![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №47, 24.06.08-ж. |
Сейил-маек Рубрика мейманы - ырчы Назми. Сейилге шылтоолоп, сиздер үчүн сырларынан, жаңылыктарынан бөлүштүк.НАЗМИ кыздардан чанда курбу күтөт - Бишкектен Сапар экөөңөрдү табыш кыйын… - Дале дөңгөлөк үстүндөбүз. Бир нече күн мурда эле Чоңалайдан кайттык. Адатта, бул жер алыс болгондуктан, артисттер таптакыр эле барбайт. Ошол жерден чыккан жаш кыраан Алмамбет Анапияевдин чакыруусу, продюсер Н.Насиеванын жетектөөсүндө артисттер барып, элге концерт берип келдик. Жол узактыгы эле болбосо, жаратылышы аябай кооз жер экен. Анүстүнө ушундай сонун артисттер тобу чогулуппуз. Баргандан келгенге дейре ыр-күлкү менен жүрдүк. Кайра кайтып келатканда Замир Мырзанын сунушу менен Жалалабаттагы абактагыларга да токтоп, ыр тартууладык. - Үй бетин деле дурустап көрөлек турбайсыңбы? - Кечээ эле Чоңалай болсо, бүгүн Атбашыга сапар тарттык. Үйдөгүлөрдү аябай сагынам. Ушул жума Сапар экөөбүз апаларыбызды алып, Көлгө эсалып келсекпи деп турабыз. - Жалгыз кыз болсоң, талаалап жүрсөң, апаң кээде таарыныч катып калбайбы? - Кайсы жакка сапар албайын, апам дайым ак батасын берип, өзү узатат. Мен өзүм да алдынала кайда барарымды айтып койчумун, ал ошого өзүн да даярдачу окшойт. Бир курдай жаңы эле бир жактан кайтып, жай олтуруп, жарытарлык сүйлөшкөнгө жумуштан кол бошобой жүрүп, Ошко барарымды айтпай калыпмын. Эртең менен туруп эле жөнөп кеттим. Мен кеткенден кийин аябай ыйлаптыр. - Сырларыңды апаңдан жашырбасаң керек, ээ? - Досторумдун баарын, алар эмне менен алек экенинен өөдө билет. Айтпай койсом да таарынат. Негизи эле ичимдегини апам менен бөлүшпөсөм, бук боло берем. Бирок, анча-мынча нерселерди жашырып коем. Себеби, көңүлү ооруп, сарсанаа болбосун дейм. Мисалы, МАИге айдоочулук күбөлүгүмдү алдырып жибергенимди ал билген эмес. - Турмуш курушуңдан кулак кагыш кылып калбайбы? - Жок, апам да, биртуугандарым да эч качан айтпайт. Болгону бир жеңем: "Далың карарып баратыптыр" десе, кеп төркүнүн аңдабай, кайсы жери экенин сурап коем. Кантсе да, менин турмушум. Бул жагынан алардын түшүнүктүүлүгүнө ыраазы болом. - Апаңа келип, сенин колуңду сурагандар болот бекен? - Эң алгач, андай нерсе 4-класста окуп жүргөндө болгон экен. "Балабызга кудалайлы" дегендердин көзүнө көрүнгөнүм - жалгыз кыз болгондуктан, апам мени куурчактай кийинтип алчу. Чачымды дайым 40 көкүл өрүп берчү. Анүстүнө ошондо апам жаш эле, мени 23 жашында төрөгөн. Көчөдө ойноп жүргөнүмдү көрүп, бир күнү меймансынып, а эртеси сөйкө алып келишет. Ата-энем ары кетип-бери кетип, акыры алардын көңүлүн кыя албай макул болушат. Бир маалда короодо ойноп жүргөнүмдү көрүп, атам кайра дароо баш тартат да, алып келген белектерин берип узатып коюптур. Андан кийинкилерин үйдөгүлөргө жеткирбей эле өзүм чечип коем. - Ушул тапта көңүлүңө жагып жүргөн бирөө барбы? - Акыркы кезде таанышуулар деле аз. Анүстүнө көбү: "Назми Сапарга күйөөгө чыгып алды" же кеминде, экөө кыз-жигит деп ойлошот. Бирок, келип таанышып, белектерин тапшырып кеткендер да жок эмес. Экинчиден, мени жакшы билбегендер аябай бой көтөрөт дешет экен. Сырттагылар эле эмес, азыркы жаш чыгып келаткан кесиптештерим да таанышкыча ушундай ойдо болушкандыгын айтып калышат. Ал эми жигит жаатында өз идеалым бар. - Сыр бөлүшөрсүң… - Албетте, кебете мага биринчи орунда эмес. Көз жандүйнөнүн күзгүсү деп коет го, анысыңарындай, баарын мага көздөрү билдирер. Эрктүү, намыскөй, оор басырыктуу, чыныгы мырзалык сапаттарга ээлик кылган адам кезиксе дейм. - Негизи сүйүү канча жашыңда келген эле? - 17 жашымда. Ал ошондо жаңы армиядан келген. Ага мен таптакыр эле кичинекей көрүнсөм керек. Ошол кездеги сезимдер менен ал адамды өмүр бою сүйүп өтчүдөй болгом. Бирок, анда башка кез эле. Жакшы көрөрүмдү кантип барып айтат элем? Ошентип, сезимдер ичте калган. - Андан кийин жактыруулар болгон жокпу? - Былтыр "Жоокер жылдыз" долбооруна катышканда ошол жактагы бир кызматкерди аябай жактырдым. Акыры классташым болуп чыкты. Бир класста окуп, 5-6-класста башка жакка көчүп кеткен. Дароо жактырууну тыюуга аракет кылдым. Себеби, классташ деген биртуугандай эле деп санайм. Азыр доспуз, аябай сыйлап турат. - Жалгыздык жадата элекпи? - Эгер жигит жаатында сурап атсаң, аны ойлонбойм деле. А кээде аябай жалгыз болгум келет, анткени, шаан-шөкөттөн чарчайсың. Бирок, ушул кесипке ээ кылганына Кудайга ыраазымын. Анткени, ата-бабам баспаган жерлерге барып, ыр созуп, сыйын көрүп келатам. Ар чөйрөнүн адамдары менен таанышмын, качан болсо баарлашуу жетишерлик. Бирок, айрым учурда жалгыз бак аралап, чөптө ыракаттануу менен китеп окуп, же жөн гана кыялга батып олтургум келет. - Сабактарың кантип атат, сессияңды өзүң айтмакчы, "разводсуз" эле бүтүрдүңбү? - Жакшы эле аракет кылдым эле, бирок, Кытайдан гастролдон келгиче, сессия бүтүп калыптыр. Агай-эжейлердин артынан ээрчигенге аргасыз болдум. - Келечекте өзүңдү кандай юрист көрөсүң? - Ырчылыкты экинчи планга өткөрүп, дал ушул кесипке басым жасайм. Кыялга ким тыюу салат, чынбы? Конституциялык сотко дейре жетсем, ажеп эмес (күлүп). - Коомдогу окуялардан кабар алып турасыңбы? Мисалы, саясатчылардан кимди жактырасың? Негизи эле саясаттын кайсы тарабына тартасың? - Мурда мен оппозицияны колдоп келгем. Кийин алардын да жүзүн көрдүм. Азыр ортолук позицияны карманам. Саясатчылар арасынан мага канча жылдан бери бир калыпта карманып келаткан Өмүрбек Текебаевге симпатиям бар. - Акыркы кезде кайсы ырды кыңылдап ырдап, жакшы көрүп жүрөсүң? - Гүлнур Сатылганованын "Жолукпай калсак эгер" деген ырын кайда болбосун угам. Анткени, телефонумдун коңгуроосуна коюп алгам. Аябай жагып калды. Сахнада ырдап жүрүп, сахнага чыгып гүл бергендин сүрүн билбепмин. Жакында эле өткөн концертинде Гүлнур эжеге чыгып гүл берип, тердеп-кургап бир кызык болдум. - Апаңдан көбүнчө кандай кеңеш угасың? - "Кызым, сени кыз деп коет. Досторуңдун баары жигиттер, эл ар кандай ойлойт. Кыздардан курбу таап алсаң боло" деп калат. Бирок, алар менен канча жылдан бери бир сахнадамын. Классташ курбулар үйбүлөсү менен, ал эми Роза Шакирова, Айгүл Чалова концерт, гастроль менен ар кайсы жерде. Сапар, Мирлан, Камчы досторум эч качан мага аялзаты катары кызыгуу артышпайт, биртуугандай мага күйүп, кам көрүп, мени көкөлөтүп гана турушат. Маек курган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|