![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №53, 01.08.08-ж. |
Сот процессинен кийин… Энелер карегин кургатпаган ажал жана абак Өткөн жылдын ноябрь айында Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылынын Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин окуучусу Адилет Жүзүмалиевдин өлүмү кыргыз журтчулугуна, коомго бир топ чуу түшүргөн. Адилет Жүзүмалиевди мектептен Шаршенкул уулу Элдияр менен Арслан Ташыбаев акча өндүрүү максатында сабап, ошонун негизинде көз жумгандыгын Кыргызстандагы ММКлардын, телерадиолордун баардыгы айтып, жазып чыгышкан. Арслан менен Элдиярдын үстүнөн кылмыш иши козголуп, 2008-жылдын 8-апрелинде Панфилов райондук сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, жети жыл эркинен ажыратылган. Эки классташынын жети жылга эркинен ажыратылганын угушкан айылдагы мектептин бүтүрүүчүлөрү мектепке келбей, айыл ичи да нааразычылык менен бир сыйра дүрбөп алды. Колдоруна кишен салынып абакка алынган Арслан менен Элдиярдын ата-энеси уулдарынын бейкүнөө эркинен ажыратылганына нааразы болушуп, соттун чечимине макул эместигин билдиришип, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Кечээ, 31-июлда Чүй облустук соту Ташыбаев Арслан менен Шаршенкул уулу Элдиярдын жазган апелляциялык арызынын негизинде тергөө ишин кайрадан карап чыгып, бир нече статьяны негизсиз деп таап, күнөөлүүлөр тарапка салынган 150 миң сомдук айып жок кылынды. Жети жылга эркинен ажыратылган Арслан менен Элдиярдын мөөнөтү беш жылга кыскарды. Ошентсе да, сот чечими чыкканы менен эки тараптын ортосунда чечилбеген нааразычылык калды. Акыйкаттык Кудайдын колуна гана салынгансыйт... Он гүлүнүн бир гүлү ачылалекте көз жумган Адилеттин өлүмү энесинин көз жашын кургатпай атса, өлүмгө тиешеси бар делген, мектеп партасынан жаңы чыккан Арслан менен Элдиярдын темир тор артындагы тагдыры да ата-энелеринин кабыргасын кайыштырып, мындай көрүнүш башка жаштарда кайталанбаса экен дейсиң. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА Редактор Йылмаз Элла Акулованы зордуктоого аракет кылдыбы? 18-июлда "Star Vision" журналынын баш редактору Дурсун Йылмаз мекени Түркиядан эс алып кайтып келери менен ички иштер кызматкерлери тарабынан кармалды. Анын үстүнөн "сексуалдык зордукка аракет кылган" деген арызды биздин шоу-бизнесте аты таанымал продюсер Элла Акулова жазган. Биздин редакцияга Дурсун Йылмаз өзү кайрылып, Элла Акулова ага жалган күнөө коюуда дейт. Бул чырдын чоо жайын билүү үчүн Элла Акулова менен да жолугуп, эки тараптын тең оюн билдик. Окуя мындай башталыптыр: Динара Акулованын жазында өткөн концертине сиңдиси Элла Акулова продюсерлик кылып, Дурсунга кайрылышкан. "Star Vision" журналы жалаң кыргызстандык атактуу адамдар тууралуу болгондуктан, концерт алдында анын мукабасына Динаранын сүрөтүн чыгарууну өтүнүп, акысына Элла Акулова концерттин афиша-билеттерине, сахна жасалгасында журналдын логотибин коюп, рекламалап, 200 даана журналды сатып алышмак. Бирок биртууган Акуловалар рекламаны ойдогудай кылбай, журналдар да сатылып алынган эмес. Ага таарынган редактор журналдын кийинки санында төмөнкүдөй билдирүү жазган. Журналдан цитата: "Критика: Кыргызстан развивается, все меняется. Все будет хорошо. Эта вера и удерживает нас здесь. В кыргызстанских журналах понятие шоу-бизнеса только формируется. Оно получит в развитие в будущем. В процессе развития встречаются невежи и глупцы. Точно также как продюсер Элла Акулова и ее партнер по лжи, ее сестра Динара Акулова. Я бы посоветовал предпринимателям и масс-медии быть очень внимательными и осторожными с сестрами, которые играют в игры и лгут ради своих мелких интересов и корысти. Эти лжецы легко могут рассердить и вас." Ал эми Элла Акулова менен жолугушканыбызда, Дурсун Йылмаз ага жалаа жаап, атургай бир нече жолу кол салгандыгын билдирди: - Мен мурда тергөөчү болуп иштегем, ошондуктан аны оңой эле карматтым. Жазардан мурда мени менен кеңешпей, сурабай койгон. Динара мени концертине продюсер катары уюштуруп берүүгө чакырган. Январда жолугуп, журналдын мукабасына биздин ырчыны чыгаруусун сүйлөшүп, сүрөтүн, интервьюсун бердик. Журнал болсо убагында эмес, концерт бүткөндөн кийин чыкты. Биздин максат боюнча концерт учурунда таркатып сатып, аукционго да коелу деген ой бар болчу. Мен рекламасын айткандай кылып, сөзүмө турдум. Журналда иштеген балдардан суратсам, 50 эле журнал калды дегенинен, Динарага барсаңар сатып алат, 200 болсо деле алабыз деп тапшырып, өз иштерим менен башка шаарга кеткем. Динарага телефон чалышса, эми силердин журналдын мага кереги жок деп сатып алуудан баш тартыптыр. Орто жерден мен сүйлөшкөндүктөн жаман көрүнүп калгам. Дурсун болсо мени менен сүйлөшүп чечишпей, журналына жанагы сөздөрдү жазып жибериптир. Мен ызама чыдабай, аброюма шек келтиргендиктен аны милицияга бердим. Кол салганы боюнча айтсам, кышында Өзбекстандан Райхонду апкелип концерт уюштурган учурда болгон окуя. Анда бул ишти өз ара эле чечишип алганбыз. Менин көп жылдан бери продюсер катары чогулткан аброюмду бир заматта чачкандай бул ким? Албетте, ар кимдин өз аброю, өз чындыгы бар. Биз болгону шоу-бизнестеги көп чырдын бир чырын жаздык. Нуржан АЛЫМКАНОВА Сандан санга: сериал Бейтаалай Назгүл Калмамбетова Замира долулана адатынча ыйлап, Алмазды күнөөлөп кирди. - Сен башка аял алган күндө да менчелик ал катын сени бактылуу кыла албайт. Убагында көзүңдүн кареги менен айланып, жаштыгымды арнабадым беле. Эми эмне болду? Сен менин сүйүүмдү барктай алдыңбы! Ушул үйгө тээтигил арам сийдик Актан келгени мени кагып-силкип, сөгүп-сагып, мурдагыдай көңүл бөлбөй калдың. Ошол арам сийдикти багып алып бактылуу, бир бүтүн үйбүлөнү курабыз го деген үмүтүм акталган жок. Тескерисинче, ал бала экөөбүздүн ортобузду алыстатты. Менин боюмдагы баланы башка бала деп атасың, а көчөдөн энеси боозуп таштап кеткен шуркуянын баласын өз балаңан, атүгүл коюнуңда жаткан аялыңан да өйдө көрүп атпайсыңбы. Ошол каргыш тийген арам сийдикти багып алганыма азыр өкүнүп отурам. Түн уйкуман кетип, кандай азап-тозок менен бактым эле. Ал арам сийдиктин кара жолтой болуп, менин бактыма балта чаап, экөөбүздү ажыраштыраарын кайдан билиптирмин. Эгерде ошентээрин билгенде аны үйгө жолотмок эмесмин, балдар үйүндө көпчүлүк балдардын катарында өсө бермек. Эмне кылсаң өзүң бил, бирок, менден, курсактагы баламан кете албайсың, - деди. - Анда өзүң бил. Мен сенин талагыңды бердим. Үйдөн куубайм, бирок, үстүңө башка аял алып жашайм. Мейли, бала төрөлгөндөн кийин деле анын канын, ДНКсын текшертип, менин балам эмес экенин далилдеп берем. Бирок, эсиңде болсун, азыр ажырашпайм деп кепке келбей атасыңбы, сот баланын меники эмес экенин далилдегенде сени үйдөн эч нерсеси жок чыгарып салам. Ата-энеңдин төрүнө барып, ойношуңдан тууп келген балаң менен жашайсың, кийин эскерткен жок деп айпа, - деди да Алмаз ордунан туруп оозгу бөлмөгө чыкты. Замира Алмаздан уккан сөзгө эмне дээрин билбей, ойлонуп калды. Чын эле баланын канын, ДНКсын текшере келсе, ал Алмаздын баласы эмес болуп чыгаары айдан ачык. Өмүрүндө ушундай ыңгайсыз абалга калып көргөн эмес эле. Эмне кылаар айласын таппай, сүйгөнү Рашидге телефон чалууну чечти. Ал ашканада тамак жасап жүргөн Алтынайдын жанына келди. - Сени менен сүйлөшөйүн дедим эле, - деди оор үшкүрүнө. Алтынай угуп атам дегендей Алмазды суроолуу карады. - Бул жерден эмес, башка жакка чыгып сүйлөшөлүчү, жүр, Актанды ал. Үчөөбүз машина менен бир жакка баралы, - деди. - Замира эже эмне дейт…- деп тарткынчыктады Алтынай Алмаз менен баргысы келип турса да. - Эмне демек эле, мындан кийин бул үйгө анын тиешеси жок. - Ал ансыз деле мени жаман көрүп, сиз менен соо эмес деп күнөөлөп, урушту. Азыр кетип калсак, келгенде мени үйдөн кууп чыгышы мүмкүн. Ушул эле жерден сүйлөшөлүчү. - Коркпо, Замира эч нерсе дебейт, андан көрө тезирээк сыртка чыккыла. Мен күтүп турам, - деди Алмаз Алтынайдын андан аркы сөзүн укпай эле. Алтынай Замирадан канчалык коркуп турса да Алмаздын артынан Актанды көтөрүп чыкты. Замира Алмаздын машинасын айдап кеткен үнүн укту. Бирок, Алтынай менен Актанды кошо ала кеткенин билген жок. Төшөгүндө бир топко чейин жатып, ордунан туруп, ашканага барып тамактанайын деп ойлоду. Оозгу бөлмөгө чыкса Алтынай менен Актандын карааны көрүнбөгөнүнөн короодо жүрсө керек деген ойго кетти. Ашканада тамак даяр эмес эле. Замиранын кыжыры келе, короого чыгып, көчөдөн карап, үйдөгү бөлмөлөрдүн баарын кыдырып чыкты. Бирок, жер жутуп кеткенсип Алтынай менен Актандан дайын болбоду. Ошондо гана Замира алардын Алмаз менен кеткенин билип, эмнегедир бир нерседен шектенгенсип алды. Бирок, кантип эле Алмаз Алтынайды карасын, аны эмне кылсын деген ойго жетеленди. Алмаз Алтынайды шаардагы эң кымбат, элиталык делген ресторанга алып барды. Үйдөгү жупуну кийими менен жүргөн Алтынай уялып, ресторанга кирбейм деп адегенде тарткынчыктай түштү. Бирок Алмаз Алтынайдын кирбейм дегенине карабай, ресторанга ээрчитип кирди. Өмүрүндө мындай ресторанды ичинен көргөн эмес. Кичинекей Актанды алдына алып отуруп, Алтынайга Алмаз мындай деди: - Алтынай, көптөн бери сени менен сүйлөшсөмбү деп жүргөм. Биздин үйгө келип жашаганыңа көп болду. Бири-бирибизди жакшы эле билип калдык. Ата-энеңди, бир туугандарыңды көрбөсөм да сенден укканым боюнча таанып калдым. Сенин жүрүм-турумуң, мүнөзүң мага жагат. Тарбия көргөн жердин кызысың. Менин үйбүлөлүк көйгөйлөрүмдү толугу менен билесиң. Эми менин Замира менен кийинки жашоом кандай болот, бир Кудайдын колунда. Сага бир суроо берейин, мени түз карап жооп берчи… |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|