![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №49, 04.07.08-ж. |
жан азык Ыйман бизди чанып кетти. Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев Ал эми кыргызга кылымдап келбейт Көлөкөлөр Ал кезде сүйүү да таза эле. Сүйүүнүн көлөкөсү тийген жандар өзүнөн өзү эле бактылуу болуп кетишчү. Кыздар да таза эле. Кыздардын көлөкөсү тийген жигиттер өзүнөн өзү эле кызарып, супсулуу болуп кетишчү. Бир жолу бир кызга кат жаздык. Кызыл сыя менен жаздык: "Бул катты сыя эмес, жүрөгүмдүн каны деп бил" деп жаздык. Чындап эле каныбыз менен жазгансып жаздык. Ошол кыз азыр кайда болду экен? Аны күйөөсү биз сүйгөндөй сүйүп, баркына жете алды бекен? - Ыйман түгөндү, - деп келди акем да бир күнү. - Түгөнгүдөй ал эмне, ун же талкан беле? - дедим. - Ыйман качты? - деп келди акем бир күнү. - Кайда качты? - дедим. - Кайда качканын билсем айтпайт белем, - деди. - Ыйман кетти? - деп келди акем бир күнү. - Кайда кетти? - дедим. - Башка жакка кетти. Аны биз күталбай койдук. Ал бизди чанып кетти. Ал эми кыргызга кылымдап келбейт, - деп жер муштап, сыздап жиберди. Көлөкөм - Тууган Жер!.. Сени эстеп, сенин көлөкөңдү эстеп… Көлөкөңдү ушунча жыл бөлөк жактан издеп, издегенде да жөн издебей, көрүнгөндүн ырын ырдап, чоорун тартып, кул болуп, малай болуп издеп жүрүп адашканымды, адашканда да жаман адашканымды сезип, айлам кетип, аргам түгөнүп турган кезим. Падыша жана Мафия Падышага күндөрдүн бир күнүндө токойдогу жан-жаныбарлардын баарынан арыз түштү. Арызда: "О улуу урматтуу падыша! Мафия деген эме биздин түбүбүзгө жетмей болду. Ошону жок кылып бериңиз?" деген өтүнүч бар эле. Букараларынын талабын угуп алып катуу ачуусу келген падыша Мафияны кармап келүү үчүн Мышыкты жөнөттү. Мышык Макеңдин кайда жашарын жакшы билүчү. - Маке, сени Падыша чакырып атат, жүрү, - деди Мышык. - Жүрсө жүрү, - деди Мафия. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү - жол ортосундагы чоң кампага жеткенде: - Бир укмуштай сонун жыт жыттанып жатыры, сезген жоксуңбу? - деди Мафия. Мышыктын көздөрү жайнай түштү. Абаны искеп алып, куйругун жерге жапырып, бортоктоп жата калып, ай-буйга келбестен кампага урган таштай кирип жок болду. Жыт - Чычкандын жыты эле. Мафия кыңылдап ырдаган бойдон өз жолуна түштү. Мышыкты күтө берип чарчаган Падыша Мафияны таап келиш үчүн Карышкырды жөнөттү. Кашабаң да Мафиянын кайда жашарын жакшы билчү. Оңой тапты. - Маке, сени падыша чакырып атат, жүрү, - деди Карышкыр. - Жүрсө жүрү, - деди Мафия. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү - жол ортосундагы кой короого жеткенде: - Ох, тирукмуштай сонун жыт жыттанып жатыры, сезген жоксуңбу? - деди Мафия. Карышкырдын көзү чычаладай жанып кетти. Короону искеп алып, куйругун чатына кыпчып, желмаян желиш менен жетип барып, бир секирип короого түштү. Короодо Кой бар эле. Мафия кыңылдап ырдаган бойдон өз жолуна түштү. Карышкырды күтө берип чарчаган Падыша Мафияны таап келиш үчүн Аюуну жөнөттү. Аюу күркүрөп келип Мафияга бир тийди: - Мышыкты жибердик келген жоксуң. Карышкырды жибердик келген жоксуң. Падышанын буйругунан баш тарткандай башың экөөбү? Жүрү тезирээк! - деди. - Жүрсө жүрү, Мышыгың да, Карышкырың да келген эмес, көргөн эмесмин, - деди Мафия. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү - жол ортосундагы бал челекке жеткенде: - Ох, бал жыттанабы? - деди Мафия. Төрт аяктап шашпай келаткан Аюу бир айкырып, эки бутуна тура калды да, бел-көчүгүн бураңдатып бал челекти көздөй уруп жөнөдү. Мафия карап туруп башын чайкады да, кыңылдап жолуна түштү. Аюуну күтө берип чарчаган Падыша абдан ачуусу келди. Ак сарайга жан-жөкөрлөрүн чакыртып, Мафияны таап келиш үчүн тоо-токойдогу эң эле алгыр, эң эле илгир Илбирсти жөнөттү. Илбирс Мафияны кыз-келиндер менен чардап жаткан жеринен басты. Эки бутун, эки колун кыл жип менен бууп жонуна салды да, сызып отуруп Падышанын алдына таштады. Падыша Мафияны дарга асуу жөнүндө өкүм чыгарды. Эки желдет эки жагынан жетелеп, токой жаныбарлары бүт чогулган аянттын ортосуна орнотулган даргага Мафияны жетелеп келишти. - О улуу урматтуу Падышам! Акыркы сөзүм бар, айтып алууга ыракым эткейсиз, - деди Мафия. - Айтсынбы? - деди Падыша. - Айтсын! Айтсын! - деп колдоп кетишти айбанаттар. - Токойдун арасында катылган кенчим калды эле, - деди. - Кайсы жеринде? - деди Падыша. - Адегенде Илбирстин терисин сыйрып мага жабыңыз, ошондо гана айтам, - деди мафия. - Илбирстин терисин сыйрыгыла! - деп буйурду Падыша. Илбирсти баса калып терисин сыйрып жиберишти. Мафиянын жонуна жабышты. - О-о, улуу урматтуум! Мен эми сизге ошол кенч катылган жерди көрсөтүп беришим керек, - деди Мафия. - Анда эмесе Мафиянын колун чечкиле! Жөнөдүк, убакытты текке кетирбейли. Аттангыла! - деди Падыша. Падышаны жана анын жан-жөкөрлөрүн ээрчиткен Мафия көп жүрдүбү, аз жүрдүбү, токойдун чытырман жерине келгенде баарын адаштырды да, кумга сиңген эмедей жок болду. Ошол күндөн ушул күнгө чейин далайлардын териси сыйрылды, бирок аны азыркыга дейре дүйнөдө эч ким кармай элек. Кармаарын да Кудай билет. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|