Коомдук-саясый гезит
№49, 04.07.08-ж.





  Тып…тып…тып..

"Темир тор" телеберүүсүнүн автору жана алпаруучусу Назгүл НАСИЕВА автокырсыкка кабылды. Машинеси гана кыйраганы болбосо, Кудайга шүгүр, өзү эсен-аман.

Аида БАЯКОВА жакында кайрадан эстрадага билек түрө киришмекчи. Ал эми аспирантураны Филармонияда оркестрдин коштоосунда концерт берүү менен ийгиликтүү аяктап, учурда бир аз дем алып турган чагы.


Замира МОЛДОШЕВА стилист гана эмес, модельер катары да бул жумада өз күчүн көрсөттү. Быйылкы олимпиадалык оюндарга катыша турган спортчуларыбыз Замира айымдын командасынын ой-туюм, кол эмгегинен чыккан спорттук формаларды кийише турган болушту.


Замир МЫРЗА ушул жума ортосунда 26 жашка толду. Күйөрман кыздар ырчынын короосунда токтоп турган машинесине кайдан-жайдан жол таап, эрин боегуч менен узун куттук саптарын жазып калтырганы кызык.


МИКАЭЛЬ келерки жумада Анталияга аттанат. Эргүү алып, күч топтоп кайтмакчы. Анан да жаңы бир ырына дал ошол эсалуу аймагынан клип да тартылып калышы ыктымал.


"Достор" чыгармачыл тобу "Жооптуу кадам" аттуу тасмага тартылууга кастинг жарыялайт. Өз актерлук чеберчилигине ишенген 14-18 жаштагы кыздар жана 17-20 жаштагы жигиттер (0312) 55 62 07, 0777 56 26 20 (Тилек), 0773 17 65 46 (Бахтияр) номурлары боюнча кайрылсаңыздар болот.


Айя САДЫРОВА жакында Көл жээгиндеги эларалык "Fashion TV" каналынын кечесинде ыр тартуулады. Аталган каналдын Кыргызстанга биринчи келиши. Айяны адаттагыдай, "МКД" тобу коштогонун кошумчалайбыз.


Продюсерлер майрамы (1-июль) белгиленбей калды. Сураштырсак, ар кимиси өз иши менен. Кызык, алар былтыр келерки майрамды Ысыккөлдө, теплоходдо белгилейбиз деп убадалашышкан эле.















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan