Коомдук-саясый гезит
№46, 20.06.08-ж.





 Хайл, Сайракан!


Сая-саалы
Шаар-кыштак-тардын аты өзгөрбөйт
ЖоКе "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырып, ажонун кол коюусуна жөнөттү. Ага ылайык мындан ары өлкөдөгү шаарлар менен айылдардын аталыштарын өзгөртүү, бирөөнүн наамын ыйгарууга тыюу салынат. Ал эми калктуу конуштардын ичинде көчөлөрдүн, мектептердин жана башка ушул сыяктуу ички обьекттердин аталышын жаңырта берсе болот экен.

Метро курат дейби?
Парламент төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков элди эриктирбейт экен. Буга дейре Кумтөрдү казган канадалыктар менен кармашып, Кыргызстандын алтыны үчүн аска болуп туруп берсе, эми борбор калаабыз Бишкекте метро куралы деп жар салууда. Кукенин айтымында, борбордун тар көчөлөрүнө машине да, киши да батпай, кесилиштерге машинелер кептелип, унаанын узун тыгындары келип чыгууда. Мындай абалдан чыгуунун бир гана айласы бар экен. Ал - метро куруу. Ырас, Исабеков метро куруудан мурда Бишкектин сейсмикалык абалын, жер титирөөгө туруштук берерин кылдат текшерип чыгуу керек дейт.

Элдин дээрлик жарымы жакыр
Улутстаткомдун маалыматына таянсак, бүгүн Кыргызстандын жалпы 5 миллион 189 миң калкынын 2 миллион 72 миңи жакырлыктын чегинен төмөн деңгээлде жашайт. Бул абалдан чыгуунун бир ыкмасы катары парламенттин кароосуна "Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" мыйзам долбоору киргизилди.

Май кармаган бармагын жалайт
Бийликтин "Акжолу" чычканга да кебек алдырбас болду. Анысын укук соту боюнча улуттук кеңештин курамына парламенттен өкүл шайлоодо дагы бир көрсөттү. Башка фракцияларды акыйта каратып туруп, бардык 4 орунга "акжолчу" депутаттарды шайлап алды. Бийлик майын кармаган партия бармагын ушинтип жалайт.

"Гансини" кеңейтебиз, кеңейтпейбиз…
АКШ мамкатчысынын Борбор Азия боюнча орунбасарынын жардамчысы Жорж Крол соңку учурларда "Манас" аба майданындагы америкалык база кеңейтилет деп тараган маалыматты төгүндөп чыкты. Бул ирет ал Бишкекке башка иштер менен келгенин кабарлады. Атап айтканда, борбордогу "Хаят" мейманканасында кыргыз ишкерлерине америкалык бизнесчилер менен кандай алака түзүш керектиги тууралуу дарс окуйт экен.

Салыкчылар ажонун жарлыгын да текшереби?
Өкмөт алдындагы Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитет ишкерлердин куйругун толгоюн деген ниетте атайын буйрук чыгарып, аларды текшерүүгө алмак болгон. Атайын кыймылдуу топтор түзүлүп, алар ишкерлер тууралуу маалымат топтой баштаган. Муну уккан башбакан Чүдүнүп "тайт!", тоюсь, "ишкерлерден колуңду тарт!" маанисинде айкырган экен. Көрсө, салыкчылардын бул кылыгы ажонун ишкерлерди текшерүүнү токтотуу тууралуу жарлыгына каршы келип калыптыр.




  Крим-аалы

Шорпо ичкиси келген ууру
Жалалабат облусуна караштуу Сузак районунан талаада оттоп жүргөн 92 кой менен кошуп 15 эчкини чак түштө уурдап кеткен уурунун ким экени табылбай жабырлануучуларды тынчсыздандырган. Арадан эки күн өтпөй, Сузак районунун изкубарлары Базаркоргон районунан ууруну таап чыкты. Жаздын күнү этсиреп, жаш шорпо ичкиси келген ууру жигит уурдалган малдарды ээсине кайтарып берип, алакан жайып темир тор артында отурат.

Жоголгон аялдын сөөгү табылды
Аламүдүн районуна караштуу айылдардын биринен мындан бир нече ай мурун жоголгон 31 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Маркум футбол талаасындагы камыштын арасында бир нече ай жаткан. Анын сөөгү бузулуп, таанылбай бараткан. Учурда ким өлтүргөндүгү такталууда.

Документи жок товарлар
Жакында Баткен РИИБ кызматкерлери тарабынан Тажикстандын 49 жаштагы атуулу Кыргызстанга 300 миң сомдук эч кандай документи жок курулуш материалдарын базарга сатып аткан жеринен кармалды. Аны кыргызстандык бир жаран коштоп алган. Курулуш материалдарын эмне себептен бул жакка сатып атканына иликтөө иштери башталды.

Тууганын өлтүргөн канкор
Нарын облусуна караштуу Учкун айлынан 16-июнь күнү Б.Жумабаевдин короосуна көмүлгөн адамдын өлүгү табылган. Нарын районунун изкубарлары маркумду өлтүрүп көмүп салган кылмышкер үйдүн ээси экенин таап чыгышты. Кылмышкер аталаш биртууганы менен арак ичип отуруп, уруша кетип муунтуп өлтүргөнү белгилүү болду. Тууганын өлтүргөн канкор күнөөнү мастыкка шылтап, колуна кишен салынып изкубарларга сурак берип отурган кези.

Таанып-билгендер кабарлап койгула
Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүнөн "Фольксваген-Гольф" автомашинасынын айдоочусу белгисиз жигитти койдуруп кеткен. Окуя болгон жерден жабырлануучу алган оор жаракатынан улам көз жумган. Маркумдун жанында эч кандай документтери жок болгондуктан, анын ким экендиги аныкталалек. Өзгөчө белгилери: жашы 30-35тердеги азиат улутундагы чымыр денелүү, чачы кыска кыркылган, бою 178 см жигит. Сүрөттөгү жигитти таанып-билгендер болсо төмөнкү телефондорго чалып коюңуздарды өтүнөбүз: 53-01-83, 53-01-81, 0772-93-19-30.




  И- тагдаалы

Соттор күчөдү
КР Жогорку соту (?) Жалалабаттагы "Адилеттик" коомдук бирикмеси чыгарган "Право для всех" бюллетенинен жана макала автору Светлана Варавинадан 3 миң сом айып өндүрүү чечимин чыгарды. Көрсө, Акназарова, Эсенгулова жана Бекбоева деген Жогорку сот мүчөлөрүнүн пикири боюнча, макала автору маалыматтарды сот тарабынан аныкталып, чечим чыккыча жарыялап жиберген экен... Эмне, мындан ары басмасөзгө чыккан ар бир маалыматты сот аныктамайын жазбоо керекпи? Балким соттор жөнеле бирөөгө "аюу" кызмат көрсөтүп жатышпасын?

"Теңир" дейби?
Жакында Кыргызстан, Германия, Франция биргелешип тарткан "Теңир" кинотасмасы көрсөтүлөт. Анын дүйнөлүк премьерасы 24-июнда Мюнхенде болот. "Теңирди" тарткан Мари де Поншвиль аттуу айым. Башкы ролду Альбина Имашева жана Илимбек Калмуратов ойногон. Фильм өткөн жайда Кыргызстанда тартылган.

Ай, ишенбейм...
Учурунда Кыргызстанга ким гана келген жок, астыбызга мамык, үстүбүзгө үлпүлдөк жаап, далайлар алдап, алданып кайра кетишкен. 2008-жылдын акырына чейин "Ростсельмаш" жана "Кыргызресурс" аттуу ишканалар "Акжол Нива" биргелешкен ишканасын түзүшүп, комбайн чыгара башташат экен. Андан ары жылына баланча жүз трактор чыгарабыз, Кыргызстанды камсыздап бүтүп, Тажикстан, Өзбекстанга да комбайн экспорттойбуз дешет. Бул кыял ишке ашса жакшы дечи, бирок, ай, ишенбейм...

Кимдин эмнеге башы ооруйт?
ЖК депутаты Борис Сан жаңы Салык кодексиндеги казинолордон, оюн залдарынан ала турган салык акысы жок жерден чыгарылган деди. Депутат "буга чейин эч качан сүйлөгөн эмес элем, бирок менин бу маселеде өз оюм бар. Астана, Москвада бул боюнча салыктар биртоп төмөн, бизде болсо аябай жогорку сумма коюлуптур. Мейли, анда бул тармак жабылсын десе өкмөт өзү билсин" деп бурк этти. Кара эчкиге жан кайгы, Борис Санга казино кайгы деген ушу.

Сыйданов качан кыймылдайт?
Жазгы үшүктөн улам Чүй өрөөнүнө 2 млрд. сомдук зыян келтирилген. Зыян келтирилген жерди гектирлеп эсептесең, сан түтпөйт. Бирок Чүй обладминистрациясы эчтеке болбогонсуп отурат. Алар ушу кезге чейин зыянды эсептеп, аларга карата чара көрүү жөнүндө эч бир мекемеге кайрылбагандыктан, эч иш жасала электигин президент басмасөз кызматы билдирди. Облгубернатор Сыйданов чапчаң жетекчидей көрүндү эле, же бул киши да кызматтан тажай баштаганбы?



Читайте в свежем номере газеты
"Деловой Кыргызстан":
Пшеница окончательно сошла с ума. По прогнозам генерального директора компании "Акун" Чыныбая Турсунбекова, зерно не подешевеет даже в период уборки урожая!
Казахи не могут оплатить заказанный кирпич. Волна финансового кризиса, который разразился в Казахстане, докатилась до предприятий стройиндустрии Кыргызстана.
"Само… обман?". Ничуть. Форменное надувательство: чем завлекает наивных граждан американский - будто бы! - миллионер Роберт Флетчер.
Уважаемые пенсионеры, студенты, школьники! Распространяйте газету "Деловой Кыргызстан". Для вас оптовая цена газеты - 1 сом! Обращайтесь по адресу: Бишкек, пр. Чуй, 164а (здание АО "Бишкекпроект"), каб. 104, 206. Тел. 210-937, 62-23-98, (0772) 85-01-17.














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan