Коомдук-саясый гезит
№47, 24.06.08-ж.





  Пляж сезону - 2008

Бикини

Евразия континентинин так борборунда жайгашканыбыз менен, мекенибизде пляж сезонун өткөрчү керемет Ысыккөлүбүз бар. Мода кыз кыялындай миң кубулуп турса да, агымынан калбай үлгүрүп калууга аракет кылып көрөлү.
Пляж дегенде дароо сууда сүзүүчү кийим эске келет. Быйыл дүйнө подиумдарында, атактуу курорттордун жээктеринде кескин өзгөрүүлөр байкалат. Өтө ачык "мини-бикини" кечээги күндө калып, бели өйдө, жабык үлгүлөр, "жаңы ретро" бийликке келди. Дизайнерлер фантазиясын толук чагылдырууга кеңири аянт издегендей. Түстүү принттер, оймолор, гүлдүү сүрөттөр, бүйүрмөлөр, башкысы, аябай ачык түстөр колдоого ээ болуп турат.
Башкийим
Жайкы пляждын элеси шляпа менен айкалышат эмеспи. Күндөн бетти, чачты коргоп, гүл же бант менен кооздолуп, келбетке кошумча көрк берет. Аны чийден, кездемеден, акыркы мода боюнча тунук пластиктен да тандасак болот. Эң башкысы, бет түзүлүшүнө карай жараштыра билүү:
Шляпа тандаганда күзгүгө боюңуз толук көрүнгөндөй караныңыз.
Арык, кичинекей айымдарга шляпанын четки жазылыгы ийинден ашпашы туура.
Кичинекей, бирок, толук айымдарга кичинекей шляпа жарашпайт.
Негизи бою кичине айымдар чачты жазбай, түйүп алып шляпа кийгени оң.
Чак келген шляпанын төбөсү башка тыкыс отурат.
Шляпанын төбөсү жазылыгы боюнча беттин жазылыгынан ашпоосу туура.
Жүзү тегерек айымдар кичинекей, чекени жапкан шляпалардан алыс болушу керек. Төбөсү бийик баш кийим бетти сүйрү кылып көрсөтөт.
Бети сүйрү айымдарга чекени жапкан шляпа кийген жарашат. Артка кийгенде баш кийимдин көркү чыкпай калат.
Мурду узунураактар шляпаны чекеге түшүрүп, мурду кичине айымдарга кайкалатып кийген жакшы көрүнөт.

Күнгө күйүү
(тотугуу)
Күнөстүү жээкте толкундардын шарпылдаганын угуп, күнгө күйүп шезлонгдо жатуу ыракат эмеспи. Бронза түсүнө чейин күнгө күйгөн келишкен мүчө өзүнчөле сулуулуктун эталону. Бирок күнгө күйүүнүн да өз жолу, тартиби болот. Эң башкысы, сиздин денсоолугуңузга ыракаттын бул түрү туура келерин аныктап алыңыз.
Тотугуу (загар) - дененин күнгө күйүп күрөң тартышынын денсоолукка зыяндуулугу да айтылат. Анда ал тууралуу кеп кылалы.
Арыкчырай айымдар күн нурунан өзгөчө сактанбаса, ысыктан организм катуу тердеп, туз жана сууну көп жоготот.
Дарыгерлер кан басымы жогору, жүрөк ооруларына кабылган, туберкулез менен ооруган адамдар тотугуудан баш тартуусун сунушташат. Витилиго жана хлоазма тери ооруларына да тотугуу зыян. Кош бойлуулук, неврастения, бөрү жатыш күн нурун сүйбөйт.
Ал эми ысык баскан териге тотугуу пайдалуу. Ультрафиолет нурлары теринин майы өткөн жолдорду тазалап, терини бираз түлөтөт. Түлөгөн тери менен кошо теринин үстүндөгү майда тешикчелерди бүтөп калган эски катмардан тазалайт. Албетте, косметикалык процедуралардын коштоосунда болсо жыйынтыгы жакшыраак болот. Андан сырткары, псориазга чалдыккандарга да күн нуру чоң пайда тийгизет.
Тотугуу үчүн атайы косметикалык каражаттар бардык дүкөндөрдө кеңири тараган. Аларды тандоодо өзүңүздөн акча аябай, сапаттуусун алыңыз. Күнгө чыгардан 20 мүнөт мурун дененин бардык ачык жерлерине сүйкөп, сууга түшкөндөн кийин жаңыртып сүйкөп коюңуз.
Пайдалуу жана тегиз тотугуу алуу үчүн саат 16.00дөн кийинки маал эң ылайыктуу. Анча зыянсыз келген эртең мененки саат 11ге чейинки күн нурларына да күйсө болот. Түшкү ачуу тийген күн нурларына эч качан денеңизди тоспоңуз.
Жайкы эс алууңар көңүлдүү болсун!
Нуржан АЛЫМКАНОВА















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan