Коомдук-саясый гезит
№49, 04.07.08-ж.





  Кулачы кенен, кумары терең...

Казино
Саясатчылар саясаттан чарчаганда
Казинодон кыргызга белгилүү инсандарды кездештирсе болот. Маселен, ЖК депутаты Исхак Масалиев, Алишер Сабиров жана "Манас" аэропортунун жетекчиси Бакыт Сыдыков кумар оюнунун атасын таанытышат. Баарынан кызыгы, үчөө казиного чогуу барышат. Кайсы клубга барбаңыз, тамеки, суусундук, тамак-аш бекер берилери турган иш. Оюн убагында Исхак Абсаматовичтин тамакка табити тартпайт, газдалган сууну шимирип отурганын көрөсүң. Бул жагынан алганда Үсөн акенин уулунун аппетити ойдогудай. Ал эми Сабиров мырза кара курсагын кампайтып, суусунан шимирип, анан урушканга да жетишет. Тактап айтканда, клубда иштеген кыздарга эскертүү берип, тилдеп салмай адаты бар. Мындай мүнөздөгү адамдарды казинодо "каардуу оюнчу" деп аташат.
Казинодон такыр жолу болбогон саясатчылардын тобуна экс-депутат Болот Шерниязовду кошсок болчудай. Болот мырза кумар ойноочу жайга кирген сайын "турсий-майкечен" чыгат экен. Бир жолкусунда бир бөлмөлүү квартиранын акчасын уттуруп жибергенин жакын адамдары айтып жүрүшөт.

"Казино - мага казылган ор болду"
Кумар жайынан жеңишке ээ болом деген адамдардын көпчүлүгүнүн тилеги таш кабат. Бул азгырыктуу оюндун азабынан болгон-тапкан байлыгын уттуруп, жакырлыкка да, жалгыздыкка да, атүгүл трагедиялуу тагдырга да туш болуп, үйбүлөсүнөн ажырап калгандары бар. Алмаз аттуу маектешим (белгилүү себептер менен аты өзгөртүлдү) мына ушундай тагдырга туш болуп, башын мыкчып турган чагы.
- Соодадан жолум болуп, ишим жакшы жүрүштү. Үстүмдө үйүм, астымда машинем бар эле. Болгон сайын дагы болсо дейт экенсиң. Бир күнү досум казинодон чоң суммада акча утуп алганын мактанып айтып калды. Бир заматтын ичинде миллионер болууну көздөп, казино жайына бара баштадым. Башында жумасына 1-2 жолу каттасам, кийинки күндөрү үй дегенди унуттум... Уттурган акчанын ордун коюш үчүн кайрадан ойноого туура келет.
- Кумар оюнунун "курмандыгы" болгонуңузду үйбүлөңүз качан билди?
- Бир жылдан кийин жубайыма кармалдым. Артымдан аңдып жүргөн экен. Ошол бир жыл ичинде складдагы товардын түбүнө жетип, карыздан башым чыкпай калган. Казино клубдарында кримчөйрөнүн балдары көзөмөл кылып, карыз сураган адамдарга жардам беришет. Айткан убагында акчаны таба албасаң, үстөгүн кошуп бересиң. Керек болсо оор жумуш жасатып, туалет каздырып, тазалатканга чейин барышат. Айла жок, айткандарын аткарчумун. Болбосо, оо дүйнө көздөй сапар алышың беш мүнөттүк иш.
- Мындан ары эмне иш кылайын деген оюңуз бар? Айтканыңызга караганда, казинодон кол үзө албай аткан экенсиз…
- Ата-энем, биртуугандарым, жубайым канча жолу жалдырап ыйлашты. Ашып кетсе бир жума тынч жүрөм. Анан кайрале казиного барып, бираз тапкан акчамды уттуруп чыгам. Чынын айтсам, өзүмөн өзүм тажап бүттүм. Бир сөз менен айтканда, эчкимге кереги жок адаммын. Жаштарга айтарым, казино деген илдеттен алыс болгула. Бир жолу даамын татып алсаңар, чыгышыңар кыйын болуп калат.
Жаңы мыйзам - жаңы байлыкпы?
Өткөн айда парламент жаңы мыйзам кабыл алды. Ага ылайык казиного 25, оюн автомат клубдарына 18 жаштан жогоркулар кире алмакчы. Мындан сырткары, казино жайларына болгон салык 10 эсеге (300 000 сом) жогорулаган. Мыйзамдын автору С.Кадыралиевдин айтымында, мындан мамлекет казынасына оңбогондой каражат түшөт. Ошентсе да, салык өлчөмүнүн жогорулашы казино клубдарынын ишмердүүлүгүнө тескери таасирин тийгизет деп каршы чыккандар да жок эмес. Бул закон оюн бизнесине кандай таасир тийгизерин убакыт көрсөтөр…
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Тасма аянтчасынан

Ырчы Султан - куудул Кубикти
кайнаталыкка тандады…
Учурда сахна жылдыздары аралашкан дагы бир тасма тартылууда. "Достор" деп аталат. Сценарийдин автору жана режиссеру - Рысбек ЖАБИРОВ. Эске салсак, дал ушул режиссердун ой-толгоосуна жалаң эстрада жылдыздары катышкан "Кайып булак" тасмасы да таандык.

"Достордо" башкы роль Султан САДЫРАЛИЕВге тийген. Ырчы жигит тасмада да ырчылыкты эңсеген студент. Сүйгөнү, күркүл бүлөнүн чүрпөсү - Айпери Кубаныч (Кубик) кызы. Султан менен балдар үйүндө бирге тарбияланган достору - Урмат УСЕНОВ (журналист), СЕМА (таксист), Аида КУЛУЕВА (Семанын жубайы), АКБАР (спортсмен). Андан сырткары, МАЖИТ - Акбардын балдар үйүндө тарбияланган иниси, ал эми САУЛЕ - Аида менен Семанын бакма кызынын ролун аткарат.
Тасма маршруту - Бишкек, Жалалабат жана Талас аймагы. Кино авторлору иш жыйынтыгын октябрга болжоп турушат. Артисттер менен иш алпаруу киночуларга бир топ кыйынчылык келтирет экен. Режиссердун айтымында, апрель айында баштала турган тасма съемкасы араң июндун акырында старт алып олтурат. Белгиленген убакыттан съемка ар күнү туура бир саат кечигип башталат. Мурда ырчылар гастроль, той-торопо же концертке шылтоо артышса, Европа чемпионаты өтүп аткан маалда алардын бетке кармаганы - футбол болгон. Режиссер айрым күндөрү актерлорду уктап аткан жеринен чакалап суу куюп ойготуп, тасма аянтчасына сүйрөп келген учурлары да кездешет.
"Негизи эле сахна жылдыздары эрке калк келишет, - дейт режиссер Рысбек ЖАБИРОВ. - Бирок, ар биринин тилин тапканга аракет кылабыз.
Мен, же дагы бир үйрөнчүк режиссерлордун тартып аткан тасмалары дасыккан айрым киночулардын кыжырын келтирип жүрөт. Атургай, таптакыр тыюу салууга да ниеткер. Бирок, алгач, алар америкалык акыркы сорттогу тасмалардын агымын бууп алышса болот эле. Көп киночуларыбыз тасмаларында терең философияны камтыйт да, элге сиңиралбайт. Ансыз да кыйын заманда элдин жүрөгүнө жылуулук келтирген гана тасма жаратсам деген аракетте жүрөм. Азыр тартып аткан тасмаларым мага машыгуу үчүн зарыл. Эларалык деңгээлдеги тасма жаратар да күнүм келер…"
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan