Коомдук-саясый гезит
№53, 01.08.08-ж.





  Сахнасынак


Быйылкы жыл кыргыз шоу дүйнөсүндөгүлөр жана шоу сүйөрмандарынын эсинде сынак артынан сынак коштолгону менен эсте кала турган болду. Жаңы эле соңуна чыккан "Жаңы толкун" эларалык сынагында ОМАР аттуу жигитибиз, "Славян базары" эларалык фестивалында НЭНА аттуу кызыбыз да эң мыкты он ырчынын катарына кирди. Жакынкы эле коңшу казак менен өзбек сахнасынан артта калдык деп сынга алганыбызды жокко чыгарып, бул жаш ырчылар аталган эки өлкө гана эмес, дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринин ырчыларын артка сүрүштү.

"Славян базары"
НЭНАнын колун Н.Басков сурады

Дүйнөнүн 24 мамлекетинен келген катышуучулардын ичинен 15 өлкө "Славян базары" фестивалына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, ал тизмеге Кыргызстан да НЭНАнын аракети менен кирген.
НЭНА буга чейин Бакуда өткөн эларалык сынакта 2-орунду ээлеп кайтканы маалым. Ырчы кыз кайда болбосун кыргыз тилинде ыр жаңыртат, кайда болбосун, улуттук орнамент салынган костюмдары менен жүрөт. Бу ирет да ал Ашыраалы Айталиевдин "Нарындан жазган салам кат" аттуу ырын созгон. Ыры менен да, кийими менен башкалардан айырмаланып турганын Витебск басмасөзү да белгилеген. НЭНАнын айтымында, нидерландиялык ырчы менен эже-сиңдилик мамиле түзүп, эмки жылы ал Хулио Иглесиас менен Кыргызстанга келип, бирге ыр жаздырууну пландашкан. Ошондой эле, "Нарындан жазган салам катты" Польшадан келген Марта Плорек да жактырып, эмки жылы "Астана түлеп" (мурдагы "Азия Даусы") сынагында ырдай турган болду. Баса, "Славян базары" жүрүшүндө, россиялык мукам үн ырчы Николай БАСКОВ биздин кыздын колун тамаша-чынга аралаш сураганы айтылат. Айтмакчы, эки жума аралыгында НЭНА Крымда өтө турган "Чыгыш базары" сынагына аттанмакчы.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы




 "Жаңы толкун"

ОМАР орус шоу сүймөнчүгүнө айландыбы?
"Жаңы толкун" эларалык VII фестивалында алгач ирет Кыргызстан катышууга укук алып, катышканда да биздин ОМАР орус сахнасынын примадоннасы Алла ПУГАЧЕВАнын "Алланын алтын жылдызы" атайын сыйлыгына
(50 миң доллар) татыды.
ОМАРдын конкурс жүрүшүндөгү топтогон жалпы упайы - 325. 17 катышуучунун ичинен 10 мыктынын арасында. Ошондой эле ОМАР сынак алпаруучуларынын да, орус шоу өкүлдөрүнүн да, ал гана эмес, Россия шоу дүйнөсүндөгү ири таланттуу продюсер, хитмейкер Максим ФАДЕЕВдин да көңүлүн ээлей алган. Ал киши Омарга өз симпатиясын жашырбай, "Ушул жигитке чын дилимден жардам бермекмин" деп билдирди. (Ырчынын кеңири маеги кийинки санда.)














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan