Коомдук-саясый гезит
№52, 25.07.08-ж.





  Ааламда

Миң түркүн адам
Нурсултан НАЗАРБАЕВ
Казак президентинин мурунку күйөө баласы Рахат Алиев "The Wall Street Journal" басылмасына берген маегинде Нуракени коррупционер атады. Алиев Назарбаевди мамлекеттик казынадан миллиард доллар өлчөмүндө акча каражатын менчиктеп, өлкө аймагында иштеген ири компания жетекчилеринен пара алган деп күнөөлөөдө. Мындан тышкары, президент нефть, газ, уран, жез өндүрүүчү ишканаларда үлүшү бар экендигин айткан. Алиев сөзүн расмий документтер менен далилдеп да берген. Экс-күйөө баланын айтымында, Назарбаевдин мүлк-байлыгын Вашингтондо консалтинг чөйрөсүндө иштеген Александр Миртчев башкарып, ал эми ага Казакстанда телефондук компанияда иштеген Айгүл Нуриева жардам берет имиш.

Жорж БУШ
АКШнын Ирак менен Афганистандагы антитеррордук ишмердүүлүгү ири террактыларды элестетет. Ал эми Жорж Буш Усама бен Ладен менен Саддам Хусейнден эч айырмасы жок террорист. Атургай, АКШ президенти Хусейн менен бен Ладенге караганда алда канча көп адам өлтүргөн, деп билдирди "Бурда" басылмасынын вице-президенти Юрген Тоденхофер "Der Sten" басылмасына берген маегинде.

Уго ЧАВЕС
Венесуэла президенти Россияга болгон иш сапары учурунда улуттук валюта рублдин дүйнөлүк валютага айланышын жана орус куралдуу күчтөрүнүн Венесуэлада жайгашышын колдоорун билдирди. "Россиянын мүмкүнчүлүгү кеңири. Эгер россиялык куралдуу күчтөр биздин өлкөгө келсе, биз туубузду көтөрүп, ыр менен жылуу-жумшак тосуп алабыз" деп айтты президент. Ал эми Венесуэланын оппозициясы Чавестин кадамдарын ойлонулбаган "фантазия чегиндеги" аракет катары баалоодо.

Кондолиза РАЙС
АКШ мамкатчысы кара өңдүү Барак Обаманын президенттикке талапкер болушун Американын ири жетишкендиги деп эсептейт. Райс айымдын пикири боюнча, Обаманын ийгилиги Америкадагы ар кыл расалардын ортосундагы тең укуктуулукту айгинелейт. АКШ тарыхында афроамерикалык Колин Пауэлл алгачкы болуп жогорку мамлекеттик кызматты ээлеген, ал эми Кондолиза Райс өзүнүн экинчи экендигин эскертти. Январда боло турган АКШ президентинин инаугурациясынан кийин Райс Вашингтондон Калифорнияга кайтып, АКШнын тышкы саясаты туурасындагы китебин аягына чыгарууну максаттап жаткан кези.

ЖАСМИН
Ырчы айым жаңы клип тарттыруу үчүн тарыхый мааниси зор Кусково усадьбасын тандаган да, ага жарым миллион рубль өлчөмүндө зыян апкелген. "Мындай болорун билсек, курулушту ижарага берүүдөн баш тартмакпыз. Эми бузулган паркетти алмаштырып, төшөлгөн килемдерди жууп-тазалап, ханыша Екатерина IIге тиешелүү буюмдарды оңдоп-түзөө керек. Бул - катастрофа!", дейт усадьба администрациясы. Ушул эле жерде тартылган "Гардемарины, вперед!" тасмасы да мынча зыян апкелген эмес экен.




  ДҮЙНӨКҮН

*** Ким? Качан? Кайда? *** Ким? Качан? Кайда? *** Ким? Качан? Кайда? ***Ким? Качан? Кайда? ***Ким? Качан? Кайда? ***


БАЙДҮЙНӨ. Колумбиялык ырчы Шакира менен "Пинк Флойд" тобунун бас гитаристи Роджер Вотерс 12 миллион еврого Багам аралынан адам буту баспаган жер сатып алышты. Анын узундугу 5 километр, ал эми туурасы 800 метр. Шакира бул жерди Bond Cay деген аталыштагы дүйнө жылдыздарынын эс алуучу жайына айлантууга күч жумшап аткан кези.

ТАҢДҮЙНӨ. Бул алты буттуу бугунун алгач эки куйругу да бар болчу. Анын бирөөсүн хирургиялык жол менен алып салууга туура келген. Ал эми жакында эле алты буттуу бугу иттердин курмандыгы боло жаздады. Учурда ага кам көрүлүп жатат.

СУУДҮЙНӨ. Чилинин Сан Альфонсо дель Мар курортунда дүйнөдөгү эң ири бассейн курулду. Бассейн 8 гектар жерди ээлейт, анын узундугу 1 километр. Мындай бассейнди куруу зарылдыгы жээкте туристтердин өмүрүнө коркунуч апкелген акулалардын көптүгүнөн улам пайда болгон.

КРИМДҮЙНӨ. Красноярск крайынын Угольный айылынын тургуну Тыганов үч аялды тирүүлөй өрттөп жибергендиги үчүн 17 жыл эркинен ажыраган. Кылмышкердин айтымында, кечке жуук үйүнө аялынын эки курбусу коноккон келген. Пиво ичип, өткөн-кеткенди сүйлөшкөн жай отуруш жаңжалга айланат. Кожоюн үйдү сатам десе, аялы эки курбусу менен оюнан кайттырууга аракет кылышат. Ошондо жинденген Тыганов 5 литрлик идиште турган спиртти алып аялдарга жаба куйган да, үйдөн чыгып, ширеңке жагып жиберген. Натыйжада, беш бала энесиз жетим калышкан.

КҮЙДҮЙНӨ. Үйлөнүү үлпөтү камылгасы менен жүрүп Флорида штатынын Лейк-Уорт шаарынын жашоочусу Мирланда Жан-Баптиста 4 жашар уулунун машинеде калганын байкабай, маникюр жасатканы салонго кирип кетет. Үч сааттан кийин кайтып келген Мирланда машине ичиндеги уулунун жан бергенин көрөт. Ошол учурда машине салонундагы ысык 59 градус эле. Ошентип, бул айымдын үлпөт күнү аза күнгө айланды.

СЫЙДҮЙНӨ. Олимпиада алдында кытай бийлиги элин четэл жарандарынын жанында өзүн кандай алып жүрүү керектиги туурасында атайы эрежелер жазылган буклеттер менен камсыз кылды. Эрежеге ылайык, эми кытайлыктар сүйлөшүү учурунда дайым жылмайып туруулары керек. Баарлашып жаткан адамдын жүзүнө көпкө чейин тигилүү болбойт. Ошондой эле көпчүлүктө уйкусурап эстөөгө, тырманууга, мурун чукууга, тырмак тазалоого жана меймандарды кийиминен жулкулдатууга тыюу салынат.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары



СЕРБИЯ. Босниялык сербдердин лидери Радован Караджичтин кармалышына каршы Белградда жүздөгөн адамдар каршылык акциясын өткөрүштү. 64 жаштагы экс-лидер 13 жылдан бери эларалык издөөдө эле. Караджич 21-июль күнү камакка алынган. Расмий маалыматтар боюнча, буга чейин ал келбетин өзгөртүп, Драган Дабич деген ат менен Белградда медицина тармагында иштеп жүргөн.
?????

АКШ. Миссисипи дарыясында баржалуу катер 15 миллион литр дизель отунун ташып келаткан Tintomara аттуу либериялык танкер менен сүзүшүп, натыйжада дизелдик биоотун агып кеткен. Жабырлануучулар жок.
?????

ЯПОНИЯ. Ивате тоолуу аймагында болуп өткөн 6,8 баллдык жер титирөөдөн жапа чеккендердин саны 130га жетти. Алардын 15и оор абалда.
?????

ИРЛАНДИЯ. Кокаин ташуу менен алектенген үч англиялык контрабандист рекорддуу мөөнөткө, экөөсү 30 жылга, ал эми алардын жардамчысы 25 жылга эркинен ажырашты. Полиция аларды кайыгы каңтарылып, океан үстүндө 1,5 тонна кокаин төгүлгөндөн кийин кармаган.
?????

КОЛУМБИЯнын аскердик куралдуу күчтөрү "Колумбиянын революциялык аскер күчтөрүнүн" лагерине жасаган авиасоккусунун натыйжасында 20 көтөрүлүшчү каза болгон.
?????

ИНГУШЕТИЯ. Өкмөт башчы Харун Дзейтовдун Назрандагы үйүн белгисиз адамдар аткылап кетишкен. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат.
?????

АЛТАЙ. 1-августта боло турган күндүн толук тутулуусун байкоо үчүн эларалык экспедициянын курамындагы алты өлкөнүн изилдөөчүлөрү келишет. Күн тутулуусу болгону 2 мүнөт 15 секундга созулат.
















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan