![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №53, 01.08.08-ж. |
Бир бүркүм... Польшанын жараны Олекси Матеуш Хан-Теңир чокусуна чыгып баратып 6100-6400 метр бийиктигинен кулап көз жумган. Бул тууралуу Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. *** Аба ырайынын начардыгынан быйыл Ысыккөлгө эс алуу үчүн келген туристтердин саны былтыркыга караганда аз санда деп билдирди Ысыккөл губернаторунун орун басары Светлана Мамедова. Анын сөзү боюнча, туристтер агымынын солгундашына Казакстандагы экономикалык кризис да өз таасирин тийгизип жатат. *** Кыргыз өкмөтү Афганистандын кичи жана ири Памиринде, ошондой эле Тажикстандагы тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагында жашаган этникалык кыргыздарга 2,6 миллион сом өлчөмүндө гуманитардык жардам жөнөттү. *** Жол эрежелерин негизинен милиция, аскер, прокуратура, сот, салык кызматынын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бузушат. Мындай жыйынтыкка ИИМдин атайы тобу Ош жергесинде өткөрүлгөн рейддин натыйжасында келген. *** АКШдан гуманитардык жардам түрүндө келген "Пегинтрон алфа" дарысынын толук колдонулбай калышына жол берген Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызматкерлерине Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Аталган дармектин жалпы суммасы 9 миллион 600 миң доллардан ашык. Медиктерге өз ишине шалаакы мамиле жасады деген айып тагылып, тергөө ишин Каржы полициясы жүргүзүүдө. *** Кечээ Токмок шаарынын кичи автобустарынын айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттаганынан улам жол кирени 1 сомго көбөйтүү талабы менен иш ташташты. Маселенин кайра каралуусу туурасында берилген убададан кийин айдоочулар акцияны токтотуп, учурда өз калыбында иш алпарышууда. Токмоктун ичинде жол акы 7 сомду түзөт. *** Быйылкы окуу жылы Бишкек шаарынын мектептери 1-класска 10 миң бала кабыл алат. Бул, былтыркыга караганда 500гө көп. ЖК депутаты Ибрагим Жунусовду Сүйүндүргөнү: Жакында президентибиз Курманбек Бакиев аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын жарым жылдык иш жыйынтыгын угуп, Өкмөт мүчөлөрүнө койгон конкреттүү суроо-талаптарын угуп сүйүндүм. Министр, губернаторлорду элдин жашоосу менен жакындан таанышпаганын, атүгүл базарларга өзүлөрү эмес аялдары да барып, ал жактагы баанын кандай экенин билбегендерин айтып, сындаганы жакты. Күйүндүргөнү: Азыр Ошто жүрөм. Күнүгө электр жарыгы өчөт. Жайдын саратанында электр жарыгынын өчүп атканы элди бир топ жүдөттү. Айыл-кыштактарда күндүр-түндүр свет өчүп, суткасына төрт сааттан эле жарык берилет экен. Өткөндө Сапарбек Балкыбеков сентябрь айына чейин электр жарыгын өчүрбөйбүз дегенин уккан элек, борборубузда свет дайыма эле күйүп атса керек. Ал эми алыскы региондор баягыдай эле электр энергиясынын азабын тартып атышат. Таңгалдырганы: Кымбатчылык күндөн-күнгө өсүп, бир жагынан электр жарыгы жок болсо да, айылдыктардын кыйынчылыкка моюн сунбай, ысыктын күнүндө сызгырыла талаада дыйканчылык менен эмгектенип атканы болду. Жоктон бар кылып аракеттенишкен айылдыктардын кеңдигине, токпейилдигине бир чети кубансам, бир чети таңгалдым. Мүрзөгүл Кыргыз адабиятынын жоготуусу КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу Сулайман Маймулов узак оорудан улам 26-июль күнү бул жарыкчылык менен коштошту. Кыргыз адабиятына, маданиятына үлкөн салымын кошкон акын 1932-жылы Чүй өрөөнүндө Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. Алгачкы чыгармачыл жолун "Жаш Ленинчи" журналынан баштаган. Андан кийин "Ленинчил Жаш" гезитине бөлүм башчы, "Кыргызстан басмасында" адабият бөлүмүнүн башчысы, "Кыргызстан маданияты" гезитинде бөлүм башчылык кызматтарда иштеген. Сулайман Маймуловдун кичинекей бөбөктөргө арналган "Сыр", "Уяң кыз", "Жер жөнүндө баллада" жана башка чыгармаларын, чоңдор үчүн "Авас", "Розалар гүл ачты", "Адамдын жүзү" жана башка китептерди жазган. Жакында чыккан "Өзүңө айткан сыр" аттуу лирикалык мүнөздө жазылган ырлар жыйнагы Сулайман Маймуловдун акыркы чыгармасы. Акындын ырлары орус, украин, казак тилдеринде жыйнак болуп чыккан. Эл аралык адабиятка белгилүү болгон Абай, Шевченко, Расул Гамзатов сыяктуу акындардын ырларын кыргызчага которгон. Жазуучу, акын жана маданий ишмер Сулайман Маймуловдун жаркын элеси кыргыз элинин эсинде сакталат. "Агымчылар" Жума каарманы Молдомуса Конгантиев Бул аптада ИИМ башчысы өз кызматкерлерин тартипке чакырып гана тим болбостон, алардын кебете-кешпирине, мүчө-келбетине дейре эскертүү жасаганы менен коомчулук эсинде калды. Молдомуса мырзанын бул кадамы чындап ишке аша турган болсо, кыргыз милийсасынын арасынан жана ошондой эле көчөдөгү МАИчилер катарынан мүчө формасы бузулгандарды, курсагы чыккандарды кезиктирүү кыйын болуп калат го. ИИМ катарында иш орундарын сактагысы келгендер, тезинен сергек жашоо мүнөзүнө өткүлө! Кулагыңа күмүш сырга Бийлик Эгерде бийлик колун жууса, аарчынууга сүлгү берген ким болду экен? Збигнев Ежина (Польша) Ата мекен Биз өз мамлекетибизде да куугунтуктабыз. Петр Вяземский Министрлер Министрлер ар дайым солкулдак жерде турушат. Кымындай эле түрткү аларды алып түшөт. Фридрих Великий Мыйзам Мыйзам үчүн эл күрөшүш керек, өз дубалы үчүн күрөшкөндөй. Гераклит, байыркы философ Чыдамкайлык Чыдамкайлыктын башкача түшүндүрмөсү - кайдыгерлик. Сомерсет Моэм Кылмыш Биздин көчөлөр дээрлик тынч. Көчөдөгү адамдар гана тынч эмес. Франк Риццо Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын тургуну, 29 жаштагы Б.Мадалиеваны кимдир-бирөө муунтуп өлтүргөндүгү тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барышкан милиция кызматкерлери маркумду өлтүргөн кылмышкер анын өмүрлүк жолдошу, 38 жаштагы К.Наркозиев экендигин аныктады. Кылмышкер күнөөнү мойнуна алып, үйбүлөлүк тиричиликтен чыккан уруштан улам аялын муунтуп өлтүргөнүн айтты. Азыр тергөө иши жүрүп атат. х х х Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочусу, 19 жаштагы Б.Тайырованы 28-июлдан бери белгисиз бирөөлөр барымтага алып, туугандарынан 500 Америка долларын талап кылышкан. Кечээ, 31-июлда Б.Тайырованы камап отурган кылмышкерлер: 46 жаштагы А.Жаанбаев менен 35 жаштагы М.Жаанбаева кармалды. Жеңил акча тапкылары келишкен Жаанбаевдер эми темир тор артында. х х х 30-июлда Бишкек шаарынын "Дордой Плаза" соода борборунун алдынан өрткө каршы мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Д.Кубат уулу менен М.Бектурганов жеке ишкерден 3500 сом алып аткан жеринен колго түшүштү. Учурда пара ала коем деп иштеп аткан кызматынан четтегени турушат. х х х Баткен облусунун Кызылкыя шаарчасында "Кристалл" заводунун аймагында үч жылдан бери эч кандай лицензиясы жок "Жигулевское" пивосун жасап сатыкка чыгарып келишкен ишкерлер кармалышты. Ал эми Жалал-Абад шаарында ЖЧК "Тунук-Булак" лицензиясынын мөөнөтү бүткөнүнө карабай, алар да "Адмирал" пивосун чыгарып жүргөндүгүн Кыргыз мамлекеттик алкоагенттигинин текшерүүсүндө дайын болду. Аталган пивону мыйзамсыз чыгарган ишкерлердин үстүнөн кылмыш иши козголду. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|