Коомдук-саясый гезит
№49, 04.07.08-ж.





  Ой_ба_ай...

Казак кызы
Гога Ашкенази:
"Аял затынын аңсаганы - мен"
Елизавета экинчинин уулу принц Эндрю бул жаш аялга көпкө көксөп жүрүп жетти. Гога Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөөбаласына уул төрөп бергенден үч күндөн кийин экөө жолукту.


Март айынын аягында Британиянын эң белгилүү гезиттеринин аксөөктөр турмушуна арналган бөлүмү Казакстанда туулган 28 жаштагы Гөөхар Беркалиева тууралуу безилдеп жазып чыгышты. Арийне, ал келин көптөн бери өзүн антип атабайт. Ал өзүнө чын эле эсте каларлык Гога Ашкенази деген ылакап ат коюп алган. Аскотадагы атактуу атчабышта королева Елизавета экинчиге да ошентип тааныштырган. Анда өткөн жылдын июну болчу. Тааныштырганда да Улуу урматтуу канайымдын 47 жаштагы уулу принц Эндрю өзү тааныштырган.
Ошондон бери бул чыгыш сулуусу менен англия ханзаадасын байланыштырган кандай күч экендигин чагалбай британ басмасөзүнүн башы маң. Эндрю экөөбүздүн ортодо ишмердик кызыкчылыкка байланыштуу достук мамиледен башка эчнерсе жок деп келет. Антейин десең, ошолеле Аскотадагы өзү жакшы көргөн кытай ресторанында жашыруун жолугушуптур. Алар атайын даярдалган бөлмөдө үч саат болушту дешет. Бул күн 2007-жылдын 30-декабры, б.а., Ашкенази алгачкы чүрпөсүн төрөгөндөн үч күндөн кийинки окуя. ?


"Формула - 1" боссу менен Батыш Европага саякат
2002-жылы дүйнөгө белгилүү каратамандардан чыккан Флавио Бриаторе бул аял менен таанышып калат. "Формула - 1" классындагы автожарыш өткөрүү укугуна эгедер бизнесмен жакшынакай аялдарды көргөндө жантыгынан жата калчу. Бир катар супермоделдер менен оттой кызуу романдарды өткөргөн.
Абалы ал жаңы таанышын Нурсултан Назарбаевдин кызы деп аябай ишенди. Кыязы ал ишеним Ашкенази күйөөгө алгач кантип тийип, кантип ажырашканын айтып бергенден кийин пайда болсо керек. Айдар Акаевдин биринчи аялы тууралуу Батыш басмасында кеп деле болгон эмес, экинчи аялы - Назарбаевдин кичүү кызы Алия тууралуу аябай уу-дуу түшүшкөн.
Бриаторе Ашкеназини Жер Ортолук деңизине саякаттатты. Ал жайда миллионердин яхтасы көбүнесе Сардиния жээгинде турду. Гога Флавионун жанынан чыкпай, көптөгөн жолдоштору менен таанышты. Кыязы ошону менен Бриаторе Ашкеназиге Батыш Европа каймактарынын каалгасын ачып берди өңдөнөт. 57 жаштагы Бриаторе Н.Назарбаевдин кызы эмес экендигин билгенден кийин Гоганы таштап кетти.
Гога бирдемени күтүш керек эле. Ошентип турмуш аны Назарбаевдин дагы бир күйөөбаласы менен жолуктуруп атпайбы!
Карачач Гога Британиянын азем турмушунун убайын абдан көрүүдө. Арендага алган Сурреедеги үйү аксарай стилинде. Ошолеле учурда Лондондун Холланд-паркында анүчүн 28 миллион фунттук үй курулуп атат. Өзүнүн чарба башкаруучусу, шоопуру, үй кызматкерлери, шеф-повары ж.б. бар. Негизги максаты - уулу Адамды чыныгы адам кылып өстүрүү. ?

Гога 18 жашында
Айдар Акаевге турмушка чыккан
Жок, Гоганын уулунун атасы принц Эндрю эместиги анык. Антсе да ал бала жарык дүйнөгө аркандай айың сөздү арбын алып келди. Метиркеси боюнча Адам Беркалиев 2007-жылдын 27-декабрында Лондондогу Грейт-Порт-ленд-стрит ооруканасында төрөлгөн. Наристе никесиз төрөлгөнү менен документинде атасы - Тимур Кулибаев деп жазылган. А Кулибаев дегенибиз нефть магнаты, миллиардер жана Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөөбаласы!
Бул Чыгыштын табышмактуу сулуусу тууралуу британ гезити News Of The World ("Дүйнө жаңылыктары") биртоп эле толук маалымат чогултту. Гога Ашкенази Лондондо жашаганына мына, 15 жылдын жүзү болот. Билимди бул жерден алган. Лондондогу "МунайГаз инжиниринг" казак нефтегаз компаниясы офисинде баш аткаруучу менеджер болуп иштейт. Фирма Казакстан аркылуу нефть жана газ түтүктөрүн куруу менен шугулданат. Гога ал кызматка Кулибаев менен оттой ойношчулуктун аркасында жеткен. Ал качан башталганын айтуу кыйын. "Форбс" Америка журналынын айтуусуна караганда, Тимур Кулибаевдин байлыгы 2,4 миллиард долларды чапчыйт. Ал Н.Назарбаевдин ортончу кызы Динарага үйлөнгөн, эки баласы бар. Таятасы алардан эчнерсе аябайт дешет.
Арийне, бир жыл мурда Тимур менен Динара Түркияга эсалууга барат. Ашкенази да алардан көлөкөдөй калбайт. Ал Тимурдун яхтасында жашап, эрди-катындын кыйыр эткен кыймылынан өйдө кыл жылдырбай аңдып туруптур.
Лондон офисиндеги чоң орунга да ошол саякаттан кийин отуруптур. Британ гезити жөнөкөй арифметиканын негизинде ошол Түркиядагы отпускада боюна бүтсө керек деген жыйынтык чыгарат. Бери калганда принц Эндрю чыгыш сулуусун энеси Елизавета экинчиге тааныштырган мезгилде Ашкеназинин боюнда үч айлык бала бар болчу.
Гоганы жакындан тааныгандар 13 жашында энеси Сауле Аралбаева менен келип, Лондонго буту тийип-тиелекте эле бийликтин бийик бутагындагыларга жетүүгө аракет жасаган дешет. 18 жашка толуп-толбой 1998-жылы андагы Кыргызстан президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге турмушка чыгат. Алардын никеси көпкө узабайт, тек анын ортосунда бу сулуу Оксфордго өтүп, жаңы тарых менен экономиканы өздөштүрөт.

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan