Коомдук-саясый гезит
№51, 18.07.08-ж.





 "Престиж" магия тобу

Ысык-Көлдө эс алган Жириновский неге чыр чыгарды?
Азыркы тойлордо, кечелерде, түрдүү корпоративдик аземдерде ырчы-бийчилерден тышкары көзбоочу-магдарды да чакыруу модага кирди. Эки жаш жигит - Алексей Гуцев менен Ильдар Ягофаров колдорунан карталарды учуруп, тыйындарды бийлетип, тойдогу меймандарды аралап иллюзия дүйнөсүнө арбап келишет. Жигиттер "Престиж" магия тобу качан, кантип түзүлүп, кандай иш алпарарын кыргыз тилиндеги гезиттер арасынан биринчи болуп бизге айтып берип отурушат.
Интервьюга Ильдар экөөбүз пиццериядан жолуктук. Ал ушундай тамашакөй, шайыр, элдер менен тез тил табышкан жигит экени официант меню апкелгенделе байкалды. Кепти Алексей экөөнүн таанышуусунан баштадык.

- Бул окуя өзүнчө уламыш болуп кетти, хе-хе... Бир жолу диско-клубда эс алып жүрүп бир кыз менен таанышып, үйгө ээрчитип келдим. Адатымча фокус көрсөтүп мактана салсам, анын таанышы (кийин тактасак жигити) да кыйын фокусчу экен. Мен жалгыз ушундай кыйынмын деп жүрсөм, Алексей да бар экен. Экөөбүз таанышып, достошуп, бара-бара шоу программа даярдап көрсөтө баштаганбыз. Эки жылдан бери чоңдор менен бөбөктөрдүн жүрөктөрүнөн түнөк тапканга аракет кылып келебиз. Экөөбүз иллюзионистпиз, андан сырткары жеке өзүм тамада, уюштуруучу, интерактивдүү алпаруучумун. Интерактивдүү дегеним, башкалардай сахнадан сайрамай менде жок, элдерге суроо берип, алардын жооптору аркылуу кызыктуу баарлашуу жарата билем. Корпоративдик кечелерден тартып бешик тойго чейин уюштуруп алпарам. Ал эми "Престиж" магия тобу Борбор Азияда "микро-магия" багытында жалгыз иштейт. Көрүүчүлөр көзбоочунун колун, кыймыл аракетин толук көрүп тургандагы фокустар. Микро-магия деген, биз силердин көзүңөрдү жана акыл-эсиңерди алдаган учур. "Иллюзиондо" биз жалгыз эмеспиз, мында баскычтарды басып аппаратура иштейт.
- Атайы кечеге чакырсак канча акча аласыңар?
- Биз жөнөкөй эле адамдарбыз, бизди чакырган тараптын абалына карап, баасын чогуу чечебиз. Мисалы 500 же 1000 сом болсо ошого жараша номер тандап коюп беребиз, көбү бизди чакыруу кымбат деп ойлошот экен, андай эмес. Эң кымбатка өткөргөн шоу-программабыз 1200 долларга турду. Ал жерде лазер эффекттери, түтүн пушкаларын ж.б. көп техника колдонуп ири жана кооз шоу койдук. Азыр меймандар бир столго баткандай чакан кечелер көбөйдү. Алардын отурушун кызыктуу, шаңдуу кылуунун көп жолдорун таптык. Ушундай кечелерге арналган атайы оюндарды Москвадан үйрөнүп келдим. Мисалы, өткөндө "мент-пати" өткөрдүк. Келгендерге колуна кадимкидей кишен тагып, иттер менен баңги издеп тинттирдик, адреналин, атмосферанын өзү мейманчылап келген адамды кан жүгүрткөн сезимдерге такаганда, хе-хе... жашоо кызыгы сезиле түшөт.
- Элдер түшүнбөй, чыр чыгып кетсечи?
- Биз баарын эске алып даярданабыз да, андай кечелерде баары жакшы өтөт. Биз иштегенден бери чыр салган бир эле адам болду. Өткөн айда Көлдөгү бир пансионатта эс алууда жүрсөк, Владимир Жириновский да ошол жерде экен. Чак түштө сууга түшүп жүрсөк, пляждан мага фокус көрсөткүлө десе болобу. Кызуу экен. Биз жалаң плавкачан болсок, анүстүнө колубузда эчтеке жок кантип фокус көрсөтөбүз десек да болбой, биз менен бир топ урушту.
- Өнөрүңдү жеке кызыкчылыгың да, мисалы кыздар менен жакындаш-кың келгенде колдоносуңбу?
- Жок, көзбоочулукту кыздар менен сүйлөшкөндө колдонбойм, өтө зарыл болмоюнча (хе-хе). Өзүм алпарган тойлордо, илхом келе калганда жазчу аңгемелерде гана колдономун.
- Ой, өнөрүң көп го, аңгеме да жазсаң. Дагы кандай өнөрлөрүң бар?
- Мисалы фокус көрсөтүп атканда тигишинен айрылып кеткен көйнөк, шымдарды өзүм эле тигип алам. Тамакты жакшы жасайм. 3 жашымдан бери эле ашпозчу болсом деп кыялданчумун.
- Ал кандай фокус экен, шымың айрылгыча көрсөткөн?
- Карта менен фокус көрсөткөндө колдорду катуу-катуу шилтейбиз да. Шым болсо көп чуркап, тойдогу коноктор менен кошо секиргенде бир жолу айрылып кеткен.
- Чет өлкөлөр менен байланыштар барбы?
- Өткөндө Түркияга жайкысын барып иштеп келгенге чакыруу келиптир, бирок андан баш тарттык. Борбор Азия мамлекеттерине чыгып турабыз. Байланыштар болсо көп. Мисалы, Алматыда 27 жаштагы Елена деген кесиптешибиз адамдын башын кескенди көрсөтөт. Атактуулардан Андре Коля менен таанышпыз. Окурмандарга бул ысым эчнерсе билдирбесе керек, бирок, иллюзион дүйнөсүндө кадыр-барктуу адам. Дэвид Коперфильд менен жакшы дос. Андре Коля Бишкекке келгенде трансформацияны өз көзүм менен биринчи көргөм. Шоу башталганда караңгы сахнанын ортосунда тунук шар турду. Күтүлбөстөн түтүн каптап, ошо замат жок жерден Андре пайда болду. Кара костюмчан эле, 2 секундка чүпүрөк менен калкалап өткөндөн кийин көк костюмчан, дагы бир заматта ак костюмчан боло калды. Үстүнөн күмүш жылтырак себеленди эле - футболка, шортачан калды. Баары көз ирмем ортосунда, өтө тез.
- Биздин окурмандарга жок дегенде бир фокустун сырын айтып бербейсинби?
- Кел, мен сенин туулган күнүңдү табайын. Сен төрөлгөн күндүн датасын 2 ге көбөйтүп, ага 5ти кош. Суммасын 50гө көбөйтүп, туулган айдын катар номерин кош. Канча чыкты?
- 355.
- Сенин туулган күнүң 1-май. Таңгалдыңбы? Сыры жөнөкөй: акыркы суммадан 250нү кемитесиң. 3 же 4 орундуу сан келип чыгат, акыркы эки сан айдын катар номуру, биринчи сан - күндүн датасы.
- Маегиңе ыракмат Ильдар, эмкиде сенден мындан татаал фокустун сырын сурайбыз.
Нуржан АЛЫМКАНОВА















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan