![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №50, 11.07.08-ж. |
Хайл, Сайракан! Бир бүркүм... 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын саны 23,8 пайызга өскөн. 52 миңге чукул ымыркай каттоодон өтүп, метирке алышкан. Бул былтыркыга салыштырмалуу 2,6 миңге көп. Ал эми өлүмүнүн саны 33,2 пайызга төмөндөгөн. *** "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылынын саясый кеңешинин төрагасы, экс-премьер министр Амангелди Муралиев өлкөдө быйыл күзгө таяп ачкачылык көтөрүлүшү болот деген билдирүүсүн маалымат жыйынында жар салды. Элдин көтөрүлүшкө чыгышынын себеби инфляциянын өсүшү дейт. Кээ бир чиновниктер минип жүрүшкөн "Жип" автоунаасын сатып, түшкөн каражатты кедей-кембагалдарга берүү керектигин кошумчалады. *** КРнын Өндүрүш, отун-суу жана энергетика министрлиги 2009-жылдын 1-апрелине чейин электр энергиясын жылуулук берүүчү каражат катары колдонууга тыюу салды. 2008-жылдын 1-августуна чейин электр энергиясы аркылуу жылуулук алуучу жеке ишканалар текшерүүгө алынып, пломбалоого сунушталды. *** Япониядан турист катары келген Ясуши Мияно 10-июлда бишкектиктер менен жолугушту. Ал Улуу Атамекендик согуштан кийин, 1946-жылдын май айларында Кыргызстанга туткун болуп келген 126 япон жоокеринин бири эле. Туткундалган япондуктар ошол жылдары Ысыккөлдөгү Тамга айылына санаторий, аскер кызматкерлерине үй салышкандыгын айтып, мындан алтымыш жыл илгерки окуяны эскерди. Япониядан келген туристтер 2-июлда Каракол, Чолпоната, Тамгага барып, ошол курулуштарды көрүп келишкен. *** Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап мектептерде кенже класстын окуучулары бирдей форма кийүүгө өтөөрүн Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова билдирди. Форманын баасы орто эсеп менен миң сом турат. *** Акыйкатчы Турсунбек Акун басмасөз маалымат жыйынында Ысыккөл облусундагы "Элнур" базарында соода кылган соодагерлердин адамдык укуктары тебеленип атканын айтып, аталган облустун жетекчилерин кызматтан алуусун президенттен суранды. *** "Атамекен" партиясынын интернет-сайты учурда нормалдуу режимде иштей албай, аксап турат. Партиянын сайтын белгисиз хакерлер бир нече жолу үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашкан. Азыр сайттын администраторлору "вирустардан" тазалап, кадимки иш режимине коюуга аракет жасашууда. ДҮЙНӨКҮН ТАҢДҮЙНӨ. Араб Эмиратынын ири шаары Дубайда биринчи жолу асман тиреген көп кабаттуу үйлөрдүн өзгөчө долбоору пайда болду. Өзөчөлүгү ушул - үйлөр бир орунда айланып турат. Анын автору италиялык архитектор жергиликтүү шейхтерден дүйнөдөгү алгачкы айланып туруучу үйлөрдүн курулушу үчүн каражат аябоого чакырып жатат. ЖУПДҮЙНӨ. Сан Паулонун жашоочусу Эдвал Эзау ажырашканына жети жыл болгонуна карабастан, мурунку аялын сактап калуу үчүн ага бир бөйрөгүн берген. "Жубайым Сильвана Оливейранын оорусу тууралуу балдарыман билдим. Биз он жыл чогуу жашадык, ортобузда балдар турат. Мен азыркы абалымды сөз менен айтып жеткире албайм. Балдарымдын энесин сактап калууга кошкон салымым үчүн чексиз бактылуу болуп турам", - дейт Эдвал. Ал эми Сильвана мурунку күйөөсүнөн мындай кадамды күтпөгөнүн билдирген. "Ажырашып, биз чоң жаңылыштык кетирген окшойбуз", - дейт учурда Сильвана. ШЕРДҮЙНӨ. 30 жашар япониялык аял алты айлык кызы менен сейилдөө үчүн коридорго чыккан мезгилде кайдан-жайдан экени белгисиз бычак көтөргөн киши пайда болуп, андан акча доолай баштайт. Жанында акча жок экенин билгенден кийин тигил киши аялды кайра квартирасына түртүп киргизет. Аябай коркконуна карабастан, келин эс-учун жыйып, кылмышкерди акылына келтирүү аракети менен 10 000 иен берип, ага чай ичүүнү сунуштайт. Ошондон кийин киши бычагын катып, келинге башынан өткөн оор турмушун баяндап берет. Анын тынчып калганынан пайдаланып, аял үйдөн качып чыккан да, полицияга билдирүүгө жетишкен. ЭСДҮЙНӨ. Таиланддын Баен Сан шаарынын жанындагы Будда храмында жыгач скульптуралардын бакчасы курулган. Андагы фигуралар күнөөгө баткан адамдарды жана алардын кыйноочуларын чагылдырып, тозокко түшкөндөрдү кандай жашоо күтөөрүн көрсөтөт. СҮЙДҮЙНӨ. "Фабрика звезд" долбоорунун катышуучусу Зара кайрадан турмушка чыгуу алдында турат. Арзыган адамынын аты Сергей, бизнесмен. Зара Сергейдин үйбүлө куруу сунушуна бир жарым жылдан кийин гана жооп берди. "Мен эч тынчсызданган жокмун. Сергей - мен көп жылдан бери издеп таппай жүргөн адам. Мен аны абдан жакшы көрөм", - дейт ырчы айым. Заранын биринчи жолдошунун аты да Сергей эле. Ырчы Санкт-Петербургдун губернатору Валентина Матвиенконун келини болчу. ТИЛДҮЙНӨ. Германиянын 48 жаштагы жашоочусу Ингрид Шуттлер 30 саат бою тынбай сүйлөгөн курбусун токтотуу үчүн полиция кызматын чакырууга аргасыз болгон. Алынган маалыматтар боюнча, Ингрид курбусун чай ичип баарлашып кетүүгө чакырган. Бирок, мейман аял келгенден баштап тыным албай түнү менен, андан кийинки күнү да кечке чейин бежирей берген. Полиция сүйлөөк аялды тынчытып, үйүнө барууга араң көндүргөн. ПУЛДҮЙНӨ. Болливуд кинокомпаниялары 2008-жылдын биринчи жарымында кино күйөрмандарынын аздыгынан 37,5 миллион долларга чыгаша болгон. Жыл башында прокатка чыккан хинди тилиндеги 47 тасма болгону 75 миллион доллар апкелген, бул пландаштырылган акчадан бир нече эсе төмөн. Крим-стоп 9-июлда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургуну, 21 жаштагы А.Р. милиция кызматкерлерине коңшусу күч колдонуп зордуктаганын айтып, арыз менен кайрылган. Ошол эле күнү иткумарын кандырган аңгибай колго түштү. х х х Бишкек-Ош автожолунан 9-июль күнү саат 14.30да "Фольксваген-Венто" автомашинасы "КамАЗ-53212" менен сүзүшкөн. Кырсык болгон жерден "Фольксваген-Венто" автомашинасынын айдоочусу, 37 жаштагы Т.Бодобаев оор жаракат алып, ооруканадан көз жумган. х х х Борборубуздун Кузнечная Крепость көчөсүндө жашаган 20 жаштагы А.Сыдыгалиева 7-июлда азиат улутундагы эки жигит бычак менен коркутуп, кол телефонун жана 500 сомун алып койгондугу тууралуу милицияга арыз жазган. 9-июлда изкубарлар А.Жумабаев менен Б.Эмилбековду кармап, күнөөлөрүн моюндарына алдырышты. х х х 8-июлда Ысыккөл облусунун Түп районунун жашоочусу, 58 жаштагы А.Көккөзов көкүрөгүнө, ичине сайылган бычактан алган жаракаттан улам оор абалында ооруканага жеткирилген. А.Көккөзовду бычак менен сайган айылдашы О.Саяков болуп чыкты. Учурда колуна кишен салынып, темир тор артында отурган кези. х х х Ноокат районунун Шанкол айылынын жашоочусу, 28 жаштагы Т.Аттокуровду үйүнүн жанынан ак түстөгү "Москвич" койдуруп кеткен. Айдоочусу жабырлануучуга жардам көрсөтпөстөн изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ал эми айдоочу изделүүдө. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|