Коомдук-саясый гезит
№49, 04.07.08-ж.





  Апта астрологиясы

7-июлдан 13-июлга чейин
Кой (21.03-20.04)
Турмушта. Карьераңыздын гүлдөп турган учуру. Азырынча жолго чыкпай турганыңыз оң.
Сүйүүдө. Ишиңиздин көптүгүнөн үйбүлөгө, жакын адамыңызга жетишерлик көңүл буралбай калышыңыз мүмкүн. Бул ортодогу мамиленин ыйкы-тыйкылыгына апкелет.
Акчада. Каражаттын жетишсиздигине кападар болуунун кереги жок. Эмки аптадан баштап баары өз калыбына келе баштайт.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта. Өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү ашкере баалап, колуңуздан келбес иштерди аткарууга сөз бербегенге аракет кылыңыз.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңуз көңүл борборунда болот. Романтикалык жолугушуулар олуттуу мамилеге айланышы мүмкүн.
Акчада. Өзүңүз менен ири суммадагы акча алып жүрүү сунушталбайт. Соода-сатык кылууну кийинкиге калтыра турганыңыз оң.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта. Аптаны үй жумуштарын бүткөрүүгө, ага-туугандарыңыз менен баарлашууга арнаганыңыз оң.
Сүйүүдө. Тиричилик көйгөлөрүнөн, өзүмчүлдүгүңүздөн улам жубайыңыз, жакын адамыңыз менен пикир келишпестиктер болушу мүмкүн.
Акчада. Каражатка ысырап мамиле жасап, керексиз нерселерге пайдалануу туура эмес. Карызга батуу натыйжада көп көйгөйлөрдүн себепчиси болот.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта. Өзүңүзгө болгон бекем ишеним жеке жана иш мамилелерге терс таасир тийгизет. Өзүмчүл болбоңуз, анда-санда компромисске баруу пайдалуу.
Сүйүүдө. Жалгыз бой адамдарды апта аягында кызыктуу жолгушуулар күтөт.
Акчада. Каражаттын кошумча булагына ээ болосуз, ал үчүн баштаган ишти аягына чыгаруу керек.
Арстан (24.07-23.08)
Турмушта. Маанайыңыздын чөгүшүнө жол бербеңиз. Мындан ишмердүүлүгүңүздүн ийгилиги да, денсоолугуңуздун абалы да көзкаранды.
Сүйүүдө. Кызганыч сезимин жашыра билүүңүз керек. Эгер кызганууга себеп бар болсо ачууга алдырбай, түгөйүңүз менен жай сүйлөшүп чечишип алсаңыз болот.
Акчада. Материалдык абалыңызга байланышкан маселелер сиздин пайдаңызга чечилет.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта. Апта аралыгында сизден чыдамкайлык талап кылынат. Бул мезгилдеги окуялар мүнөзүңүздү курчутуп, мындан аркы аракеттериңизге дем берет.
Сүйүүдө. Жеке турмуш менен достор чүйрөсүнүн чегин так ажыратууну үйрөнүңүз.
Акчада. Каражаттын кандай эмгек менен табылганын эстеп, обу жок сарптоону токтотуңуз.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта. Ашкере амбицияларыңыз баарлашууда, мамиле түзүүдө тоскоол болот. Алыскы сапар чыкпай турганыңыз оң. Жол жүрүүдө сак болуңуз.
Сүйүүдө. Жакын адамыңыз сизди түшүнбөгөндөй, кадырыңызга жетпегендей сезилиши мүмкүн. Андай эмес. Андан көрө өз жандүйнөңүзгө саресеп салып көрүңүз.
Акчада. Аласа-береселериңизди тактап, акчаны зарыл болгон нерселерге гана жумшаңыз.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта. Жакындарыңыздын кеп-кеңеш-ине кулак кага жүрүңүз. Устаттарыңызга, улуу адамдарга катуу сөз айтуудан сак болуңуз.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңуз ойдогудай. Ортодогу мамилелер сиз каалаган нукта өнүгүүдө.
Акчада. Инвестициялык ишмердүүлүк үчүн ылайыксыз апта. Киреше көлөмү сиз күткөндөй болбой калышы мүмкүн.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта. Тез арада ийгилик ээси болом десеңиз - жаңылышасыз. Шашпаңыз, максаттарыңызга жоопкерчилик, тактык сапаттарыңыз аркылуу бара-бара жетесиз.
Сүйүүдө. Өз кызыкчылыгыңыз үчүн кам көрүү жакыныңыз менен пикир келишпестиктерди жаратат. Токтоо болуңуз.
Акчада. Ишке ашышына ишене бербеген инвестициялык долбоорлордон баш тартууңуз кажет. Кумар оюндарына берилбеңиз.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта. Жумуштун көптүгү, чарчап-чаалыккандыгыңыз маанайыңызды чөгөрөт. Апта өз алдыңызча окууга, билим көрөңгөңүздү кеңейтүүгө ылайыктуу.
Сүйүүдө. Жубайлар "мен кыйын, сен кыйын" болуп атып, ортодо түшүнбөстүктөрдү жаратуулары мүмкүн. Түгөйүңүздүн кызыкчылыгын ойлоону унутпаңыз.
Акчада. Туруктуу. Апта аягында ири соода-сатык кылышыңыз мүмкүн.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта. Денсоолугуңузга кам көрүлүүчү апта. Үйдөн тыш көп убакыт өткөрүү чарчатып-чаалыктырат.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңуздун чыңдалышына көңүл буруу зарыл. Келечек мамилелер туруктуулугуңуздан көзкаранды болот.
Акчада. Киреше булагын көбөйтүүчү чаралардын көрүлүшү материалдык абалыңызды аз да болсо оңдоп, аны туруктуу жана стабил-дүү деңгээлге жеткирет.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта. Тиричилик көйгөйлөрүн талкуулоого убактыңызды бекер коротпоңуз. Үйбүлөдө бир пикирге келүү кыйын болот.
Сүйүүдө. Ушу тапта жеке турмушуңузду реалдуу баалоого жөндөмдүүсүз. Өзүңүз эмне каалап, түгөйүңүзгө эмне берала турганыңызды мыкты түшүнүп турган чагыңыз.
Акчада. Каражатка байланышкан маселелер оң жагына чечилип, бизнес жаатындагы байланыштарыңыз бекемделет.















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan