![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №49, 04.07.08-ж. |
ЖАНШЕРИК "Агымдын" кат куржуну адаттагыдай окурман журтунун арзуу каттарына, арман саптарына, бакытка балкыган, эстегенде жүрөк эзген окуя баяндарына, же бирөөгө болгон таарынычына, бугуна, көкүрөктө катылган сырына, көөдөндөгү кайгы-муңуна ачык. Аралык араңарды бөлүп турса да - жандүйнөңөр шерик болсун! Ал эми "Жаншерик" рубрикасы ортоңорго орток болсун. ?Сүйүүм менин кайып учкан куш болуп… Сен жана мен Салам! Гезит аркылуу сага төгүлөм деп ойлогон эмес элем. "Эчкачан эчкачан деп айтпа" деген эскертүүңдү эми эстеп отурам. Канча жылдан бери таанысам да, сенин мүнөзүңө, келбетиңе көңүл бурбаптырмын. Атүгүл, алгачкы кош жалгыздыкта калганыбызда сенден көңүлүм калган. Бирок, өзүңө туруштук бералбай, сезимге жеңилип бердим. Сага арбалуум, баардык нерсени унута ысык кучагыңда калуум башымды айлантып, биротоло байландым. Кумарлуу кечтер, өзүбүздөн башканын баарын унутуп кыялга чогуу көлкүгөн көзирмемдер мага канат байлатып, ширин түнүн, жагымдуу күнүн тартуулады. Ошентсе да экөөбүздүн ушул жашыруун сезимибиз кечиримсиз экенин мойнума алып, сыгылган жүрөгүм менен далай жолу артка кайткым келген. Күчүм жетпеди, денеге дене оролушкандагы өрттүү илебиңде мага деген өзгөчө сезим жашарына ишенип, искеп жүргөн жытыңды жоготкум келбей койду… Кызык, жашоо мага таттуу сезимдин табышмагын берди - жандырмагын берген жок. Сенин кучагыңды ачтырды - ичдүйнөңдү ачтырган жок. Күн өткөн сайын ушул эки нерсе: сүйүүгөбү, күйүүгөбү келген сезимдин жандырмагы жана мага ачпаган жашыруун ичдүйнөң (аны ачууга күчүңдүн жетпей койгону) ойго салат. Ушундан улам гана бул саптарды жазып атам. Акылым качып, сезимим болсо сага учат... Ошентсе да, ачылбас дүйнөңө улам баш бага бергеним болбостур... Сагындым... Ж.Сагида ??Түпкүрдөгү үмүт Абактан түшкөн сунуш кат "Агымчылар", силерге темир тор артындагы жигиттерден салам! Ооба, бизди айыпкер деп, коомдук чөйрөдөн оолак кармап, аралаштырбай четке кагарыңар да арбындыр. Бирок, арабызда не деген талант, не деген акыл ой жатканынан кимдин кабары бар дейсиңер. Улуттук теледен сырткары, алгачкылардан болуп, силер бизге кол сундуңар, "агымчылар". Мындан ары да ой бөлүшүп турабыз деген үмүтүбүз зор. Сиздерге бул ирет сунуш менен кат жазып олтурам. Абакта 18 жаштан 45 жашка чейинки үйбүлөсү жок адамдар көп. "Агым" аркылуу "Абактагылар менен таанышуу бурчун" түзсөңөр, чоң көмөк берген болот элеңер. Себеби, бул жактан келечекке план куруп, чоң үмүт, эркин турмушта күткөн бирөө бар деген ишеним менен чыгып, түз жолго түшөр элем дегендер толтура. Ушул жагын да караштырып көрсөңөр. Таанышкым келет тартылчы сулуу, Жүрөккө консун махабат кушу. Тагдырдын адал жолуна түшүп, Орносо бакты-таалайдын куту! Өзгөчө сезет сезимтал жүрөк, Койбосоң экен жүрөккө бөгөт. Аярлуу жүрөк, мээримдүү сулуу, Түшүнчү мени, жүрөгүм күтөт. Урматтуу айымдар! Сиздерге ушул таанышуу катын жазардын алдында, көптөгөн айыпкерлердин арзуу, махабат көйгөйүн уктум. Эркибизден ажырадык, бирок, сезим, жүрөктү эч ким кишендей албас. Арабыздагылар - бирөөнүн баласы, бирөөнүн агасы, бирөөгө ини, бирөөнүн жээни. Кырсык басып, жаштык, мастык, кызуу кандуулук менен кылган ишине өкүнүп олтургандар аз эмес. Ушул абак торунда олтургандар жүрөгү кенен, мээрими терең, түз жолго данакер, ээрчите жол көрсөткөн, турмуштун ачуу-таттуусун тең бөлүшө турган айымдар менен таанышат элек. Тамаша катары кат жазгандар болсо, убара тартпай эле койгула демекмин алдынала. Айыпкерлердин ой-пикирин кагазга түшүргөн - Акбар КАБАЕВ. Биздин дарек: Москва району, Петровка айылы, ИТК №8 ?Бук Ырчы Кундуз КАНАТБЕК кызына Атыңа жараша затың менен кайсы сандыктын түбүндө бекем катылып жаттың экен, Кундуз?! "Агымдын" алгачкы бетиндеги сүрөтүң көздүн жоосун алып, көңүлдү биротоло ээлеп алды. Сага кантип жол издештин айласын таппай, "Агымдын" телефон номурун бурай берип редакциядагыларды жадаттым окшойт. Акыры алар "кат жаз, туура көрсө, жооп кылар" дешти. Кундуз, балким, мени да ашыктыгын какшап, бал сөздөрүн арнаган миң эркектин бири катары кабылдарсың. Балким, жазган катым сага эч таасир эталбас. Бирок, оюмдан сени кууй албай кыйналчу болдум. Кайдан да гезиттин ошол санын окуй койдум десең. Анан ырыңды уктум. Жаныңда ырдаган жигиттен кызгандым. Жаратылыш аябаган мүчө-келбетиңди ошол ырыңдан, ырыңды уккан өзүмдөн да кызгана түштүм. Билбейм, ушул сезим канча жанат, канча жашайт. Бирок, азыр эзилип турганым чындык! Рамис Турат, Бишкек Экс-депутат Өмүрбек БАБАНОВго Сизди бир көрсөм деп самап, эңсөө менен жашап жүрөм. Ошол эңсөө, кусалык мени качанкы ноябрь күндөрүнө алпарат. Мен эле эмес, ошондо группадагы кыздардын баары сизге ашык болгон. Митингдин маанисин түшүнбөсөк да, сизди көрөбүз деп ар күнү аянтка жөнөп калчу элек. Жаныңызга жакындай албай, алыстан карап-карап, суктануу, улутунуу менен узачубуз. Жаштарды сүрөп, патриоттуулукка үндөп, ашыктыкты ансайын арттырар элеңиз… Ошол күндөрдү кайрыгым келет. Арзуумду айта албасам да, аянттан, жок дегенде теледен көрүп турчу элем. Азыр сизди таппай калдым. Болгону гезиттеги маек, сүрөттөрүңүз менен алаксыйм. Саясатка кайтыңызчы, Өмүрбек байке! Нурайым, студент |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|