Коомдук-саясый гезит
№45, 17.06.08-ж.





  Киргиздер эмне дейт?

Зайнидин Курманов:
"Ак жол" партиясынын 68-орунунда турам"
Бийликтегилер, бийликке ылым санагандар өнүгүү жолунда баратабыз дейт. Кечээ эле президенттин жанында жүрүп "Президент жаман эмес, анын жанында жүргөндөр жаман" деп Ф.Куловдун жоругун "козелдун" кыялына салыштырган А.Атамбаев бүгүнкү бийликтин стратегиялык планын Кокон хандыгын куруу деп мүнөздөдү. Бир эле Атамбаев эмес, оппозициянын баары 17 жылдан бери аңга баратабыз, Кыргызстандын келечеги жок деп айтып келет. Деги биз кайда баратабыз? Мына ушул суроонун тегерегинде ой бөлүшүү үчүн белгилүү саясат таануучу Зайнидин Курмановго кайрылдык.

- Кепти баштагандан мурун бир суроого жооп берсеңиз. Сизди бийликтин арыгын чаап жүрөт деген сөздөргө кандай карайсыз?
- Мен өз билимимди, саясатта көп жыл чогулткан тажрыйбамды эл үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн пайдаланайын дедим. Болбосо четте туруп, ар түрдүү сын-пикир айтып, бирөөнү каралап сүйлөгөндү мен деле билем. Бийликтин арыгын чапкан мен эмес, "Ак жол" партиясынын тизмесинде 68- орунда турам. Эгер башкалар сыяктуу кошоматтанганымда фамилиям алдыңкы орунда турмак. Демек, мага карата айтылган айыптоолор негизсиз.
- Депутат эмес, саясат таануучу катары айтыңызчы, биз азыр кайсы жолдо баратабыз?
- Мамлекеттин кайда баратканын программалык документтерден билсе болот. Алар өлкөнүн саясый курсун аныктайт. Анын башаты өлкөнүн башмыйзамы -Конституция. Башмыйзамда биздин кайда барарыбыз, кандай өлкө экенибиз даана жазылган. Кокон хандыгы же хандык башкаруу жөнүндө ал жерде кеп жок.
Экинчиси, өлкөнүн стратегиялык өнүгүшү. Бул президенттин элге жана парламентке кайрылуусу. Мен өз өлкөсүнө, элине жамандык каалаган бир да журт башчысын көрө элекмин. Көрмөк турсун окуган да эмесмин. Президенттин баары эле элим өсүп-өнүксө деп тилек кылып, ошон үчүн аракеттенет. Элдин эсинде ысмым калса дейт. Тилекке каршы, мунун баары татаал. Азыр биз баарын кое туруп каалаганыбыз эмне, эмне кылышыбыз керек. Эң алды менен ушуларды аныктап алганыбыз оң. Ошол А.Атамбаев деле премьер болуп иштеп, анын баары кандай татаал экенин көрбөдүбү. Бийликтин вертикалдуу түзүлүшү кандай болоруна да ынанды. Эл жолун тосуп, ага карай таш ыргытышты. Анын сөзүн эч ким уккан жок. Кимсиң да дешпеди. Ушундан кийин өлкөдө бекем тартип болбосо өнүгүү болбой турганына ал деле ынанса керек. Азыр бизде кандай болуп жатат. Чегарабыз чечиле элек болгон соң, аймагыбыз толук эмес. Бийлик болгону менен аны эл сыйлабайт. Демек, эмне кылуу керек? Бир гана жол - бийлик элдин ишенимине ээ болуу керек.
- Кыргызстан аңга баратат деп көзачыктык кылгандар көбөйдү?..
- Статистикага таянсак, өсүш бар. Башта биздин бюджетибиз 10 миллиард эле, азыр 50 миллиард. Бирок Кыргызстанда экономика барбы же жокпу деген суроого жооп издешибиз керек. Менимче экономика жок. Муну түзүш керек. Өндүрүш жолго коюлмайынча экономика болбойт. Биз акыркы кезде экономика десе эле "Дордой" базары менен кафе, ресторандарды түшүнүп калдык. Мындай жолдо биздин өсүүбүз кыйын болот. Азыр алыбыздын жетишинче завод, фабрикаларды куруп, аларды иштеткенибиз дурус болот. Айрым оппозиционерлер аңга баратабыз деп, четте кол чаап турбайбы. Алар чыныгы паника жаратуучу пессимистер. Ошондуктан эл ээрчибейт. Эл дайыма оптимистерди ээрчийт. Оор болсо да, жаман болсо да биз алга карай жүрүш жасашыбыз керек.
Жок дегенде кошуналардын деңгээлин-деги жашоого үйрөнүшүбүз керек. "Алыскы туугандан жакынкы кошуна" деген сөз бар. Ошол сыңары, биз жакынкы мамлекеттердин бири менен өтө жакын болуп, алардын жардамына таянганыбыз туура. Мисалы, биз Россияны стратегиялык өнөктөш деген менен алардын биздин экономикага кошкон салымы өтө эле аз. Керек болсо Япониянын жардамына да туура келбейт.
- Парламенттеги акыркы орун алмашууларга кандай карайсыз?
- Мадумаров парламентти пикир келишпестиктерге жеткирбей өз арызы менен кетип калганы жакшы болду. Ордуна Тагаев келди. Мунун баары кадыресе көрүнүш. Жогорку Кеңеш өз ишин баягыдай эле уланта берет.
Келдибек НАЗИРОВ




  Селдеге чок

Диндин "желкозулары"
Азыр араб мамлекеттеринин колдоосу менен мектептен мечит көп болуп, баштарына селде орошуп, сакалдарын жайкалтып, дамбал менен маасы кийген кыргыздын жапжаш жигиттери, жүздөрүн жашырып, чүмкөнүп оронгон кыздары көбөйдү. Мектепке бараткан жолдон балдарын мечитке сүйрөгөн дамбалчандарды айтып какшаган ата-энелерди көрүп жүрөм. Кимге кандай билбейм, мен үчүн жагымсыз көрүнүш. Артка, орто кылымга кайра сүйрөп аткандай таасир калтырат.
Убагында ислам дининин эң чоң жактоочуларынын бири, кылычынан кан тамган Аксак Темирдин тушунда да кыргыз аялдары жүздөрүн жашырган эмес. Керек болсо Аксак Темир деле биринчи орунда көңүлүн дин адамдарына эмес, илимдин адамдарына бурган экен. Ал жөнүндө жазылган тарых булактарында мындай деген жери бар: "Я призвал к себе врачей, астрологов и геометров, потому что эти люди способствуют славе и благосостоянию государства. Пользуясь помощью искусных врачей, я возвращал здоровье больным, астрологи научили меня распозновать счастливые и несчастливые сочетания звезд в их движении на небе. Геометры (архитекторы) составляли для меня планы великолепных зданий и чертили для меня сады, которые я рассадил". ("Тамерлан", 121-бет)
Туура, бир кезде билимдин борбору болуп дал ошол араб өлкөлөрү эсептелген. Айта турган болсок, араб тилиндеги "аль-химия", "аль-жабри" деген сөздөрдөн азыркы илимдеги химия, алгебра терминдери келип чыккан. Күндөлүк турмушта колдонулуп жүргөн 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 0 ж.б. сандары арабдардын ойлоп тапкандары. Бирок азыркы биздин мечиттерибизде Куранды жаттатып, башыңа селде ороп, дамбал кий дегенден башкага үйрөтпөйт. "Балдар - биздин келечегибиз" деп коебуз. Биздин келечегибиз болгон ошол балдарыбыз биринчиден билимдүү болушу керек.
Мындан үч жүз жыл ашуун мурда Россияны улуу державага айландырган Петр I "чиркөөгө кирип алып чокунуп олтургандан пайда жок, окугула, билим алгыла" деп мужуктарынан баштап, боярларына чейин атайын Батыштан билим алдырып, илимге үйрөткөн экен.
Селде, дамбал, маасы, паранжы сыяктуу кийимдердин баары күз-кыш дегенди билбеген араб мамлекеттеринин ысык аба ырайына ылайыкталып, ысыктан сактануу үчүн гана кийилчү кийимдер деп ойлойм. Башкача айтканда, алардын улуттук кийими. Эгерде мусулман баласы болуш үчүн сөзсүз эле селде оронуп, сакал коюп, дамбал, маасы кийиш керек болсо, аялдарыбыз жүзүн жашырып паранжы жамыныш керек болсо, анда Дастан Сарыгулов үндөп аткан теңирчиликке баш урганыбыз оң. Себеби, ислам динине чейин Көкө Теңирге сыйынган кыргыздарда башка кийимдерден миң эсе артык өзүбүздүн улуттук кийимдер кийилген. Жаштары атасы тирүү турганда же белгилүү бир жашка бармайынча сакал коюшчу эмес. Аялдарыбыз жүздөрүн бекитишкен эмес.
Бирок теңирчиликти айтат десе эле Дастан Сарыгулов агайыбыз кыргыздын тарыхын алты миң жылга алпарып такап, андагы элдин баарын кыргыз кылып акмагын чыгарган жайы бар. Тарыхыбызга баланча миң жыл экен дегендин эмне кереги бар? Же мамлекет катары өсүп-өнүгүү үчүн көп жылдык тарыхы бар өлкө болуш керекпи? Айта турган болсом, беш жүз жылдай эле тарыхы бар АКШны алалы. Кандай өнүккөнүн айтып олтургандын кереги жок. Андан көрө акылдууларыбыз канткенде элдин турмушун жакшыртабыз деп ойлонгондору жакшы эмеспи.
Эми бул өзүнчө узун сөз, айтайын дегеним, дин маселеси. Улуу акын Омар Хайям айткандай, Кудай деген адам оболу жасаган ырым-жырымы, кийген кийими менен эмес, кылган иши менен Кудайга жакын болушу керек.
Кутман ТУРДУБАЙ уулу















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan