![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №47, 24.06.08-ж. |
Майкечен маек Эл акыны Майрамкан Абылкасымова: "Мени сүйгөндөрдү мен сүйбөй, мени сүйбөгөндөрдү мен сүйүп..." - Майрамкан эже, жакында алтын медаль алган экенсиз, ошол туурасында айтсаңыз. - Щвейцария жетекчилик кылган 200 өлкөнүн келишими бар экен. Ойлоп табуучулардын жер-жердеги уюмдарынын баарын башкоштуруп, алардын мыктысынын-мыктысы дегендерге алтын медаль берилет. Быйыл Ысыккөлдүн "Аврора" пансионатында конференция өтүп, сыйлыктарды тапшырышты. Ошонун бирөө быйыл мен болуп калдым. Музыка аткаруучулугу боюнча К.Турапов, медицина боюнча мээге операция жасаган М.Мамытов алды. Мен "Атаке баатыр" деген драмам үчүн алдым. Чыгармамда Атамекен жөнүндө патриоттук ырлар көп. Чыгармачылыкка аралашып калганыма чоң атамдын таасири өтө чоң. Убагында артист болсомбу деген да оюм бар эле, бирок чоң атам каршы болуп койгон. "Билесиңби, сенин тукумуң хандын тукуму. Жетинчи атаң Түлкү баатыр, Тынай, Атаке, Карабек, Жантай, Шабдан баатыр болгон. Биздин тукумдан шайтан-шабыр, артист дегендер чыккан эмес. Андан көрө жазуучу бол, ырыңды, аңгемеңди жаз" деди. Мыскалдын ырларын жакшы ырдап, чечендердин "лезгинкасын" жакшы бийлечүмүн. Өткөндө алтын медаль алганда Грузиядан ойлоп табуучулардын чоңу келиптир, ошону менен "лезгинка" бийлеп, аны жеңип койдум. - Байге алдыңызбы анан? - Алдым, "Алтын мүйүз" деген күмүш, жез, алтын аралаш идиш берди. - Азыркы жаңыдан чыгып келаткан акын-жазуучулардын чыгармалары менен тааныштыгыңыз барбы? - Азыркы жаштар базардагы будуң-чаңды эле жазып атышат. Карып-арып басалбай келаткан кемпирдин этегин ачып күлүшкөндөй таасир калтырат. Азыркы жаштар: "Мен сени сүйгөм, сен мени таштап кеттиң, ля-ля-ля" деп обонго салып күлүп-жайнап, тилик этек кийип алып, сырактап ырдашат экен. Эгерде сүйгөнүң карабай таштап кетсе, бул трагедия да. Ушундай ырды укканда жиним келет, сени таштап кетсе кайсы арыңа бийлейсиң? Мен өзүмдү шылдыңдап андай ыр жазбайм, антип жазгандан көрө муунуп өлүп калганың жакшы. Негизи мен өзүмдү сүйгөн минутаны урматтайм. "Ар күнү сен жетишпей турасың ээ, Бактылуу ким болду экен кулачыңа ээ, Чынында турмуш элеп кеткенби дейм, Болбосо, мени бир маал сурачу эле. А кимдер, бул бакытын чала кармап, Эртеңге өкүнүчүн ала бармак. Өтүмсүз күндөр өтүп, түндөр өтүп, Жандүйнөм четинен талап алмак. Жалбырагы тонолгон дарак чынар, Окулбастан саргайган барак сыңар. Тирүү болуп дүйнөдө жашоо менен, Көкүрөктө тарабай калат кумар". Бул жакшынакай арман. Мен сүйбөй койгон жигитти сындаган жокмун, өзүмдүн сүйүүмдү билдирип атам бул жерден. Азыркы жакшынакай жаш кыздарга шагым сынып, мүңкүрөйм. Өзүңдүн сулуулугуң, ички дүйнөң менен эле жакшы жигиттердин көңүлүн өзүңө буруп алууга болот. "Кармен" операсында "Мен сени сүйдүргөнгө кудуретим жетет" деген жери бар. Мага ушул жери жагат. Анткени өзүм ошондоймун, жигиттерди өзүм жакшы көрүп калсам, анын көңүлүн өзүмө бурууга аракет кылчумун. Анүчүн жакшы жүрүм-турумуң, ички жан дүйнөң, ырың, жакшы кийимиң менен да жеңсе болот. Мен аны баштан өткөргөм. - Жаш кезиңизде сулуулугуңузга, чыгармачылыгыңызга суктанып, артыңыздан чуркап, ыр арнаган аттуу-баштуу эле мырзалар көп болгон дешет… - Ооба, көп болгон. Анткени, чыгармачыл чөйрөдөгү аренада эркектерге теңелип чыгып бараткан мен болдум. Мен жаштар сыйлыгын алганда, Салижан Жигитов атайы телеграмма жибериптир мага. Окуп алып боорум эзилгенче күлгөм. Ал мындайча жазылыптыр: "Ак булак болуп кайнасаң, Ак байтал болуп жайнасаң. Алкынган айгыр мен болуп, Алкымың жара чайнасам",- деп элдик ырды жазып жибериптир. Кийин тигил ырды Майрамканга деп, ага Барпынын ырын кошуп ырдап жүрдү. "Өрдөктөй болгон мойнуңдан, Өзгөчө сенин ойнуңдан. Өмүрдөн кечип кетейин, Өлүгүм чыксын койнуңдан"- десе, жолдоштордун баары каткырып күлүп калышчу. Биз жакын жолдоштордон элек. - Жолдошуңуз ушундай ырларды укканда кызганчу беле? - Жок. Ал да каткырып күлүп калчу. Кубатбек Жусубалиевдин мени аябай жакшы көрүп, жазгандары бар. Мурза Гапаров дагы суктанып, мени мактай берчү. Айгүл деген гүлдү Баткенден сага атайын алып келдим деп берген. Көрсө, ал чанда кездешчү гүл тура. Мурза көз жумганда мага эми айгүл гүлдү эч ким белек кылбайт деп жазгам. Ошол эле менин тегерегимдегилер мени абдан жакшы көрүштү. Мурза кээ бир аңгемелерин арнаган. Турар Кожомбердиевдин мага арнаган ырлары, Жолон Мамытовдун "Асирет" деген мен үчүн жазган поэмасы бар. Ошентип алардын жакшы көргөндөрүн көрүп, арасында ойсоктоп, эрке болуп жүрчүмүн. Жаш кезимде "Ленинчил жаш" гезитине эң сулуу түшкөн сүрөтүм менен жазган ырым чыккан: "Жигит сүйсө кыздарды, Бали, азамат деп калат. Кыздар сүйсө жигитти, Ушак-айың кеп кылат. Айып эмес кыз сүйсө, Муну баары билишсин. Кызда деле жүрөк бар, Жүрөгүндөй жигиттин". Ошондо жигиттерден "Ленинчил жашка" чыккан ушул сүрөтүңдү тушума кадап алдым, окуган жеримде маңдайымда турасың, сиздин ырыңызды окуп сүйүп калдым" деген каттарды аябай көп алдым. Андан кийин жигиттерге карата ыр жаздым: "Сулуу болуп сүрөткө түшө берип, Сүйгөндөрдүн столуна коюлчумун" деп. Сүрөткө да жакшы түшчүмүн. Кандай болсо да койкоюп сулуу чыгып калам. Армияда кызмат өтөгөн, солдат балдардан да "гезит менен кошо эң сулуу Майрамкан - сиз келдиңиз, сиз эле мени карап турасыз" деген каттар келип, көңүлүмдү көтөрчү. Менин "Сулуу жигитке" деген ырымда мындай куплеттер бар: "Мени го сүйгөн жигит көп, Эсимден сени чыгарбай. Мен жүрөм сени иликтеп, Жылуу сөз бир күн угаардай" деп жазгам. Турмуш кызык экен да, мени сүйгөндөрдү мен сүйбөй, мени сүйбөгөндү мен сүйүп атпаймынбы. Бирок, ошондой арман жакшы ыр жаздырат экен. Мени сүйбөгөн жигитти жек көрүп, сүйүүмдү табалаган жокмун, ал өзүмдө кала берет. - Угушубузга караганда сизди келишимдүү жигиттер сүйчү экен. - Өзүмдүн айылдаштарыман үч жигитти сүйдүм. Ар бир учурда сенин көзкарашың, ички дүйнөң өзгөрөт экен. Балалык сүйүү абдан таза сүйүү болот. Өзүм сүйдүм, алар да жакшы көрүштү. Жаныма отуруп койсо, ошол зор бакыт эле. Мен сүйгөн үч жигиттин бири Шайдин жалаң бешке окучу. Ошого жакшы көрүнүш үчүн жанталашып окучумун. Сулуу болуп көрүнгүм келип, каратору болгондуктан үйгө келгенде бетимди агартайын деп айран сүйкөчүмүн. Шаарга келип ыр жазып, адабиятчыларга аралашкандан кийин эле жигиттердин бир тобу жакшы көрүп, мени киного чакырып жүрчү. Кээ бирөө өтө тартынчактык кылып, ички сезимин айталбайт. Менин "Ай мококмун кантейин" деген ырымды Түгөлбай Казаков обонго салып ырдап жүрөт. "Мен мококмун кантейин, Сен да экенсиң анчейин, Өзүң суроо салбасаң, Мен каш кантип серпейин, Ай, күйдүргүм кантейин" деген саптар ошондон чыккан. - Ушунча жигиттердин арасынан жолдошуңузду кантип тандап калдыңыз? - Мен тандаган жолдошум тарых факультетин жалаң "беш" менен бүттү. Көрсө, жетим болуп, өгөй эненин кордугун, бир сындырым нандын каарын көрүп өскөн экен. Окуудан чыгып калбайын, жогорулатылган стипендия алайын деп тырышып бешке окуптур. Сагын жолдоштору болуп Мариям Буларкиева, Дүйшөкан Мукамбетова деген курбуларым менен киного алпарды. Бир күнү Мариямды университетке "шпион" кылып жибердим. Барып Наматбаев Сагындын кандай экенин сураштырып кел деп. Курбум барып, ал жөнүндө билип келди. Мейли, жетим болсо да ошону тандадым дедим. Ошентип, турмуш курдук, бир уул, бир кыздуу болдук. 50 жылча бактылуу өмүр сүрдүк. Жолдошумдун көзү өткөнүнө жети жыл болду. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|