![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №52, 25.07.08-ж. |
Сап собол НЕЛЯ:"Келечек жолдошум романтик болсо деп тилейм" Рубрикада мейманда - НЕЛЯ. Ырчы кыздын билген-билбегени, турмуштагы жактырбаган нерселери, кыял-тилектери жана ак жоолук боюнча да сырларынан "Сапсоболдон" кабар алыңыз. Билесиңби? - Уй саап көрдүң беле? - Жок, билбейм. Саап да көргөн эмесмин. Бирок, кызыгам. - Тандырга нан жаап же боорсок жасай аласыңбы? - Тандырга нан жапкан таенеме жардам берчүмүн. Боорсокту сиңдилеримдин жардамы менен жасайм. - Сары май кантип пайда болот? - Сүттөн каймак тартат. Каймакты кайнатат, андан сары май жана чөбөгө чыгат. Таенем кичинемде мага сары майдан мыжыкма кылып берчү. Азыр бал да кошуп жейм. - Сүзмө эмнеден жасалат? - Айран уютулат, аны атайын бир баштыкка куюп илип койсо, сүзмө болуп калат. Курут ошондон жасалат. - Алгачкы медициналык жардамды жасай аласыңбы? - Мектепте, кийин айдоочулук мектепте, университетте деле окудук. Сабакта бири-бирибизге жасап көрчүбүз. - Боз үй чечкенге аралашып көрдүң беле? - Бозүйдү да мектептеги атайын бир сабактан толук үйрөнгөм. Бирок, шаарда жашагандыктан, бозүйдүн тигилишине да, чечилишине да катышалекмин. Эң жаман көргөн… - … тасма - Боевиктер. Жан Клод Ванн Дам, Силвестер Сталлоне катышкан кинолор башталганда өчүрүп же башка каналга которо салам. - … суусундук - "Инвайт", "Юпи", "Тархун", ж.б. - … ыр - Рок. Таптакыр укпайм. - … буюм - Курал-жарак. - … жаныбар - Жаныбардан эмес, курт-кумурскалардан корком. - … ырым-жырым - Кара магияны жек көрөм, аны кармангандарды түшүнбөйм. Эгерде… - Чыгыш стилиңе карап, Болливудга иштөөгө чакырышса, макул болот белең? - Барат болчумун. Анткени, мен индиялык тасмалардын таасиринде өстүм. Тасмага тартылуу мүмкүнчүлүгү келсе, баш тартмак эмесмин. - Жогорку маянаны сунуштап, өз кесибиң менен иште деп, ырдоого тыюу салышса, кандай кадам жасамаксың? - Биринчиден, мен куру убадаларга ишене бербейм. Бирок, өз кесибимди деле алып кетсем жаман болбос. - Сага Маданият министрлигин жетектөөнү сунушташса, ишти алгач эмнеден баштамаксың? - Негизи кичинемде апам: "Кызым Маданият министри болот" дей берчү. Алгач мониторинг өткөрүп алып, ушул тармактагы кесипкөй адамдар менен кеңешкен соң, иш планын аныктап алмакмын. - Дима Билан артыңдан калбай ээрчип, арзуусун арнаса, кандай жооп кылат элең? - Чындап эле Дима Биланды жакшы көрөм. Бирок, кандай болбосун, кыргыз жигиттеринен артык адамды табалбасымды так билем. - Турмуш курган адамың криминал чөйрөсүнүн анабашы болуп чыкса, бирге жашоону уланта берет белең? - Кудай сактасын андайдан. Эгер ушундай учурга туш болуп калсам, "Аял жакшы - эр жакшы" деп коюшат эмеспи. Туура жолго салууга аракет кылмакмын. Бирок, ушундай тагдырдан кудай сактасын! Дегеле, ушул чөйрөгө байланышкан адамдардан да, нерселерден да оолак болгум келет. Келин болгондо… - Үйбүлө кура турган жигиттин ата-энеси менен алдын-ала таанышат белең? - Сөзсүз таанышып алмакмын. Анткени, бул - абдан олуттуу кадам. Турмушта бири-бирин жакшы көрүп турушса да, ата-энесинин азабынан ажырашкандарды көрүп эле жүрбөйбүзбү. - Европалык тойду жактырасыңбы же кыргыз салты менен турмушка чыгууну туура көрөсүңбү? - Колдон келсе, эки түрдө тең өткөргөнгө не жетсин. Мен азыртан эле келечектеги үлпөт тоюмдун сценарийин түзүп, элестете берем. Болгону алагачкандан кудай сактасын! - Жоолук салынып жүрөт белең? - Эгер кайын-журтум ошондой көрсөтмө беришсе, аткармакмын. Көшөгөгө да олтургум келет. Кийин эстеп алып, эйфорияга батасың да. - Жолдошуңдун ага-эже, ини-карындаштарын тергейт белең? - Айрым жеңелерим мени тергеп калышат. Бирок, мен уяла берем. Кайын-журттун талаптарына, ошол үйдүн салт-санаа, эрежелерине көнөм. Мен мындан бир өөн нерсе деле көрбөйм. - Кайната-кайненеден бөлүнүп жашамак белең, же аларды багып, бирге турууга макулсуңбу? - Канткен күндө да сый керек. Ошол сый сый бойдон сакталышы зарыл. Бөлүнүп эле түтүн булаткан оң. - Келин болгондо деле ырдай бересиңби? - Мен өзүмдү азыртан моралдык жактан ушул маселеден чыга турган көйгөйлөргө даярдап келем. Жолдошумдун айтканына жараша чечим чыгарам. Анын уруксатын алып, Бишкектеги ири концерттерге чыгып турам. - Жолдошуңа эмне деп эркелейт элең? - Романтик болсо деп тилейм. Мен күтүүсүз жагымдуу белектерди, көрүнүштөрдү жактырам. Мен көптөн бери романтик адамдарды жолуктура элекмин. Собол салган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|