Коомдук-саясый гезит
№52, 25.07.08-ж.





  Сейил маек

Эгемен ойлордон
Эки кебинин биринде эле Улуттук телени оозанып, ага баш-оту менен кирип алган Мелис агабызды азга "сууруп" чыгып, "Агым" үчүн кеңири маек куруп берүүнү өтүндүк. Создуруктуруп жүрүп, макул болгону бүгүн. Көз сыдырып өтсөңүз, окурман, балким, эски кожоюнубуздун ойлорун сагынып
деле калган чыгарсыз.
Мелис ЭШИМКАНОВ:

"Душманым сууга агып баратса - эч ойлонбой куткарганга даярмын..."
- Стандартка салынбаган адамды мамлекеттик кызмат чектей алдыбы?
- Бир жактуу айтыш кыйын. Дагы деле галстук тагыналбайм, костюм-шым кие албайм. Кээде Акүйгө эски адатым менен жынсычан барып алып, эскертүү уккан учурларым болуп жүрөт. Негизи эле мамлекеттик чиновниктин териси мага коошпой келатат. Улуттук телерадио корпорациясы - чиновниктер менен алака-катышың болгону менен, чыгармачыл коллектив. Баягыдай эле - "Асаба"-"Агымдагыдай", оппозициядагыдай эле ээн-эркин алып жүрөм өзүмдү. Чоңмун деп чочоңдобойм, керсейип өйдөтөн карамай жок. Жөнөкөй ашканасына түшө калам, студияларга, ар кайсы кабинеттерге баш бага калам. Улуттук каналды тазаласак деген ниеттеги мүнөзүм сакталып калды. Албетте, бир стандарты бар. Мен чакан гезиттик жамааттагы катаалдыгымды көрсөтүп жүрөм. Антпесе, билесиңер, журналист аттуунун баары өздөрүн жылдыз сезет, асманды сүйлөшөт, амбициялары башынан ашып түшөт. Азырынча толук кандуу чиновникмин деп айталбайм. Баягы эле чыгармачыл мүнөз менен жашап келатам.
- Сөздүн жакшы маанисинде авантюристмин деп калчу эмес белеңиз. Азыркы кызматыңызда да авантюристтик кадамдарга барган учурлар кездешеби?
- Авантюристтигиң эмне - көздөгөнүңдү бербеген көкжалдыгың. Тигинин же мунун көңүлүн карап, тигил же бул көрсөтүүнү алып-албаш керекпи деп олтура берсең болбойт. Улуттук каналдын тарыхында биринчи ирет бир ай бою көрсөтүүлөрдүн баары алып салынып, январь айында жалаң тасма, жалаң жаңылык менен гана жашадык. Кийинкиге даярдык көрдүк. Буга чейин оозеки айтылып, ишке ашпай келген Түнкү канал же адаттан тыш, чет элдик каналдардын форматындагы көрсөтүүлөрдү батыл, чечкиндүү түрдө ишке ашырууга аракет кылдым.
- Эшимканов келгени КТРде кадрдык чакчалекей болуп кетти деп атышат го?..
- Мен аны чакчалекей деп түшүнбөйм. Бирөө бир ай, дагы бири үч же беш ай иштеди. Алардын жерлигине, мага жакын-алыстыгына же дагы башка критерийине карабастан, профессионалдуулугуна карап, реформанын өңүтүн авантюристтик чечим менен жасоого аракет кылдым. Албетте, тирүү пенде болгондон кийин, иштеген адам жаңылышат демекчи, кадрдык жактан жаңылыштыктар болбой койгон жок. Сырттан мыктыларды апкелейин десең, көп акча зарыл, укуктук бир полномочиең болуш керек экен. Ушуга байланыштуу мен Улуттук каналдагы 1500 адамдын алкагында гана шахматтык жүрүштөргө барып, эксперименттерди жасадым. Оңу да, солу да, жакшысы-жаманы да болду. Бирок, негизинен, ушул сегиз айдын ичинде ырааттуу бир калыпка түшүп, Советтер союзунан калган аралча сыяктуу иш алпара беребиз деген адамдардын да психологиясы өзгөрүп баратат. Асманды алып ийген жокпуз, каалаган максаттарыбызга толук жетелекпиз. Ашып баратса анын 15-20 пайызын гана ишке ашырсак керек. Алдыда саясый чечимге, финансылык, техникалык, ички структурасынын өзгөрүшүнө, штаттардын кыскарышына байланышкан бир топ маселелер бар. Жарым жыл аралыгында Улуттук биринчи каналды сапаттык жаңы деңгээлге алып чыгабыз деген үмүт бар.
- Бийлик адамдарынын арасында өз эле болуп калдыңызбы же баягыдай эле журналисттик ишмердигиңизден улам чочулап, кылдат мамиле жасашабы?
- Кайпактатып жооп бергенди жаман көрөм. Орустар айткандай "Свой среди чужих, чужой среди своих" дегендей жүрөм. Мурунку жетекчилердин кандай иштегенин билебиз. Мен кыялымдын чорттугунан, көкбеттигимен көрүнгөн келип буйрук бералбайт. Түздөн-түз биринчи жетекчилер менен иштешем. Экинчиден, кошоматтанганды билбейм. Болгонун болгондой айтам. Жашырбай эле коеюн, ушул 8 ай ичинде 2-3 ирет оозеки да, кагаз түрүндө да отставка сурап кайрылдым. Бөгөт коюлуп, ишибиз жылбай аткан жагдайда мен ажону да, өзүмдү да, коллективди да кыйнабай, чыгармачылык жакка гана кетейин деген ойлор болду. Бирок, тилекке каршыбы же бактыга жарашабы, мамлекет башчысы мага ишеничин өчүрөлек. "КТРди оңдош сенин колуңдан келет" деп алигүнчө мүмкүнчүлүк берип келатат. Ээн эркин басып калган художник, сөз адамы, журналист катары өзүмдүн мурдагы образымдан чыккым келбейт. Атүгүл, Акүй, Көкүйдөгү жыйналыштардан качып, орунбасарларымды жөнөтүп коймой адаттарым бар. Балким, бул мамлекеттик кызматтын этикасына туура келбейт чыгар. Таңгалыштуусу - жетекчилер да мага түшүнүү менен мамиле кылып, мага көп капа болушпайт.
- Президентке кезиккенде мурдагы позицияңызды тамаша кепке аралаштыра эске салып калбайбы?
- Апрель митингинде Алматыдан бир укмуш аппаратура апкелип алып, эки күндүн биринде "Кетсин!" деп сайрап, алпаруучу болуп турганым эсиңдедир. Жаңы дайындалып атканда Курманбек Салиевич күлүп: "Ошондогу айткандарың кабинетке угулуп турчу, алигүнчө кулагымда" дегени бар. Кийин февраль айында мен кызматынан төмөндөтүп, айрымдарын жумуштан кетирген журналисттер ачкачылык жарыялап, эфирди тазалайын, жаңылантайын деген тилегиме каршылык көрсөтүлдү. Оор эле болду мага. Ошогезде ал киши: "Ии, кандай экен "кетсин" деген?" деп тамашалады. Курманбек Бакиевдин бир нерсеси көңүлүмө муюйт, эркекче эле мамиле жасап, кызмат бергенин кадыр-колко кылбайт. "Бакылдаган текени, суу кечкенде көрөлү" дегендей, бул киши мага УТРКаны башкартып, бир чети опуртал, тобокел кадамга барган. Башкы идеологиянын куралын берип, бир чети: "Жалаң эле "кетсинизм" менен ооруган саясатчыбы же колунан бир нерсе келеби?" дегендей сынап, мүмкүнчүлүк берди. Биздин жумуш жаманын жашырып, жакшысын көрсөтмөгө чыгаргандай эмес, эртең мененки жетиден түнкү 2ге дейре күзгүдөгүдөй баары көрүнүп турат, жаман-жакшысы да, жамаачы-бүтүнү да, ийгилик-кемчилиги да - көрөрман көз алдында.
- Кандай кызматка келбесин, адам өзү да сыналат, айланасын да сынап алат. Ушул боюнча сизде кандай ой тыянак бар?
- Телевидениенин короосунда чоңойгон баламын. 1974-жылы отличник окуучу катары балдар диктору кылып алпарышкан. Тамара Бакиева, Роза Рыскелдинова, Жолдубай Кайыпов, Маргарита Булатовалардын арасында жүрүп, азыр картайып калышкан биздин аксакалдардын колунда өскөм. Балдар көрсөтүүлөрүн алпарып, теленин ашканасы мага аябай жакын. Чындыгында менде ошол балалыктан берки купуя тилек бар эле. Чоң болуш үчүн же КТРдин башына келиш эмес, а гезит тармагында алдыга озгон тулпар сыяктуу тээ 20 жыл илгери эле улуттук телени оңдоюн дечүмүн. Президенттин дайындаганы, дагы бир ирет кайталап айтайын, мага күтүүсүз болгон. Дайындалган соң, КТРди бир паста оңдоп коем деген чоң амбициям бар эле. Турмуштун ачуу чындыгы ушундай экен. Купуя тилектеримдин ишке ашышы оор болду. Буга менин же коллективдин начарлыгы эмес, компартиянын "аралчасындай" калыптанып калган теленин системалык кризиси себеп. Чынын айтайын, анча-мынча эшек куртум мурдумдан түшүп, мурдагыдай мен кыйратып ием дебей, эволюциялык жол менен четинен оңдогонго өтүп алдым. Жаңы келгендегидей, нервди коротуп, эмоцияга алдырып, кайгырбай калдым. Чындап эле сыйкыр таяк жок, буга убакыт, акыл, сабырдуулук, ичтен бышып жетилген концепциялык философия керек экен. Мен ошону түшүндүм. Эгер мындан ары да мүмкүнчүлүк берилсе, Улуттук каналды улуттук руханий, көркөм дүйнөбүздүн, идеологиябыздын тунук күзгүсүнө айлантууга толук шарттар бар.
- Кызмат алып, оппозициядагы досторун сатып кетти деп да күнөө тагып жүрүштү. Негизи эле, достук деген түшүнүк түбөлүктүүлүк менен айкалышабы?
- Мындай кине таккандардыкы да бир чети туура. Туруп-туруп эле Конституциялык сотко кайрылдым, парламенттен мандатымды таштадым, туруп-туруп эле президенттин сунушуна макул болуп кетип калдым. Чел кабыгынан караганда сатып кеткендей таасир калтырдым. Оппозициядагы досторумдун ою боюнча, күзүндө чыгабыз, жазында баштайбыз деп эле күжүлдөп жүрүшүм керек экен. Бирок, ички сезимимде тебишип-чабыша бербей, КТР участогу аркылуу президент же Асан, Үсөн үчүн эмес, иш жүзүндө эл, Мекен үчүн кызмат кылуу ниети болду. Сатылып кетти деген "досторумдун" таккан айыбына болгон менин жообум - экрандагы гана иш-аракетим. Эгер мен дагы жарым жылда чыныгы реформа жасай албасам, анда кооз сүйлөп, ооз көптүргөн популисттердин бири болуп калышым мүмкүн. КТРди эларалык болбосо да, ага жакындашкан баскычка көтөрсөм, эч кимди сатып кеткен киши эмесмин деп ойлойм.
Достук дегенде, журналистиканын арты менен, "Асаба"-"Агым", эми КТРдин арты менен саясатта жүрүп, бул чөйрөдө тунук достук болбосун түшүндүм. Анда убактылуу гана кызыкчылыктар болот. Бирок, оппозициядагы бир нанды тең бөлүшүп, жамандык-жакшылыкта аралашып калган адамдар менен Акүй не деп иет экен дебестен, катышымды улантып жүрөм. Алар менен болгон жеке адамдык мамилемди бузгум келбейт, ачыктан ачык эле алар менен кезигем, тоюна, жамандык-жакшылыгына барам. Бирок, дагы бир ирет кайталайын, саясаттагы достук менен адамдык руханий достукту салыштырып болбойт. Ошол себептен, мен мындан уялып, жүдөп, актангым келбейт. Ким кимди сатты, мезгил өзү таразалайт. Мен гезит бетинен айтпай турган көшөгө артындагы көп нерселер бар, апрель, андан мурдагы ноябрь митингдеринде кимдин кандай жүзү бар экендигин, оппозициядагы аябай жакшы көргөн досторумдун биздин сыртыбыздан тон бычкан оюндарын көрдүм да, саясатта өтө эле балакай, өтө эле баео болбош, ак менен караны ажырата жүрүш керектигин түшүндүм, оппозицияда деле аласы менен буласы бар экендигин көрдүм. Мен алардан "Агымды" же КТРди пайдаланып өч алган жолго өткөн жокмун. Алардын арасындагы 20-30 чактысы менен мамиле түзүп келсем, ошонун баары эле досторум эмес экендигине ынандым. Арасынан бирин-серини гана эртең менин же алардын башына мүшкүл түшсө, кол суна турганына көзүм жетти.
- Сизди саясатчылар президенттин кичүү уулу Максим Бакиев менен ысык дос деп калышат. Дегеле, бул жаңы ханзада жөнүндө ушактар үзүлбөй, демондук образы коомчулукта айтылып жүрөт. Кандай комментарий берет элеңиз?
- Биринчиден, ал жигит экөөбүздүн мамилебиз ысык да, муздак да эмес. Дос деп айтууга болбойт, сый мамиледебиз. Экинчиден, Максим менен тааныша электе мен дагы жанагыдай айың кептердин таасиринде жүрчүмүн. Бирок бир жылдан бери жакындан билген соң, президенттин урук-туугандарынын, үйбүлөсүнүн ичинен дал ушул Максим инибиздин жаш болуп туруп эрте жетилгенине, Батыштык прагматикалык ой жүгүртүүсүнө, жигиттик түз мүнөзүнө күбө болуп жүргөнүмдү жашырбайм.
- "Агымды" сатып жибергенден кийинки ушул гезит менен болгон байланышыңызды элге кантип түшүндүрөсүз?
- Бегалы Наргозуев досума сатып атканда эле тираж, кадр, гезиттин багытын аныктаганга жардам берүү милдеттенмесин алгам. Анткени, өз балапанымдай болгон гезитке, коллектив меники болгон соң, алардын тагдырына кайдыгер болалган жокмун. КТРге келгени менде убакыт аябай чектелүү, ошол себептен, толук кандуу аралаша албасам да, Чүй проспектисине кайрылып, анда-санда гезит кеңсесине баш багып калам. Толук кандуу кожоюн болбогондон кийин, көйгөйлөрү да көп, конкуренция күч. Центристтик позицияга өткөнү кайсы бир деңгээлде окурмандарын жоготуп алды, бирок, менимче, "Агымдын" мурдатан келаткан руху, духу боюнча бул гезит баары бир өз жолун таап, кайрадан жаңы жолго көтөрүлөт. Адыраңдап оппозицияда жүргөндө "Агымдын" бир чоң катачылыгы - бир жактуулукка өтүп алганы. Ал эми тираж маселеси - убактылуу көрүнүш.
- Эшимканов мектебинен чыккан эле калемгерлер сизге үстөккө-босток асылгандарын токтотпой келишет. Себебин неден көрөсүз?
- Бул мыйзамченемдүүлүк. Муну Калыгул олуя айткан, башка апостол, пайгамбарлар айткан, акырзаман жакындаган сайын баласы атасына, аялы күйөөсүнө, иниси агасына кас болот дейт. Душманды сени менен сөгүшүп аткан адамдардан издебе, ал жакындарыңдын арасынан чыгат дейт. Заман, мезгил оорлогон сайын бул мыйзамченемдүү кадыресе көрүнүшкө айланат. "Кыздын сыры төркүнүнө маалым" дегендей, алардын сыры мага белгилүү. Эшимкановду шыбап, алар өздөрүнүн ички, көрпенделик сезимдери менен бийик көрүнгүлөрү келишет, ошол нерсе менен ысым жасагылары келет. Алардын шордуулугу - кашайып аларга Эшимканов жооп бербейт, соттошпойт, кээде-кээде гана тамашалап сөз ыргытып коюшу мүмкүн. Бул үчүн аларды деле күнөөлөбөш керек. Бул балким, алар үчүн журналист, редактор, кыйын болуунун ыкмасыдыр. Мен эч качан өз устатымды, жакшылык кылып, мен үчүн акыркы нанын сунган, туздашкан адамдарды тебелебейт элем. Адам болгон соң, бир күнү түшүнүшөт. Бул "Асаба"-"Агымдын" тарыхында далай ирет болгон, кайра кечирим сурап келишет. Эң негизгиси, алар менин баарыбир кечиреримди билишет. Мухаммед пайгамбардын керемет сөздөрү бар, мени сөөк мүлжүгөндөй мүлжүп, колдон келишинче, күчтөрүнүн жетишинче шыбашканы - күнөөлөрүмдөн тазалап, сөөгүмдү агарткандары.
- Саясат, иш кебинен алыстайлы, Мелис Асаналиевич. Чыгармачыл адамдар сүйүүнү даңазалаганы менен сүйүүдө туруксуз келишет. Жүрөгүңүздө бир гана аялзатына орун барбы же ушул жашка чейин далай айымдарга арналып кетти беле?
- Башка адамдар үчүн жооп бералбайм. Сүйүүнү даңазалап, поэма же роман жазып көргөн киши эмесмин. Бирок, сүйүү арбир адамдын башындагы улуу сезим деп эсептейм. Эгер адам түшүнө билсе, кадыр-баркына жете билсе, бул сезимге ааламда эч бир нерсе тең келбейт. Өзүмдү телегейи тегиз, аппакай периштемин деп айталбайм. 45 жашка чейин көп эле аялзатын жактыргам. Жаңылып сүйгөм, убактылуу сүйгөм, узак сүйгөм, бардыгы болгон. Бирок, менин бүгүнкү жашоомдогу сүйүүм - азыр жашап аткан жубайым Асел. Анын көзүнө чөп салып же аны алдаган сезимдер жок. Жашаганыбызга төрт-беш жыл болуп калды, эки балалуу болдук. Жубайым экөөбүздүкү элдикиндей обужок өрттөнгөн сүйүү эмес, турмуштун прозасына байланышкан сезим. Кооз сөздөрдү деле айтышпайбыз. Асел менен жолукканы адамдык, эркектик сезимдерди кармап келатам деп ойлойм. Албетте, сыртта азгырыктар көп. Эшимканов деген атыма, кызматка карап, көп аялзаты сугун артат. Айрым аялзатына мен тараптан сулуулугуна, адамгерчилигине, интеллектине карап кызыгуу болот. Бирок, түпкүлүгүндө Аселге болгон сүйүүмдү мен сатып, ойноп же булгаганга жол берелекмин. Мүнөзүм боюнча тамашакөймүн, кыздарга ачыктан-ачык тийишип, бийге чакыра берем. Ушул мүнөзүм менен мектепте деле, кийин деле көп ушакка кабылдым. Атургай, менин жанымда шамчырак кармап тургансыган кептер да жүрөр эле. Бирок, бул жагынан сыртынан сыр бербеген, унчукпаган эркектер балакет болот. Канчалык кыз жандуу болбоюн, мен конкреттүү аялзатына келгенде жакшы эле туруктуу адаммын.
- Коомчулук сиздин эки ирет үйлөнгөнүңүздөн кабардар. Ушул менен токтолосузбу же дагы ниет барбы?
- Андай ниетим жок. Баары буйруктан болот экен. Экинчи ирет үйлөнөм деген деле атайын планым болгон эмес. Бул - буйрук, бул - жазмыш. Эртеңки тагдыры, үйбүлөсү, карьерасы, өлүмү жөнүндө даяр рецепт, даяр сценарий адамдын колунда эмес. Эгер болсо, асмандагы Кудай Атанын колунда болот чыгар.
- Таята да болуп калдыңыз, наристе уул-кызыңыз да бар. Дегеле, аларды эзилип түшүп, эркелетесизби?
- Жаман арымда аябай баласаакмын. Улуу үйбүлөмдөгү кызым Жылдыз менен уулум Төлөгөн дегенде ичкен ашымды жерге коем, алар үчүн баарына даярмын. Асел экөөбүздүн ортобузда жаралган Адам менен Миэлланы көргөндө күндүзгү көйгөйдүн баары эстен чыгат. Ушул экөөнү жыттап, алар менен бирдей бала болуп ойноп кеткенди жакшы көрөм. Негизи эле кичине балдарга жакынмын. Мактанып коеюн, туугандарымдыкына барамбы, досторумкуна барамбы, кичине балдары мойнума асылып турушат. Алар наристе жүрөгү менен балага жакын адамды сезет окшойт. Бала деген таза дүйнө экендигин, алар бейкүнөө экендигин чын дилимден сезе билем. Уул неберемди сүрөттөн эле көрүп жүрөм, ал эми тун неберем Ванессаны өзүм барып Америкадан апкелип, бир жыл ушул Бишкекте багыштык. Небере деген бир башкача сезим болот экен, тим эле эт-жүрөгүм менен эзилип, жакшы көрөм. Бала-небере деген кандай сөз, кандай музыка менен айтсаң да, жеткире алгыс керемет мен үчүн. Мен жакшы таятамын, жакшы атамын деп ойлойм. Саясаттан да, гезиттен да, КТРден да албаган ырахатты ошолорду жыттаганда алам.
(Уландысы 13-бетте)























Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan