Коомдук-саясый гезит
№46, 20.06.08-ж.





  Миң түркүн адам

Валентина ТЕРЕШКОВА
ХХ кылымдын айымы атагына ээ болгон алгачкы космонавт-айым космоско чыкканынын 45 жылдыгын белгилеп жатат. 1963-жылдын 16-июнунда Валентина Терешкова кыялына жетип, "Восток-6" кемеси менен Жер планетасын 48 жолу айланып чыгып, ачык космосто 2 сутка 22 саат 50 мүнөт болгон. Техникалык илимдердин кандидаты, профессор, Россия армиясынын жалгыз аял генерал-майору, Советтер Союзунун баатыры наамына татыган алгачкы космонавт-айым убактысын эки небересин тарбиялоо менен өткөрөт. Кыялданганы - Марс планетасы. "Мен Марс сыяктуу уникалдуу планетага азыр учууга, атургай ал жерден кайтпоого да даярмын", дейт Терешкова.
Пан Ги Мун
Эларалык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча эл ишеним көрсөткөн дүйнөдөгү эң таанымал саясый лидерлер аныкталып, БУУнун башкы катчысы тизменин биринчи катарын ээледи. Сурамжылоодо лидерлердин эларалык иштердеги позициясына басым жасалган. Ал 18 өлкөдө өткөрүлүп, Пан Ги Мундан тышкары белгилүүлөрдүн катарына Жорж Буш (АКШ), Ху Цзиньтао (КЭР), Владимир Путин (РФ), Гордон Браун (Англия), Николя Саркози (Франция), Махмуд Ахмадинежад (Иран) жана Первез Мушарраф (Пакистан) кирген. Өлкө башчыларынын ичинен эң көп ишенимге Россиянын ал кездеги (10-январь - 6-май) президенти Владимир Путин ээ болсо, ал эми Пакистан президенти Мушарраф көпчүлүк ишенимине кире алган эмес.
Эмомали РАХМОН
Президент республиканын энергетика жана өнөр жай министри Шерали Гул менен "Барки Точик" мамлекеттик холдинг башчысы Шарифхон Самиевдин кызматтык унаасын алып, сатыкка коюуну сунуштады. "Эки машиненин баасы 2-3 миллион доллар болот экен, сатып, каражатты энергетика тармагын өнүктүрүүгө жумшагыла", деп кайрылды Эмомали Рахмон премьер-министр Акил Акиловго. Быйылкы кыштын өзгөчө сууктугунан Тажикстан оор энергетикалык кризисти башынан кечирүүдө.
Сергей БЕЗРУКОВ
Көпчүлүккө "Бригада" сериалынан таанымал болгон "Белый" Россиянын Эл артисти наамын алды. "Табакерка" театрынын артисти, 34 жашар Сергей Безруков "Пушкин. Последняя дуэль", "Ирония судьбы-2", "Бригада", "Мастер и Маргарита", "Участок", "Есенин" тасмаларында жараткан ролдору менен белгилүү.
Жанна ФРИСКЕ
Россия эстрадасынын жылдызы 8-июлда 34 жашка толот. Бирок жаш курагына карабастан, Фриске бир да жолу турмушка чыккан эмес. "Ар бир аял 25тен өткөндөн кийин балалуу болууну эңсейт. Ооба, мен да көп балалуу болууну каалайм" дейт Жанна. Бирок өзү турмуш курууга шашылбайт өңдүү. "Балалуу болуу үчүн сөзсүз эле күйөөгө чыгыш керек эмес. Албетте, мен деле жалгыз калууну каалабайм. Бирок көңүлүмө жаккан мырзаны жолуктура албай атсам, кантмек элем. Ошондуктан өзүм үчүн донор аркылуу төрөп алууну ойлонуштуруп жатам", деп билдирди Фриске.




  Дүйнөкүн


КОРДҮЙНӨ. Италия полициясы Санта-Мария-Капуа-Ветер шаарчасында 18 жыл бою өз үйбүлөсү тарабынан бир бөлмөдө камалуу жаткан 47 жашар аялды бошотту. 29 жашында турмушка чыгалек жатып боюнда болуп калганы үчүн аялды агасы, эжеси, энеси бөлмөдөн чыгарбай камап, ит көрбөгөн кордукту көрсөтүшкөн. Ал эми анын ушу тапта 17ге чыккан уулу калган үйбүлө мүчөлөрү менен эчнерседен кабары жок ушу күнгө чейин жашап келген. Үй тараптан урган сасык жыттан улам кошуна жашаган адамдар полицияга билдиришкен. Камактан чыккан аял Неаполь ооруканасынын психиатриялык бөлүмүнө жаткызылды. Азыр аялдын эжеси менен агасы адам уурдап, катаал мамиле жасагандыгы үчүн камакка алынып, ал эми 80 жаштагы энеси үй камагында жатат.

СЫНДҮЙНӨ. Американын кинематография институту бардык мезгилдин мыкты 100 тасмасын аныктаган. Сынак вестернден баштап романтикалуу комедия менен мультфильмге чейинки 10 жанр боюнча жүргөн. Ал эми анын жыйынтыгы боюнча Чарли Чаплиндин "Огни большого города", Альфред Хичкоктун "Головокружение" жана Форд Кополланын "Крестный отец" тасмалары бардык мезгилдин мыкты тасмасы деп аталган.

КҮЙДҮЙНӨ. "Мобилдик телефон уурдап алдың" деген айыпка ызаланып арданган вьетнамдык жоокер АК-47 автоматы менен жанында чогуу кызмат өтөгөн үч жоокерди жана бир жашоочуну атып, аягында өзүн өлтүрүп салган. Ок атуу учурунда булардан тышкары, дагы беш адам жараат алган.

ЭЛДҮЙНӨ. Румыниянын бир кыштагынын мэрлигине ат салышкан талапкерлердин бири шайлоо болуп жаткан күнү көз жумганына карабастан, айыл жашоочулары өлгөн адам үчүн добуш берип, натыйжада маркум атаандашына караганда 23кө көп добушка ээ болгон. Жергиликтүү тургундардын бири "мен анын өлгөнүн билем, бирок эч кандай өзгөрүүлөрдү каалаган жокмун" деп билдирген. Мурунку айыл башчы 20 жылдан ашуун убакыт бою башкаруучулук кылып, эмгеги сиңген. Ушу тапта шайлоо комиссиясы экинчи орунду ээлеген талапкерди мэр деп жарыялады. Ал эми айыл жашоочулары жаңы шайлоо өтүшүн талап кылышууда.

ТАҢДҮЙНӨ. Индиянын Матхура шаарынын жашоочусу Ашиш Шарма үзгүлтүксүз кино көрүү боюнча жаңы рекорд ээси болду. Кино көрүүнү 11-июнда саат 11.08де баштап 16-июнда саат 20.12де аяктаган да, жалпы жонунан ага 120 саат арнап, буга чейинки Германия жашоочусу Клаудия Вафранын койгон 117 сааттык рекордунан ашып түшкөн. Шарма бул убакыт аралыгында 48 индия тасмасын көрүп, ар бир төрт саат сайын врачтын көзөмөлүнөн өтүп турган.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары



ИНДИЯ. Өлкөнүн чыгыш жана түндүк-чыгыш аймагында ири суу ташкынынын натыйжасында 30 адам каза болуп, 300 миңден ашуун жашоочу үй-жайсыз калган. Узак мөөнөттүү нөшөрлөгөн жаандан Индиянын Орисса, Батыш Бенгалия жана Ассам аймактарын суу каптап, жолдор бузулган, ал эми көбүрөөк жабыр тарткан Орисса штатындагы 300 айыл-кыштак толугу менен суу астында калган. Учурда куткаруучу иштер жүргүзүлүп жатат. Врачтар эпидемиялык оорулардын пайда болуусунан кооптонушууда.

АКШ. Польша өз аймагына Американын ПРО системасынын элементтерин жайгаштыруудан баш тарткандан кийин АКШ башка альтернативдүү аянт издеп, Литвага токтотушу мүмкүн экендигин мамлекеттик департаменттин өкүлү Том Кейси билдирди. Ошону менен бирге эле Польша менен сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын, мындан оң жыйынтык чыгарына ишендирип өттү.

ГАЗА. Кечээ эртең менен бул аймакты көзөмөлдөөчү ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосундагы убактылуу элдешүү күчүнө кирди. Египеттин ортомчулугу менен жетишилген макулдашууга ылайык эки тарап тең Газа секторунун аймагында ок атууну, согуштук операцияларды жүргүзүүнү токтотуп, бара-бара экономикалык санкциялар алынып салынат. Келишим боюнча элдешүүнүн мөөнөтү алты ай.

ГРУЗИЯ. Грузин-абхаз конфликтисинин зонасында фортификациялык курулуш иштерин жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Түштүк Осетиянын ички иштер министри Михаил Миндзаев билдирди. Анын айтымында, фортификациялык курулуштар Грузиянын Түштүк Осетия менен чектешкен Эргнети айылында жүргүзүлүп жатат. Дал ушуп аймактан Түштүк Осетия борбору көп чабуулга учурайт. Бул факт аталган аймактагы тынчтыкты колдоо боюнча Аралаш Күчтөрү тарабынан ырасталды.

ЯПОНИЯ менен Кытай талаш чегарада жайгашкан Чуньсяо газ жерин иштетүү туурасында макулдашууга келишти. Келишим Япония менен Кытайдын ортосундагы мамилени татаалдаштырган көп жылдык талаш-тартышты аягына чыгарды. Чуньсяодогу газдын далилденген запас көлөмү 92 миллион баррелди түзөт. Бул запас Япониянын үч апталык энергетикасына гана жетет. Буга карабастан, Кытай да, Япония да углеводороддун кошумча запасын табууга ниеттенишүүдө.

НАТО. Афганистандын түштүгүндө жайгашкан Кандагар шаарына жакын жайгашкан "Талибан" кыймылынын 20 согушкери альянс тарабынан жок кылынды. Өлкөнүн коргоо министрлиги билдиргендей, НАТО эларалык күчтөрү менен Афганистан коопсуздук күчтөрүнүн аталган аймактан талибдерди жок кылууга багытталган согуш операциясын башташты.

ШВЕЦИЯ. Күзүндө өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Витхаттен тоосунун чокусунда бугунун бир түрү болгон багыш формасындагы ресторан курулуп баштайт. Ресторан бир эле убакта 250 орунга ээ болгон концерттик залдын да милдетин аткара алат. 45 метрлик жыгачтан жасалган багышты куруу үчүн 60 миллион швед кронасы (10 миллион доллар) сарпталып, курулуш иштеринин эки жылда аяктоосу пландаштырылууда.

www маалымат булактарынан даярдаган
Канышай Бешбаева














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan