![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №49, 04.07.08-ж. |
Селкисезим "Сулуу кыз улгайган адамга баш кошсо, эмнеси жаман"Лунара Биринчи Улуттук каналдын "Ала-Тоо" маалымат программасынын алып баруучусу, чырайлуу Лунара Мамытова менен анын жандүйнөсү, сүйүүгө, жашоого болгон көз карашы, жеке турмушу тууралуу маектештик. "Ойногондон көрө, үйбүлө курушсун" - Акыркы учурда жаш кыздардын өзүнөн улуу адамдарга турмушка чыгуусу көп кездешчү болду, буга эмне себеп? - Эгерде жаш, сулуу кыз улгайган адамга турмушка чыкса аны жаман нерсе деп ойлобош керек. Себеби, бул жерде ар түрдүү критерийлер болушу мүмкүн. Мисалы, "сүйүү жаш-карыга карабайт" деп коюшат. Балким, ошол адамдан өзүнүн идеалын, сүйүүсүн тапкандыр. Улгайган адам жаш кызды сүйсө эмне үчүн болбосун? Бизде азыр демократия, сүйүп, жактырып, жөн эле ойноп жүргөндөн көрө аялдыкка алып, үйбүлө кургандын эмнеси жаман. - Улуттук телеканалда иштеген сулуу дикторлор Чынара Капарова, Гүлжан Кулмамбетова сыяктуу айымдар Кыргызстанга белгилүү аттуу-баштуу, бай мырзаларга турмушка чыгышпадыбы. Сага да ошондой мырзалар сезимин билдирип, же колуңду сурагандар болду беле? - Жок, андайлар болгон эмес. Эми күйөрмандар болот, алар менин жеке номеримди билишпей жумушка телефон чалышат. Ал эми мага улгайган адамдар сезимин билдирип, белек берген учурлар болгон жок. - Эгерде ошондой кырдаал болуп калса эмне кылат элең? Эгер үйлөнөлү десе… - Өзүмөн улуу адам үйбүлөлүү болсо, мен аны канчалык жакшы көрсөм да баш тартмакмын. Анын үйбүлөсүн, жеке жашоосун бузгум келбейт. Мен өзүмдү, же ал кишини ойлоп эле башканы эсепке албай турмушка чыгып алган болбойт. Эгер үйбүлөсү жок, улуу адам болсо, билбейм… - Турмушка чыкканда болочок жолдошуңдун материалдык абалын карайсыңбы же анын жандүйнөсүнө көңүл бөлөсүңбү? - Жалаң байлыктан башка жандүйнө, сүйүү сезими деген да болуш керек. Эгерде сүйүп эле чыгайын десең, анын ички дүйнөсү жарды, жакпаган касиеттерге, мүнөзгө ээ болсо, бул да болбойт. Баардык жагын караш керек. Түштүктүк менталитет - Өзүңө мүнөздөмө берчи, кандай мүнөздөгү кызсың? - Жакшы мүнөз да, жаман мүнөз да ар бир адамда болот. Ошол сыңары менде мүнөздүн жакшы да, жаман да жагы бар. Бирок, жакшысын айтсам, кандай адамдар менен сүйлөшпөйүн, ар дайым жөнөкөй, ийкемдүү болгонго умтулам. Негизи, өзүм жөнүндө айтканды анча жактыра бербейм. Же менин түштүктүк менталитетимби, билбейм… Баардык жактан активдүү, жоопкерчиликтүү, алдыда болгум келет. - Эмоцияга алдырып, ачууң менен адамдын жүрөгүн ооруткан сөздөрдү айтып көрдүң беле? - Кээ бир адамдар бирөөнүн жаман касиетин, мүнөзүн көрсө да көрмөксөнгө сала, аны жакшы деп айтпай жүрө беришет эмеспи. А мен болсо анын туура эмес жагын туура эмес, жакшы жагын жакшы деп бетине эле айтып койгон жайым бар. Бирок, бирөөнү ачуум менен жаман сөз айтып жүрөгүн ооруткан эмесмин. - Күлкүчүсүңбү же сузсуңбу? - Күлкү сезимим жакшы өнүккөн. Атам абдан шайыр, тамашакөй адам. Мага ошондон өткөнбү деп ойлоп коем. Мен күлүп жүргөндү жактырам. Күлкүчүмүн. - Сулуулук деп эмнени эсептейсиң? - Сулуулук адамдын сырткы келбетинен баштап, анын жүрүм-туруму, коомчулукта өзүн алып жүрүүсү, маданияты, ички ыйманы, адамдар менен болгон мамилеси, жандүйнөнүн баардыгы биригип туруп сулуулукту түзөт. Азыркы учурда жакшы кызматта иштөө үчүн кыздардын өң-келбетине өзгөчө көңүл бөлүшөт. Айымдардын көздөрүнө сурма кылып, беттерине операция жасаткандары ошондон улам го деп ойлойм. - Диета кармайсыңбы? Спорттун кайсы түрү менен машыгасың? - Диета кармабайм. Кичине кезимен эле элдик бийге катышып келгем. Андан кийин азыркы заманбап бийлерден кружок катары сабак берип жүрдүм. Латын-америкалык бийге да барчумун. Азыр бий менен машыгып турам. - Дискотекага көп барасыңбы? - Дискотекага барганга акыркы мезгилдерде убакыт тар болуп калды. Бирок, мурда кез-кезде курбуларым менен барып турчумун. Убакыт болуп калса, дискотекага баргандан баш тартпайм. Алакачуудан Кудай сактасын! - Жашыруун болбосо канчадасың, качан турмуш курайын деген оюң бар? - Жаш элемин (күлдү). Жыйырмадан аштым, отузга чыгалекмин. Эми жигитим жөнүндө айтпай эле коеюн. Бул жеке жашоо болгондуктан сөз кылгым келбейт. Бирок, турмушка чыгыш керек. Качан экенин так айталбайм. - Эгерде сени алакачып кетсе эмне кылат элең? - Андайдан Кудай сактасын. Алакачуунун өзү кылмыш деп саналганына карабай, кыргыздарда салт катары сакталып калган. Алакачып жакшынакай жашап кеткен үйбүлөлөр деле бар, бирок мен алакачуу салтына каршымын. - "Эжелүүгө эски тон" деп коюшат эмеспи, кичинеңде эжеңдин эски кийимдерин кийчү белең? - Эжем бар, бирок анын кийимдерин кичинемде да кийген эмесмин. Ата-энем бизге көйнөк алганда экөөбүзгө эки башка алчу. Азыркы учурда кийимди изденүү менен тандайм. Телевидениеде иштегенден бери классикалык кийимдерге көбүрөөк басым жасап калдым. - Сени эротикалык көрүнүшү бар киного тартылууга чакырса, барат белең? - Бизде андай көрүнүштөрдү адатта жабык кылып тартышат го. Эгерде ошондой тартылса, эмне үчүн болбосун. Киного тартылуудан баш тартпайм. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|