![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №49, 04.07.08-ж. |
ТВ_БУЛЬВАР "Капкан-шоу": көшөгө артында Улуттук биринчи каналдан ар ишемби сайын көрсөтүлүп аткан "Капкан-шоу" теледолбоору аз убакыттын ичинде көпчүлүктүн купулуна толуп, элдин кызыгуусун арттырды. Кийинки ишемби күнү дагы кайсы белгилүү адамды "капканга" түшүрөт болду экен деп күткөн күйөрмандар арбын. "Капкан-шоу" телекөрсөтүүсүнүн эфирден тыш, элге белгисиз жактарын ачып көрүү максатында долбоордун автору Бекбол Кылычбеков менен алып баруучусу Шайырбек Араповду маекке тарттык. - "Капкан-шоудан" дайыма ырчыларды, артисттерди гана көрөбүз. Башка чөйрөдөгү белгилүү адамдарды капканыңарга түшүрөлү деген ойлор барбы, мисалы, саясатчыларды, киноактерлорду ж.б. - Долбоорду жаңы баштаганда элге таанымал баардык чөйрөдөгү адамдарды көрсөтөлү дегенбиз. Саясатчылар, актерлер, депутаттар, журналисттер, ырчылар дегендей. Кудай буюрса аларга дагы арналган сценарийлер бар. Белгилүү саясатчыларга да сценарий жазганбыз. Бирок, финалга чыкканча ызы-чуу чыгарып, милиция чакырып, съемканы үзгүлтүккө учуратабы деп кооптонуп атабыз. - Капканга кабылган каармандарга аралашып жүргөн артисттерди кайдан аласыңар? Мисалы, Айгүл Чалованы алакачып келгенде үйдө күтүп отурган кайненесин, ошол жердеги аялдар… - Аларды артист деп айтпай эле койгонубуз оң го. Анткени алар жөнөкөй, чыныгы ошондой жашоону көргөн адамдар. Алыс барбай эле, тегерегибиздеги адамдардын тааныштары аркылуу таап атабыз. Эгерде чыныгы профессионал артисттерди ойнотсок билинип калат да. Жөнөкөй адамдар өтө берилип кетип, чыныгы жашоодогудай ойноп беришет экен. - Съемка учурунда капысынан билдирип койгон учурлар болбойбу? - Азыркы күнгө чейин Кудайга шүгүр, билдирип койгон учурлар таптакыр боло элек. Сценарий жазылганда каармандарыбыз билбей эле биздин планыбыз менен ролду аткара беришет. Үзгүлтүккө учурай элекпиз, учурабай эле коелу. - Шоу канча убакытка созулат? Мисалы, Кубик Калыков менен Айгүл Чалованы канча убакыт кыйнадыңар? - Айгүлдүкү бир саатка чейин созулуп кетти. Аягында аргасыздан кирдик. Негизи, жыйырма минут эле болуш керек. Анткени адамдын жүрөгү ошол нерсени кандай кабыл алат билбейбиз да. Эгерде контролдон чыгып кете турган болсо, режиссер команда берип, биз "Капкан-шоу" деп кирип барабыз. Кадрга түшкөн каармандарыбыздын кээ бир сөгүнгөн, одоно жерлерин кесип салууга, экранга чыгарбоого туура келет. - Капканга түшкөн артисттердин кимисинин нерви бекем, а кимиси эмоцияга бат алдырат экен? - Биз баш-аягы он кишини тарттык. Ошолордун арасынан эң эле токтоосу Айгүл Чалова болду. - Ал чыр салып, аябай ыйлады го?.. - Алакачып келсе ошентип ыйлайт да. Бирок, эмоцияга алдырган адам аябай сөгүнүп, урушуп, кырылышып кетет. Айгүл Чалованы тарткандан кийин кассеталарды коюп текшерсек, оозунан бир да жаман сөз чыкпаптыр. Ошондон улам өзүн контролдой алат экен деп ойлодук. Кээ бири өзүн таптакыр контролдой албайт. Мисалы, Кубик Калыков жини келип, сөгүнүп, бир орунга туралбай үйүнө кирип чыга берип, биздин кадрдан да чыгып кетип атты. Дайыма кыймылда болгондуктан, Кубик Калыковдун кээ бир кадрлары анча жакшы болбой калган. Анүстүнө кызы жаңы эле окууну бүтүп аткан экен, ошого ичи аябай күйдү окшойт. Аягында "Капкан-шоу" деп айтсак деле, ал эч нерсени түшүнбөй, кудалар камера менен келишкен тура деп ишенбей, ролду ойной берди. Кубикке кызынын калыңы деп жасалма долларды да даярдап койгонбуз. Бирок, акча бергенге жетпей эле финалга чыгууга туура келип калды. - Каарманыңардын сөгүн-чөөгү, урушчаагы ким экен? Мушташам дегенге чейин баргандар болдубу? - Мушташам дегенге чейин баргандар бололек. Бирок, катышкандардын баардыгы тең урушчаак болуп чыгышат. Арасында бир аз чектен чыгып кеткендери бар. Анткени, сценарий артисттердин мүнөзүнө жараша тандалат. Ал эми каармандар менен съемкага түшө турган артисттерибиз алдын ала психологиялык жактан даяр болуп, мени сөгүп урушат деп барышат. Кээ бирөө чаап жибериши да мүмкүн. Мисалы Айгүл бизди чапкандай… - Силердин спонсоруңар ким? - Азырынча Улуттук канал бизге техника жагынан башкы демөөрчү. Анткени бул Улуттук каналдын продукциясы болуп эсептелинет. Андан тышкары, жеке ишкер Рысбек Жабиров жардам көрсөтүп келди. Программа эфирге чыгып атат, элдин купулуна толгон болсо, "менмин" деген кыргыздын ишкерлери, жакшы көрсө-түүлөргө кызыккандар жардам берет го деген ишеним чоң. Канчалык каражат көп болсо, ошончолук сценарий бай, күчтүү болуп, кооз, кымбат жерлерге тартканга мүмкүнчүлүк болот экен. Учурда бизди акча жагы анча-мынча ойлонтуп турган чак. - Тартып аткан учурдагы каармандардын кызыктуу окуяларынан айтып берсеңер? - "Кылым" тобунун ырчысы Алмаз Адамалиевди "капканга" кабылтканда кызык окуя болгон. Анын продюсери Эрнис Үмөталиев менен сүйлөшүп алып, ортодо түшүнбөстүктөрдөн мушташ чыкмак. Продюсерди бирөө бычак менен сайып, чала жан кылмак эле. Сценарий боюнча баары ойдогудай өтүп атты. Ортодогу тентек жигиттердин бири продюсерди бычак менен сайганда Алмаз Адамалиев аябай коркуп кетти. Ал эми бычак сайылган продюсерибиз болсо бейкапар сагыз чайнап отурат. Бирок, Алмаз аны байкаган жок. Бери жакта жашырып койгон биздин чоң камераны да көрдү. Ушунчалык коркуп, шок болгондуктан ал камерага көңүл да бурбады. Съемка бүткөндөн кийин "жарадар" болгон продюсердин кылыгына күлдүк. Кээде арабызда сценарий жазып, идея берген балдарды деле "капканыбызга" каарман кылып билгизбей түшүрүп коебуз. - "Капканга" түшкөндөргө кийин иш менен кайрылганда алдап атабы деп кооптонушпайбы? - Кээде ошол "капкандын" каармандарына жумуш боюнча телефон чалып калсак ишенишпейт. Бирөө аркылуу гана байланышып, араң чыгабыз. Баягүнү Айгүл Чалованы тойго чакырып берчи деп бир эже суранган. Айгүл болсо "койчу, баягыны баштадыңарбы" деп телефонду коюп салып, ишенбей, албай койсо болобу. Ошондо гана билдим, булар бизге ишенбей калганына. Гезиттен пайдаланып айтып коеюн, биздин шоунун программасына катышкан каармандар экинчи жолу катышпайт. Ошондуктан чочулабай эле коюшса болот. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|