![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №49, 04.07.08-ж. |
Саякат Эсен эле болчу, Европа Шакалдуу шаар Брюссель жана чочосун чормойткон бала 21-28-июнь күндөрү Евросоюздун чакыруусу менен Кыргызстандан үч журналист (Нурлан Жоодатов "5-канал", Ирина Кандыбко "Акипресс", жана "Агымдан" мен) Брюсселде (Бельгия) болдук. Евросоюздун саясаты өзүнчө чоң сөз. Мен Брюссель шаары тууралуу гана сөз кылсам... Брюсселде 8 млн. эл жашайт. Дүйнөгө аты чыккан эки чоң уюм - Европа Союзу жана НАТО ушу жерде. Бельгиялыктар да экиге - французча жана фламандча сүйлөгөндөргө бөлүнөт. Брюссель ой-чуңкурлуу жерге жайгашкан. Көчөлөрү, кафе-ресторандары, дүкөндөрү аябай тар, тыгыз. Түндүк Африкадан келгендер абдан көп. Анткени бир кезде Түндүк Африка аймагы Бельгиянын колониясы болгондуктан, кул-күң катары келгендер эми тең укукка жетишип, укум-тукуму көбөйүп жаткан кез. Мындай темп менен кете берсе, элүү жылдан кийин Брюсселде жалаң каралар жашап калат деген божомол бар. Шаардын жашоо темпи, иш ритми жай. Ошонүчүн дүкөндөрү, акча алмаша турган жайлары, банктары эртең мененки ондон кечки алтыга чейин гана ачык. Кечкисин туристтер үчүн кафе-ресторандары, сувенир жана шоколад сата турган дүкөндөрү гана иштейт. Бельгия өзүнүн шоколаддары менен таанымал. Көчө бойлой жыш эле шоколад саткан дүкөндөр. Бельгиянын атын дүйнөгө чыгарган - архитектурасы кооз чиркөөлөрү, король паркы, музейлери же жалаң айнектен салынган 20-30 кабат имараттары эмес, болгону, чочосун чормойтуп сийип турган кичинекей бала. Ошо баланы көргөнү туристтер атайын келишет экен. Эгер ким кааласа балага ар кандай улуттун кийимин кийгизип, суу ордуна сүт же пиво агызып койгон учурлар да болот дешет. Эң кызыгы, бул баладан башка ушундай абалдагы кыздын да кичинекей эстелиги бар экен. Көрсө, тиги бала аябай атактуу болуп кеткенден кийин, акылдуу бирөө ушундай кыздын эстелиги да атактуу болуп кетет деген ой менен, көп кабат үйдүн биринчи кабатына темир тосмо менен тосуп, кыздын эстелигин орнотуптур. Бирок, ал кыз баланыкындай атак-даңкка жетпептир. Шаардагы дагы бир атактуу жер - атомиум. Атом формасындагы чоң-чоң шарларда ресторан-кафе, музей-көргөзмөлөр иштейт. Шарларды лифт байланыштырып турат. Биздин Алатоо аянтынын үчтөн бир бөлүгүндөй жерде төрт тарабынан тарыхый имараттар курчаган Ратуша аянты бар. Туристтер ошо жерге көп чогулуп, сүрөткө түшүп, а жерде гүл, сүрөт сатылып, жерге отуруп тамак жешип... айтор, Брюсселдин таза деле шаар эмес экенин көп жолу байкадык. Көчөлөрү тар, машинелер бир тараптуу гана жүрөт. Ошонүчүн велосипед мингендер өтө көп. Дагы көзгө урунганы, эски имараттарга жабыштырылып жаңы курулуп жаткандары көп, балкон деген түшүнүк бул жакта жокко эсе. Мага аябай жакканы, үйлөрдүн терезелериндеги ажайып гүлдөр болду. Анткени, кышы анча суук эмес, жайы салкын бул аймакта гүлдөр өзгөчө өсөт экен. Калкынын 60-70 пайызын карыган адамдар түзөт, жаштар аз. Бир жума бою жүрүп, боюнда бар бир аялды көралбадым. Негизи Брюссель жашоого ыңгайсыз шаар экенине көзүбүз жетти да, сыртка чыкканда гана Кыргызстандын, Бишкектин баркын билерибизди сездим. Сандан санга: сериал Бейтаалай Назгүл Калмамбетова Замира эс-учун жоготуп жерге жатып калганына адегенде Алмаз ишенген жок. Мурда-кийин анын минтип эстен танып калмай оорусун көрбөгөндүктөн Замираны анткорлонуп аткандай сезди. Бирок, алардын жанында баланы көтөрүп турган Алтынай коркуп кетти: - Сизге эмне болду?- деди Замираны жулкулдата. Замирадан үн-сөз жок жүзү бозоруп,ооздору көгөрө баштаганда гана Алмаз анын чындап эле эси ооп калганын билди. Замираны көтөрүп барып, уктоочу бөлмөдөгү керебетке жаткырып, бетине муздак суу чачты. Бирок, анча-мынча эсине келген Замиранын абалы баарыбир оор эле. Алмаз анын азыркы абалынан чочулап дароо "тез жардамды" чакырды. Замиранын эстен танганына Алтынай шектенип, боюнда барбы дегендей ой кетти. Бирок, бул оюн ичине катты. А Алмаз аялын кош бойлуу экенинен шектенген да жок. "Тез жардам" тез эле келди. Уктоочу бөлмөдө шайы ооп жаткан Замиранын кан басымын, денсоолугун текшерип: - Кош бойлуу эмессиңби? - деп сурады. Доктурлардын жанында турган Алмаз чочуп кетти. Бирок, Замира эмне дээр экен деген кыязда аны суроолуу карады. - Жок… - деди үнүн акырын чыгарган Замира. - Кош бойлуу эмес экениңе толук ишенесиңби? Доктурга тез аранын ичинде көрүнүшүң керек. Азыркы сенин абалың, ооруңдун симптомдору кош бойлуу аялдардыкына окшоп турат. Кааласаң азыр биз менен ооруканага бар, УЗИден текшерип көрөбүз. Сага ашыкча дары-дармек берип, ийне сайгандан да чочулап атам. Эгер кош бойлуу болуп калсаң, дары курсактагы балага терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Ошондуктан, биз менен азыр ооруканага бар, же эртеңден калбай, бейтапканага барып, гинекологуңа текшерил, - деди врач. Замиранын мүнөзүнүн тез эле өзгөрүп, ага кайрадан жабыша баштаганын билген Алмаз эмнегедир аялына шектенүү пайда болду. Акыркы кездерде мен төрөй алам, доктурга көрүнүп дарыландым деп улам-улам кайталап айтып атканы эсине түштү. Бирок, анын боюнда бар деп айтайын десе, экөө эрди-катынча чогуу бир жуурканга жуурулушуп жатпаганына абдан көп убакыт болбоду беле. Эгерде Замира доктур айткандай чындап эле кош бойлуу болсо, курсактагы баласы менден эмес деп ойлогон Алмаз: - Боюнда бар-жогун УЗИден бөлөк дагы кантип текшерсе болот? - деп сурады доктурдан. - Азыр аптекаларда кош бойлуу экенин далилдей турган тесттер сатылат. Он мүнөттүн ичинде аялдын боюнда бар жогун далилдеп берет, - деди доктур аял. Ушуну эле күтүп турган Алмаз дароо эле: - Сиздер кетпей туруңуздар, мен азыр барып ошол тестти алып келе калайын. Эртеңкиге чейин УЗИге түшөт деп күтүп жүрөлүбү, Замиранын силер менен ооруканага баргысы келген жок. Мен тез эле келип калам,- деген Алмаздын сөзүн уккан Замира: - Андай тесттин кереги жок! Эртең эле бейтапканага барып УЗИге түшөм, - деди шашкалактай. Бирок, эри анын сөзүн уккан жок. Сыртка чыгып, жакын жайгашкан аптекалардан алиги тестти тез эле сатып келе калды. - Мага кереги жок деп айтпадым беле, аны эмнеге сатып келе калдың! Мен өзүмдү жакшы эле сезип калдым, доктурлар кете беришсе болот. Антип, боюмда бар жогун текшербей эле койгула! Боюмда жок, мен өзүм билем го! - деп Замира текшерилгиси келбей чалкасынан кетти. Бирок, доктурлар бир жагынан, экинчи жагынан Алмаз чыгып атып акыры тест менен текшерүүгө макул болду. Анүстүнө доктур да бул тест 99 пайыз туура айтат дегенин угуп, туура эмес чыгып калды деп шылтоолоп коеюн деген ойго жетеленди. Антпесе, азыр Алмаз менен доктурдан кутула турган түрү жок экенин сезди. Тестте жазылган инструкция боюнча Замирадан анализ алып, он мүнөт күтүштү. Доктурлар айткандай эле Замиранын кош бойлуу экени тестте далилденип чыкты. - Мына, айтпадым беле. Кош бойлуу турбайсыңбы, бул канчанчы балаң? Эми өзүңдү жакшылап кара. Алдагынтип болбогон нерсеге капаланып, кейибе. Эртеңден калбай, бейтапканага барып, учетко тур, анализдериңди тапшырып доктурлардын көзөмөлүндө болосуң,- деп "тез жардамдан" келген доктур аял Замираны эс алдырып, ага кеңеш айтып кетип калды. Доктурларды короого узатып чыккан Алмаз: - Жанагы тесттин жаңылып калышы мүмкүнбү? - деп сурады. Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|