Коомдук-саясый гезит
№46, 20.06.08-ж.





  Исабековдон икая

Кумтөр
каякка куюлуп атат!
Бишкек шаарынын район аралык соту КР ЖК төрагасынын орунбасары К.С.Исабековдун доо-талабын канааттандырып, "Кумтөр голд компани" ишканасына берилген "Түштүк-Батыш", "Кумтөр аянты" жана "Сарытөр" кендеринин лицензияларын жокко чыгарды. Вице-спикер К.Исабеков менен ушул маселелер тууралуу ой бөлүштүк.

- Кубанычбек мырза, кенбайлыктарды изилдөө, казуу үчүн берилген лицензиялар өтө арзан жана мыйзамсыз берилип жатканын айтып келесиз. Кандай далилиңиз бар?
- Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (директору Капар Курманалиев) бир жарым миңге жакын лицензияларды үч жүз сомдон сатып жиберген. Өзү да алтын, түстүү металлдар чыккан жерлерди алган. Лондондогу биржада биздин алтын кендер кантип сатылып жатканын Базарбай Мамбетов айтып жатат. Депутат Наргозуев Лондонго барганда биздин элчилик да "Кыргызстандын байлыгын биякта талап-тоноону токтотпойсуздарбы?" деп атайын кайрылыптыр. Ошол маалда Курманалиев да Лондондо болгон. Бияктан кенбайлыктарды үч жүз сомго алып, тиякта миллиондогон долларга сатып жатышат. Лицензия жөнүндө мен жазган мыйзамды жакында парламент кабыл алды. Америка, Англия, Монголияда лицензия үчүн чоң акча төлөнөт. Бизде 10070 гектар жерди "Камеко" он алты жылдан бери лицензиясыз ээлеп турат. Америкадан "Центерра" 700 эле гектар жер алган экен, анын да 62 пайызы калып, калганы сатылып кеткен. Ушул эле жер үчүн 900 миң доллар төлөсө, Монголияга 885 миң доллар төлөп берген. Кыргызстандын 10070 гектар жери үчүн он тыйын төлөнө элек. Ошон үчүн алтын казган жерден жыл сайын гектарына төрт миң сомдон төлөнсүн деп мыйзам кабыл алдык. Канадалыктар ушу кезге чейин 2 млрд. 400 млн.долларлык 200 тонна алтын казып чыгарып кетишти. Ушунча байлык казылып атса, ага болгону үч жүз сом төлөнсө, бул жөн эле шылдың да. Америкада жылына гектарына 125 доллар төлөнөт, Россияда, Казакстанда да ушундай. Буга премьер-министр, каржы, экономика министрлери бардыгы макул болушуп, бюджетке кошумча каражат түшүп атат, бул керек дешти. Жалгыз К.Курманалиев каршы болду. Себеби, өзүнүн алты лицензиясы бар, ошонүчүн төлөгүсү келбейт. Ал үч жүз сомдон сатып жиберген лицензиялардын ичинде он жылдап атайын кармап жүргөндөрү бар. Алар иштеши, болбосо кайра тендер жарыяланышы керек эле. Бул өкмөт алдындагы мамагенттик мамлекетке, элге иштей турган байлыкты четинен алып гана сата берген.
- Сиз тоо-кен тармагында сууну пайдаланууга акы төлөө жөнүндө да мыйзам жазганыңыз белгилүү...
- Биздин тарыхта биринчи жолу сууну товар деп таанып, мыйзам кабыл алынды. Буга да алты-жети адам каршы чыкты, мен аларды да түшүнөм. Себеби, жеке менчик ишканалары, өз кызыкчылыктары мүмкүн бардыр. Мисалы, көмүр казылып жаткан жерден сууга акы төлөнсүн дегенге каршы чыгышты. Мейли, анда муну өкмөт чечсин дедик. Бирок сууга сиз, мен төлөп атам, айыл чарбасы төлөп атат. А эмне үчүн миллиарддаган доллар байлык алгандар сууга төлөбөшү керек? Биз лицензиядан эле 848 млн.сом, суудан 425 млн.сом албай калдык. Азыр коңшу мамлекеттер бизден алган сууга акы төлөөлөрү жөнүндө мыйзам жазып атам.
- Сиз "четэлдик компанияларда иштеген кыргыз жарандары патриот эмес" дегенди не себептен айттыңыз?
- Мага бул боюнча бияктан Кумтөрдө иштегендер, Англиядан бери чалып "чет элдик компанияда иштегендерди чыккынчы дегенге чейин барыпсыз" деп таарынып атышат. "24 kg" агенттиги маалыматты туура эмес бериптир. Мен "Чернышев деген бар, ошо сыяктуу "Кумтөр голд компаниде" акча үчүн бизге каршы иштегендер патриот эместер" деп айткам. Себеби, ал кыргыз жараны.
- Үч жылдан бери "Кумтөр голд компани" менен соттошуп келатасыз. Жалпы жыйынтыгы кандай болот?
- Мунун жыйынтыгы да көп. 12 млн.долларды бийик тоолуу коэффициент үчүн төлөттүк, анын сыртынан киреше салыгы менен соцфонд салыгы бюджетке түшүп атат. Мурда эки жылдык жер салыгы үчүн 45 млн. 691 миң сомду сот аркылуу төлөтсөк, кийин эки жыл ичинде 30 млн.сом төлөттүк. 2008-жылдын 15-майында салык түрүндө дагы 94 млн. 177 миң сомду сот аркылуу утуп алдым. Жумушчуларга мурда оору баракчалары жана өндүрүштүн зыяндуулугу үчүн төлөшчү эмес, азыр төлөп калышты. Кумтөрдү текшеребиз дегендерди киргизбей, ызы-чуу кылышты эле, биз Башпрокурорду ортого салып атып, текшерүү киргиздик. 2005-жыл үчүн эле "Кумтөр голд компаниден" 216 млн.сомдук салык жашыруулары жөнүндө актыларды кечээ алып келишти. Эми 2006-2007-жылдардыкы мындан кем түшпөйт. Азыр 993 млн.сом, дагы 216 млн.сомду кошкондо, булар 1 млрд. 220 млн.сом бүгүнкү күндө салыктар боюнча карыз. Жакында дагы эки жылдын текшерүүсү бүткөндө, "Кумтөр голд компанинин" бизге жалпы карызы 2 млрд.сомго чыгышы мүмкүн.
- Сиз жакында эле Башпрокуратурага эмне боюнча кайрылдыңыз?
- Башпрокуратурага геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин мурдагы жетекчиси В.Зубковду жоопко тартуу жөнүндө кайрылдым. Зубков конкурс, тендер өткөрбөй эле мыйзамды бузуп лицензияларды бере берген. Эмне үчүн ал канадалыктарга мыйзамсыз лицензия берген? Же акциябыз 15 пайыз экенине ыраазы болуп отура беришибиз керекпи? 17-июнда болгон сот алардын бардыгын жокко чыгарды. Ушу тапта Зубков премьер-министрдин кеңешчиси экен.
- Азыр Кумтөр боюнча экинчи жолу жаңы мамлекеттик комиссия түзүлүп, башчысы министр С.Балкыбеков болгон турбайбы.
- Мен ал комиссияны көрөлекмин. К.Курманалиев мени комиссияга киргизбөө жөнүндө көзүмчө эле премьер-министр Чудиновго айткан. Себеби белгилүү. Мен комиссияга кирбесем да, вице-спикер, депутат катары текшерүүгө акым бар. Анткени ошол аймактан депутат болгом, кыргызмын, улуттун кызыкчылыгы үчүн аягына чейин турам. Комиссиянын отчетун керек болсо парламентте угабыз.
- "Кыргызалтын" мамконцерн президенти Алмаз Жакыповдун унчукпаганы "Центеррадан" акча алганында жатса керек?
- "Центерранын" директорлор кеңешинин мүчөсү Кыргызстандан жалгыз Жакыпов. "Кыргызалтындын" президенти катары да, "Центеррадан" директорлор кеңешинин мүчөсү катары да Канададан айлык алат. Бирок ал Кыргызстанга салык төлөш керек эле. Жакыпов мырза айына 10 миңби же 15 миң доллар алабы, билбейм. Бирок Лен Хоменюк директорлор кеңешинин мүчөлөрү айлык аларын айткан. Бул жөнүндө эки ай мурда расмий маселе койдум, жообу келелек.
- Эң кызыгы, "Кыргызалтын" эмне үчүн ушу кезге чейин жалаң чыгашалуу ишкана болуп келатат?
- Бул азырынча мага да белгисиз. Мына "Кыргызалтын" Кумтөрдөн чыккан 62 тонна күмүш сатты, 12 млн.долларга. Бул акча кайда?
- "Центерранын" кайсы жерде катталганы жөнүндө кандай маалымат бар?
- "Центеррага" Кумтөр, "Боро голд компани", "Гацуурт", Америкадагы Рен кендери кирет. "Центерранын" кээ бир ишканалары Багам аралдарынан оффшордук зонада катталган. Себеби, арам акчаларды адалдаштыруу үчүн. Тиги үч кенди бириктиргенде да биздин алтын запас жети жарым эсе көп, бирок эмне үчүн биздин үлүш өтө аз? Жок дегенде 70 пайызы биздики болуш керек эле. Алып айтсак, Кумтөрдө 716+10 тонна алтын бар. Бул СССР учурунда такталган. Андан кийинки изилдөөлөрдөн алтын запасы 960 тонна болду. Ал эми жогорудагы үч кенди бириктиргенде болгону 97 тонна алтыны бар.
Аскер САКЫБАЕВА
P.S. Биздин колдогу документке караганда, геология жана минералдык ресурстар мамагенттигинин директору Капар Курманалиев 2007-жылдан бери мөөнөттөрүнүн алды 2027-жылга чейин берилген алты лицензия алган. Лицензия алган жерлер: Өзгөн районунун Сарыташтагы 9-май участогу (5га), облицовочный известняк, ракушечник чыгат. Алабука, Чаткал райондору, Алмабел аянты (26.010 га), известняк, ракушечник бар. Түп районундагы Кеңсуу аянты (3840га), известняк жана суглинок чыгат. Өзгөн районундагы Сарыташ борбордук аянтынын түштүк бөлүгү (7га), облицовочный известняк, ракушечник казылат. Алабука районундагы Иштамберди алтын кени (12,5га), Чүй облусундагы Белентекин аянтынан (6400га) жарым металлдар өндүрүлөт.
Бул алтын кен чыккан жердин үчөө иштетилип жатса, үчөөндө геологиялык чалгындоо жүрүүдө. Үчөөнө ОсОО "Мрамор-Таш" ээлик кылса, калгандарына ОсОО "USAKO" ОсОО "Сателлит-секюрити", "ЧП Сааданбекова Асизе Ж" дегендер ээлик кылат. Бирок булардын бардыгынын лицензияларын Капар Курманалиев өзү алган...




  Тез сүйлөгөндөн түз сүйлөгөн ...

Демократия - ажылдашуу эмес, акылдашуу

Мен "Биригип өнүгөбүзбү же бытырап бөлүнөбүзбү?.." деген макаламда ("Агым", №40) республикабыздын бардык жарандарына кайрылып, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн чыныгы биригүү жолуна түшөлү, куру чакырыкты кое туруп, сөздөн ишке өтөлү, акылдашалы, ой бөлүшөлү, элибиздин бардар турмушу үчүн жол издейли деген ойлорду айтып, окурмандарыбызды ошого чакырдым эле. Өлкөбүздүн бүгүнкү турмушундагы өзүм баамдаган айрым беш-алты алешем көрүнүштөрдү санап, алар боюнча өз пикиримди билдирүүгө аракет кылгам.
Көтөрүлгөн беш-алты көйгөйдүн бири тууралуу тар өңүттө сөз болуп, калгандары унутта калыптыр. Айтор, жооп иретиндеги ойлордун топтомундагы Т.Исмаилова менен Т.Какчекеевдин (А.Абдрасулова менен Б.Рыскуловага негизинен кошулам) акыл чабыттары мени ынандыра алган жок. Ошондой болсо да ушуга да шүгүр дейли, айтылган сөздөр текке кетпептир, бирок өз дарегине таамай жетпептир.
Ушундан улам, алиги ойлорун билдирген жарандар: биринчиден, макаланы толук окушкан эмес го деген ой калды. Экинчиден, менин макаламдын аягындагы: "адам укугу боюнча иштешкен бейөкмөт уюмдардын баарын жайгашкан жерленине карабай Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысында топтоштуруп, ал эми чарбалык, нарк-насилдик багытта алектенгендерди аймактык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык милдеттерине өткөрүп койсо, алгачында алардын талаптарын ошолор талдап, бир тыянакка келишип, ошондон кийин гана коомчулукка чыгышса оң болор беле дейм" деген тыянагымдын жарыяланбай кыскарып калганынан улам болсо керек. Эмнеси болсо да, айтор, ойго келбеген жерден насыя жеме уктум. Мени коммунисттерге да, азыркы бийликке да, атүгүл "Акжол" партиясына да жабыштырып жиберишиптир. Теңир сактасын, мен эчкимдин камчысын чаппайм, Компартиядан башка партияга өткөн эмесмин, азыр анын катарында да жокмун, ушул жашка чейин бирөөгө кошомат кылып көрбөгөм, андай кадамга барбайм да. Деги ким болсо да өз түшүнүктөрүн өзгөгө таңуулашпаса дейм. Кайчы пикирлер жарышына чыкканда кооптуу жерлерди жыттабай, колго илинер жерден ууштабай ойлорубузду так, ачык айтуу маданиятына үйрөнсөк жаман болбос эле. Арийне, ар бир адам "өз оюн айтканга укуктуу" да.
Айтор, "Кошоматчылык мамлекеттик саясатка айланды" ("Агым" ?42) деген ой-топтомдордо Т.Исмаилова айым: "Бейөкмөт уюмдарды эчким көзөмөлдөй албайт. Анткени бейөкмөт уюм демократиянын баш белгиси..." десе, Т.Какчекеев мырза: "...текшерүү эмес, аларга сөз айтуу кыйын, анткени ошон үчүн бейөкмөт деп айтылат да" деп кол куушурат. Анысы аз келгенсип: "Кыргызстан ОБСЕден акча алса жакшы, анын талабы менен бейөкмөт уюмдар түзүлсө, анда ОБСЕ жаман болуп калабы?" деп тыянактайт. Ушундан кийин аргасыз чекемди кашып: "Өз алдыбызча мамлекетпиз деп маңыраңдабай, эгеменбиз деп эңиреңдебей эле 22 миң бейөкмөт уюмдарга дагы кошумча 100 миң бейөкмөт уюм түзүп, биротоло ОБСЕге кирип кетпейлиби? Келгиле, биротоло "Бейөкмөт өлкөбүз" деп жарыялап жиберели. Балким алар бизге "бейишти" ошондо куруп берер" деген жаман ойго батып кеттим.
Анан, алиги жаман ойду силкип таштап, Т.Исмаилованын: "Илгери Конституция жок кезде эле ата-бабалар эркиндикти туу тутуп коргоп келишкен. Акылдашуу "жети өлчөп, бир кес" деген принцип менен иш жүргүзгөн. Азыр биз плюралисттик коомдо жашап жатабыз" деген оюна кошулуп, плюрализм, демократия-ажылдашуу эмес, акылдашуу экенин, ошон үчүн акылман кыргыз "Кеңешип кескен бармак оорубайт" дешерин дагы бир жолу окурмандардын оюна салып койгум келди.
Бул аракетим үчүн эми насыя жеме укпастырмын.
Төлөгөн КОЗУБЕКОВ, ардагер















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan