![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №49, 04.07.08-ж. |
ПЕНДЕШААР Миң түркүн адам Махмуд АХМАДИНЕЖАД Иран президентинин Римге болгон иш сапары өмүрүнө кол салуу менен коштолгону белгилүү болду. Президент аппартаменттерин текшерген адистер бөлмөдөн рентген нурлары бөлүнүп чыгарын, ал нормадан 1000 бирдикке көп экендигин аныкташкан. Бул жыл башынан бери Ахмадинежадга болгон экинчи кол салуу. Президенттин өзүнүн билдирүүсүндө, АКШ бийлиги аны март айында эле Иракка барганда өлтүрмөк. Бирок иш сапардын тартиби өзгөрүп кеткендиктен, арам ой ишке ашпай калган. Виктор ЮЩЕНКО Украинада президенттин уулануусунун жаңы версиясы жаралды. Ал боюнча маалыматты экс-соратник Давид Жвания айтып чыкты. Көрсө, мээ менен беттин байланышын камсыз кылган нервине суук тийгенинен улам жабыр тартыптыр. "Виктор Андреевич алгач панкриатит оорусу менен Австрия ооруканасына жаткырылган. Айрым дарылардан иммунитети төмөндөп, нерви сезгенген да, ал бетинин ассиметриясын жараткан", дейт Жвания. Майк ТАЙСОН Атактуу мушкер эми буюртма өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталууда. Нью-Йорктун бир бандасынын үстүнөн болуп жаткан сот процессинде күбөлөр Тайсондун адам өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар деп жар салышты. Ал эми Майк расмий түрдө бул билдирүүлөрдүн жалган экенин айтып, баш-аягы жок чуулгандуу окуялардан тажаганын билдирди. Эдита ПЬЕХА Имиштерге караганда, ырчынын саламаттыгы концерттик ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүнчүлүк бербей жатыптыр. Андыктан Эдита Пьеха эстрадалык карьерасына чекит коюну чечкен. Белгилүү болгондой, ушу тапта Пьеха Санкт-Петербург шаарында, 31-июль туулган күнүндө өтө турган акыркы концертине даярданып жаткан чагы. Андан соң ырчы мыйзамдуу эс алууга чыгат. Усама бен ЛАДЕН ?1 террорист өлүм алдында жатат, деп жазат "The Time" басылмасы ЦРУнун билдирүүсүнө таянып. Аталган уюм бен Ладендин ичкен дарыларынан жана аларды ашыкча ичүүдөн улам ушундай жыйынттыкка келген. Эгер ЦРУнун айтуусуна ишенсек, Усама бен Ладен 2009-жылга чейин жарык дүйнө менен кош айтышат. Ал эми мурда бул жерде иштеп кеткен бир катар тажрыйбалуу кызматкерлер "Медициналык картанын негизинде эле жогорудагыдай бүтүмгө келүү опурталдуу" деп билдиришкен. Филипп КИРКОРОВ Эстрада жылдызынын онкологиялык оорусу жөнүндөгү маалыматтар тарады. Ал эми ырчынын пресс-атташеси Ольга Алексееванын айтуусу боюнча, Филипп чынында эле онкологиялык борборго кайрылган. Алгач денсоолугунун начарлашына көңүл бурбаганы менен, барган сайын кыйналып, врачтарга кайрылууга мажбур болгон. Кылдат анализден өткөн соң, анын лимфа түйүндөрүндө онкологиялык шишик бар экендиги аныкталды. Азыр Филипп Киркоров дарыгерлердин акыркы жыйынтыгын күтүп жатат. Карла БРУНИ Франция биринчи айымынын жаңы ырлары эларалык жаңжалдын себепчиси болгону калды окшойт. Колумбиянын Франциядагы элчиси Карланын ырларынын бириндеги "Сен Колумбия баңгисинен да кооптуусуң" деп жигитке кайрылган арзуу саптары Колумбия үчүн абдан оор тиерин билдирген. Карла Брунинин чыгармачылыгы, негизинен ырчылык өнөрү француздар тарабынан да терс кабылданып жүрөт. Максим ГАЛКИН Айтылуу пародист-куудул салмак кошуп курсак байлай баштаганынан улам, Алла Пугачева сүйүктүү жылдызынын келбетине кам көрүп баштады. Эми Максим бир жыл бою Примадонна тандап берген фитнес-клубга барып, машыгып турат. Алла Борисовна фитнес-клубга өзү келип, процедураларды да өзү тандап, клубдун эксклюзивдүү картасы үчүн 135 000 рубль төлөп кеткен. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|