![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №49, 04.07.08-ж. |
мээчакмай Бал тил балалык Салоомалейкум!.. Айдар 4 жашта. Бала бакчага барат. Бакчадан кийин кээде "апасы иштеген "Агымга" келип калат. Бир күнү ал редакциянын алдында ойноп атса, гезиттин кожоюну Бегалы Наргозуев "Агымдан" чыгып бараткан экен. Айдар тык токтоп карайт да, анан чуркап барып "Салоомалейкум" деп колун сунат. Депутат мырза алик алып, башынан сылап, тез баскан боюнча кетет. Айдар болсо күзөттө турган жигитке чуркап келип: - Мобу мен салам берген киши Бакиев да, ээ? - дептир... Андигидоттор Студент амалы Студент: - Агай, үч суроонун бирөөсүнө да жооп бералбайм. Акыйкат болуш үчүн мен сизге дагы үч собол узатайын. Жообун таба алсаңыз, мага "2" койосуз. Болбосо, "5". Макулсузбу? - Сүйлөштүк. - Акылга сыйбаган, бирок мыйзамдуу үйбүлө? Нормалдуу, ошол эле маалда мыйзамсыз жашоо? Бир эле убакта ойго келбеген, законсуз көрүнүштү айтыңызчы? Башын тырмаган профессор аргасы жок "5" коюп, анан жообун айтышын өтүнөт. - Маселен, - дейт анда студент. - 70 жаштан ашканыңызга карабай небереңиздей болгон аялыңыз бар. Бул акылга сыйбаган, бирок, мыйзамдуу үйбүлө. Албетте, жаш келиндин ойношу бар экендиги нормалдуу, бирок, мыйзамсыз жашоо болуп эсептелет. Ал эми мындан бирнече мүнөт мурда ошол ойношуна "5" деген бааны балчайта койгонуңуз законсуз, ошол эле маалда ойго келбей турган көрүнүш болуп атпайбы… Ким бактылуу? Аялы менен күйөөсү сүйлөшүп атат. - Биздин кызыбыздын колун дароо эки адам сурап келиптир. Бири инженер, экинчиси журналист. - Анда кимисинин бактысы ачылат экен? - Журналисттин. Себеби, кызыбыз инженерге турмушка чыкмак болду. 100 грамм ГАИшник айдоочуну атайын аппаратка үйлөтүп: - Тү-үй, ата! Кызылдай мас турбайсызбы! - деп алаканын ушалай сүйүнөт. - Бир грамм оозума алсам өлөйүн. Ишенбесеңер аялымды текшергиле, - дейт моюн сунгусу келбеген машиненин ээси. Текшеришсе, аялы дагы ичкен болуп чыгат. - Бул аппаратыңар такыр туура эмес иштейт турбайбы. Ишенбесеңер беш жаштагы баламды дагы текшерип көргүлө, - деп күйпөлөктөйт айдоочу. Жыйынтыгында наристе дагы ичкилик ичкен болуп чыгыптыр. Эчнерсе түшүнбөгөн милиция кызматкери кечирим сурап, аппаратты текшерүүгө жиберет. - Жармакан, меники туура бекен? 100 граммдан балабыз эчнерсе болбойт деп айтпадым беле! - деп жөнөп кетишиптир. Толкундануу Эки террорист бир жерди жардырганы баратат. Шарт боюнча экөө тең жардыруу менен кошо өлүшү керек. Биринчиси: - Ачыгын айтчы, толкунданып атасыңбы? - деп сурайт. - Албетте, өмүрүмдө биринчи жолу жооптуу ишти аткарганы баратсам… |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|