Коомдук-саясый гезит
№53, 01.08.08-ж.





  Кино мейкин

Нурбек ЭГЕН:
"Өкүнгөнүм - рухий башчыларыбыздын жоктугу"
Кыргызстандын гана эмес, Россиянын да шоу-дүйнөсүн багындырган белгилүү кино режиссер, "Аталар керээзин" жараткан Нурбек ЭГЕН "Akipress.kg" cайтына кенен маек куруптур. Анын ВГИКке тапшырам деген далалаты да өзүнчө кызык. Борбор калаабыздагы Искусство институтунда биринчи курста окуп жүргөндө окууга алымсынбай, кино тартууга киришет. Атактуу жаш ырчы туурасында сценарий жазып, Бек Борбиевге барат. Агезде, Бек мырзанын жылдызы жанып, популярдуулугу артып турган кези экен. Ошентип, сценарий ырчыга жагып, "Бек Борбиев менин киномо тартылмак болду. Мага жардам бергиле" деп Ош базарда соода кылган досторуна, жердештерине кайрылып, 1 сомдон, 5 сомдон чогултат. Алардан жыйналган 2000 сомду операторго төлөп, "Жоолукчан" аталыштагы тасманы жаратат. Фильмди эжесинин кеңеши менен 9-кичи райондогу "Жаштык" кинотеатрында үч күн көрсөтүп, 8500 сом чогултушат. Бул сумма айылга барып, кайра Москвага окууга тапшырыш үчүн кеткенге жетет эле...
Айтор, бул макалада кыргыз окурмандарынын бүйүрүн кызыткан маалыматтар көп болгондуктан, айрым кыскартуулар менен которуп жарыялап турабыз.

- Он кыргыздын тарыхы тууралуу баяндалчу даректүү фильмди өзүңүздүн каражатыңызга тартканы жатасыз. Бул аркылуу бизнес жасабашыңыз турган иш. Дегеле ушул чыгарманы жаратууга жандилиңиз менен киришкениңиздин себеби неде?
- Бул кандайдыр бир тартылуу, муктаждык. Кино - искусство гана эмес, бизнес жасоонун бир ыкмасы экенине күбө болдум. Кинодон бизнес жасагандардын ити чөп жеп аткан убагы. Бактыга жараша, мен дагы ошол процесске аралашып атам. Бирок, ошол эле учурда негедир көздөгөн нерсеңди жогото баштаганыңды сезет экенсин.
- А эмнени көздөп кино тармагында эмгектенип атасыз?
- Адамдарды жана алардын ойлорун кармап калгым келет. Мени санаага салган ойлор менен бөлүшсөм, өзүмдүн ысымымды калтырсам дейм...
- Эгерде кино бизнес болсо, анда ысымды чыгаруу мүмкүнчүлүгү четке чыгып калабы?
- Жок, андай деле эмес. Бирок, өзүңдүн жараткан чыгармаңды таза бизнес катары эсептесең, анда тасмага өзүңдүн ички жандүйнөңдөгү ой толгоону чагылдырышың кыйын болуп калат. Бул болгону менталитетти, каада-салтты, психологияны, аудиторияны эске алган оюн болуп, ушуга гана көңүл бурулуп, көрүүчүлөр ошого гана акча төлөп калышат. Алардын кызыкчылыгы менен гана чектелип каласың. Ал эми жаңы долбоорумда кыргыз канынын үндөөсү, терең жоопкерчилик жатат. Маалымат жыйынында өзүмдүн сүйлөгөн сөзүмдү телевизордон көрүп, ачыгын айтканда, коркуп да кеттим.
- Эмнеден?
- Айтканым өтө олуттуу угулду: "Манасты алдын ала сезгендей…"
- Жеткиликтүү бере албайм деп корктуңузбу?
- Бул өтө ишенимдүү билдирүү жана зор жоопкерчилик. "Аталардын керээзинен" кийин мени кыргыздын салт-санаасын билбейт, куру иш менен алектенип атат дешет. Шамшиев менин фильмимди сындап: "Кыргызда уул балага качан сандык жасалчу эле. Чыгармадагы башкаарман колунан эчнерсе келбеген чүпүрөк, анан ушундай каарман туурасында кино жаратуунун кереги бар беле?" деген эле. А мен болсо ушундай сындардан кийин Манаска киришип атам. Бул - тобокелдикке салуу.
- Сиз жаңы Манас жаралат деп эсептейсизби?
- Мен буга толук ишенем.
- Эмне үчүн?
- Анткени, жеке мен ага муктажмын. Мен гана эмес, кыргыздын басымдуу бөлүгү ага муктаж. Ал эми мындай адамдар муктаждык пайда болгон мезгилде гана жаралат.
- Бирок, сиз учурда Москвада жашайсыз. Андыктан, Кыргызстандагы жашоо жөнүндө толук маалыматыңыз жок да.
- Эмне үчүн? Мен күн сайын силердин сайтка чыккан жаңылыктардын бирин калтырбай окуйм. Мени өтө майда кабарлар да кызыктырат. Мекенимде болуп аткан окуялар туурасында ММКлар аркылуу гана кабар албастан, Москвадагы жердештерим менен дагы байланышып турам. Алар мага жардам сурап кайрылып, өздөрүнүн көйгөйлөрү туурасында айтып беришет. Жаңы тасмам - ар тарапта жашап аткан мекендештерим менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Фильмде болгону он каарман болсо, мен жүздөгөн кыргыз менен таанышып атам.
- Манаска болгон алдын ала сезүүнү ошол он адамга кантип байланыштырасыз?
- Мендеги Манаска болгон алдын ала сезүүнү чыгармадагы каармандар аркылуу көрсөткүм келет. Жакшылап байкасак, бүгүнкү күндө болуп аткан жаңылыктар жана окуялар Манастын төрөлөр алдындагы мезгилге үндөшүп кетет. Мен ал окуяларды кинодогу каармандардын өмүр таржымалына байланыштырып, аларга шилтеме жасайм. Себеби, мекендеги жаңылыктар алардын жашоо картинасына байланышкан. "Эмне үчүн Манас дал азыр төрөлүшү керек?" деген суроону койгонго аракет кылам. Ушуну менен биздин чындыгыбызды айткым келет. Мен көйгөйлөр менен суроолорго канчалык көп баш катырсам, тасма ошончолук менин туюу сезимимди ачып берет. Мындан улам жаңы Манастын төрөлүшү түшүнүктүү болот деп ойлойм.
- "Төрөлүү" деген сөз чоң мааниге ээ эмеспи. Сиздин айтканыңызга караганда, Манастай инсандын жараларына шек жок турбайбы?
- Ооба. Эң башкысы, учурда элибиздин башын бириктирип, мамлекетибизди өнүктүрөр күчтүү лидердин жаралышына коомчулук муктаж болуп турат, Манастын мезгилиндегидей. Ал лидер да Манас сыяктуу чет жерде төрөлөт деп ойлойм. Балким, ал учурда жашап аткандыр. Кыргыздын үйбүлөсүндө төрөлүп, бирок, шартка байланыштуу ата-энеси чет өлкөгө көчүп кеткендир. Маселен, Жакып хан сыяктуу.
- Негизи, чыгармачыл адамдардын ички туюму алдачу эмес эле?
- Өз элиңден алыс жүргөнүңдө туулган жерге болгон тартылуу күчөйт. Чет өлкөдө билим алып, иштеп аткан жаштарга жолукканымда, аларда патриоттуулук сезим күчтүү экенин сездим. Маселен, Америкада же болбосо Түркияда жүргөн окуган улан-кыздарыбыз менен баарлашып көрүңүзчү, менин айтканым жөн кеп эмес экенине күбө болосуз.
- Сыртта жүргөн кезинде өлкөбүздү өнүктүрүүгө салымыбызды кошобуз деп, кайтып келгенден кийин калыптанып калган системага "чөгүп" кеткен жаштарды жолуктурганым бар. Жыйынтыгында, аздектеп багып жүргөн, Кыргызстанды гүлдөтөбүз деген патриот жаштарыбыздын асыл тилеги аткарылбай калат экен.
- Бул боюнча билем. Бирок, көп жылдары чет өлкөдө жашап, кичине чагынан жашоого, коомдун түзүлүшүнө болгон көзкарашы башкача калыптанган адамдар да бар. Ошентсе да алар өз мекенин чындап сүйүшөт. Ошол эле маалда мамлекет эсебинен дүйнөдөгү абройлуу окуу жайдан билим алган жаштарыбыз көп. Алар дагы Кыргызстандын өнүгүшүнө салымын кошуп, өз өлкөсүнө болгон карызын кайрып бериши керек. Бул жагынан "21-кылымдын кадрлары" деген Акаевдик программа өтө чоң иш кылды. Ошол программанын алкагында ар кандай адамдар бар эле. Чиновниктер да өз балдарын дүйнөнүн абройлуу окуу жайларына жөнөтүшкөн. Натыйжада, Россиядан 50, Түркиядан 100 адам билим алды. Алардын ичинен ону гана чогулса, мамлекетибиз үчүн көп нерсе жасай алышат.
- Сиз айткан жаңы лидер кайсы мезгилде коомчулукка белгилүү болот? Мен сизге экстрасенске кайрылгандай кайрылайынчы.
- Жок, мен экстрасенс эмесмин. Бирок, мына ушундай зор бөлүнүүдөн кийин, сөзсүз түрдө биригүү күчү болот. Бул 20-25 жылдан кийин, балким андан да эрте болушу мүмкүн.
- Манас төрөлөр алдындагы мезгил менен азыркы замандын кандай окшоштуктарын көрөсүз?
- Өтө терең кетпейин, себеби, бул тасманын бир жагы. Бирок, өкүнгөнүм, рухий башчыларыбыздын жоктугу. Мени кыжаалат кылганы - оп тарткан караңгылык, алдыга болгон умтулуунун жоктугу, түндүк-түштүккө, уруу, жек-жааттарга терең бөлүнүүчүлүк. Мен кандай кырдаалга кептелгенибизди, ар бир кыргыздын канындагы суроону чыгармамда көтөргүм келет.
- Кыргыз коомчулугунда бирнерсе бышып жетилгенсийт.
- Эң башкысы, биз ага муктажбыз. Ошентсе да, кыргыздар жапа чегүүнү жакшы көргөндөй туюлат.
- Орустар сыяктуу элеби?
- Жок, алардыкы такыр башка. Кыргыздар жапа чегүүнү каалайт дегениме мындай жагдай бар: эгерде бизде кимдир-бирөө ийгиликке жетишсе, аны баары тилдейт, ал эми башына кыйынчылык түшсө, бардыгы тең анын кайгысына ортоктош болушат. Менин туюмумда, кыргыз кылымдап жыйнаган баардык нерсе, биздин баардык рухий баалуулук эч качан болбогондой. Эгер болсо, турган журттан кайда кетет! Мына ушундан улам, "Улуу кыргыз маданияты" дегендерге шегим бар. Эчкандай "Улуу кыргыз маданияты" болгон эмес. Башкаларды билбейм, жеке менин аны менен тааныштыгым жок. Бул менин аз окугандыгымдан эмес, кеп ал жөнүндө ааламда эчким айтпагандыгында болуп атат. Биздин өзгөчөлүгүбүз жана баалуулугубуз бар экенин танбайм. Бирок, Кудай тандаган эл экенибизге, улуулугубузга... Билбейм. Ар ким өзү жөнүндө эмне кааласа айтса болот. Учурдун негизги көйгөйү - рухубуздун жоктугу. Мен чет өлкөдө жашаган жердештеримдин көпчүлүгү кыргыз экенин айтуудан коркушарына күбө болгом. Эмне үчүн? Бул таңгалычтуу.
- Коркушат дегениңизди түшүн-бөдүм?
- Кыргыз болуу кадыр-барк алып келбейт деп эсептешет.
- А сизчи?
- Кыргыз болгонума сыймыктанам. Тилекке каршы, мени көп учурда казак катары кабыл алышат. Бирок, аларды дайыма оңдоп турам. Бизде ийгилик жаратайын деген адамга көмөк көрсөтүүнү каалашпайт, ага көңүлкош мамиле кылышат. Мына ушуну мен: "Элибиз жапа чегүүнү жакшы көрөт" деп атайм. Эгерде, кимдир бирөө бир ишти баштаган болсо, ага жардам берүүнүн ордуна басынтабыз. Анын кемчилигин оңдоп же болбосо өзүбүз ошол ишти аткарсак болбойт беле. Мен бийлик үчүн күрөшкөн амбициялуу пенделер туурасында айтып аткан жерим жок. Мен кимдир-бирөө реалдуу жумушту баштап атса, ага жардам берүү туурасында айтып атам. Ошол адам ийгиликке жеткенден кийин, убагында көмөк көрсөткөндөрдөн жардамын аябайт. Муну мен улутту бириктирүүчү кепилдик катары баалайм. Бир гана кыргыздын канында кездешчү нерселер бар. Фильм ошол жөнүндө болмокчу.
- Чыгармадагы каармандардын бардыгы тең жолдуубу?
- Жок. Кинодо ийгиликтин үстүндө жүргөн бир гана адам болот. Башкаармандардын арасында Бишкек-Ош каттамында каттаган айдоочу да, биздин гастербайтер да, анан өмүр бою чет өлкөдө жашаган кыргыз да бар.
- "Аталардын керээзинен" кеп козгосок. Менин баамымда, чыгармада сиздин өмүр таржымалыңыз камтылгансыйт?
- Жарым-жартылай. Негизинен ал жөн эле баян, окуя.
- Бирок, сиз дагы орус улутундагы жубайыңызды айылга, туугандарыңызга алып келбедиңиз беле?
- Ооба…
- Анан алардын реакциясы кандай болду?
- Негедир тууган-туушкандарым тез кабыл алышты. Учурда жубайым мага караганда алар менен көбүрөөк байланышып, бул жакка байма-бай каттап турат. Уулум Кыргызстанды сагынып, ата-энемдин үйүндө жүргөндү жактырат.
- Өмүрлүк жарыңыз менен кантип тааныштыңыз эле?
- ВГИКти аяктагандан кийин жолуктук. Ошогезде мен бирнече фестивалдардын жеңүүчүсү аталып, байгелерге ээ болгом. Анан кокусунан мени тааныбаган 2-курстагы кызды жолуктурдум. Бул мен үчүн күтүүсүз болду.
- Мынчалык сизди таң калтыргыдай, ВГИКте абройлуу фигуралардын бири белеңиз?
- Ооба. Болочоктогу жубайым менен таанышкан маалда атактуу студенттердин катарын толуктап, "Бир күнгө улуу" ( "На день старше"), "Жабык космос" ( "Закрытый космос") фильмдерин жаратып калгам. "Санжыраны" тартканга даярданып, биртоп байгелерге да ээ болгом. Бизди ВГИКтин коридорунан дос кызы тааныштырганда: "Мен сизди тааныбайм" десе болобу. Бул мага таңгалычтуу көрүнүш болду. Бирок, ал мени гана эмес, мурдатан белгилүү режиссерлорду дагы тааныбайт экен. Мен мунусуна кызыктым да, пикир алыша баштадым. Анан дос катары жүрдүк, андан кийин калганы өзүнөн өзү уланып кетти.
- Демек, жубайыңыз жүрөгүңүзгө дароо чок сала албаптыр да?
- Жок. Баары акырындап болду. Бирок, башында эле бийкеч катары жаккан. Мен эч качан кыздардын артынан чуркаган эмесмин.
- Алар сиздин артыңыздан чуркашчу беле?
- Андай деле болгон жок. Ушу кезге чейин улуу айымдар мага көңүл бурушкан жана буруп келишет. А мен өзүмө курбалдаш кыздарга жагууну каалачумун. Бирок, алар эмнегедир мага кызыгышчу эмес.
- Окуу маалында бир гана чыгармачылыкка убактыңызды коротуп, ал эми жеке жашоо көмүскөдө калса керек…
- Тескерисинче, жеке жашоом абдан зор эле. Бирок, лирикалык эмес, турмуштук планда, түрдүү адамдардын коштоосунда болчу. Алардын айрымдары базарда эмгектенсе, кээ бирлери журналист, гастербайтер болуп иштешчү. Ошондой эле, алардын катарында япон, француз сыяктуу чет өлкөнүн жарандары да болгон. Беш жылдын ичинде баардыгы алмашып, жеке жашоодон эчнерсе калган жок. Үйдө айына беш күн болом, болгондо да түндө - тогуздан кийин. Менин жоктугумду билдирбей, баарын аткарган жубайыма ыракмат. Колуктум экөөбүздүн мүнөзүбүз такыр башка. Ал меймандарды өтө сүйгөн адам.
- Москвалыктарга окшобойт го. Жада калса бул жактан кеткен москвичтердин үйүндө мейманда болуу кыйынга турат.
- Биздин үйдө андай эмес. Өмүрлүк жарым туугандарымдын баары менен байланышып, конокко чакырып, тосуп, жөнөтүп турат. Жада калса аларды ооруканага көргөзүп, акча жагынан жардам берет. Ал азыр баарына жалпы Апа ролун аткарууда.
- Кантип сиздин туугандарыңыз-дын баарына кол кабыш кылат?
- Ал бир үйдүн жалгыз кызы жана жалгыз небереси. Жубайымдын фронтовик чоң атасы РСФСРнын каржы министри болуптур. Ал тирүү, жараткан ага денсоолук берсин. Ал эми таятасы - генерал. Эки жактан тең жалгыз небере болгондуктан, бала чагында ага-ини, эже-сиңдилери көп болушун каалачу экен. Ошондуктан менин туугандарымдан ошонун эсесин чыгарып аткандагысы.
- Москвада менчик үйүңүз барбы?
- Останкино телеборборунун жанынан үч бөлмөлүү квартира алганбыз.
- Өз каражатыңызгабы?
- Жубайымдын туугандары дагы жардам беришти.
- Акча төлөй албай, окуу жайдан четтетилгенде кайда жашадыңыз?
- Дээрлик эки жарым жыл көчө шыпыргыч болуп эмгектендим. Москвадагы мекендештеримдин көпчүлүгү менен баарлаштым. Алардын арасында жакшысы да, жаманы да болду. Мени менен медицина илиминин эки кандидаты да көчө шыпырчу. Алардын үйбүлөсү, туугандары менен үч бөлмөлүү квартирада жашаганбыз.
- Анан кантип сабактарга катышканга жетиштиңиз эле?
- Таңкы алтыдан саат сегизге чейин көчө тазалап, анан окууга барчумун. ВГИКте сабак тогуз жарымда башталчу. Аны менен эле тим калбастан, кечкисин театрга барар элек. Болжолу 300гө чукул спектакль көрдүм окшойт.
- Орус тилин билбей туруп, ВГИКке кантип экзамен тапшырдыңыз?
- Автобиографиямды, биринчи фильмимди, өмүр таржымалым камтылган баянды, аңгемемди почтадан жөнөтүшүм керек эле. Бул жактан менин жазган аңгемем эчкимге жакпай: "Окууга өтпөйсүң" дегендер да болгон.
- Аңгеме эмне жөнүндө эле?
- Аңгеме козуну дос кылган бала жөнүндө жазылган. Анын козусун дарылыкка колдонуу үчүн союп салышат. Ошентип, аңгемени жөнөттүм, кандай болгонун көрө жатармын деп. Бирок, күткөн жообум жок. Чыдамым түгөнүп, Москвага жөнөдүм. Көрсө, конкурска түшкөн эмгектерди Владимир Хотиненко тандашы керек экен. Ал болсо агезде "Мусулман" тасмасынын үстүндө иштеп атыптыр. 1-турдан өттүм. 519 адамдын ичинен жетөөсү бюджеттик орунга ( болгондо да Россиянын атуулдары), жыйырмасы контракттык бөлүмгө өтүшү керек эле. Октябрдын башында студенттерди тандоо башталды. Кирээрим менен Хотиненкого жакканымды билдим. Ал: "Сенин аңгемеңди окудук, бизге жакты. Эгерде ошону өзүң жазганыңды далилдей алсаң, өзүңдү студент катары эсептей бер" деди. Анан менин орусча такыр билбей турганымды түшүнүп, чочуп кетти. Эптеп ага түшүндүрдүм: силер мага суроо бересиңер, мен котором, анан жооп берем. Ал кызыгуу менен ойлонуп калды да, түшүндүм деп, кагазыма суроосун жазып берди. Жыкжыйма студенттер, мен болсо килтейген сумкам менен алты томдук сөздүктү көтөрүп жүрөм. Адегенде, суроолорду кыргызчага котордум, анан кыргызча жооп жаздым да, кайра аны орусчага котордум. Бир сааттан кийин барып жооп бердим. Андан кийин дагы үч-төрт суроого сөздүктүн жардамы менен жооп жаздым. Мындай кабыл алуудан кийин: "Сен башка мамлекеттин атуулусуң. Окууңа акча төлөй алсаң, студент болосуң" дешти. Мен чыгып эле ата-энеме телефон чалдым. Алар сүйүнбөй эле, кайгыра түшүштү. Жыйынтыгында атам машинесин сатып, анан акча дагы жетпей, өзүнүн бизнесмен окуучусунан карыз алды. Ошентип, ВГИКтин 1-курсуна өткөм.
- Качан акча таба баштадыңыз?
- Үчүнчү курстан тартып эки жыл ВВСнин Кыргызстан боюнча Москвадагы кабарчысы болуп эмгектендим. Ар бир репортажга 50 доллар акы алчумун. Жумасына бир, кээде эки материал даярдаган учурум болду. Жакын таанышымдын суроосу менен тарткан алгачкы клипке 500 доллар гонорар төлөштү. Андан кийин 1,5 миң доллар байге алдым. Ошентип, үйдөгүлөргө жардам бере баштадым. Агезде үйдөгүлөр бардык мүлкүнөн ажырап калышкан. Болгон-толгон акчаларын апамдын курбусуна иштеткенге беришсе, ал Түркияга кеткен боюнча кайрылып келбептир. Ата-энем туугандардын баарына карыз эле. Алар акчаны доолап, бизден жүзүн буруп кетишти. Жада калса, кичүү инимди окутам деп апам оозундагы алтын тиштерин сууруткан. Эң чоң байгеден алган акчага атама бал челек сатып бергеним эсимде.
- Сиздеги финансы маселелерин ким тейлейт?
- Нурбек Эген катары көбүнчөсү өзүм иштейм. Мени менен кошо эмгектенген 15 киши долбоорлорумдун ийгиликтүү ишке ашышына көмөк көрсөтүшөт. Менин командам Москвадагы "Горький" жана "Мосфильм" киностудияларынан ижарага алган офисте жайгашкан.
- Россияда кандай бизнесиңиз бар?
- Акыркы мезгилде телевизиондук долбоорлорго продюсерлик кылып калдым.
- Өз мекениңизге кайтуу оюңуз жокпу?
- Кыргызстанда жашаганды абдан каалайм. Телевизиондук бизнес убактымдын 70%ын алат. Кандайдыр бир туруктуу киреше булагын камсыз кылгандан кийин кайтып келүүнү ойлонобуз. Өзүмдү мекенимде пайдалуумун деп эсептейм. Ал эми Нурбек Эген Россияда ким? Ал болгону жакшы фильм жараткан режиссер.
- Жанатан бери: "Кыргыздын канындагы суроо" деген сөздү көп кайталадыңыз. Ал эмне болгон суроо?
- Менимче, ар бирибиз: "Неге биз начар жашайбыз? Эмне үчүн башкалардан артта калдык? Кантип улут катары сакталып, турмушубуз оңолот?" өңдүү суроолор менен алпурушабыз. Билесизби, башка мамлекеттин мыйзамы менен күн көрүп, башка тилде сүйлөп жана ааламдашуунун алкагына баш ийип жашоо - өз өлкөңдү саздан чыгаруудан да оңой. Таза кыргыз дүйнөсүн жаратыш үчүн талыкпаган эмгек керек. Качан биз бакубат жашоого даяр болобуз? Ал үчүн эмне кылуу зарыл? Мына ушул суроолорго жооп тапкым келет.
Которгон
Нурканбек КЕРИМБАЕВ















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan