![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №49, 04.07.08-ж. |
Сейил маек Саясатка "үйлөнгөн" социалист Өмүрбек Текебаев: "Дале "кычыраган "жаш "жигитмин" (Башы 12-бетте) - Чыгыш жаатында жана да кеп козгоп кеттиңиз. Жубайыңызга аяр мамиле жасап, туулган күндөрүндө шам чыракты жандырып алып куттуктайсыз дагы, ошол эле убакта чыгыштын жазылбаган мыйзамдарына салгандайсыз. Аялыңызды кызганасысызбы, эгер ошондой болсо, кандай критерийлер менен? - Айгүл - намыстуу, жоопкер адам. Тескерисинче, ал мага: "Эл көрсө эмне дейт?" же кээде балдарга: "Жаман окусаң, фамилияңды билген мектептегилер эмне дейт?" деп өзү үчүн гана эмес, биз үчүн да статустун рамкасын чектеп берет. Үйдөгү балдар кичине кезде, 2000-жылга чейин үйдөгү таштандыны өзүм көтөрүп чыгып төккөндү жактырат элем. Көчөдөн чакалап суу ташып келчү элек. Анын баарын аялым урушуп атып калтырды. - Саясатчылар арасында өтө жарашыктуу кийингениңизди белгилешет. Бул кыязы, жеңебиздин эмгеги өңдөнөт?.. - Ооба, жогоруда айтып өткөндөй, кийимди да Айгүл аныктайт. Акыркы кезде, анын тилдегенине карабастан, спорттук стилге өтүп алдым. Абдан ыңгайлуу. - Коомдо көрүнүктүү болгон соң, кумир туткан кыздар, жактырган аялзаты болот. Досторуңуздун айтуусунда, аял кишилер менен сүйлөшүүгө жок деп калышат. Же өз беделиңизден чочулайсызбы? - Ушул темада сүйлөшкүм келбейт. - Хоббиңиз барбы? - Эсалганды билбейм. Андай маданиятым жок. Эски сүрөттөрдү, мурда окуган китептерди барактаганды жакшы көрчүмүн. Себеби, замандын шарынан четтеп, өткөн элестерге кайрылып барганга мүмкүндүк берер эле. Акыркы жылдары Интернет барактайм. - Башкалардан айырмаланып неге спорттун бир да түрү менен машыкпайсыз? - Жаш куракта спорттун бир нече түрү менен машыгып жүргөм. Ошонун күүсү менен азыр да денсоолугум жакшы эле. Адамдар менен көп аралашпайм. Спорттун көп түрү компанияны талап кылат. Мисалы, бильярд ойноо шылтоо гана, ал жерде өзүнчө эрежелер бар. Мисалы, Мелис футбол ойнойт. Тааныбаган топко барып эле мен он биринчи болоюн деп кошулалбайсың да. Ага туруктуу команда керек. Чоң тенниске барайын десең, туруктуу өнөгүң болуусу зарыл. Саясатта чөйрө тез-тез алмашып турат экен, кечээги достор бүгүн жок. Кечээ эле саламдашпайм го деген адамдар менен бүгүн бирге олтуруп, көгүчкөндөрдөй сүйлөшүп калат экенсиң. - "Кечээ бар да, бүгүн жок" дегендей, турмушта сатып кеткендер көп эле болгондур. Жакын достор, саясатчылар, санаалаштар дегендей. Аларга катуу таарынып, кек сактайсызбы? - Философ болуп калат экенсиң. Балким, алгач таарынарсың. Ызаланып, сөгүнүп аларсың. Экинчисинде, кейийсиң. Эгер төрт-беш жолу кайталанса, турмуштун нормасы катары кабылдап каласың. Ушундан улам бир окуяны эстейм. 2002-жылы конституциялык реформа жасайлы деп Аскар Акаевди көндүрүп, мен комиссиянын төрагасынын орунбасары болуп, тарых жасадым деген тейде жүрсөм, бир күнү президент макулдашылбаган, өз вариантын алып чыкты. Белгилеп коюш керек, ошондо комиссиянын мүчөлөрү нааразылыгын айтууга Баекова, Усубалиев, Масалиев, Эркебаев, Бөрүбаев чогулуп барышкан. Ошондо Акаев кабинетинен чыкпай койгон. Бир сааттай туруп калдык. Мен бакылдап, ал жерде далай сөздөрдү айттым. Лифтке келгенде деле ачуум басылган жок. А.Эркебаев, А.Бөрүбаев үчөөбүз лифтке бир түштүк, анда Абдыганы аке: "Өмүрбек, сени президент биринчи жолу ушундай абалга салды, а биз 15 жылдан бери ушинтип жүрөбүз" деп күлүп калды. Ошондо алар философ болуп калышкан экен деп ойлоп калдым. - Базаркоргондун бир айылында, пахтазардын арасында чоңойгон баланын кызык адаты бар деп калышат. Америкалыктардын кока-коласына муздан арбын салып ичкенди кандайча жактырып калдыңыз? - Негизи эле муздак суусундук ичүү балакезден калыптанган. Анткени, мал кайтарсак, пахта талаада жүрсөк, суусайбыз. Апаларыбыз чийки суудан ооруп калбасын деп чайды чакалап кайнатып, муздатып коюшар эле. Көрсө, ошондо эле бизде муздак суусундукту баалашчу тура. Азыр аны чет өлкөлүктөр бөтөлкөгө куюп сатып, бизге үйрөтүп атышпайбы. - Ыраматылык Р.Акматбаев аянтка келип, ага жалгыз басып келгениңиз, кийин залда М.Султанов экөөңөрдүн ортоңордо болгон окуя жана К.Бакиев менен бири-бириңерди жеп ийчүдөй кепти айтышып калганда, саясый кумарпоздор азыр: - "Ошондой жагдайда Текебаев мушташа алат беле?.." дегендей талкуу жасап калышат экен… - Жаш кезде жакшы эле мушташчумун. 20-25 жылдан бери мушташа элекмин. Канчалык конфликттик жагдайлар болбосун, мушташууга чейин жеткен жокмун. - Саясаттан үйдө жай олтуруп кино көрүүгө убакыт артабы, азыркы попса музыканы угасызбы, кээде уулуңуздан талашып компьютердик оюн ойноп каласызбы? - Көркөм тасмаларды, илимий-популярдуу фильмдерди көрөм. Балким, хоббиге ушул дагы кирип калды. - Мончо-сауналарга барасызбы? - Жок. Досторум менен барганым өтө сейрек. Мага үйдөгү ванна жетиштүү. Азыр саясатчылардын да, депутаттардын да бара турган мончосу, тобу да анык экен. Атайын даярданып, "эртең мончого барабыз" деп тамшанган адамдар бар экен. Бул дагы коллективдүү эсалуу. Баарлашуунун, маалымат алмашуунун бир жолу экен. Менин чөйрөм - саясатчылар. Алар менен саясатта таанышып, мамиле түзүп жүрөм. Бирок, алар мончого башкалар менен барышат. Менин досторум айылда калган. - Коллективдүүлүктөн качарыңызды кайра-кайра кайталап атасыз. Балким, өтө эле жалгыздыктын адамысыз?.. - Жаш кезимен түнт болуп өскөм. Эл алдына чыгып сүйлөрүмө деле көп адамдар ишенген эмес. 1990-жылы алгач ирет элге чыгып сүйлөгөм. Башкалар үчүн эле эмес, бул өзүм үчүн да таңгалыштуу болгон. - Акча, байлыкка кандай карайсыз? Байлык канчалык деңгээлде бактылуулуктун критерийин камсыздайт? - Мен үчүн акча - биринчи кезекте, көзкарандысыздыктын каражаты. Бүт Кыргызстанга белгилүү кичи ГЭСибиз бар, аялыма таандык. Туруктуу, расмий, ачык кирешебиз бар. Күнүмдүк жашоого жетет. Чакан нерсеге канааттанган үйбүлөбүз. 1995-жылдан бери Бишкектебиз. Дүңгүрөтө эмес, чакан той да бергенибиз жок. Жоро-жолдоштор менен ири иш-чара да өткөрбөдүк. Депутаттык маянага топук кылуу менен жашадык. Эмне үчүн айрым адамдар өз позициясын өзгөртүп, бийлик менен соодалашып, компромисске барышат? Балким, алар көптү үмүт кылышар. Кээлери өз статусунан төмөн түшүп калышты өлүмдөн да катуу көрүшөт. Төрагалыктан түшөр замат дароо келип, депутаттар катарынан орун алдым. Айрым адамдар кызматтан кеткенин трагедия көрүп, айлап элге аралашалбай үйүнөн чыкпай калат. Менде андай комплекс жок. Эки-үч жолу - губернатор орунбасарлыгынан, вице-спикерликтен, андан соң спикерликтен өз ыктыярым менен кеттим. Менде эч кандай өзгөрүү болгон жок. Эң негизгиси, айлана-чөйрө да аны табигый кабылдашты. Бул - ошол чөйрөнүн жакшылыгы. - Өз ыктыярыңыз менен кетүү салтыңыз бар экен. Оппозициядан өз ыктыярыңыз менен кетип калуу оюңуз жокпу? - "Дайым эле сындап, эч нерсени жактырбайт" деген адамдар бар. Кээде чарчап, мага не кереги бар деген собол эзет. Мындай алсыз ойлор кыска убакыт гана чырмайт. Бирок, тарых алдында чоң саясатчылардын, бизнесмен, ал гана эмес, карапайым адамдарда да жоопкерчилик болушу шарт. Жеңилип, чарчап, багынып бергениң болбойт. Доке (Садырбаев - ред.) жеңилбей кетти дешти көпчүлүк. Ушундай өмүр соңуна татыктуу жашаш керек. - Өз позицияңыздан тайбай, өзүңүзгө гана таандык чындыктын алкагында жашап, балким, көп нерседен кур калып жаткандырсыз? - Албетте. Турмуш - бул өзү тандоо. Адам өзү тандап алат. Кээде өз эрки менен, кээде аны кырдаал өзү ошол жолго салып коет. Эки нерсе бир учурда болгону чанда. - Тагдыр, бешене, астрология, жазмыш дегенге ишенесизби? - Кудай кааласа деген сөздү акыркы кездерде көп айта турган болдум, бул айла кеткендеги иш экен. Көзачык дегендерге ишенбейм. Эгер ал чын болсо, мени эбак жүз жолу дубалап окутуп, жүз жолу акылымдан адаштырмак. Бирок, мүнөз адамдын стратегиялык тагдырын аныктайт. Албетте, окшош мүнөздөгү адамдар көп, бирок, тагдырлары ар башка. Себеби, ар кандай чөйрөгө туш болот, ар кандай кырдаалга ар башкача реакция жасайт. Менден мисалы, төрагалыктан кеткениме өкүнөр-өкүнбөсүмдү көп сурашат. Мен өкүнбөйм. Көп адамдар маңыз үчүн эмес, формасы үчүн жашашат. Ошол окуяны мен эң чоң сабак деп эсептейм. Кызматтан кетип аткандагы сөзүмдү мен абдан маанилүү деп санайм. Ал сөздү кийин айтсам, же мурун айтсам, же башка бирөө айтса, андай мааниси болбойт болчу. Анткени, ал өз саатында, өз маңызы менен өз ордунда айтылганы менен мааниге ээ. Адамдын тагдырын кырдаал аныктайт. Эгер андай кырдаалга кабылбасам, мен ал сөздү айтмак эмесмин. Ал сөздү Асан да, Үсөн да айталмак. Бирок, алар эч качан айталышпайт. Себеби, ошол кырдаал мага гана туш келди. - Өзүңүз менен өзүңүз калганда кандай ойлор басат? Өмүр-өлүм, жакшылык-жамандык, бул дүйнөгө жаралганыңыз туурасында акыл калчайсызбы? - Азырынча ага менде убакыт жок. Аны ойлонуш үчүн жашоо образымды кескин өзгөртүп, дервиш-философтук образга киришим керек. Активдүү саясатта күнүгө кызыл-чеке талаш. Бул жерде түбөлүктүүлүк жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт аз. Бул футбол оюнундай тынымсыз өзгөрүп турчу процесс. Мында бир саамга да токтоло албайсың. Маек курган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|