![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №50, 11.07.08-ж. |
Сай_саясат Оппозиция тандеминен бир шиңгил Оппозиция лидерлери Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев кол кармашканы Акүйдө тынчтык жок (жаңы тандемдештер бирдин ичинен чыкпайбы таризинде). Азырынча бизге маалым болгондой, күздөгү шаардык кеңеш шайлоосуна СДПК, "Атамекен" партиялары биригүү менен атсалышмакчы. Бирок, мындай саясый кадам бери эле жагы. Оппозиция күзгө карай чо-оң "бомба" катып жатканын каңкуулашууда. Жарылабы? Же... Элмурза Сатыбалдиев Жогорку сотту тизгиндейби? Жакынкы күндөрү күч органдарында орун алмашуу вазыйпасы жүрмөкчү. Маселен, УКК төрагасы М.Суталинов менен Каржы полициясынын директору А.Муйбилдаев ээрден оодарылса, Башпрокурор Э.Сатыбалдиев Жогорку сот төрагалыгына бекийт сыягында. Эскерте кетсек, Элмурза мырза Прокуратура системасын чукул арада тартипке салганын, мыйзамдын наркын көрсөткөнүн белгилеп жүрүшөт. Бирок, айрым бийлик көзүрлөрү Э.Сатыбалдиевди ажого жаманатты кылганга да маш экен... Шайлоо шах болобу же мат болобу? Жер-жерлерде кезексиз президенттик шайлоо өткөрөбүз деген күчтөр жанданууда. Ал эми спикер Айтибай Тагаев эгер Курманбек Салиевич 2010-жылы да шайлоого аттана турган болсо, колдоо зарылдыгын Ош облусуна болгон алгачкы иш сапарында белгиледи. Акүйдү Бешимовдор аласалдырабы? СДПКга көчүгүн такап, Бакыт Бешимов айрыкча радикалдуу оппозиционер көрүнгөнү менен, үкасы Аскар Бешимов ТИМде орунбасар болуп жүргөнү шек туудурат. Бул Аскар ичкен жерден тымызы-ын бежиреп, ажону шыбап жатып калмайы бар дешет. Курманбек Салиевич да бир курдай мындай жорукка капаланып, кызматынан алууга ниеттениптир. А акесинин саясый жүзүн "атамекенчи" А.Шыкмаматов "Ааламга" жазып чыкканы бар, алгач "Акшумкарга", андан "Атамекенге", акыры СДПКга өтө качканын. Бүгүн Б.Бешимов Алмаз мырза Атамбаевдин колтугуна кирип алып (өзү кайдан оппозиция болмок эле?), популизм менен шугулданган кербези. Эгер Бакыт аке чыныгы СДПКчы болсо, инисин ТИМ орунбасарлыгынан шыпырып коюшмак. Оппозиционер А.Жекшенкуловдун инисин кызматтан алган сыяктуу эле. Таңгалычтуусу, Бешимовдор эмненин терисин жамынганы да белгисиз. Ушундай түр менен Акүйдү аласалдырбагай эле... "Замандашчылар" ачуу чаңыра албай калганда Башкы "замандашчы" Мухтар Өмүракунов темир тордо жатса, партия мүчөлөрү маданияттуу сабыр тутушканы таңгалдырат. "Ак ийилет, бирок сынбайт" маанисинде. Өткөндө камакта жаткан лидерге оң колу Кумар Сатымкулов кирип, ал-жайды сурашып чыккан. Анда Мухтар мырза: "Радикалдуу кадамдарга барбагыла, тынч тургула" кыязында акыл айткан имиш. "Кызык, бийлик сындырам деп атса, "замандашчылар" пикетке чыкпай, ачуу чаңырбагандары кандай?" - деп таңыркап атсак, "замандашчылар" гезит басылар алдында кайрылуу менен кеңсебизге баш багып калышты. 11-бетти караңыз. Э.Докеновдун кайпактаганы, Н.Түлеевдин корккону Мэрликке Нариман Түлеевдин барышы "солкулдап ыйлап баратам, соолуган Данчик ордуна" дегендей эле арман күү болду. Көнгөн май талканды кыйып кетүү да азап экен. Анысын темир жолчу Э.Докенов ырастап, "Наримансыз күнүбүз бүтөт, ал мыкты иштечү" маанисинде бакырып алды. Кезинде (төңкөрүштөн кийин) Э.Докенов пикетке чыгып, "Темир жолду Н.Түлеев курутуп атат" деп ыйлаган да өзү. Аргасыз баш чайкайсың... Ал эми жаңы мэрдин корккону - күздөгү шаардык кеңеш шайлоо чуулганы, пенсионерлердин итке минген жашоосу, дегеле социалдык-экономикалык, саясый да жагдайлар мэрди коколоп тургандыгында. Мындай шартта Данияр Үсөновдун бети кызармак тургай, тоотуп да коймок эмес. Ал эми Н.Түлеев түтөбү, же күздөгү саясый шоуда чабылып кетеби? "Агым" - пресс" ![]() Айланбас жердин айланма жаңылыктары АЛБАНИЯ менен Хорватия НАТО мүчөлүгүнө кирди. Альянс курамындагы 26 мамлекет аталган өлкөлөрдүн НАТОго кириши туурасындагы протоколго шаршемби күнү Брюсселде кол коюшту. СУДАН. Дарфурда тынчтыкты камсыздоочу БУУ менен Африка Союзунун биргелешкен күчтөрүнүн патрулуна 200дөй адам кол салган. Натыйжада БУУнун 7 жоокери курман болуп, 22си оор жаракат алды. БУУнун маалыматы боюнча, 2003-жылдан бери Судандын Дарфур аймагында уруулар аралык кагылышуудан 300 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, 2,5 миллион адам жер которуп кетишкен. ӨЗБЕКСТАН. Бухарадан 20 км алыстыкта жайгашкан Каган шаарында ок-дары складынын жарылуусунан улам темир жол бекети кыйрап, шаардык оорукана өрттөнүп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, 20 чакты жеке турак-жай жабыр тарткан. КЫТАЙ. Пекинде узакка созулган тыныгуудан кийин Корей жарым аралын денуклеаризациялоо боюнча Россия, АКШ, Япония, Кытай жана эки Корей мамлекеттеринин ортосунда алты тараптуу сүйлөшүүлөр башталды. РОССИЯ. Чита шаарынын психиатриялык оорукананын алдындагы реабилитациялык борбордо үч бала дары-дармектен ууланган. Анын экөөсү көз жуумп, бирөөсү оор абалда реанимацияда жатат. Кылмыш иши козголду. АФРИКА. Испанияны көздөй ачык деңиз менен бараткан 14 африкалык мигранттын башына күн өтүп каза болушкан. Тирүү калган 35 адам азыр оор абалда. Өлгөндөрдүн арасында 9 айлык наристеден баштап 4 жашка чейинки 9 бала бар экенин айтып, жолду катар алардын сөөгүн сууга ыргытууга аргасыз болушканын билдиришкен. БОЛИВИЯ. Потоси шаарынын жанынан жүк ташуучу машине 200 м тереңдиктеги аңга түшүп кеткен. Куткаруучулар машинедеги 60 адамдын ичинен 49унун сөөгүн табышты. ТҮРКИЯ. Стамбулдагы АКШнын башкы консулдугуна кол салуудан 3 полиция кызматкери каза таап, 5 адам жарадар болгон. Түркиянын расмий билдирүүсү боюнча, кол салуу "Аль-Каиданын" террористтери тарабынан ишке ашкан. КАЗАКСТАН. Шаршемби күнү "Казстройсервис" компаниясы Казакстан менен Кытайды байланыштыруучу газ түтүгүнүн курулушун баштады. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|