![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №49, 04.07.08-ж. |
Бир бүркүн кабар Бүгүн Бишкекте адамдардын тынч митингге чыгуу укуктары боюнча чукул жыйын өтөт. Ал эми Консот дал ушул маселе боюнча укук коргоочу А.Абдрасулованын арызын канааттандырды. Апрель митингисин ачкан ачкачылык акциясына катышып, кийин мамлекеттик мекемеде каза тапкан нарындык Б.Акуновдун уулу ИИМ жана Каржы министрин 1 млн. АКШ долларына сотко берди. "Атамекен" партиясы борборазиялык чөлкөмдө алгачкылардан болуп Социалисттик интернационалдын мүчөлүгүнө өттү. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы жаңы жетекчилүү болду. Мурдагы Н.Матыев мырзанын ордуна Ош жергесинен чыккан Мавлян Амракулов олтурду. Келерки жылы да Меккеге 4500 кыргызстандык аттанмакчы. Өлкө муфтияты азыртан даярдык көрүп, республикалык жана облустук штабдарын түзүп койду. Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназия берген билими менен өз статусуна жооп бербейт. Бул боюнча билдирген тийиштүү министрлик аталган мектептин окуучулары олимпиада жана конкурстарда ийгиликтүү жыйынтык көрсөтпөгөндүгүн белгилөөдө. Москва мамлекеттик тил университетиндеги кыргыз тили бөлүмү алгачкы карлыгачтарын учурду. Кыргыз тилин "чагып" калган россиялык 8 студент дипломдорун колго алышты. Бишкектеги аз камсыз болгон 4 миң үйбүлө биринчи сорттогу ундун килосун 20 сомдон сатып алалышат. Мындай көмөк берүүгө буйрукту шаар мэри чыгарган. Борбор калаада учурда 136 көп кабаттуу турак жай курулууда. Арасында жеке каражатка курулганы да, мамлекетке тийиштүүсү да бар. Ал эми шаар казынасынан курулушка 249,2 млн. сом гана каралган. Электр энергиясы кайрадан чектөө менен берилиши мүмкүн. Себеби, июнь айында да эл тарабынан электр энергиясы ашыкча сарпталган. Ош облусуна караштуу Карасуу районунда сибирь жарасы катталды. Учурда аймакта карантин жарыяланып, калкка аталган дарт боюнча тийиштүү мекемелер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. "Де-факто" гезитинин баш редактору "жалган маалымат тараткан" деген айып менен сыртка чыкпоого милдеттендирилип, ал эми ушул эле иштин тегерегинде жана ушундай эле айып менен укук коргоочу Качкын Булатов 48 саатка камалган. Түркияда практикадан өтүп, туристтик фирмалардын биринде гид-котормочу болуп иштеп аткан 22 жашар кыргыз кызы Алания-Анталия авто жолунда автокырсыктан каза тапты. Бул боюнча кечээ Түркиядагы кыргыз консулдугу кабарлады. "Агым-пресс" 26-июнда Бишкек шаарынын Бах-Каракоо көчөлөрүнүн кесилишинен түнкү саат 22лер чамасында белгисиз маркадагы автомашина европа улутундагы 35-40 жаштагы адамды койдуруп, изин жашырып кеткен. Алган оор жаракатынан улам жабырлануучу окуя болгон жерден көз жумган. Учурда маркумдун аты-жөнү тактала элек. Окуяга күбө болгондор, же бул сүрөттөгү татуировканы мурда-кийин көргөндөр болсо: 53-01-83, 0543-06-82-18 номерине телефон чалып коюңуздар. 2005-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарынын Каражыгач жаңы конушундагы Горький көчөсүнөн белгисиз маркадагы автомашина жолдо кетип бараткан Б.Турдиеваны койдуруп качып кеткен. Жабырлануучу ошол жерден жан берген. Ал эми адам өмүрүнө забын болгон айдоочу азыркы убакка чейин жазасын албай, эркиндикте жүрөт. Ошол окуяга күбө болуп, айдоочуну, автомашинаны таанып-билгендер болсо: 0312-53-01-83, 0543-06-82-18 телефон номуруна номуруна билдириңиздер. 1-июль күнү Талас облусунун Карабуура РИИБсинин изкубарлары өз энесин уруп өлтүргөн 33 жаштагы зөөкүр С.Судовцовду кармашты. Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, 27 жаштагы лейтенант Жолдошбек уулу Эркинди кызмат учурунда артынан белгисиз кылмышкер үнү чыкпаган ок атуучу курал менен аткан. Алган оор жаракаттан улам милиционер көз жумган. Кылмышкердин ким экендиги такталууда. 2-июль күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Сарбан айылынын тургуну, 39 жаштагы Т.Акжолтоевди аялы Н.Кайранова үйбүлөдө чыккан чырдан улам бычак менен сайып өлтүргөндүгү үчүн темир тор артына отурду. Россия Федерациясынын Новосибирск шаарынан ашказанына 800 грамм капсула түрүндөгү наркотикти жутуп, Оштон самолет менен учуп барган кыргыздын атуулу кармалды. Балыкчы-Чолпоната-Каракол автожолунан 1-июлда "Тойота-Виндом" автомашинасынын айдоочусу, велосипед тээп бараткан 42 жаштагы А.Жапаровду койдуруп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден көз жумган. Дүйнөкүн ЫРДҮЙНӨ. Легендарлуу "Битлз" тобунун 44 жыл мурун телевидениеге берген эң алгачкы интервьюсунун пленкасын таштандылар контейнеринен Ричард Джефс аттуу адам таап алган. Тогуз мүнөттүк интервью 1964-жылдын 30-апрелинде Шотландиянын STV каналынан көргөзүлгөн. Эң кызыгы, 40 жылдан ашуун убакыт нымда турган контейнерди дат басып калганына карабастан, 60 миллиметрлик пленка аман калган. КРИМДҮЙНӨ. Колумбиянын Кенневик шаарынын жашоочусу, 23 жашар Фьенгчаи Сисува Синхавонг айым 27 жашар кош бойлуу Арасели Камачо Гомести машинесине алдап түшүрүп өлтүргөн да, дароо ичиндеги баласын кесип алган. Мындан кийин мыкаачы аял "Тез жардамга" чалып, бала төрөдүм деп кабарлаган. Анализ жана кылдат текшерүү Синхавонг эч качан кош бойлуу болбогонун аныктаган. Жүрөк үшүн алган шартта төрөлгөн ымыркай азыр оор абалда госпиталдаштырылды. Синхавонг Жогорку Соттун чечими менен камакта. Ага өлүм жазасы буйрулушу мүмкүн. ШАҢДҮЙНӨ. Калининградда өткөн үйбүлөлүү айымдардын сулуулук конкурсун украиналык Наталья Шмаренкова жеңип, "Миссис Мира-2008" аталды. Сулуу жарлардын конкурсу 30 жыл мурун америкалык ишкер Дэвид Мармел тарабынан негизделген. КОРДҮЙНӨ. Амур облусунда жалгыз уулунун өмүрүн сактап калуу үчүн баңгизат сатуу менен алектенген Шапошниковдордун үйбүлөсү беш жылга эркинен ажыратылды. Бала төрөлгөндө эле оорулуу болуп, анын дарылануусу үчүн ири суммадагы акча талап кылынган. Айласы кеткен Екатерина менен Андрей токойдо, талаада өскөн апийимди терип, кургатып, сата башташкан. Мындан эки жыл мурун жубайлар мыйзамсыз ишин токтотушкан. Бирок баланын оорусу күчөгөнүнөн улам, айласы кеткен ата-эне апийим сатууну кайра башташкан. БАЙДҮЙНӨ. Нью-Йорктогу бир катар отелдердин жана башка кыймылсыз мүлктөрдүн ээси, миллиардерша Леона Хелмслей өз байлыгын сүйүктүү ити Траблга жана бир нече жаныбарлар фонддоруна мурастаган. Анын 2003-жылы түзүлгөн мурас кагазында 5 миллиарддан 8 миллиард долларга чейинки акча суммасы иттерге кам көрүү үчүн пайдаланылышы керек деп жазылган. ЖИНДҮЙНӨ. Россиянын Тула облусунда арактан көзү тумандаган 29 жашар Павел Мукашев 5 айлык уулун "эркек" кылып тарбиялоо максатында сүт ордуна арак берип, өлтүрүп алган. Экспертиза суюктук курамында пиво менен 8%дуу этил спирти бар экендигин аныктады. Ымыркай мындай "коктейлди" көтөрө алган эмес. Организмден 3,5 промилле деңгээлиндеги алкоголь табылган. Ал эми бул көрсөткүч наристе эмес, чоң кишини да "алкоголь комасына" түшүрөрү белгилүү. www маалымат булактарынан даярдаган Канышай Бешбаева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|