темир Сариев, "Акшумкар" саясый партиясынын лидери: - Укуктук мамлекет кургубуз келсе, прокуратура органдарынын мааниси жогору. Алар мыйзамды бардык тараптар бирдей аткаруусун талап кылуулары керек. Санкция берүү функциясын сотко берген күндө да прокуратура бир топ мыйзамдарды бузуп, саясый иштерге кийлигишип атат. Элмурза Сатыбалдиев Башпрокурор катары ушундан кутулуп иштөөгө эрктүү болушу керек. Ошонүчүн бүгүн ага эл, бейөкмөт уюмдар нааразы. Бүгүнкү күндө прокуратура мыйзамдуулук чегинде турат деп айталбайм. Жоомарт Сапарбаев, "Атамекен" партиясынын жаштар канатынын лидери: - Элмурза Сатыбалдиев Баш-прокурор болгондон бери мыйзамдарды сактоону талап кылбай, тескерисинче, аларды бузуп келатканын көрүп жатабыз. Ал саясый лидерлерди, эркин басма сөз каражаттарын куугунтуктоону күчөттү. Менин угушумда, башпрокурор чоң тойлордо арак ичип алып мушташканды жакшы көрөт экен. Балким, ал өз ишин ушундай деп түшүнүп алса керек. Роза Абдыраимова, ЖК депутаты: - Мен аны Жайыл районунун прокурору кезинен билем. Жумушка так, жоопкерчиликтүү, келечеги кең жигит. Мен билгенден дайым мыйзам чегинде иш жүргүзөт. Аксы окуясы боюнча да ал аягына чейин изилдеп, элге жага турган чечим кабыл алат деп ойлойм. Бүбүсара Рыскулова, "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси: - Бизде жалпы мыйзамдар иштебейт. Мунун бардыгы бир адамга байланыштуу эмес да. Кичинеден чоңго чейин мыйзамдардын аткарылышын талап кылганда гана укук коргоо органдарынын иши көрүнөт. Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|