![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №50, 11.07.08-ж. |
ТВ_БУЛЬВАР "Браво!" Деңиза ДОСБАЕВА "Браво" теледолбоорунун жана "Миң кыял FM" радиосунун алпаруучусу Курагы: 20 жашта Зодиак белгиси: арстан жылдызы Окуу жайы: КУУ, журналистика факультети Хоббиси: ыр саптарын чиймелөө Ишенгени: өзү, Алла Таала жана апасы Кыялданганы: жакынкы жылдары машина айдоону үйрөнүп, автомобиль сатып алуу Ыйык тутканы: эне Жактырган сапаты: боорукер, адамгерчилик жана ишенчээктиги Жакпаган сапаты: аз-маз жалкоолугу Жактырган телеберүүсү: Россиянын 1-каналынын жаңылыктар түрмөгү Жактырган тасмасы: "Биринчи мугалим" Жактырган күнү: жума Жактырган жыл мезгили: жаз жана күз Жактырган жаныбары: козу Жактырган сөзү: чындыгында... Эфирден тыш элестер Эрмек НУРБАЕВ: "Түз эфир кимдин ким экендигин аныктап берет" "Браво" теледолбоорун алпарган жуптардын бири - Эрмек НУРБАЕВ. Бул жигитти алгач эл эфирден эмес, КВН чөйрөсүнөн улам тааныган. - Түз эфир болгон соң, көрөрмандарга байкалып-байкалбаган көп кемчиликтер болор... - "Бравонун" эң алгачкы чыгарылышы. Нурзат, Элнура, мен үчөөбүз толкунданып турабыз. Экран көрсөтүлүп, "Бравонун" шапкасы чыкты. Биринчи сөз баштай турган Нурзат дале үндөй элек. Эфир старт алганын элес албастан, Нурзатты түрткүлөп: "Башта, башта!" депмин. Иним үйдөн жаздырып койгон записти карасам, түрткүлөшкөнүбүз даана эле көрүнүп калыптыр. Үргүлөп кеткен учурлар да болот. Убакыт болжол менен 00.15 эле. Өзүм үргүлөп атып, "Токмокко качан келесиңер?" деген смсти араң окуп, мейманга суроо узатсам, ал да уйкулуу көзү менен: "Ыракмат! Жакшы суроо экен. Ыракмат... ыракмат!.." Жообун угуп алып, уйкум ачыла түштү да, кайталап сурап жибердим. Ал да ойгоно калып: "А-а, буюрса!" деп коет. - Дегеле телеге чыкканды түз эфирден баштадың да?.. - Ооба, балким, ошол себептен, жана айтып өткөн кемчиликтер кеткендир. Бирок, азыр көрсөтүүнүн маани-маңызын толук түшүнүп, баарын билип калдым. Башында өнөгүм Нурзатка эле жашына берчүмүн. Эң алгачкы мейманым - Урмат Усенов болгон. Суроо берип коем, ал жооп кылат, тамаша узатам, ал аны улайт. Ошентип эле эфир уланып кетти. - Түз эфирдин артыкчылыгын кандай белгилейт элең? - Кандай болсоң, эмне деп сүйлөсөң - эл ошол бойдон оңдоп-түзөөсүз көрөт. Мен-мен деген жылдыздар мейманга чакырылат. Негизи эле кимдин ким экени так байкалат. - Эфирге атайын дыкаттык менен даярданасыңбы? - Алгачкы мезгилдерде аябай даярданып, текст арасына атайын ыр саптарын курап жүрдүм. КВНдеги ыкмалар улап кеттиби, бара-бара тамаша рифмалар өзүнөн-өзү эле ойго келе баштады. Азыр эфирге эки саат калганда келип, конокко ким келерин билип, ага жараша алдын-ала даярданам. Жылдыздар келгенде эфирге чейин алардын жаңылыктарын сурап алып, андан суроо жаратам. Айрымдары "тигини сура, муну сура" деп калышат, бирок, меймандын көрсөтмө бергенин жактырбайм, ага жол да бербейм. - Көрсөтүүгө келген меймандардын баары менен эле тил табышып кетесиңби же эфир сыртында нааразылашып кеткен учурлар да болобу? - Ачык айтайынбы?.. Бир эфир болгон, бирок, ким экенин билбей эле койгула. Ырчы продюсери менен келет. Продюсери мага кандай суроо берүүгө көрсөтмө айта баштайт. Кээ бир суроого жооп берүүдө ырчы сөз таппай калат. Клип кетип атканда, продюсери чуркап келип, мага: "Сен эмне болгон суроолорду берип атасың?" деп атырылат. Экөөбүз кер-мур айтыша түштүк. Ал кыйкырып алып, эфир башталганда чуркап кетет да, ал эми мен эч нерсе билгизбей элге күлүп-жайнап чыгышым керек. Ушул нерсе кайталана берди. Биз да ачуулана түштүкпү, айтор, эфир маалында суроону да жаадыра баштадык. Анан да ырчысына: "Сен деген жылдызсың, а Эрмек - болгону алпаруучу, тепселеп эле кетебиз" деп үйрөтүп атат. Сүйлөнө бергенинен катуу кыйкырдым да, кечирим сурамайынча, сиз менен сүйлөшпөйм дедим. Ырчысынан таарыныч жокпу десем, "жок" дейт. Болуптур анда деп кетип калдым. Эфирде иштегендердин баары күбө болгон. Ассоль эжеге да ал маалымат жеткен экен, акыры ошол продюсер эфирге тоскоол эткендиги үчүн жазасын да алыптыр. - Алпаруучулук жөндөмүң КВНден улам өрчүсө керек... - Негизи эле КВН мага жалпы мектеп болду. Анткени, анда президенттин да, карапайым адамдын да, мас кишинин да ролун ойнойсуң. Кантип сүйлөштү, сөз тандаганды үйрөнөсүң. Ал эми теле жагынан Ассоль эжеден мастер-классынан өттүк, ал адам бизди теленин нугуна бурду. Түз эфирде сүйлөй да билиш керек. Анткени, камеранын баарыбир сүрү күч. Меймандар келгенин келип алып, чочулап-корккондору да көп. Теледен тып-тып… "Кайдасың" көрсөтүүсү жайкы эсалуудан июлдун акыркы декадасында кайрадан эфирге чыкмакчы. Жакыныңызды жоготуп, кабарын алгыңыз келсе, аталган телеберүүгө кайрылыңыз, дайым абай сала жүрүңүз. Балким, сизди да бирөө издеп жүргөн чыгар… "Темир тордогу үмүт" телеберүүсүнөн 14-июль күнү Молдовановкадагы ?31 колониянын турмушунан кабар аласыздар. Абактагы арман, өксүк, өкүнүч, тереңде катылган үмүт, булардын баары - "Темир тордогу үмүт" берүүсүндө. "Ыр десте" телекечеси ушул жекшембиде "Унутулгус кайрыктар" деген темада. Улуу муун-кичүү муунга бирдей жаккан эски кайрыктарды сиздер сүйгөн аткаруучулар жаңы стилде, жаңы нукта созушат. Жаңыча жаңырган эски кайрыктардын көптүгүнөн улам, ушул чыгарылыштын экинчи бөлүгүн келерки жекшембиде күтсөңүз болот. "Түнкү канал" кайрадан 00.00гө жылды. Улуттук каналда шейшембиден ишембиге дейре түн ортосунда туура эки саат бою мыкты клип, мыкты рубрика, мыкты идея, башкысы - ар кыл темада жагымдуу баарлашуу. Анын жагымдуу экенин ушундан билиңиз, ар чыгарылышта 30га жакын көрөрман телефон чалып, смс-порталга 300дөн ашуун смс келип турат. Ушул тапта "Улуттук хитпараддын" алгачкы сабында - Мелис АБДЫРАШИТОВ "Кара тору" ыры менен. Өзүңүз сүйгөн ырчынын аткаруусундагы жагымдуу ырды кулагыңызга сүрөгүңүз келсе, 0803 999 999 5 номуру менен ар ишембиде, саат 22.05те бурай бериңиз. "Жылдыз кесибин өзгөртөт" берүүсүнүн эртеңки чыгарылышында ырчы Мирбек ИМАНБЕКОВ сүрөтчүлүк кесипке өтөт. "Арноо концерти" ишемби, жекшемби күндөрү саат 19.55те эфирде. Куттук баасы - сүрөт менен 550 сом, сүрөтсүз - 500 сом. Жекече куттуктоонун баасы - 1500 сом, ал эми видеого кошумча 300 алынат. Жакындарыңыздын туулган күнү, жакшылык тоюн өзгөчө куттуктайм десеңиз, Улуттук каналдын "Арноо концерти" кызматыңызга даяр. "Стиль" теледолбооруна катышууга укук алуу үчүн көрөрмандар 1001 кыска номуруна 3 саны менен баштап смс жөнөтүүсү шарт. Бул шартты карабалталык көрөрман ашыгы менен аткарып, "уюлдук капчыгын" аябастан, 350 (!) смс жөнөткөн. Бул активдүү көрөрманды "Стиль" алкагынан жакында көрүп калгыңыз бардыр. "Браво" жакында эки жашка толушун белгилеп коюп, бир айга эсалууга чыкмакчы. Куттук кебиңизге толгон смстериңизди аталган берүүнүн дарегине жолдой баштаңыз, окурман-көрөрман. "Келбеттүү бол" берүүсүнүн алпаруучусу Дина КИМдин айтымында, үчүнчү долбооруна композитор Жамиля Муратова жана кең диапазондуу аткаруучу Роза Адилханова катышмакчы. Бул сахна адамдары канча салмак таштайт, кандай келбетке ээ болот, аны аталган долбоор алкагынан бирге байкайлы. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|