Коомдук-саясый гезит
№49, 04.07.08-ж.





  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Кокустук
көргө салган ажал болуп...
Айдай, Элина, Алинага эне мээримин ким алмаштырат?!
Ажал айттырбай, анан калса сыр бербей келгенин кара. Июнь айынын аягында анча-мынча болгон шамалдан улам Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен шифер учуп, көчөдө беймарал кетип бараткан 32 жаштагы Бегайымдын өмүрүн алып тынды. Таламандын так түшүндө ушунчалык тездик менен көз ачып-жумгуча болуп өткөн каргашалуу кырсык бир үйбүлөгө орду толгус жоготуу алып келди.

Бегайымдын кайынсиңдиси Элнура:
"Ажал жеңемди жаныман алып кетти"
- Ошол күнү мен байкем менен жеңемдин үйүндө болчумун. Эртең менен байкемди жумушка узатып коюп, жеңем экөөбүз кобурашып чай ичкенбиз. Алар жакында Ысыккөлгө эс алганы барышмак экен. Бөкөнбаев көчөсүндө кийим саткан дүкөнгө барып келели деп чыкканбыз. Ошол каргашалуу жерден жөө басып өтүп дүкөнгө киргенбиз. Дүкөндөн чыгып, кайрылып келатканда заматтын ортосунда куюн сыяктуу шамал болуп кетти. Астыбыздан кафенин жарыя тактасы шамалга кулап, калдырап-шалдырап түштү. Аңгыча колума катуу бир нерсенин тийгенинен чочуп кетип, артыма карап: "Жеңе, колум!" десем, ал жерде эс-учун жоготуп, канжалап жатып калыптыр. Шифердин сыныгы жеңемдин каракушуна сайылып, кан диркиреп агып аткан экен. Катуу чочуса керек, көздөрү алайып, дем алалбай кырылдап-шырылдап атты. Жеңем атүгүл кыйкырганга да үлгүрбөдү. Ошол жерден кыйкырып, эмне кылаарымды билбей өзүмдү башкаралбай калдым. Жаныбызга чогулган элдерге "тез жардам", доктурларды чакыргылачы деп сурандым. Жаалданган эл жеңемди аянычтуу карап, баштарын чайкап жалдырап турушту. Он чакты кадам ары жакта жайгашкан № 10 бейтапканага өзүм чуркап бардым. Шашкалактап эшигинин астына барып, доктурларга кыйкырып жардам сурап, кайра жеңеме келдим. Алар баратабыз деп калышкан. Бир топко чейин карыш турган бейтапканадан эч ким келбей койгонунан чыдабай, кайра чуркап барып чакырдым. "Ий, мына баратабыз…" деген доктурлар дале келбей коюшту. Айлам кетип үчүнчү жолу чуркап барып, ыйлап чакырып кайра жеңемдин жанына келсем, анын көздөрү жумулуп, буттары тыбырчылай баштады. Коркконуман "Жеңе!" деп аны жулкулдатып атсам доктурлар келип, аны бейтапканага көтөрүп кетишти. Ошол учурда байкеме, эжекеме телефон чалдым.
- "Тез жардам" канча убакыттан кийин келди?
- Элдердин арасында "Тез жардам" чакырып, мени тынчтандырып аткан бир жигит жүргөн. "Тез жардамды" чакырганда саатты карап коюптур. 28 минуттан кийин келди дейт. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган адамга жардам көрсөтүүгө ашыкпаган доктурлардан ошондо түңүлдүм. Катуу коркконгобу, айтор, колумдун канаганын, ооруганын да сезбей калыптырмын. Ошол жерден канап аткан колумду байлап беришти.
- Мурда-кийин ошол жерден ушул сыяктуу кырсыктар болбоптурбу?
- Ошол үйдө жашап, майда-чүйдө сатып отургандар шамал болгон сайын шиферлердин сыныктары учуп түшчү, акыры ушундай болмок деп баштарын чайкап турушту. Элдин пейили, ниети бузулганбы, билбейм, алапайымды таппай турсам, жаныма элүүлөргө чыгып калган кыргыз эже келип: "Эмне турасың, өлгөнү көрүнүп турбайбы, сөөгүн алып кет" деп кайра-кайра айтып аткан. Кийин гана ошол эженин айтканы эсиме түшүп, жүрөгүмдү ого бетер оорутту. 11-июлда менин үйлөнүү тоюм болмок, жеңем тууган-туушкандарга чакыруу билетин таратып, мурунку күнү эле айылга барып, туугандарыбызды, кыздарын көрүп келген эле. Каргашалуу окуя болордон бир аз мурда жеңем "сенин үйлөнүү тоюңа кийе турган кийимдеримди, Көлгө барганга купальнигимди даярдап койдум" деген.




Маркум Бегайымдын жолдошу
Азил Алыкулов:
"Карылыкты чогуу көргүбүз келчү"
- Кырсык болгон кезде каякта элеңиз?
- Келинчегим Бегайым экөөбүз эки жыл сүйлөшүп баш кошконбуз. Ортобузда сегиз жашар Айдай, алты жашар Элина, үч жашар Алина аттуу кыздарыбыз бар. Бегайым № 10 мектепте химиядан сабак берчү. Ошол каргашалуу күнү эртең менен мени жумушка жакшынакай узатып калган. Көрсө, Бегайым экөөбүз ошол күнү акыркы жолу көрүшкөн экенбиз. Саат он бир жарымдарда карындашым телефон чалып: "Байке, Совет-Бөкөнбаев көчөсүнө тез келип калыңызчы…" деп ыйлап, андан-ары эч нерсе айталбады. Мен эч нерсени түшүнгөн жокмун. Дароо эле жумуштан чыгып айтылган дарекке барсам, ошол жердеги бейтапканада келинчегим эс-учун жоготуп жатыптыр. Аңгыча "тез жардам" келип, аны реанимацияга алып кетти. Ошол боюнча Бегайымды сактай алышкан жок…
- А кыздарыңар бул учурда кайда эле?
- Алар Ысыкатадагы чоң атасынын үйүндө болчу. Апасынан айрылган кыздарым эми эненин мээримин көрбөй өсүшөт. Энеси жок болсо да, жок дегенде атасы менен чогуу болуп, менин мээримимди көрүшсүн дейм. Ошондуктан кыздарымды күзгө жакын өзүмө алып келем.
- Бегайымдын капысынан көз жумганына кимдир-бирөө жооп бериш керек да. Укук коргоо бөлүмүндө иш козголуп, күнөөлүүлөрдү издеп атышабы?
- Бул көп кабаттуу үйдүн үстүндөгү шиферлер буга чейин деле шамал болгон сайын учуп түшө берчү экен. Азыр бул ишти Свердлов РИИБси карап атат. Жакында күнөөлүүлөрдү таап, жыйынтыгын чыгарабыз деди. Тергөөчүнүн айтымында, бул кырсыкка күнөөлүү эки тарап бири-бирине шылтап атышыптыр. Мындан беш жыл мурун ошол үйдүн шиферлерин бир фирма жаңылап жапкан экен. Свердлов акимиаты ошол фирмага шылтап, жакшы, сапаттуу жаппай койдуңар деп күнөөлөсө, алар канча акча берсеңер, биз ошончо суммага ылайыктап жаптык да деп күнөөнү моюндарына алышпайт. Көбүрөөк акча берсе, анда бекемирээк, сапаттуурак жабышмак окшойт да. Азырынча конкреттүү түрдө бир адамды күнөөлөшө элек. Мүмкүн тергөө жыйынтыкталганда күнөөлүүлөр өз жазасын алар...
- Кыздардын улуусу Айдай сегиз жашта экен, эки сиңдиси түшүнбөсө да, ал энесинен айрылганын туйса керек…
- Улуу эки кызым, Айдай менен Элина "Мамамды асманга Кудай алып кетти" деп атышат. Апасынын мүрзөсүнө кыздарымды алып барып: "Апаңар ушул жерде жатат" деп көргөзүп куран окутуп келдик. Кыздарым: "Мамамды эмнеге көмүп салышты?" деген сыяктуу ар кандай түшүнбөгөн суроолорду беришти. А кичүү кызым эч нерсени түшүнгөн жок, дагы эле: "Мамам качан келет, сагындым, шаардагы үйгө мамама кетеличи" деп сурап атат. Мен ага көп күндөн кийин келет десем, ал "Аны өлүп калды деп атышпайбы" дейт. Эмне дээримди билбей, сөз таппай калдым. Бозүйдөгү сүрөтүн карап алышып, кыздарым мамам эми экинчи келбейби деп улам-улам ыйлап сурап атышты. Ал эми улуу кызым болсо: "Мамам өлүп калды, эми сизди мен багат турбаймынбы" деп атат. Аларга барган сайын улуу кызым: "Папа, курсагыңыз ачтыбы, эмне кылып атасыз?" деп сурап калат. Кыздарым энесинин мээримин менден издеп атышат.
- Адамдар жамандык-жакшылыкты алдынала туюп, сезет эмеспи… Каргашага чейин ушундай көрүнүш байкалган жокпу?
- Наристенин туюу сезими күчтүү болобу, билбейм, Бегайым көз жумаардан эки-үч күн мурун ортончу кызым Элина эртең менен туруп: "Мен кечинде түш көрдүм. Чоң жезкемпир мени алып кетейин деп атканда, мамам ортого түшүп мени алып калды. А жезкемпир мамамды алып учуп кетти. Аябай корктум" деп айтканын учурунда элес алган эмес элек. Качан гана Бегайым көз жумганда Элина: "Мен түшүмдө мамамды жезкемпир алып кетти деп айтпадым беле" деп ыйлаганда эстедик. Көрсө, Элина түшүнөн аян көрүптүр. А мен андай кырсык болоорун сезген эмесмин. Айылда жүргөн кыздарымдын улуусу Айдай да ошол күнү жүрөгүм бир кызыктай болуп атат деп тамак ичпептир. Күтүүсүздөн ажалга алдырып ийген Бегайымды жоготуу балдарым, мен үчүн чоң сокку болду. Бегайым: "Мен сага дагы үч уул төрөп берем" деп айтып калчу. Экөөбүз бактылуу келечегибизге жакшы пландарды куруп, карылыкты чогуу көрөбүз дечү элек. Биздин да бактылуу болуп чогуу узак өмүр сүргүбүз келген…

Бул иш тууралуу Свердлов РИИБсинин тергөө бөлүмү-нүн башчысы Абдумалик Мырзабековго кайрылганыбызда, ал төмөнкүчө жооп берди:
- Азырынча тергөө иштери жүрүп, күнөөлүүлөрдү териштирип атабыз. Мурда-кийин ошол жерде жашаган жашоочулардан үйдүн үстүнөн кулаган шиферлер тууралуу арыздар түштү беле, ага акимиат көңүл бөлдү беле, үйдүн үстү акыркы жолу качан оңдолду эле, баардыгы изилденүүдө. Бул жерде кокустукпу же кимдир-бирөөнүн күнөөсү барбы - азырынча айтууга эрте. Жыйынтыгын тергөө бүткөндө гана айталабыз.

Кырчындай өмүрү кыйылган Бегайымдын өлүмүнө ким күнөөлүү? Анын артында чырылдап ыйлап энесиз жетим калган үч кызынын убалы кимге? Бул кырсыкка күнөөлүүлөр табылып, өз жазасын алышабы же кокустук ирээтинде катталып, иш жабык боюнча калабы?!

Назгүл Калмамбетова















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan