![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №51, 18.07.08-ж. |
Жаншерик "Агымдын" кат куржуну адаттагыдай окурман журтунун арзуу каттарына, арман саптарына, бакытка балкыган, эстегенде жүрөк эзген окуя баяндарына, же бирөөгө болгон таарынычына, бугуна, көкүрөктө катылган сырына, көөдөндөгү кайгы-муңуна ачык. Аралык араңарды бөлүп турса да - жандүйнөңөр шерик болсун! Ал эми "Жаншерик" рубрикасы ортоңорго орток болсун. ?Бук Шайырбек Араповго Шайырбек, мени торсуз илип, жипсиз байлаганыңды сезбесең да, жүрөгүңдүн менин абалымды сезип коер күн бардыр. Бирде мени азапка батырып, санаа чектирген сансыз мүнөттөр үчүн өзүмдү жек көрүп кетсем, бирде сени жактырган жүрөгүмө ыраазымын. Сен жашаган доордо мен да жашап, сага аткан таң мага да атып жатканына кубанам. Алыстан карааныңды көрүп койгонго эле курсантмын. Бирок, сенин алакандай жүрөгүңө батпаган соң, бул дүйнөнүн кеңдигинен не пайда? Менин жүрөгүмдө сага деген кусалык, жазылган тагдырга башымды ийбей, жанымда болчу деген сураныч, айыкпас жараланган сезим, сени менен жолугушууну самаган күтүү бар экенин, сенин гана карааның менен жашап калганымды билбей, сезбей жашап келесиң. Мен сен үчүн алыста жүргөн бир табышмак жанмын, бейтааныш бирөөмүн, телефондогу үнмүн. А сен... Сен болсо, мен үчүн жылдызсың! Эгер жылдыз түнкүсүн асмандын көркүн чыгарып турса, сен менин жашоомдун ар бир көз ирмемин кооздоп турасың. Сен - күнсүң! Эгер күн жер үстүндөгү ар бир тирүү жанга өзүнүн жылуулугун тартууласа, сен менин жүрөгүмө зор кубанычтын нурун чачып турасың. Сенин гана бажырайып турган көздөрүңдөн азык алып жашап калганымды билесиңби? Сени менен жолуккум келип, сагынычка чыдабай, улуу махабат деген сезим менен сенин кучагыңа жетеленем. Мына азыр да ошол оргуштаган сезимге ээ болалбай, баарына кайыл болуп, ичиме толгон бугумду саймедиреп, сага бир аз да болсо жылуулук тартуулап, бул турмушта сен деп жүрөгү соккон, кай жерде болбосун таламыңды талашкан күйөрман кызың бар экенин билдиргим келди. Сенин талантыңа, көңүлдүн төрүн ээлеген сөздөрүңө жана эң негизгиси ички дүйнөңдүн жөнөкөйлүгүнө таазим этем. Бар бол, менин жакшы көргөн инсаным! Ысыкатадан күйөрманың Айзада Карагулова ?Жанирмем Таба Бактияр мени кучагынан бошотпой кечке өпкүлөй бергендиктен, андан кутулуу үчүн: - Кел, эртең дагы жолугалы, - дедим. - Таежемдин үйү как раз бош, алар Көлгө кетишкен, эртең ошо жакка барбайлыбы? - деди ал ыңгайлуу жай табылганына сүйүнүп кетип. - Мейли, бирок жумуштан кийин. - Мен сени "Октябрь" кинотеатрынын алдынан күтүп турам, саат алтыда. Экөөбүз дүкөндөн майда-чүйдө алып, анан үйгө барабыз, жарайбы? - А кино көрсөкчү? - Менде укмуштай секс видиктер бар, үйдө экөөбүз жатып алып чогуу көрөбүз... Ошентип Бактиярды эптеп узатып, үйгө келдим. Көкүрөгүм аңгырап бош, өзүмдөн өзүм жийиркенип кеттим. Ушу тушта күйөөм экөөбүз таарынышып жүргөнбүз. Таарынычтан арылалбай жүргөндө студент кездеги досум Бактияр жолугуп калбадыбы. Бактияр дагы деле үйлөнө элек экен. Ал студент кезде эле "ата-энем кудалап койгон кыз бар, Токтогулда, ошого үйлөнөм, бирок сени жакшы көрөм" деп ачык айтчу. Ошентип экөөбүздүн достугубуз өбүшкөндөн нары өткөн эмес. Эми менин күйөөгө тийип, бир балалуу болуп, баламды кайненем багып, күйөөмдүн айылда экенин угуп, өзүмдүн иштеп жүргөнүмдү билген соң, тигинин эмнеге чапкенедей жабышканы түшүнүктүү... Күйөөмдү ойлодум. Эмне кылып жүрдү экен? Карасаң, бир таарынычтын айынан андан өч алгым келип, Бактияр менен болууга бир заматта макул болгонумду карачы?.. Бактияр менен жаткандан кийин эмне болом, күйөөм менен кантип жатам?.. Кудай, өзүң жар бологөр, мендей пендеңди жолуңдан адаштыра көрбө... Ушинтип өзүмчө күбүрөнүп атып уктап кетипмин. Эртең менен аябай шайдоот ойгондум. Башыма келген биринчи ой: "Күйөөм бар экенине карабай мага кызыгып жакшы көргөндөр деле бар тура". Кайра ошо замат башка чапкандай шалдайып, отуруп калдым. Бактияр мени жакшы көргөнүнөн эмес, күйөөмдүн жоктугунан, анан менин таарыныч жол ачкан боштугуман пайдаланып жатканы мээге чак этти... Аялдык арым козголуп, ызам келди. "Шашпа, мен сага пайдаланганды көргөзөм" деп жумушка келдим. Түшкө чейин Бактияр эки жолу телефон чалып, убакыт өтпөй атканын, ар бир мүнөт ага кылымдай сезилгенин, дагы бир топ жалынычтуу сезимдерди айтып жиберди. Түштөн кийин мен ага телефон чалып сагынып атканымды, эмнени элестеткенимди айтып тигини бир топ дүүлүктүүрүп койдум. Кечинде "Октябрдын" алдына эмес, капталына барып, бактардын аркасына жашынып, Бактиярды күтүп турдум. Ал боз плащынын жакасын көтөрүп, туура саат алтыда келди. Көчө жарыгынан анын бозоргон көздөрүн, бүгүнкү түн үчүн бардыгына кайыл болуп чыгынып чыкканын көрүп ичимен күлдүм... Ал бир саат күттү. Сыртынан шалпая баштаганын байкап, табам канып, таксиге отуруп кетип калдым. Алмаш, Бишкек шаары ?Көңүл бургула! Кыргыз кыйырын кыдырган сынак: "Кут - 2008" Ынтымак бар жерде - Ырыс, аны улай Кут болот. Ошол Кутту тута билгени да, колдон чыгарып жибергени да болот. Эгер тута билсе, ошол бүлөнүн ырысы тоодой. Бүгүн "Агым" гезити үйбүлө деген баалуулуктун баалуулугун арттыралы деген ниетте жаңы сынак баштап туру. Бул - бүлө куруп, түтүн булатып келаткандарына 30 жылдан ашуун убакыт толгон үйбүлөлөрдүн сынагы. Аталган сынакка Кыргызстандын кайсы бурчунан болбосун узак жашаган бүлөлөрдүн баардыгы катыша алат. Эгер жубайлар сынакка катышуудан тартынса, демилгени уул-кыздары колго алса болот. Сынакка жөнөтүлгөн катта камтылчу талаптар: Үйбүлөнүн кыскача тарыхы (баш кошкон жылы, кандайча үйлөнгөнү, ж.б.); Үйбүлөдөгү каада-салттын өзгөчөлүгү (бүлөнүн өздүк эреже, принциптери); Жаш үйбүлөлөргө айтчу акыл-насааты; Жубайлардын көркөм түстүү сүрөтү (2 түрлүү). Сынактын байгелери Баш байге - жайлуу, жумшак эмерек 1- орун - телевизор 2-орун - духовка 3-орун - килем 4-орун - самоор Сынак ушул жыл менен кошо жыйынтыкталат. "Агым" жамааты тарабынан белгиленген калыстар тобу иштеп, аны менен бирге смс-добуш берүү да кошумча роль ойнойт. Смс-добуш үчүн кыска номур - 3030, AGYM деген сөздөн соң аралык калтырып, kut деп улап, үйбүлө номуруна карап, добуш берсеңиз болот. Бир билдирүү акысы - 0,50 цент (бардык байланыш операторлорунан). Байланыш тел.: 665574, 665582, 665548 aika01@mail.ru 46 жыл бирге жашап келаткан Бозжигит жана Какен Бозжигит жана Какен Төлөковалар Чүйдүн Сокулук районунан. 1963-жылы борбор шаарыбыздан таанышып, баш кошушкан. Ортодо беш баласы, 12 небереси, 1 чөбөрөсү бар. Бозжигит ага "Чолпон" фабрикасында начальник болуп көп жыл эмгектенсе, Какен эже өмүр бою соода тармагын аркалап, үч жолу шаардык советке шайланып депутат болгон. Эмгектин ветераны жана көптөгөн орден-медалдардын ээси. Кыргыздар дайыма белгилеп кетчү нерсе - ал кайненесин сыйлаган, илбериңки келин болуп, 97 жашында кайтыш болгон кайненесин өзү багып, акыркы жайга өз колу менен узаткан. 50 жашка чыкканда оң көзү көрбөй калды. Ошондон баштап ыр жаза баштаган. Учурдагы бул үйбүлөнүн салты - кандай майрам болбосун, уул-кыз, неберелери чогулуп, 46 жыл бирге жашап келаткан ата-энесин куттуктап кетишет. Жаш үйбүлөлөргө айтчу насааты: "50-60-жылдары ажырашуу көрүнүшү учурдагыдай болгон эмес. Азыркы жаштарга даяр үй, даяр машине берсең да бир жылга жетпей ажырашууда. Бардан да, жоктон да кажы-кужу сөз чыгарып, жок жерден ажырашып атышат. Жалкоолукту таштап, бирин-бири көтөрө билип, турмуш аларга жакшылыгын айтса экен. Мен келиндериме да, кыздарыма да дайыма көтөрүмдүү болгула деп акылымды айтып турам". Төмөндө Какен Төлөкованын абышкасына жазган ырына көз чаптырыңыздар. Чалым Бозжигитке Бозжигит жаш кезинде Көкүлүн сылап тараган Кырдач мурун, кара чач - Кандай кийим кийсе жарашкан. Кара очки тагынат, Киного мени чакырат. "Ала-Тоого" барчубуз, Балмуздак, конфет алчубуз. Баш коштук экөөбүз, Бактылуу жашап келебиз. Беш балалуу ата-эне деп Бай-байбиче болдук биз. Өмүр бою иштедик, Ак иштеп, ак нан тиштедик. Уул-кыздарды окутуп, Жогорку билим биз бердик. 46 жыл бирге жашадык, Кырчындай болгон жаш өмүр Кайда сен калдың жашынып? Колтукташып бир бассак илгери - Кандай бир сонун жарашкан. Карап турган кошуналар, теңтуштар Суктануу менен карашкан. Азыр биз картаң кемпир-чал, Мен чоң апа, чоң ата ал. Өлбөйлү Кудай теңирим, өлбөйлү, Небере сыйын көрөлү. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|