Коомдук-саясый гезит
№53, 01.08.08-ж.





  Пендешаар

Миң түркүн
Азимбек БЕКНАЗАРОВ

Экс-депутат, экс-баш прокурор саясаттан биротоло кеткендей. Дегенибиз, абакта жаткан И.Кадырбековдун укугун коргоп, адвокаттын милдетин аркаламакчы. Азике катуу киришти, эми Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы мүдүрү азаттыкка чыгар бекен?

Бүбүсара БЕЙШЕНАЛИЕВА

Көптөн бери "Хаяттын" короосунда камалып жаткан белгилүү балеринанын айкели эркиндикке чыккан эле. Өткөн жумада. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилиги мейманкананы курчаган темир тосмонун алынышына каршы чыгып, ТИМге нота жибергени маалым. Буга жооп катары бүгүн Свердлов акимиаты нааразычылык акциясын өткөрөт. Ошентип, Бейшеналиеванын эстелиги ызы-чуу жаратып, тай-талашка түшүп атыр. Бул, эки өлкө ортосундагы мамилеге доо кетирбес бекен, ыя...

Нариман ТҮЛЕЕВ

Мындан ары бишкектиктердин тишине курт түшпөйт. Себеби, шаар башчысы борбордук көчөлөрдө семичкени сатууга тыюу салган токтомго кол койду. Токтомго баш ийбей, күн карама данын көрүнгөн бурчта соодалагандар мыйзам алдында жооп берет. Нариман мырза бул аркылуу борборубуздун тазалыгын сактап, жаштардын жүрүм-турумуна жана денсоолугуна кам көрмөкчү.

Айгүл РЫСКУЛОВА

Эркек мүнөз күткөн бул айым алыскы Ооганстан менен Тажикстанды кыдырып жүрү. Ал жакта жашаган кыргыздарга дары-дармек, азык-түлүк жана күнүмдүк турмушка керектүү буюмдарды өкмөт атынан тапшырып.

Курманбек БАКИЕВ

Шаршемби күнү өкмөт башчыны кабыл алып, ага кыпкыргызча тапшырма берди, эй! Игорь Витальевич баарын түшүнүп аткандай баш ийкеп отурду. Мындан улам, келечекте премьер-министр эне тилибизде түш жооруп калбаса болду деп турубуз. Айтмакчы, бүгүн Күн тутулат. Ошол эле маалда ажобуз 59 жаштын урматына шампан аттырат...




Ат жалында алтооз сөз
Бүбүсара Бейшеналиеванын айкелинин тегерегиндеги талаш маселеге пикириңиз кандай?
Султан РАЕВ, Маданият жана маалымат министри:
- Бишкек мэриясынын чечимин колдойм. Белгилүү балеринанын эстелигин темир менен коргондоп койгонубуз болбойт. "Хаятт" - дүйнөлүк деңгээлдеги мейманкана экени талашсыз. Ошол эле Лондон, жада калса кооптуу Багдадда дагы мейманканалар темир тор менен тосулган эмес. Ал эми мындан кыйкым издеп, саясатка байланыштыруунун кереги жок. Бул жерде болгону бизнесмендердин кызыкчылыгы ойноп атат.

Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер:
- Бул окуя биздин өлкөдө мыйзамдуулуктун жоктугун далилдеп турат. "Хаяттка" жерди берээрдин алдында, биздикилер "жети өлчөп, бир кесиши" керек болчу. Бүбүсара - улут сыймыгы. Кандай болгон күндө да балеринанын эстелиги эл көрө тургандай эркин болушу зарыл. Ал үчүн мамлекет шарт түзүшү керек. Бүгүн Свердлов райакимиаты митинг уюштурат экен. Менимче, тынч сүйлөшүү жолу менен маселеге чекит коюлса жакшы болот эле...

Осмонбек АРТЫКБАЕВ, ЖК депутаты:
- Бүбүсара Бейшеналиева - кыргыз искусствосунун символу. Ал улуу адам. Анан ушундай инсандын эстелиги мейманкананын короосунда камалып калышы туура эмес. Буга бийлик өкүлдөрү күнөөлүү деп ойлойм. Албетте, "Хаятт" - дүйнөлүк деңгээлдеги компания. Бирок, эки өлкөнүн ортосундагы алакага тескери таасирин тийгизбейт. Башында мейманкана жетекчилиги менен байланышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө болот эле. Анын ордуна, күтүлбөгөн жерден темир тосмолорду алдыртып салышты. Бул маселени цивилизациялык жол менен чечишибиз керек.

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, сынчы, драматург:
- "Хаяттын" администрациясы менен Бишкек мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишим бар да. Андагы пункттарды карап чыгыш керек, келишим бузулганын же болбосо бузулбаганын тактап. Албетте, белгилүү балеринанын айкелине эл тоскоолдуксуз келе тургандай шарт түзүлүшү керек. Мурда мейманкана кызматкерлери эстеликти карап, тазалап турушкан. Эми ага ким кам көрөт? Бул дагы өзүнчө чоң маселе. Эң башкысы, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, "Хаяттын" дооматын да канааттандырган бир бүтүмгө келиши шарт.

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору:
- Мурдагы бийликтин өкүлдөрү "Хаяттка" жерди мыйзамсыз берип койгон. Азыр мыйзамдуулукту калыбына келтирип, кыргыздын сыймыктуу кызы Бүбүсара Бейшеналиеванын айкелине барып таазим этүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Эмне себептен мыйзамдуулуктун өлкөсү аталган Американын биздеги элчиси мыйзамсыздыкты колдоп, ТИМге нота жазып атат? Бул эчкандай логикага жатпайт. Анан ушундай мыйзамсыздыкты колдогон нотага жооп иретинде митинг өткөрүү - куру убаракерчилик.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan