Коомдук-саясый гезит
№50, 11.07.08-ж.





  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Май айынын аягында Бишкек шаарынын жашоочусу, 17 жаштагы Ноорузгүл Уметова сокур ичегиден операция болуп, ушул күнгө чейин эсине келалбай комада жатат. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан Ноорузгүлдүн ата-энеси, жакындары анын мындай абалга кабылышына врачтар күнөөлүү экенин айтышып, кызынын амандыгын Кудайдан тилеп, жүрөктөрү зыркырап турат.

50 күндөн бери комада
жаткан Ноорузгүлгө дарыгерлер күнөөлүүбү?
Ноорузгүлдүн эжеси Айпери:
- 24-майда кечинде Ноорузгүлдүн курбу классташтары менин кол телефонума "Ноорузгүл № 2 ооруканага жатып калды" деп СМС жиберип ийишиптир. Мен дароо эле аталган ооруканага барсам, врачтар Ноорузгүлдү сокур ичеги деп операция жасап салгандарын айтышып, мурда-кийин башы чайкалып, жабыр тарткан жок беле деп сурашты. Мен Ноорузгүлдүн буга чейин башынан эч качан жабыр тартпаганын айтып, ага кирейин десем, ата-энеси келсин деп киргизбей коюшту. Мен ата-энемди ээрчитип келгенде гана врачтар анын абалы оор, комадан чыкпай атат деп айтышты.
- Ноорузгүл ооруканага кантип барып калыптыр, "тез жардам" чакырыптырбы, же?..
- Ал Бишкектеги № 69 мектепте 11-класста окучу. 24-майда акыркы коңгуроо болуп, мектепте жүргөн. Жанындагы курбуларынын айтуусу боюнча, мектептен ичи ооруп, классташтары менен ооруканага өзү басып барган экен. Ооруканадан врачтар Ноорузгүлдү текшерип, анализ алып, сокур ичеги деп операцияга алып кирип кетишиптир. Адегенде Ноорузгүлгө наркоз жалпы эмес, операция жасалчу бөлүгүнө берилиптир. Сокур ичеги боордун астында эмес, үстүнкү бөлүгүндө болгондуктан, Ноорузгүлгө кайрадан жалпы наркоз берилген экен. Ошол кезде Ноорузгүлдүн канбасымын текшербей эле жалпы наркозду сайышыптыр. Кан басымы төмөн болгондуктан башына кислород жетпей, ал комага түшүп кеткен деп атышат.
- Дем алуусу кандай?
- Операциядан кийин өз алдынча дем алалбагандыктан, кекиртегин тешип, түтүкчө аркылуу өпкөсүнө киргизип жасалма дем алдырып атышты. Арадан бир жума өткөндө диагностикалык борборго башын текшертели деп тамографияга "Тез жардам" менен алып барышкан. Орто жолдон Ноорузгүлдүн жүрөгү үч жолу токтоп, кайра иштеди. Бирок, Ноорузгүлдүн башын тамографияга тартканга мүмкүн болгон жок. Эмнегедир ооруканага жеткенде гана бизде доктурлардан күнөө кетсе керек деген шектенүү башталды. Ошол жерден доктурлар кызыңар мурда башынан жаракат алган экен (сотрясение мозга), эмне үчүн жашырып айткан жоксуңар деп күнөөнү бизден издей баштады. Буга чейин Ноорузгүлдүн бир да жолу башым же бир жерим ооруду дегенин уккан эмеспиз.
- Реанимацияда канча жатты?
- Реанимациянын ичи салкын экен. Ноорузгүл муздак бөлмөдө жатканга жөтөлүп, ошол жерден пневмания болду. Улам жөтөлүп, пневманиясы менен дем алуу ага ого бетер оор болду. Эти ысып, температурасы көтөрүлүп, кышылдап, эсине келбей атса да башын көтөргөнгө чейин жөтөлчү. Ага антибиотик дарыларды берип, жөтөлү кичине жакшы болгону менен эми бөйрөгү жакшы иштебей атат. Бир айга чукул түтүкчө менен дем алып жатты, андан кийин өз алдынча дем ала баштады деп кекиртегиндеги түтүкчөнү алып салышты. Жал кичирайонундагы ооруканага алып барып, башын компьютер менен текшергенде эч кандай жабыр тартпаганын, таза экенин аныкташты. Нейрохирургиянын профессор, академик врачтары да келип, Ноорузгүлдү текшерип көрүшүп, наркоздун туура эмес берилгенинен улам комага түшкөнүн айтышты. Наркоз берген Келдибек деген анестезиолог күнөөлүү кишидей эле болуп жүрөт, бирок, мен күнөөлүмүн деп айткан жок.
Бул иш тууралуу министрдин орунбасарына арыз менен кайрылганбыз. Ал жактан комиссия келип, текшерип, колдоно турган дарыларды жазып кетишти. Бирок, эмне жыйынтык чыгарганын бизге айтышкан жок. Башкы врачтын Ноорузгүлгө келип сурап, караганын бир да жолу көргөн жокпуз. Ал эми ошол бөлүмдүн башчысы операцияны өзү жасабаса да чуркап, улам карап жардамдашып атат.
- А операцияны ким жасаптыр?
- Владимир Владимирович Западко деген ооруканада отуз жылдан ашык иштеген врач жасаптыр. Ал операцияны жакшы эле жасадым, жараты айыгып калды деп карап атат. Бирок, Ноорузгүл дале эсине келбей комада жатат.
- Ооруканада буга чейин ушул сыяктуу окуя болуптурбу?
- Врач болбогондон кийин көп нерсесине түшүнбөйт экенбиз. Интернет аркылуу башка мамлекетке чыга турган каналдарды таап, башка врачтарга кызыбызды көрсөтөлү дегенбиз. Бирок, ооруканадан Ноорузгүлдүн карточкасын (история болезни) сурасак, министерствонун уруксатысыз бералбайбыз дешип, улам бир шылтоону айтат. Азыр Ноорузгүлдү күндүр-түндүр кезектешип жанында болуп, мурдунан түтүкчө өткөрүп суюк тамак берип, багып атабыз. Аябай арыктап, дайыма турбай жатканга жамбаштары оюлуп, жара боло баштады. Ал стюардесса болом деп, мектепти аяктаганда окууга тапшырам деп аткан. Ошол тилегине жетпей, ордунан турбай жатат. Эмне дейбиз, кызыбыз бир Кудайдын, анан доктурлардын колунда.

P.S. Мектепти жаңы аяктап, чоң турмушка толгон кыялдары менен аттанып аткан Ноорузгүлдүн мындай аянычтуу тагдырын көз жаздымда калтырбай, анын жакындары менен байланышып турмакчыбыз.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Сандан санга: сериал

Бейтаалай
Назгүл Калмамбетова
- Тест инструкцияны туура эмес колдонгондо гана жаңылып калышы мүмкүн. Антпесе жаңылбайт. Азыр туура чыкканына ишенип турам. Анткени, инструкцияны туура колдондук, келинчегиңиздин боюнда бар, кебетесинен, денесинин жайыла баштаганынан, эмчегинин үрпүнөн эле билинип турбайбы. Анча ишенкиребей турсаңар эртең бейтапканага ээрчитип барып, текшерилтсең болот, - деди. Анын сөзүн уккан Алмаз доктурга ыраазычылыгын билдирип, узатып коюп үйгө кирди. Замира керебетинде кайдыгер ойлуу эле. Ал эми Алтынай доктурлар келгенде эле баланы көтөрүп ашканага кирип кеткендиктен, алардын ортосунда эмне сөз болгону тууралуу билген жок. Сырттан келген Алмаз Замиранын жанына келип отурду. Экөөнүн ортосунда бир топко чейин жымжырттык өкүм сүрдү.
- Мени алдайын дедиң беле? - деп сурады Алмаз бир топтон кийин гана.
- Сен эмнени айтып атасың? - деди билмексен болгон Замира анткорлоно.
- Баланын атасы ким?
- Ким болмок эле, сен…
- Экөөбүз акыркы жолу эрди-катынча качан чогуу жаттык эле, эсиңдеби?
- Ооба, эсимде. Мындан бир ай мурун…
- Калп. Экөөбүз акыркы жолу үч ай мурун жатканбыз. Ишенбесең, мен календарга белгилеп койгом. Аны атайылап, сага карасанатайлык кылып, шектенип белгилеген эмесмин. Жөн гана экөөбүз дагы канчага чейин чыдап, чогуу жатпайт болду экенбиз деген ой менен белгилегем. Курсактагы балаңа канча ай болуп калыптыр?
- Билбейм. Үч айдан ашса керек…
- Сен доктурга текшерилип, көрүндүм деп атпадың беле? Ал доктур сенин кош бойлуу экениңди билген жокпу?
- …
- Эмне унчукпайсың? Эгерде сенин курсактагы балаң менден болсо, эчак эле мага сүйүнчүлөп айтмаксың. Боюңда бар экенин буга чейин эле билгенсиң, бирок, мага айткандан коркконсуң. Эртең экөөбүз мен айткан бейтапканага барып, өзүм сени текшерилтип боюңдагы баланын канча ай болгонун билебиз. Азыр тынч уктай бер, калган сөздү эртең сүйлөшөлү. Жатып эс ал, - деп Алмаз кайдыгер сыртка чыгып кетти. Замира эмне кылаарын билбей, айласы куруй төшөгүндө өзүн-өзү күнөөлөп, жаш жигиттин азгырыгына киргенине өкүнүп жатты.

Ашканада жүргөн Алтынай оозгу бөлмөгө чыккан Алмаздын жанына барып:
- Замира эженин денсоолугу жакшы болуп калдыбы, доктурлар эмне дешти? - деп сурады.
- Аны сурап эмне кыласың, Замира эжең жатат, төшөгүндө. Эмнеге эстен танып жатып калганын укпай эле кой, - деди оор үшкүрүнө. Алтынай Алмаздын сөзүнө түшүнгөн жок. Ашканага кирип, анын көңүлү чөгүп турганын билип, кофе кайнатып келе калды.
- Замиранын ашыкча кылык-жоруктарын байкаган жок белең? Алтынай, бул үйдө сенден башка ишенээр адамым калбай калды. Суранам, мага баарын ачык айтып берчи. Замиранын көңүлдөштөрүн билчү белең? Азыр мага ушунчалык оор болуп атат. Аялыман баарын күтсөм дагы, аягы ушундай болоорун күткөн эмесмин, - деди Алмаз көңүлү чөгө.
- Эмне болду, Алмаз байке?
- Азыр ичимдеги бугумду кимге айтаарымды, эмне кылышты билбей турам. Болду, болбоду сага айтайын. Ошентип жеңилденип албасам болбойт. Замира кош бойлуу экен… Бирок, курсактагы баласы меники эмес, - деп ызаланган Алмаздын колдору калтырай түштү. Алтынай Замиранын кош бойлуу экенин мурда эле шектенгендиктен Алмазга сыр бербей:
- Мүмкүн доктурлар туура эмес диагноз чыгарып койгондур, - деди көңүлүн жубатмакка.















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan