![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №51, 18.07.08-ж. |
![]() Пейджер 15-июлда "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр: П-566. Максымды "Шоро" атанткан фирманы доого жыксак болобу? "Шоро" ичем деген сөздү уксам, чоктой ичим эзилет. Максым деген эзелки ат ушуну менен соолобу? Сати. П-567. Айтылуу Асылбаш айылынын ардактуу тургуну Калыбек Төлөбаевди 70 жаш юбилейи менен куттуктайбыз. Биздин көзгө бой-турпатың жаш эле / Бетиңдеги бырыштар да аз эле / Жеңелериң жетине албай турабыз / Жетимишке жеттиби деп бат эле / Барктуу-нарктуу юбилей жаш кут болсун / Башыңарга бакыт-таалай кут консун / Мырзаларга 70 жаш кеп бекен / 80 жаштын сереси да туш болсун. Жеңең Батмакан Алымканова. П-568. Аксакалдар соту деген жабыр тартуучуларды жөн эле алаксытып, бечара соттордон болуу менен гана токтолбостон, Бишкектеги Акөргө конушунун жардамчы соту Исмаилов Тилекке окшогондор калыстык кылуунун ордуна "жиниме тийсең жериңди алып коем" деп өкүмзордук кылып коркутат экен. Караш Насер. П-569. Ысыката районуна караштуу Нурмамбет айылынын тургуну атам Карагулов Сатыбекти 19-июль туулган күнү менен куттуктап, чың денсоолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм. Апам экөөңөр төрүбүздүн көркү болуп, оорубай жүрө бериңиз. Кызыңыз Айзада. П-570. Классташ курбум Каныкейди уулдуу болушу менен куттуктайм. Каныкей, бешик бооң бек болсун! Уулуңдун денсоолугу чың, өмүрү узун болуп, үйбүлөң менен аман бол. Нуркыз. П-571. Жаман катындын өнөрү эмнеге күч? Жаман катын короосун шыпырып, шыпырындыны короодо калтырып койгонго күч. Караш Насер. П-572. Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн Нариман Түлеев менен Сапарбек Балкыбеков экен. Бир "чым" этип коюшкан жок. Эсентур. П-573. Алган маянам ун, кумшекер гана сатып алганга жетет. Үйдөгү алты баламды кантип багам? Жаш болсом көчөгө чыгып, өзүмдү сатсам да эптеп оокат кылат элем. Кырктан ашып калган мени эмес, 18 жаштагы сүлкүлдөгөн кыздарды эркектер карабай калышты. Анткени, алардын да чөнтөгү жука. Кымбатчылык менен жокчулукту кантип тизгиндейбиз? Таажыкан. П-574. Данияр менен Адахан биригип Бакиевге каршы тандем куруп чыгышпайбы? Же оппозицияга баш катып, аларды алдыга салып, өз максаттарына жетүүнү көздөшөбү? Божомолго оролгон Оңолбай. П-575. Ата-энем окубайм дегениме карабай ЖОЖдордун бирине тапшыртып, өткөрүп коюшту. Эми беш жыл бою өзүм менен катар университеттин мугалимдерин да ата-энемдин пенсиясы менен багам го деп ойлонуп отурам. Токтобек, 17 жашта. П-576. Нуракеге таң берем да, баа берем! Оозанганы - космос менен Нобель. Жасаганы - Астана, жетишкени - курсагы ток баурдастар. Жакында эми өз партиясы ээлеген парламентин таратат. Тарыхта калат. Андан биздин бирөө да үлгү алса, "Пейджердин" ар бир чыгарылышында алкап турат элем. Акмат. П-577. Саясат менен төшөк мамилеси окшош экен. Айрыкча биздин Кыргызстанда. Айдай сулуу аяшым менен көптөн бери "ойноп" жүргөм. Баарынан кызыгы, анын күйөөсү менин аялымды тууралап жүрө бериптир. Өз көзүм менен көргөндө аз жерден жарынып кала жаздадым. Күйбөгөн жерим күл болду, эй!. Бир карасаң саясат... Ошондон улам саясаттагы "ойноштук" да оттон ысык болобу деп калдым. Алмазбек, Токмок. Жеңүүчү - мугалимдерди пенсия менен бага турган Токтобек (П-575), редакция менен байланышыңыз. Даярдаган Канышай БЕШБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|