Коомдук-саясый гезит
№51, 18.07.08-ж.





  Жан азык

Шекерден Теңирге
Ашым Жакыпбековдун студенттик күндөлүгүнөн үзүндү
"Манас" эпосун романга айландырып ("Теңири Манас") элге тартуулаган кашкөй жазуучу А.Жакыпбековдун студенттик күндөлүгүндө жазуучунун жаңыдан калыптанып келаткан адабий дүйнө таанымы, курдаштарына көз караштары, заманга карата ойлору, ички толгонуулары чагылдырылган.

1954-жылдан 1959-жылга чейинки күндөлүк. Фрунзе шаары. Кыргыз мамлекеттик университети. Филология факультети.

Хрущевдун көпкөнү
Азыр өлкөбүздүн ичинде абал оор тартып турат. Көп ири шаарларда студенттердин ж.б. интеллигенция бөлүктөрү совет өкмөтүнө каршы козголоң чыгарышып жаткан окшойт. Чынында эле азыркы мезгилде биздин өлкөнүн жаңы баскычка өтөр доору келип турат. Ооба, өлкөбүздүн, б.а. айтканда Октябрдын элди канааттандырбас көп кемчиликтери бар. Мисалы, саясатта, адабиятта, жалпы эле идеологияда эркиндиктин тардыгы, хотя не такой словесной, а жизненно-правдивой свободы мечтал Ленин.
Сталиндин өлүмү өлкөдөгү козголоңдорго, нааразычылыктарга ачкыч болду. Ал Хрущевдун куйтулугу менен башталды. Эл Хрущевду анын көп эле жакшы эмгектерине карабастан жаман көрүп калды. Себеби, Хрущев эң кыйын митаам болгону менен көөп кетти, ички-тышкы саясаттарда өтө эле аша чаап кетчү болду. Анын үстүнө кийинки күндөрдө турмуш аны оңкосунан уруп жатат. Жакында ал бийликтен кетпесе эл нааразычылыгы оңой менен басылбайт. Муну азыр турмуш талап кылып жатыры.

Кыргыз интеллигенциясы
...Биздин кыргыздын интеллигенциясы али дөдөй. Себеби - бир жактан коомдук тарыхый шарт болсо, экинчи жактан ошолордун өздөрү. Бирөө бир нерсе десе (жогор жактан, же бир влиятельное лицо) баары ошол жакка жапырылат, туура, туура эмеспи, ошол айтылган сөзгө өзүнөн жекече пикир да чыкпайт. Качан барып дубалды сүзгүчө көзүн жумуп алып кете берет. Бир кезде (азыр да бар болсо керек - келесоо рассуждениелер) "Манасты" кыргыз элинен үзүп алууну көксөшкөн. Ошондой кесепеттерден "Манас" эпосу "Иллиададай" дүйнөлүк масштабга жетпей кечигип жатат. Аалы айткандай, далайлары кыргыздын эл экенине шек да келтиришкен - "биз Октябрдан кийин гана орустардын жардамы менен гана эл болуп" дешип. Бул иттик. Кыргыз да тегин эмес - бир кезде жазмасы да болгон (Енисей жазмасы).
...поэзиясы
Кыргыз поэзиясы азыр оор жана сонун кырдаалда турат: азыркы мезгил кыргыз поэзиясынын жалпы риторикалык түрдөн назик, конкреттүү лириканын түрүнө өтүү мезгили. Бул өзгөрүшкө Алыкул кайталангыс нурдуу жол салып кетти.
...прозасы
Кыргыз драматургиясынын өсүшү Жусуптун дооруна караганда төмөн. Кайран Жусуп! Тирүү болгондо залкардай чоң кубаттуу историко-романист болчу түрү бар эле. Т.Сыдыкбеков даана жолдо баратат. Тоону тинтишкен алтынчылардын эмгегиндей Түгөлбайдын эмгеги да дыкан. Аалы "Токтогул" менен өзүн прозада көрсөтөт. Аалы поэзияда кандай бийик болсо, прозада да ошондой экендиги көрүнөт. Аалы - кыргыз сөз көлү.
...киносу
Бул айда "Салтанаттын" орусчага дублировать этилгендигин көрдүк. Да... жазындагы оюм туурадай... Францияда өткөрүлгөн советтик кинонун аптасына кошулду. Кыргыздын биринчи чыгармасы - киносу. Рыскулов - зор! Кыдыкеева сонун аткарган. Чыгарманын көркөмдүк жагы сонун берилген. Майда-чүйдө кемчиликтери бар: атка кимиси минбесин чабат. - Кыргыздар жинди эмес да... Бирок, москвалыктарга ж.б. ат көрбөгөн "орто баштарга" укмуш көрүнөт окшойт. Ж.у.с.
...музыкасы
Радиодон концерт угуп отуруп кыял чиркин толкунданат... Эх!.. кыргыз элим!.. Өзүңдүн аздыгыңа карабастан кандай укмуш байлыктардын ээсисиң!.. Музыкаңды укчу!.. Жүрөктү элжиретип, бирде мыкчып, бирде көкөлөтөт... Ы.Тумановдун "Жеңиш", "Паравоз", Атайдын "Булбул", "Гүл", "Күйдүм чок" ж.б. Көрчү-укчу!.. Сөз таппайм!..

Курдаштар:
бири тунук, бири куйту
...Кызык... менин ар бир жолдошко болгон мамилем ар башка....
...Бексултанга - чыныгы, тунук жолдоштук. Кээде гана болор-болбос себептер аны мунарыктанткансыйт, бирок - ошол замат жаркырайт. Жүрөктөн чыккан сөздөр, бири-бирибиздин мүнөзүбүздү терең түшүнүү, ыйык-ысык тамаша. Мен кичинекейимден эле өзүмө (менин оор мүнөзүмдү терең түшүнгөн) жолдошту издеп келдим... нечен жылдар өттү, акырында өзүм каалагандай жолдош Бексултан болду. ... Чөкүгө - чыныгы, тунук, жөнөкөй жолдоштук. Чөкү чыныгы кыргыздын айылдык жигити. Ар бир ишти элдик мүнөздө чечет. ...Кубанычка - кыргыздын айылдык карапайым, илимге умтулган принципиалдуу уланга, иниме болгон сүйүүдөй... Садырбекке - баарыдан да жандай сүйгөн байкеме болгон ысык, тунук сый. Анын порядочный, принципиалдуу, келечекти таланттуу интеллигентке окшош калыбы, келбети, жүрүш-турушу мени аргасыздан өзүнө тартып, сыйлоого, сүйүүгө мажбур кылат. ...Карагулга - митаамга болгон кылдат мамиле. ...Сеитке, Жалилге - абай мамиле, өзүмдүн сөздөрүмдү карап-талдап, жөнөкөй, ачык жолдоштук мамиле. ...Камбарга - сараң, 3/7 эгоистке болгон сындуу мамиле. Тамаша катуу... Жанболотко - бой көтөргөн, менменсинген, эгоист, башына кыйынчылык түшсө сөзсүз патриоттук калыбында турбас кишиге болгон жек көрүү (бирок тымызын) мамилеси. ...Ысак О.-го - мактанчаак, талашчаак (бул сөздүн эң жогорку маанисинде), "мен дегенин бербес", урушчак, арсыз, бетсиз... жигитке болгон жек көрүү, какшык, сындуу мамиле...
Дагы, дагы... ар кимге ар башка... Ал эми кыздарга таптакыр башкача - өтө сый мамиле жүргүзөм...

Эх, студенттер...
Мурдагы күнү кечинде Шамыкеникине жөнөдүк - аял алган (үйлөнүү үлпөтүнө), тоюна чакырыптыр. Бардык. Ушерде окуган айылдык кыздар, балдар бар экен. Келинчегин көрдүк. Чынында мага жакпай калды. Жаш жигиттин алганы өңү болбосо да, акыл эсинен суктантып турса. Билбейм кандай себептен алып калганын - кызыктырар, ашык болор түрү жок. Бирок, бул оюмду, албетте, ичке сактап отурдум.
Акиштайды - биз менен бирге окуган кызды да келесоо, жинди десем жаңылбайм. Женпедде окуган бир кыз (орто эле) менен (Жумагүл) катар отуруп калдык. Жалпы отургандар көп отурбай ачык "сен, "менге" өттүк. Мастык атмосфера. Саат таңкы 6га чейин отуруп калдык. Анан отурган жерибизде жата кеттик (эки экиден). Жумагүлдү жатар менен оозунан өпсөм каршылык кылбады. Сезилди ким экени. Бат эле сүйүшкөндөр боло түштүк. Минуттук увлечение менен боорго кыса кучактап, өбүшүүдөн жадабадык. Бирок кеч жатып калыппыз да (таң агарып кетти)... Эртең менен көңүл кайта берди. Көз карашты жолуктурбай ала качып, көңүл бургум келбейт. Ырас, аядым. Бирок, бул сүйүү эмес да... Ошондон эле түндөсү байкабастан "сүйөмүн" дегенди кантип өчүрүүнүн жолун издей баштадым. Таптым: жолугуп туруп "Экинчи бирөө менен мындай болбоңуз. Тагдырыңызга ыракмат айтыңыз" деш керек. Бул во многом чыныгы ойду көрсөтөт (искренне). Болбосо чынында эле мен эч нерсе болбойм, өзү оңбой калат. А балким мурун эле... Ким билет...

Авторучкам өткөн вечерде бир кызга кеткен экен, эми минтип карандаш менен жазып отурам. Бүгүн базар. Кечке чейин эч жакка чыккан жокпуз. Күн суук - аяз. Вильветкам менен шымымды Жумабай айылга кийип барып, аны ошондон ары армияга алып кетиптир. Азыр Бексултандыкын кийип жүрөм. Ич кийимге да, тыш кийимге да, өзгөчө кыш кийимге жардымын.

Кудай урган филологдор чечен сөрөй келишип эле ким сүйлөбөсүн какшыкты жөнөтүп турат турбайбы. Биздин комнатадагы балдарда азыр ошондой какшык күчөп кетти. Ошондуктан, кечетен бери жаңы чечим чыгардык: ким болсун какшык сүйлөсө бетине түкүрөбүз.

Окуу окуу сыягы жок. Даамсыз да пайдасы да аз. Уккуң да, баргың да келбейт. Анын үстүнө беш жыл окуп бүткөндө орун таппай сандалып, тапсаң да алганың 600 сом болуп жашаганың курусун. Бул настроение азыр биздин филфактын балдарынын баарында бар. Бирок, уже кеч.

Жүрүп атабыз. Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн. Ошентип февралды да жуттук. Өмүр ушинтип эле өтө берет турбайбы. Өтсө экен деп күндү жемелейбиз. Өтүп кетсе өкүнөбүз. Адам кызык го!..















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan